Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Ыкчам реакция жасоо   боюнча координациялык топ билдирет
19.03.2020

Ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык топ билдирет

КР БШКнын ыкчам реакция жасоо  боюнча координациялык тобу айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ  билдирет. ОШ шаарынын ИИБси «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан талапкер А.Карамбековду колдоо үчүн белгисиз адамдар тарабынан Ош шаарында жайгашкан ЖОЖдордун студеттерине 1000 сомдон акча таркатуу аракети жѳнүндѳ билдирүү боюнча ЖК 192-беренесинде каралган кылмыш белгилери (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча башталган сотко чейинки ѳндүрүш боюнча териштирүүнү баштады. Токмок шаардык ИИБ жаран М.У. арызы боюнча «Биримдик» саясий партиясынын штабында аны уруп-сабоо фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын ЖжК 266-беренесинде каралган жоруктун белгилери боюнча №03-011-2020-000624 сотко чейинки ѳндүрүштү териштирүүнү улантууда. Азыркы учурда тергѳѳ аракеттери жүргүзүлүүдѳ. Токмок шаардык ИИБ маалыматы боюнча, «Токмоксууканал»  муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине басым жасоо фактысына тийиштүү «КактусМедиа» МАнын 2020-жылдын 13-мартындагы маалыматы боюнча КР ЖК 191-беренесинде каралган   кылмыш белгилери (шайлоо укугун ишке ашырууга бѳгѳт болуу) боюнча №03-011-2020-000676 сотко чейинки ѳндүрүштү териштирүү улантылууда. Териштирүүнүн натыйжалары жѳнүндѳ кошумча билдирилет. Ысык-Кѳл облусунун ИИБсы тарабынан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан депутаттыка талапкер А.Ж. арызы боюнча, ошондой эле Ысык-Кѳл облусунун Каракол шаарында 2 миң сомдук белгидеги купюр салынган  «Мекеним Кыргызстан» партиясынын символикасы бар конверттерди таркатуу фактысына тийиштүү «Акипресс» МАнын маалыматы боюнча КР Жазык кодексинин  225-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча №03-016-2020-000502 сотко чейинки ѳндүрүштү териштирүү башталды. Тергѳѳ аракеттери жүргүзүлүүдѳ, териштирүүнүн натыйжалары жѳнүндѳ кошумча билдирилет.
Кененирээк билүү >>
БШКда жергиликтүү кеңештерде шайлоолор ѳтүүчү шаарлардын жарандарын массалык каттоого алуу маселеси боюнча ыкчам реакция жасоо   боюнча координациялык топтун (ЫРЖКТ) жыйыны ѳттү
19.03.2020

БШКда жергиликтүү кеңештерде шайлоолор ѳтүүчү шаарлардын жарандарын массалык каттоого алуу маселеси боюнча ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык топтун (ЫРЖКТ) жыйыны ѳттү

