Башкы Жаңылыктар Шайлоо. Апрель-2020: Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн …

Шайлоо. Апрель-2020: Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн партияларды каттоо аяктады

13-Мар, 2020

2020-жылы 13-мартта айрым кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Календардык планга ылайык добуш берүү күнүнө чейин 30 күн мурда шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн партияларды каттоо аяктады.

Ош, Майлуу-Суу, Токмок, Балыкчы жана Каракол шаардык кеңештеринде шайлоо өтөт.

22 партия беш шаардагы шайлоого катышуу ниетин билдирди.

Ош шаардык кеңешке катышуу үчүн 9 партия – “Биримдик” (“Единство”) демократиялык партиясы, “Мекеним Кыргызстан”, “Бирик”, “Бир-Бол”, “Улуу-Журт”, “КЛДП”, “Кыргызстан”, “Эмгек”, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары катталды.

Ош шаардык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 45, катталган талапкерлердин саны – 710, анын ичинде 239у же 33,66%ы – аялдар.

Балыкчы шаардык кеңешке катышуу үчүн 11 партия – “Биримдик” (“Единство”) демократиялык партиясы, “Улуу-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт”, “Табылга”, “Замандаш”, "Социал-Демократтар”, “Мекеним Кыргызстан”, “Мекен-Ынтымагы”, “Эмгек” жана “Кыргызстан”, партиялары катталды.

Балыкчы шаардык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 31, катталган талапкерлердин саны – 518, анын ичинде 213 талапкер же 41,12%ы – аялдар.

Каракол шаардык кеңешке катышуу үчүн 14 партия – “Кыргызстандын жашылдар партиясы”, “Өнүгүү-Прогресс”,  “Мекен-Ынтымагы”, “Ак Шумкар”, “Улуу Кыргызстан”, “КЛДП”, “Биримдик” (“Единство”) демократиялык партиясы, “Кыргызстан”, “Замандаш”, “Табылга”, “Бирик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Улуу-Журт”, “Республика” партиялары катталды.

Каракол шаардык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 31, катталган талапкерлердин саны – 702, анын ичинде 321 талапкер же 45,73%ы – аялдар.

Токмок шаардык кеңешке катышуу үчүн 9 партия – “Биримдик” (“Единство”) демократиялык партиясы, “Мекеним Кыргызстан”, “Эмгек”,  “Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка локалдык согуш конфликттеринин катышуучуларынын саясий партиясы”, “КЛДП”, “Өнүгүү-Прогресс”,  “Ата-Мекен”, “Эл биримдиги”, “Кыргызстан” партиялары катталды.

Токмок шаардык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 31, катталган талапкерлердин саны – 491, анын ичинде 188 талапкер же 38,29%ы – аялдар.

Майлуу-Суу шаардык кеңешке катышуу үчүн 7 партия – “Мекеним Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, “Замандаш”, “Элмурас”, “Кыргызстан” “Биримдик” (“Единство”) демократиялык партиясы, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары катталды.

Майлуу-Суу шаардык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 31, катталган талапкерлердин саны – 582, анын ичинде 212 талапкер же 36,43%ы – аялдар.

БШКнын маалыматы боюнча төрт партия беш кеңешке катышууда. Бул – “Мекеним Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Биримдик” жана “Кыргызстан”.

 Төрт партия – “Улуу-Журт”,  “КЛДП”, “Эмгек”, “Замандаш” үч шаардагы шайлоого катышат.

Эки шаардагы шайлоого “Бирик”, “Ата-Мекен”, “Табылга”, “Мекен-Ынтымагы” партиялары катышат.

Дагы 10 партия бир гана шаардагы шайлоого катышат.

Мандаттардын жалпы саны – 169. Талапкерлердин жалпы саны – 3 003 адам. Анын ичинде 1 173ү же 39,06%ы – аялдар.

Бүгүнтөн тартып шайлоо үгүтүнүн мезгили башталат.

Шаардык кеңештерге шайлоо 2020-жылы 12-апрелде өтөт.

тизме

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>