Башкы Жаңылыктар Ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык топ билдирет

Ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык топ билдирет

19-Мар, 2020

КР БШКнын ыкчам реакция жасоо  боюнча координациялык тобу айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ  билдирет.

ОШ шаарынын ИИБси «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан талапкер А.Карамбековду колдоо үчүн белгисиз адамдар тарабынан Ош шаарында жайгашкан ЖОЖдордун студеттерине 1000 сомдон акча таркатуу аракети жѳнүндѳ билдирүү боюнча ЖК 192-беренесинде каралган кылмыш белгилери (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча башталган сотко чейинки ѳндүрүш боюнча териштирүүнү баштады.

Токмок шаардык ИИБ жаран М.У. арызы боюнча «Биримдик» саясий партиясынын штабында аны уруп-сабоо фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын ЖжК 266-беренесинде каралган жоруктун белгилери боюнча №03-011-2020-000624 сотко чейинки ѳндүрүштү териштирүүнү улантууда. Азыркы учурда тергѳѳ аракеттери жүргүзүлүүдѳ.

Токмок шаардык ИИБ маалыматы боюнча, «Токмоксууканал»  муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине басым жасоо фактысына тийиштүү «КактусМедиа» МАнын 2020-жылдын 13-мартындагы маалыматы боюнча КР ЖК 191-беренесинде каралган   кылмыш белгилери (шайлоо укугун ишке ашырууга бѳгѳт болуу) боюнча №03-011-2020-000676 сотко чейинки ѳндүрүштү териштирүү улантылууда. Териштирүүнүн натыйжалары жѳнүндѳ кошумча билдирилет.

Ысык-Кѳл облусунун ИИБсы тарабынан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан депутаттыка талапкер А.Ж. арызы боюнча, ошондой эле Ысык-Кѳл облусунун Каракол шаарында 2 миң сомдук белгидеги купюр салынган  «Мекеним Кыргызстан» партиясынын символикасы бар конверттерди таркатуу фактысына тийиштүү «Акипресс» МАнын маалыматы боюнча КР Жазык кодексинин  225-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча №03-016-2020-000502 сотко чейинки ѳндүрүштү териштирүү башталды. Тергѳѳ аракеттери жүргүзүлүүдѳ, териштирүүнүн натыйжалары жѳнүндѳ кошумча билдирилет.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>