БШКда 2020-жылдын 12-апрелинде жергиликтүү кеңештерде шайлоолор ѳтүүчү шаарлардын жарандарын массалык каттоого алуу маселеси боюнча шайлоо комиссияларынын, укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын ѳкүлдѳрүнѳн турган ыкчам реакция жасоо   боюнча координациялык топтун (ЫРЖКТ) жыйыны ѳттү.          Жыйында УКМКнын, Башкы прокуратуранын, ИИМдин жана МККнын ѳкүлдѳрү шаарларда массалык каттоого алуу  белгилүү болгон учурдан тартып бүгүнкү күнгѳ чейинки мезгилде аткарылган иштер тууралуу отчет беришти.          МККнын тѳрагасынын орун басары Урмат Кожомбердиев ведомствонун комиссиясы тарабынан текшерүү жүргүзүлгѳндүгүн белгиледи, анын натыйжасында аймактык бѳлүмдѳрдүн кызматкерлери тарабынан жарандарды каттоодо бир катар бузуулар болгондугу ачыкка чыкты.             «Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча укуктук баа  берүү үчүн Алай районунун жарандык абалдын актыларын жазуу, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бѳлүмүнүн (ЖААЖПКК) башчысына карата материалдарды укук коргоо органдарына жѳнѳтүү жѳнүндѳ; Токмок шаарынын, Аламүдүн районунун, Ош шаарынын, Ысык-Кѳл облусунун Түп районунун, Ош облусунун Араван районунун жана Каракол шаарынын ЖААЖПКК башчыларынын жоопкерчилигин кароо жѳнүндѳ; аймактык бѳлүмдѳрдүн ЖААЖПККсынын  жана КТКнын 44 кызматкерине карата тартиптик жаза чараларын кѳрүү тууралуу корутунду кабыл алынды» - деп белгиледи ал. Кожомбердиев ошондой эле МККнын жана калкты каттоо жана жарандык абалдын актылары департаментинин (ККЖААД) тартиптик комиссияларынын жыйыны болгондугун, анын жыйынтыгы боюнча Кызматтын жана ККЖААДнын Кызматтын кызматкерлеринин жоопкерчилигин караган тийиштүү буйруктар чыгарыла тургандыгын баяндады. «Ошону менен бирге биометрикалык маалыматтар аркылуу: «АСБ» АИСтин толуктап иштеп чыккандары боюнча, аймактар аралык принциби боюнча даректерди каттоону жокко чыгаруу боюнча даректик каттоону жүргүзүү жѳнүндѳ маселе иштелип чыгууда. Ошондой эле «Ички миграция жѳнүндѳ» КР Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү, тактап айтканда «жалган каттоо» түшүнүгүн киргизүү тууралуу маселе иштелип жатат» - деп жыйынтыктады ал. Башкы прокуратуранын башкармалыгынын начальниги Гүлнара Акимбаева МККнын калкты каттоо жана жарандык абалдын актысы бѳлүмүнѳ текшерүү жүргүзүлгѳндүгүн билдирди. «Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Ош шаарынын ЖААЖПККсына текшерүү жүргүзүлгѳн, анын жүрүшүндѳ мыйзамда каралган үй ээлеринин макулдугусуз жана зарыл документтери жок  бир дарекке 1311жарандан ашыкты, ал эми дагы бир дарекке 927 жарандан ашыкты, бардыгы болуп 4600 жаранды каттоо  болгондугу ачыкка чыккан. Текшерүүнүн натыйжалары боюнча 2020-жылдын 19-февралында Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан жыйналган материалдар КР ЖК 320-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык ЕРППда катталган жана тергѳѳ араркеттерин жүргүзүү үчүн Ош шаарынын ИИБсына берилген,» - деп билдирди. Мындан тышкары, Ысык-Кѳл облусуттук прокуратурасы тарабынан Каракол жана Балыкчы шаарларынын, ошондой эле Түп районунун ЖААЖПККсына текшерүү жүргүзүлгѳн, текшерүүдѳ К. Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинин окуу корпусунун дареги боюнча ошол окуу жайынын  ректорунун арызынын негизинде окуу жайынын студенттерин каттоо бѳлүмүнѳ 166 жаран катталган, алар чын-чынында аталган даректе жашашпайт. Ошондой эле турак-жай ээсинин макулдугусуз, ошондой эле мындай каттоо үчүн мыйзамда каралган документтердин тизмегин эсепке албай туруп Каракол жана Балыкчы шаарларынын  башка даректерине  2599 жаранды каттоо фактысы белгилүү болгон. Текшерүүнүн натыйжасы боюнча 2020-жылдын 19 жана 25-февралында Ысык-Кѳл облусутук прокуратурасы тарабынан жыйналган материалдар КР ЖК 320-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык (кызмат абалын кыянатчылык менен пайдалануу) ЕРППда катталган жана  сотко чейинки ѳндүрүш Ысык-Кѳл облусу боюнча КРӨ караштуу ЭКККМК ТКга  ѳткѳрүлүп берилген. Ошону менен бирге Акимбаевдин маалыматы боюнча, ушундай эле бузуулар Кемин жана Аламүдүн райондорунун, ошондой эле Токмок шаарынын  ЖААЖПККсынын каттоо боюнча айрым кызмат адамдары тарабынан жасалгандыгы белгилүү болгон, алар мыйзамда каралган тартипти жана зарыл документтерди бузуу менен 2171 жаранды катташкан.  2020-жылдын 22-февралында Кемин жана Аламүдүн райондорунун, Токмок шаарынын  прокуратурасы тарабынан каттоо кызматтарынын айрым кызматкерлери тарабынан бузуулардын аталган фактылары КР ЖК 320-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык (кызмат абалын кыянатчылык менен пайдалануу) ЕРППда катталган жана  сотко чейинки ѳндүрүш башталган, тергѳѳ чараларын уюштуруу Чүй облусу боюнча КРӨ караштуу ЭКККМК ТКга  тапшырылган. «Азыркы учурда жогоруда кѳрсѳтүлгѳн 6 сотко чейинки ѳндүрүштүн алкагында тийиштүү ЖААЖПКК кызмат адамдарына, ошондой эле турак жайлардын ээлерине жана ошол жерде катталгандарга сурак жүргүзүлүүдѳ. Мындан тышкары, тергѳѳ органдары тарабынан сот органдарына сунуштама киргизилип, каттоо үчүн негиз болгон документтерди камакка алуу жүргүзүлүүдѳ» - деп баяндады Башкы прокуратурасынын ѳкүлү. ИИМдин ѳкүлү азыркы учурда Ош шаарынын ИИБси «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы тарабынан акча таркатуу аркеттери жѳнүндѳ билдирүү боюнча КР ЖК 320-беренесинин кылмыш белгилери  (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу)  боюнча сотко чейинки ѳндүрүштѳ тергѳѳ башталгандыгын белгиледи. КР БШК тарабынан алдын ала тизмени (2020-жылдын 13-февралы) жана контролдук тизмени (2020-жылдын 8-марты)  түзүүдѳ  шайлоочулардын санынын айрымасы 2066 шайлоочуну түзгѳндүгү белгиленди. 18 жашка чыккан, баштапкы каттоодон ѳткѳн  ж.б. жарандарды кошуу шайлоочулардын санынын кѳбѳйүшүнүн себеби болду. Шайлоочулардын тизмесин актуладаштырууда   текшерүү (сотко чейинки аракеттер, кызматтык териштирүүлѳр) жүргүзүлүп жаткан жарандардын категориясындагылар жана/же «шыкалма батирлер» деп аталаган массалык каттоо даректериндегилер ѳзүнчѳ бѳлүнгѳн. Шайлоочулардын тизмесине байланыштуу алар боюнча андан аркы аракеттер текшерүү аяктаганча жана укуктук баа берилгенче токтотулган.
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
19.03.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

