Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү
2020-жылдын 11-мартында Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протколдорунун негизинде Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна Нурматов Бакыт Сарымбекович шайланды. Ал жергликтүү кеңештин депутаттары тарабынан кѳрсѳтүлгѳн жалгыз талапкер болгон.
Бардыгы болуп Кең-Арал айыл ѳкмѳтүндѳ 11 депутат бар. Баары катышты, алар I турда бир добуштан «макул» деп добуш беришкен.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Эл аралык 8-Март майрамыңыздар менен!
Урматтуу айымдар!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Аялдардын эл аралык күнү – 8-март майрамыңыздар менен ак дилден куттуктайт.
Кадырлуу кесиптештер, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү!
Биздин бүгүнкү демократиялык коомдо саясий процесстин ѳнүгүүсүнүн кѳрсѳткүчү болгон мыйзамдуу жана ачык-айкын шайлоолорду ишке ашырууда сиздердин ролдун маанилүү экендигин белгилегибиз келет.
Шайлоочулардын ишеними мыйзамдуулук принциптерине, ачык-айкындыкка жана калыстыкка негизделген сиздердин ишмердигиңиздерге байланыштуу.
Шайлоо мыйзамдарын жүзѳгѳ ашыруудагы сиздердин талыкпаган эмгеңиздерге, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашырууда жарандык жоопкерчилигиңиздерге жана аяр мамилеңиздерге ыраазычылык билдиребиз.
Ар бириңиздерге талыкпаган кубат-дем, жигердүү ишкердик, туруктуу жана бакубат турмуш, үй-бүлѳңүздѳр менен бирге чың ден-соолук каалайбыз. Жадыраган жаз майрамы Сиздердин турмушта эң сонун башталыштардын күбѳсү болсун!
КР БШК
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
6.03.2020-жылы
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын
Шайлоону өкөрүү убактысы
Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөнөтү
Талапкерлердин каттоо мөнөтү
2020 жылдын 11 марта
Нарын облусу
Жумгал району
1
Көк-Ой айыл өкмөтү
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин 03.03.2020-ж.
Саат 18-00гө чейин 06.03.2020-ж
2020 жылдын 11 марта
Талас облусу
Бакай-Ата району
2
Кең-Арал айыл өкмөтү
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин 03.03.2020-ж.
Саат 18-00гө чейин 06.03.2020-ж
2020 жылдын 24 марта
Ысык-Көл облусу
Түп району
3
Арал айыл өкмөтү
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин 16.03.2020-ж.
Саат 18-00гө чейин 19.03.2020-ж
2020 жылдын 25 марта
Ош облусу
Кара-Суу району
4
Кара-Суу мэри
9-00дөн 12-00 чейин
Саат 18-00гө чейин 17.03.2020-ж.
Саат 18-00гө чейин 20.03.2020-ж
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Миграция боюнча эл аралык уюм жана ПРООН (БУУӨП) чет ѳлкѳлѳрдѳгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоолорго катышуусун активдештирүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштеринде БШКга кѳмѳк кѳрсѳтѳт
Миграция боюнча эл аралык уюм жана ПРООН (БУУӨП) чет ѳлкѳлѳрдѳгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоолорго катышуусун активдештирүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштеринде БШКга кѳмѳк кѳрсѳтѳт.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын БШК тѳрагасы Н.Шайлдабекова менен КРда миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ) офисинин башчысы жана ПРООНдун (БУУӨП) ѳкүлдѳрү менен болгон жолугушууда билдирилди. Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын ТИМ жана МКК ѳкүлдѳрү катышты.
2018-2020-жылдарга шайлоолор жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ѳркүндѳтүүнүн стратегиясын ишке ашыруунун алкагында КР мамлекеттик органдары тарабынан чет ѳлкѳлѳрдѳ убактылуу жашаган жана жүргѳн КР жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча чаралар кабыл алынды. БШК жумушчу тобунун планында бул маселе боюнча чет ѳлкѳлѳрдѳгү жарандар үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн БШК, ТИМ, МКК ѳкүлдѳрүнѳн медомстволор аралык топтордун Россияга, Казакстанга ж.б. баруусун уюштуруу каралган.
