Башкы Жаңылыктар Шайлоолор. Апрель -2020: Жергиликтүү кеңештерге шайлоолого шайлоочулардын контролдук …

Шайлоолор. Апрель -2020: Жергиликтүү кеңештерге шайлоолого шайлоочулардын контролдук тизмеси жарыяланды

11-Мар, 2020

2020-жылдын 12-апрелинде айрым жергиликтүү кеңештерде кезектеги шайлоолорду даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн календардык планына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы «Тизме» мамлекеттик порталында шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык контролдук тизме добуш берүү күнүнѳ чейин 35 календардык күн калганча жаңыртылып турат. 2020-жылдын  13-мартында контролдук тизме шайлоо комиссияларында илинет.

КР БШКнын маалыматына ылайык 13-февралга карата алдын ала тизмеде шайлоочулардын жалпы саны 340 479 шайлоочуну түзгѳн. 2020-жылдын 8-мартына карата контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 342 545 шайлоочуну түзгѳт. БШК билдиргендей, 2 066 шайлоочуга кѳбѳйгѳн.

Үстүбүздѳгү жылдын 28-мартына чейин ар бир  шайлоочу  жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн ѳздѳрүн шайлоочулардын тизмесинен тактап алса болот. Шайлоо участкасына келип же болбосо www.tizme.gov.kg  шилтемеси боюнча «Тизме» порталынан, ошондой эле 119 номерине коңгуроо чалуу аркылуу шайлоочулардын тизмесинен ѳздѳрүн тактап алса болот (чалуу акысыз).

Эгерде кандай гана болбосун каталар же так эместиктер табылса, ошондой эле алдын ала, контролдук тизмеде жок болуп чыкса, жаран 2020-жылдын 28-мартына чейин шайлоочулардын тизмесине ѳзгѳртүү киргизүү же ѳзүн киргизүү жѳнүндѳ  арыз менен, паспортун (ID-карт) кѳрсѳтүп, анын кѳчүрмѳсүн арызына тиркѳѳ аркылуу  тийиштүү шайлоо участкасына кайрылууга укуктуу (1-форма боюнча бланк). Мындай учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан ѳтѳт.

БШК жашаган жери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарынан биометрикалык каттоодон ѳтсѳ боло тургандгын эскертет.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү шайлоолорго шайлоочулардын тизмесине добуш берген күнү активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү коомдоштуктун мүчѳсү болуп саналган жана биометрикалык каттодон ѳткѳн Кыргыз Республикасынын жараны киргизилет.

Мыйзамга ылайык жергиликтүү коомдоштукка жарандын таандуулугу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортундагы тийиштүү белги менен тастыкталууга тийиш.

Мыйзамдын ушул талаптарына ылайык, пропискасын ѳзгѳрткѳн, бирок паспортуна белги коюлбаган  жаран жергиликтүү шайлоолордо тийиштүү тизмеге киргизилбейт.

Мындай учурда, мурда белгиленгендей, укук коргоо орандары 12-апрелде жергиликтүү кеңештерде шайлоолор ѳтүүчү шаарларда жарандардын жапырт прописка жасоосун текшерүү боюнча иштерди жүргүзѳт.

Текшерүү (сотко чейинки аракеттер, кызматтык териштирүүлѳр)  жүргүзүлүүчү жарандардын категориялары жана/же жапырт каттоо жүргүзүү даректери ѳзүнчѳ бѳлүнүп каралат. Шайлоочулардын тизмесине байланыштуу булар боюнча андан аркы аракеттер текшерүү аяктаганга жана укуктук баа берилгенге чейин токтотулган.

Шайлоочулардын контролдук тизмесин төмөндөгү шилтемеден тапса болот:

список

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>