18.03.2020-жылы № Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өкөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөнөтү Талапкерлердин каттоо мөнөтү 2020 жылдын 24 марта Ысык-Көл облусу Түп району 1 Арал айыл өкмөтү 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 16.03.2020-ж. Саат 18-00гө чейин 19.03.2020-ж 2020 жылдын 25 марта Ош облусу Кара-Суу району 2 Кара-Суу мэри 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 17.03.2020-ж. Саат 18-00гө чейин 20.03.2020-ж 2020 жылдын 6 апреля Нарын облусу Кочкор району 3 Кош-Дөбө айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 29.03.2020-ж. Саат 18-00гө чейин 01.04.2020-ж
Кененирээк билүү >>
Шайлоолор. Апрель-2020: БШК  шайлоолорго  даярдык кѳрүүдѳ санитардык- эпидемиологиялык коопсуздук бюнча  чараларды кабыл алууда
18.03.2020

Шайлоолор. Апрель-2020: БШК шайлоолорго даярдык кѳрүүдѳ санитардык- эпидемиологиялык коопсуздук бюнча чараларды кабыл алууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык кѳрүү мезгилинде  жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугуна кѳмѳктѳшүү максатында тѳмѳндѳгүдѳй чечимдерди кабыл алды: 1. Шайлоо комиссиялары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын орун-жайларында иш-чараларды даярдоодо жана ѳткѳрүүдѳ, ошондой эле идентификациялоону жана добуш берүүнү жүргүзүүдѳ ѳздѳрүн коргоо жана дезинфекциялоо каражаттарын колдонсун жана шайлоочуларга берип турсун, үстүнкү беттерди  дезинфекциялоочу каражаттар менен дайыма тазалап турууну камсыз кылсын; Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге, талапкерлерди сунуш кылган саясий партияларга тѳмѳндѳгүлѳр сунушталсын: массалык иш-чара, шайлоочулар менен жолугушуу түрүндѳгү үгүт иштеринин үлүшүн азайтуу, ал эми аларды ѳткѳрүүдѳ – катышуучлардын санын чектѳѳ; орун-жайларда зарыл санитардык-гигиеналык шарттарды түзүү жана жолугушууга катышуучуларды дезинфекциялык каражаттар менен камсыз кылуу; үгүт иштеринин түрлѳрүн тандоодо басма сѳз, аудиокѳрмѳ жана үгүт иштеринин башка формаларына артыкчылык берүү. 3. КР БШКнын маалымат берүү жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу тобу, аймактык шайлоо комиссиялары 3 жумушчу күндүн ичинде талапкерлер жана саясий партиялар үчүн акысыз эфир убактысын жана басма аянтчасын берүү маселесин иштеп чыксын. 4.  КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты: 2 күндүн ичинде КР БШКнын электрондук форматы жана  сервизи аркылуу шайлоого катышып жаткан талапкерлер жана партиялар жѳнүндѳ жарандарга маалымат берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү маселесин иштеп чыксын; шайлоо кампаниясынын бүткүл мезгилине карата аппарат жана  тѳмѳн турган комиссиялар үчүн жетиштүү деңгээлдеги  зарыл дезинфекциялоо жана антисептикалык иштетүү каражаттарын сатып алууну камсыз кылсын. КР БШКнын маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 11-мартында  Нарын облусунун  Жумгал  районундагы  Кѳк-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү
18.03.2020