Чет ѳлкѳлѳрдѳгү кыргызстандыктардын коомдук бирикмелеринин арасында, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн атайын каражаттарды пайдалануу менен аудио-видео роликтерин даярдоо жана жайылтуу, КР мамлекеттик органдарынын расмий сайттарында шайлоо тематикасы боюнча чет ѳлкѳлѳрдѳгү жарандар үчүн атайын барактарды ж.б. түзүү каралган.
Жолугушууда ошондой эле шайлоо процессине аялдардын активдүү катышуусу боюнча атайын иштерди жүргүзүүнүн мааниси баса белгиленди.
Миграция боюнча эл аралык уюмдун ѳкүлү анык жана жеткиликтүү маалыматтарды жайылтуунун ѳзгѳчѳ маанилүүлүгүн жана зарылдыгын, ошондой эле чет ѳлкѳлѳрдѳгү кыргызстандыктар үчүн окутуу вебинарларын ѳткѳрүүнүн актуалдуулугун баса белгиледи.
КР ТИМ ѳкүлү шайлоолор жѳнүндѳ КР мыйзамына ылайык, КР аймагынан сырткары жашаган же жүргѳн шайлоочулардын добуш берүүсүн уюштуруу жана добуштарын саноо үчүн КР ТИМ сунушу боюнча чет ѳлкѳлѳрдѳ КР дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрүнүн, консулдук мекемелеринин жана КР маморгандарынын ѳкүлчүлүктѳрүнүн аймактарында аккредатциялаган ѳлкѳлѳрдүн компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча шайлоо участкалары түзүлүшү мүмкүн экендигин маалымдады.Ушуга байланыштуу 2020-жылга КР ЖК дептуттарын шайлоодо шайлоо участкаларынын саны кѳбѳйтүлѳт. Эгерде 2017-жылы КР Президентин шайлоодо 26 ѳлкѳдѳ КР аймагынан тышкары 37шайлоо участкалары ачылса, ал эми 2020-жылы КР ЖК депутаттарын шайлоодо 28 чет ѳлкѳдѳ 45тен кем эмес шайлоо участкаларын ачуу пландаштырылууда.
ММК ѳкүлү тарабынан Кыргызстанда жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу жана чет ѳлкѳлѳрдѳ КР жарандарын консулдук эсепке коюу боюнча автоматташтырылган иштер боюнча ТИМ менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
БШК тѳрагасы эл аралык уюмдардын ѳкүлдѳрүнүн дарегине алдыда болуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдыктын алкагында чет ѳлкѳлѳрдѳ убактылуу жашаган жана жүргѳн КР жарандары үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ даяр экендиктерине ыраазчылык билдирди.
2020-жылы октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндѳ чет ѳлкѳлѳрдѳ жашап жаткан же жүргѳн Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунун шарттары жана ѳзгѳчѳлүктѳрү боюнча КРда шайлоо системасынын эл аралык фондусунун ѳкүлчүлүгү менен кызматташтыкта БШК тарабынан даярдалган роликтер менен тѳмѳндѳгү шилтемеден таанышса болот:
кыргыз тилинде - https://www.youtube.com/watch?v=bY5o_xUFmNw&has_verified=1
орус тилинде - https://www.youtube.com/watch?v=t1WeDspMKeU
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Кѳл облусунун Түп районундагы Михайловка айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү.
2020-жылдын 6-мартында Ысык-Кѳл облусунун Түп районундагы Михайловка айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протколдорунун негизинде Ысык-Кѳл облусунун Түп районундагы Михайловка айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна Рыскулов Токтосун Темирбекович шайланды. Ал жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жалгыз талапкер катары кѳрсѳтүлгѳн.
Бардыгы болуп Михайловка айыл ѳкмѳтүндѳ 11 депутат бар. Катышкандар – 9. Баары I турда бир добуштан «макул» деп добуш беришкен.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү.