2020-жылдын 11-мартында Нарын облусунун Жумгал районундагы Кѳк-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү

Кѳк-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими тарабынан сунуш кылынган Мамытбеков Айбек Корошбекович катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын протколдорунун негизинде А.К. Мамытбеков Кѳк-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайланган. Добуш берүүгѳ Кѳк-Ой айылдык кеңешинин 11 депутатынын ичинен тогуз депутат катышкан. А.К. Мамытбеков 9 добуш алган, «бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн – 0 добуш. Мамытбеков А.К. тууралу маалымат.
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 11-мартында  Талас облусунун  Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү
18.03.2020

2020-жылдын 11-мартында Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү

Кең-Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – жергиликтүү кеңешитн депутаттары тарабынан сунуш кылынган Б.С. Нурматов  катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протколдорунун негизинде Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна Нурматов Бакыт Сарымбекович шайланды. Ал жергликтүү кеңештин депутаттары  тарабынан кѳрсѳтүлгѳн  жалгыз талапкер болгон. Добуш берүүгѳ  Кең-Арал айылдык кеңешинин 11 депутаты катышкан, Б.С. Нурматов  бир добуштун шайланган. Нурматов Б. С. жөнүндө маалымат  
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 18-мартында өтө турган КР БШКнын жыйналышынын күн тартибинин долбоору
17.03.2020

2020-жылдын 18-мартында өтө турган КР БШКнын жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Долбоор                Өткөрүү датасы:  18 - март 2020-ж. Убактысы: 12:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. 2020-жылы 11-мартта өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. 2020-жылы 11-мартта өткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ат-Башы, Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу  (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. 2020-жылдын 12-апрелинине дайындалган Ош шаарынын жана Чүй облусунундагы Токмок шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо  участокторунун схема жана чек араларын өзгөртүү жөнүндө  (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 7. Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук боюнча чаралар жөнүндө (баяндамачы – Шаршеналы у. А.,укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)   8. Ар түрдүү маселелер     Төрага
Кененирээк билүү >>
Шайлоо. Апрель-2020: Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады
14.03.2020

Шайлоо. Апрель-2020: Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады

2020-жылы 13-мартта айрым кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады. 375 мандатка 954 талапкер көрсөтүлдү, анын ичинде 296 адам – аялдар. Бул шайлоодо аялдардын өкүлчүлүгү 30,92%ды түзөт. 48 талапкерди саясий партиялар көрсөттү, калгандары өзүн өзү көрсөткөндөр болуп саналат. 10 күн ичинде талапкерлердин документтери текшерүүдөн өткөрүлмөкчү.   Ош облусу Сары-Колот айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 21; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 46, анын ичинде аялдар – 11 (7 квота).   Алтын-Булак айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 11; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 31, анын ичинде аялдар – 12 (4 квота).   Мырза-Аке айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 21; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 74, анын ичинде аялдар – 22 (9 квота).   Нурабад айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 21; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 37, анын ичинде аялдар – 14 (8 квота).   Тепе-Коргон айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 31; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 60, анын ичинде аялдар – 20 (12 квота).   Коӊур-Дөбө айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 21; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 39, анын ичинде аялдар – 12 (7 квота).   Будалык айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 11; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 31, анын ичинде аялдар – 12 (5 квота).   Көк-Бел айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 21; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 43, анын ичинде аялдар – 13 (8 квота).   Чүй облусу Арашан айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 11; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 35, анын ичинде аялдар – 8 (4 квота).   Милянфан айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 11; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 41, анын ичинде аялдар – 12 (4 квота).   Баткен облусу Бешкент айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 21; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 62, анын ичинде аялдар – 18 (8 квота).   Маргун айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 11; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 32, анын ичинде аялдар – 10 (5 квота).   Жалал-Абад облусу Атай айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 11; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 35, анын ичинде аялдар – 9 (4 квота).    Көк-Ирим айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 11; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 24, анын ичинде аялдар – 7 (5 квота).   Авлетим айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 21; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 52, анын ичинде аялдар – 18 (9 квота).   Нарын облусу Баетов айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 21; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 77, анын ичинде аялдар – 26 (8 квота).   Жерге-Тал айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 11; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 23, анын ичинде аялдар – 6 (4 квота).   Коӊорчок айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 11; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 25, анын ичинде аялдар – 8 (4 квота).   Куйручук айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 11; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 26, анын ичинде аялдар – 7 (4 квота).   Чоӊ-Дөбө айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 11; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 19, анын ичинде аялдар – 4 (4 квота).   Таш-Дөбө айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 11; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 23, анын ичинде аялдар – 8 (4 квота).   Түгөл-Сай айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 11; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 26, анын ичинде аялдар – 10 (4 квота).   Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 11; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 24, анын ичинде аялдар – 6 (4 квота).   Ысык-Көл облусу Оргочор айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 11; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 41, анын ичинде аялдар – 12 (4 квота).   Кумбел айылдык кеңеши Мандаттардын саны – 11; Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны – 29, анын ичинде аялдар – 11 (4 квота). Аялдар үчүн мандаттардын (квоталардын) 30%ын резервге калтыруу аркылуу жергиликтүү кеңештердин курамдарында аялдардын эң төмөнкү кепилденген өкүлчүлүгүнүн механизми республиканын парламенти тарабынан бекитилгенин БШК эске салат. Кыргызстанда 25 айылдык кеңеште шайлоо 2020-жылы 12-апрелде өтөт. Маалымат   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоо. Апрель-2020: Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн партияларды каттоо аяктады
13.03.2020