2020-жылдын 6-мартында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болду.
Жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан тѳрт талапкер кѳрсѳтүлүп катталган, алар: Масиров Ш. М., Мамаюсупов У. К., Тагаев А. А. жана Осмонов А. Г., акыркы талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.
Шайырбек Масирова үчүн 14тү добуш берген, каршы – 0.
Уларбек Мамаюсупов үчүн 7си добуш берген, каршы – 0.
Алманбет Тагаев үчүн эч кимси «макул» жана «каршы» деп добуш беришкен эмес.
Баардыгы болуп Сакалды айыл ѳкмѳтүндѳ 21 депутат бар, 21 депутаттын баары катышкан.
Ошентип добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорунун негизинде Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна Масиров Шайырбек Маматкулович шайланды.
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суушаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 4-мартындагы № 128 буйругу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэри Козубаев Кутугали Колчакович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо 2020-жылдын 25-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 6-марты
№ 70
Кененирээк билүү >>
БШК жана ПРООН (БУУ ӨП) (Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы) шайлоолорду ѳткѳрүүгѳ даярдыкты талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасы Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун туруктуу ѳкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушту.
Жолугушууга ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын тѳрагасы Акын Мамбеталиев катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндѳ БШКнын башчысы шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.
«Реформанын биринчи этабынын жүрүшүндѳ шайлоолордун ачык-айкын жана анык болушун камсыз кылууга жетише алдык. КР БШК бүгүнкү күндѳ 2018-2020-жылдарга шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүүнүн стратегиясын жүзѳгѳ ашырып жатат, ал реформанын биринчи этабын ишке ашырууда туруктуулукту камсыз кылуу аркылуу пайда болгон мүчүлүштѳрдү четтетүү менен шарталган» - деп белгиледи ал.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун туруктуу ѳкүлү Луиз Чемберлен Кыргызстан 2015 жана 2017-жылдары анык, таза шайлоолорду ѳткѳрүү менен шайлоо процессиндеги инклюзивдүүлүктү жогорулатууда прогресске жетише алгандыгын белгиледи.
«БУУнун ролу жалпыга таанылган эл аралык стандарттарга ылайык таза шайлоолорду ѳткѳрүүнү кѳздѳѳдѳ КР мамлекеттик органдарына кѳмѳк кѳрсѳтүү, ошондой эле Кыргызстанда демократиялык шайлоолорду ѳткѳрүүнүн туруктуу потенциалын түзүүгѳ салым кошуу болуп саналат. Кыргызстан шайлоо процессинде алдыңкы технологияларды колдонуу менен, аны ѳркүндѳтүүдѳ Борбордук Азия ѳлкѳлѳрүнүн ичинде лидер болуп саналат. Бул, албетте, шайлоо процессине жана шайлоолордун жыйынтыгына шайлоочулардын ишенимин жогорулатууга кѳмѳктѳшүүдѳ.» - деп белгиледи ал.
Чемберлендин сѳзү боюнча, 2020-жылдагы парламеттик шайлоого даярдык кѳрүүнүн алкагында Кыргызстан шайлоо системасында жетишилген ийгиликтердин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ушул эле нукта ѳз ишин улантат деген чоң ишеним бар.
ПРООНдун КРда эки жолку баа берүү миссиясынын (2019-жылдын 17, 20-сентябры, 2019-жылдын 26-ноябрынан 6-декабры), ошондой эле БШК жана КР мамлекеттик органдарынын ѳкүлдѳрүнүн ПРООНдун ѳкүлдѳрү менен бир нече жолку жумушчу сүйлѳшүүлѳрүнүн жана консультацияларынын жыйынтыктары боюнча жакынкы учурда кол коюлууга тийиш болгон документтин долбоору даярдалган.