Шайлоо. Апрель-2020: Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн партияларды каттоо аяктады

2020-жылы 13-мартта айрым кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык добуш берүү күнүнө чейин 30 күн мурда шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн партияларды каттоо аяктады. Ош, Майлуу-Суу, Токмок, Балыкчы жана Каракол шаардык кеңештеринде шайлоо өтөт. 22 партия беш шаардагы шайлоого катышуу ниетин билдирди. Ош шаардык кеңешке катышуу үчүн 9 партия – “Биримдик” (“Единство”) демократиялык партиясы, “Мекеним Кыргызстан”, “Бирик”, “Бир-Бол”, “Улуу-Журт”, “КЛДП”, “Кыргызстан”, “Эмгек”, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары катталды. Ош шаардык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 45, катталган талапкерлердин саны – 710, анын ичинде 239у же 33,66%ы – аялдар. Балыкчы шаардык кеңешке катышуу үчүн 11 партия – “Биримдик” (“Единство”) демократиялык партиясы, “Улуу-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт”, “Табылга”, “Замандаш”, "Социал-Демократтар”, “Мекеним Кыргызстан”, “Мекен-Ынтымагы”, “Эмгек” жана “Кыргызстан”, партиялары катталды. Балыкчы шаардык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 31, катталган талапкерлердин саны – 518, анын ичинде 213 талапкер же 41,12%ы – аялдар. Каракол шаардык кеңешке катышуу үчүн 14 партия – “Кыргызстандын жашылдар партиясы”, “Өнүгүү-Прогресс”,  “Мекен-Ынтымагы”, “Ак Шумкар”, “Улуу Кыргызстан”, “КЛДП”, “Биримдик” (“Единство”) демократиялык партиясы, “Кыргызстан”, “Замандаш”, “Табылга”, “Бирик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Улуу-Журт”, “Республика” партиялары катталды. Каракол шаардык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 31, катталган талапкерлердин саны – 702, анын ичинде 321 талапкер же 45,73%ы – аялдар. Токмок шаардык кеңешке катышуу үчүн 9 партия – “Биримдик” (“Единство”) демократиялык партиясы, “Мекеним Кыргызстан”, “Эмгек”,  “Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка локалдык согуш конфликттеринин катышуучуларынын саясий партиясы”, “КЛДП”, “Өнүгүү-Прогресс”,  “Ата-Мекен”, “Эл биримдиги”, “Кыргызстан” партиялары катталды. Токмок шаардык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 31, катталган талапкерлердин саны – 491, анын ичинде 188 талапкер же 38,29%ы – аялдар. Майлуу-Суу шаардык кеңешке катышуу үчүн 7 партия – “Мекеним Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, “Замандаш”, “Элмурас”, “Кыргызстан” “Биримдик” (“Единство”) демократиялык партиясы, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары катталды. Майлуу-Суу шаардык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 31, катталган талапкерлердин саны – 582, анын ичинде 212 талапкер же 36,43%ы – аялдар. БШКнын маалыматы боюнча төрт партия беш кеңешке катышууда. Бул – “Мекеним Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Биримдик” жана “Кыргызстан”.  Төрт партия – “Улуу-Журт”,  “КЛДП”, “Эмгек”, “Замандаш” үч шаардагы шайлоого катышат. Эки шаардагы шайлоого “Бирик”, “Ата-Мекен”, “Табылга”, “Мекен-Ынтымагы” партиялары катышат. Дагы 10 партия бир гана шаардагы шайлоого катышат. Мандаттардын жалпы саны – 169. Талапкерлердин жалпы саны – 3 003 адам. Анын ичинде 1 173ү же 39,06%ы – аялдар. Бүгүнтөн тартып шайлоо үгүтүнүн мезгили башталат. Шаардык кеңештерге шайлоо 2020-жылы 12-апрелде өтөт. тизме   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК шайлоо процесси жѳнүндѳ маалымдоодо  ЖМКга кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ даяр
12.03.2020

БШК шайлоо процесси жѳнүндѳ маалымдоодо ЖМКга кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ даяр

КР БШКнын тѳрагасы Нуржан Шайлдабекова шайлоо мезгилинде Кыргызстандын  медиа секторундагы реформанын туруктуулугун колдоо боюнча долбоордун расмий  ачылышына  катышты. Иш чарага ошондой эле КРдагы ЕБнын ѳкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр, эл аралык уюмдардын, эксперттик коомдоштуктардын жана ЖМКнын ѳкүлдѳрү катышты. КР БШК тѳрагасы белгилегендей, жалпыга маалымдоо каражаттары шайлоо процессинин маанилүү катышуучулары болуп саналат. «Шайлоо процессинин укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуу биздин ѳлкѳдѳ шайжыйынтыгын чыгаруу аркылуу лоолорду уюштурууда жана ѳткѳрүүдѳ олуттуу жагдай  болуп саналат. Ошондуктан медиа бул багытта зор роль ойнойт. Албетте, шайлоочулар менен талапкерлердин ортосунда шайлоо комиссиялары турат, алар шайлоолорду уюштуруп, добуш берүүнү эсептѳѳ жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу аркылуу добуштарында жарандар кимге артыкчылык бергенин трансформациялайт. Бирок медиа да бул процессте шайлоочу менен талапкердин ортосунда турат. Алар шайлоо процесси жана талапкерлер тууралуу шайлоочуларга маалыматтарды  гана бербестен, ошондой эле жарандардын тандап алуусуна, шайлоо процессинин башталышындагы ой-пикирин ѳзгѳртүүгѳ чоң таасир бере алат. Бул процесстин объективдүү жана анык болушу, ал эми маалыматтардын ѳтѳ калыс берилиши маанилүү. Ошондуктан биз ушул долбоордун ишке ашышы бул сыяктуу бардык милдеттерди чечүүгѳ  жардам берет деп ишенебиз. Өз тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы ѳз ара аректтенүү жана кызматташуу үчүн ар дайым ачык»,-деп белгиледи ал.          Ушул долбоордун иши медиа тармагында колдонулуп жаткан саясатты реформалоого жана ѳркүндѳтүүгѳ, 2020-жылдын 2023-жылга чейин шайлоо циклин чагылдырууда мамлекеттик органдарды, БШКны, саясий партияларды жана ЖМКны колдоого багытталган.          Долбоор шайлоо процессин чагылдырууну кесипкѳй жана жооптуу уюштуруу үчүн юридикалык, укуктук жана санариптик коопсуздукту,   мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу ѳз ара аракеттерди камсыз кылууга  багытталган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКнын тѳрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов ЖМКда шайлоо процессин чагылдыруунун ѳзгѳчѳлүктѳрү жѳнүндѳ айтып берди
12.03.2020

БШКнын тѳрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов ЖМКда шайлоо процессин чагылдыруунун ѳзгѳчѳлүктѳрү жѳнүндѳ айтып берди

Борбордук шайлоо комиссиясынын тѳрагасынын орун басары  Абдыжапар Бекматов мамлекеттик органдардын, ЖМК жана жарандык коомдун ѳкүлдүрү менен болгон координациялык жолугушууга катышты.             ОБСЕнин программалык офисинин колдоосунда Кыргыз Респуликасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникация  департаменти тарабынан уюштурулган иш-чарага бийликтин мамлекеттик жана жергиликтүү органдарынын, аймактык ЖМКнын жана эл аралык уюмдардын 40тан ашык ѳкүлдѳрү катышты.             Борбордук шайлоо комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов  журналисттерге Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарындагы жаңылыктар, ЖМКда шайлоо процессин чагылдыруунун ѳзгѳчѳлүктѳрү жѳнүндѳ айтып берди.             Жолугушууга ошондой эле КР ИИМ СПЭНМ киберэкстремизмге каршы аракеттенүү боюнча бѳлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Ратбек Турусбеков, КР Дин боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, Factcheck.Kg порталынын башкы редактору Болот Темиров катышты.             Зайырбек Эргешов диний чѳйрѳдѳ жүргүзүлүп жаткан   Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасынын  алкагында радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу темасында ЖМК ѳкүлдѳрүнѳ маалымат берди.             Ратбек Турусбеков Кыргызстанда киберэкстремизмдин жайылтылышына  жана интернет айдыңында диний каршылашууга каршы аракеттенүү жана душмандашып жаатташунун жайылышына жол бербѳѳ темасында катышуучуларга баяндама жасады.             Өз кезегинде Болот Темиров чогулгандарга шайлоо алдындагы мезгилде башка ѳлкѳлѳрдүн тажырбасы тууралуу баяндоо менен, «Фактылардын жана маалыматтардын верификациясынын онлайн-ѳбѳлгѳсү» темасында журналисттер үчүн интерактивдүү тренинг ѳткѳрдү.             Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча бийликтин мамлекеттик жана жергиликтүү органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандык сектордун бирге кызматташуусу боюнча макулдашууга жетишилди.             Кыргызстанда 2020-жылдын 12-апрелинде  Чүй, Ысык-Кѳл, Ош, Баткен, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын 25 айылдык кеңештеринин жана 5 шаардык кеңештердин (Ош, Майлуу-Суу, Балыкчы, Каракол, Токмок) депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлѳрүн белгилейбиз. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2020-жылдын 12- мартындагы жыйналышынын бекитилген күн тартиби
12.03.2020

КР БШКнын 2020-жылдын 12- мартындагы жыйналышынын бекитилген күн тартиби

Өткөрүү датасы: 12- марты 2020-ж. Убактысы: 12:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы     1. 2020-жылы 6-мартта өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №161-токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомдун долбоору. (баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 3. А.Б. Тургуналиеванын арызы жөнүндө (баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ноокен, Бакай-Ата, Кара-Суу, Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. 2020-жылы 6-мартта өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Ар түрдүү маселелер.   ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 12-мартта өтө турган КР БШКнын жыйналышынын күн тартибинин долбоору
11.03.2020

2020-жылдын 12-мартта өтө турган КР БШКнын жыйналышынын күн тартибинин долбоору

                                                                                                                                                                   долбоор   Өткөрүү датасы: 12- марты 2020-ж. Убактысы: 12:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы     1. 2020-жылы 6-мартта өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №161-токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомдун долбоору. (баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 3. А.Б. Тургуналиеванын арызы жөнүндө (баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ноокен, Бакай-Ата, Кара-Суу, Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. 2020-жылы 6-мартта өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Ар түрдүү маселелер.   ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
2020-жылы КР ЖК  депутаттарын шайлоодо биометрикалык идентификациялоо үчүн жабдууларды сатып алууга Япония Кыргызстанга жардам берет
11.03.2020

2020-жылы КР ЖК депутаттарын шайлоодо биометрикалык идентификациялоо үчүн жабдууларды сатып алууга Япония Кыргызстанга жардам берет

2020-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасында шайлоо процессин колдоо программасы боюнча КРдагы Япония Элчилиги менен  ПРООНдун (БУУӨП) ортосунда алмашуу ноталарына кол кою болду. Салтанатка КР БШК тѳрагасы Нуржан Шайлдабекова, МКК тѳрагасы Акын Мамбеталиев, КРдагы Япониянын атайын туруктуу элчиси  Сигэки Маэда, КРдагы ПРООНдун (БУУӨП) туруктуу ѳкүлү Луиз Чемберлен катышты. Нуржан Шайлдабекова 2015-жылдан бери Япония менен ПРООН (БУУӨП) кѳрсѳтүп жаткан колдоону белгиледи. «Биометиркалык идентификация үчүн 2015-жылы жабдууларды сатып алууда колдоо кѳрсѳтүү Кыргыз Республикасында шайлоолордун аныктыгына, ачык-айкындыгына жетишүүдѳ, атаандаштыкты жана инклюзивдүүлүктү кѳтѳрүүдѳ маанилүү салым болду. 2018-2020-жылдарга КРда шайлоолор жѳнүндѳү мыйзамдарды ѳркүндѳтүүнүн стратегиясына ылайык шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча, ошондой эле шайлоочуларды идентификациялоо боюнча маанилүү иш-милдеттер ММК- аткаруу органынан КР БШК- кѳз карандысыз конституциялык органга берилүүдѳ»,- деп белгиледи ал.             «Мурда алынган жабдуулар бизге жакшы кызмат кѳрсѳттү, аларды пайдалануу менен биз мурдагы бардык шайлоо циклдерин,  ошондой эле 2016-жылдагы референдумду ѳткѳрѳ алдык. Бүгүнкү күндѳ идентификациялоо процессин толук кандуу аткара албай калган жабдуулардын бир бѳлүгү мамлекеттик органдарда пайдаланылып жатат»,- деди Нуржан Шайлдабекова. Каражаттарды натыйжалдуу пайдалануу максатында сатып алынган жабдууларды шайлоолор аралыгында пайдалануу үчүн МККнын балансында калтыруу тууралуу чечим кабыл алынды, ал эми шайлоо учурунда КР БШК жабдууларды убактылуу пайдалануу үчүн алат, деп белгиледи БШКнын башчысы. ММКнын тѳрагасы Акын Мамбеталиев ошондой эле КР Президенти тарабынан аймактарды ѳнүктүрүү жана ѳлкѳнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо алкагында жарандарды идентификациялоо процессинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуунун маанисин белгилѳѳ менен ѳнѳктѳштѳргѳ ѳз учурунда кѳмѳк кѳрсѳткѳндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоолор. Апрель -2020: Жергиликтүү кеңештерге шайлоолого шайлоочулардын контролдук тизмеси жарыяланды
11.03.2020

Шайлоолор. Апрель -2020: Жергиликтүү кеңештерге шайлоолого шайлоочулардын контролдук тизмеси жарыяланды

2020-жылдын 12-апрелинде айрым жергиликтүү кеңештерде кезектеги шайлоолорду даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн календардык планына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы «Тизме» мамлекеттик порталында шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады. Шайлоо мыйзамдарына ылайык контролдук тизме добуш берүү күнүнѳ чейин 35 календардык күн калганча жаңыртылып турат. 2020-жылдын  13-мартында контролдук тизме шайлоо комиссияларында илинет. КР БШКнын маалыматына ылайык 13-февралга карата алдын ала тизмеде шайлоочулардын жалпы саны 340 479 шайлоочуну түзгѳн. 2020-жылдын 8-мартына карата контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 342 545 шайлоочуну түзгѳт. БШК билдиргендей, 2 066 шайлоочуга кѳбѳйгѳн. Үстүбүздѳгү жылдын 28-мартына чейин ар бир  шайлоочу  жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн ѳздѳрүн шайлоочулардын тизмесинен тактап алса болот. Шайлоо участкасына келип же болбосо www.tizme.gov.kg  шилтемеси боюнча «Тизме» порталынан, ошондой эле 119 номерине коңгуроо чалуу аркылуу шайлоочулардын тизмесинен ѳздѳрүн тактап алса болот (чалуу акысыз). Эгерде кандай гана болбосун каталар же так эместиктер табылса, ошондой эле алдын ала, контролдук тизмеде жок болуп чыкса, жаран 2020-жылдын 28-мартына чейин шайлоочулардын тизмесине ѳзгѳртүү киргизүү же ѳзүн киргизүү жѳнүндѳ  арыз менен, паспортун (ID-карт) кѳрсѳтүп, анын кѳчүрмѳсүн арызына тиркѳѳ аркылуу  тийиштүү шайлоо участкасына кайрылууга укуктуу (1-форма боюнча бланк). Мындай учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан ѳтѳт. БШК жашаган жери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарынан биометрикалык каттоодон ѳтсѳ боло тургандгын эскертет. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү шайлоолорго шайлоочулардын тизмесине добуш берген күнү активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү коомдоштуктун мүчѳсү болуп саналган жана биометрикалык каттодон ѳткѳн Кыргыз Республикасынын жараны киргизилет. Мыйзамга ылайык жергиликтүү коомдоштукка жарандын таандуулугу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортундагы тийиштүү белги менен тастыкталууга тийиш. Мыйзамдын ушул талаптарына ылайык, пропискасын ѳзгѳрткѳн, бирок паспортуна белги коюлбаган  жаран жергиликтүү шайлоолордо тийиштүү тизмеге киргизилбейт. Мындай учурда, мурда белгиленгендей, укук коргоо орандары 12-апрелде жергиликтүү кеңештерде шайлоолор ѳтүүчү шаарларда жарандардын жапырт прописка жасоосун текшерүү боюнча иштерди жүргүзѳт. Текшерүү (сотко чейинки аракеттер, кызматтык териштирүүлѳр)  жүргүзүлүүчү жарандардын категориялары жана/же жапырт каттоо жүргүзүү даректери ѳзүнчѳ бѳлүнүп каралат. Шайлоочулардын тизмесине байланыштуу булар боюнча андан аркы аракеттер текшерүү аяктаганга жана укуктук баа берилгенге чейин токтотулган. Шайлоочулардын контролдук тизмесин төмөндөгү шилтемеден тапса болот: список
Кененирээк билүү >>
Нарын облусунун Жумгал районундагы Кѳк-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү
11.03.2020

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кѳк-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү

2020-жылдын 11-мартында  Нарын облусунун Жумгал районундагы Кѳк-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протколдорунун негизинде Нарын облусунун Жумгал районундагы Кѳк-Ой айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна Мамытбеков Айбек Корошбекович шайланды. Ал райондук мамлекеттик администрация тарабынан кѳрсѳтүлгѳн  жалгыз талапкер болгон. Бардыгы болуп Кѳк-Ой айыл ѳкмѳтүндѳ 11 депутат бар. Катышкандар – 9. Баары I турда бир добуштан «макул»  деп добуш беришкен.
Кененирээк билүү >>
1 … 328 330 … 483