Долбоор ѳзүнѳ тѳмѳндѳгү үч компонентти камтыйт:
1) шайлоо учурунда шайлоочуларды идентификациялоо боюнча иш-милдеттерди аткаруу органынан - МККдан кѳз карандысыз органга - БШКга ѳткѳрүп берүүнү колдоо. Атап айтканда , ПРООН идентификациялоо үчүн жабдууларды жаңылоо, ошондой эле жабдууларды пайдаланууга персоналдарды окутуу маселесинде МККга кѳмѳмк кѳрсѳтѳт;
2) шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу – шайлоо процессине жарандарды тартууну жогорулатуу боюна чараларды колдоо. Ушул компоненттин алкагында БУУнун тутумундагы миграция боюнча эл аралык уюм , БУУнун түзүмүндѳгү -Аялдар ж.б. сыяктуу уюмдар менен тыкыс байланышта кеңири маалымат кампаниясынын планын иштеп чыгуу алдыда турат. Бул жарандардын айрым категорияларын -ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектүүлүү адамдарын, чет ѳлкѳлѳрдѳ жашаган жарандардын, аялдардын жана жаштардын шайлоолорго катышуусун жогорулатууга багытталган;
3) шайлоолордун коопсуздугу – шайлоолорду тынчтык жол менен ѳткѳрүү процессин колдоо жана шайлоо процессинин жүрүшүндѳ коопсуздукту камсыз кылуу үчүн мүмкүн болуучу чыр-чатактуу кырдаалды басаңдатуу мүмкүнчүлүгүнүн механизимин күчтѳндүрүү.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча КР БШКнын, ПРООНдун ѳкүлдѳрүнүн Мамлекеттик каттоо кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин ѳкүлдѳрү менен кийинки биргелешкен жолугушуусунда ушул долбоорду, анын ичинде болжолдуу бюджетти, ошондой эле башка техникалык жана уюштуруу маселелерин ишке ашыруунун болочок контурун талкуулоо чечилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 6-мартында өтө турган КР БШКнын жыйналышынын күн тартибинин долбоору
долбоор
Өткөрүү датасы: 6- марты 2020-ж.
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2020-жылы 28-февралда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. «2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 21 февралындагы № 60 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
4. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
5. Ар түрдүү маселелер.
ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
Юстиция министрлиги БШКга катталган партиялардын тизмеси
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясын ѳлкѳдѳгү катталган саясий партиялардын
саны тууралуу маалымдады.
Берилген маалыматка ылайык, марттын башталышына карата катталган жана кайра
катталган саясий партиялардын саны 283тү түзѳт.
Алардын ичинен иштеп жаткандары – 259, жоюлгандары – 24 партия.
Саясий партиялардын толук санын ушул жерден караса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди кѳрсѳтүү аяктады
КР БШКнын 2020-жылдын 11-февралындагы № 34 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештерине депутаттарды кезектеги шайлоолорду даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык 2020-жылдын 2-мартында шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү аяктады.
22 саясий партия тѳмѳндѳгү беш шаардык кеңештин депутаттыгына ѳздѳрүнүн талапкерлеринин тизмесин кѳрсѳтүштү:
- Ош шаардык кеңешине – 9 саясий партия («Эмгек», «Бир Бол», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «КЛДП», «Биримдик (Единство)», «Кыргызстан», «Улуу-Журт», «Бирик»);
- Майлуу-Суу шаардык кеңешине – 7 саясий партия («Өнүгүү-Прогресс», «Замандаш», «Элмурас», «Мекеним Кыргызстан», «Ата Мекен», «Кыргызстан», «Биримдик (Единство)»);
- Балыкчы шаардык кеңешине – 11 саясий партия («Табылга», «Мекеним Кыргызстан», «Замандаш», «Улуу-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик (Единство)», «Ата-Журт», «Кыргызстан», «Эмгек», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы»);
- Каракол шаардык кеңешине – 14 саясий партия («Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», «Бирик», «Замандаш», «Биримдик (Единство)», «Уулу-Журт», «Мекеним Кыргызстан», «Акшумкар», «Улуу Кыргызстан», «Мекен Ынтымагы», «Республика», «Табылга», «КЛДП», «Кыргызстан жашылдар партиясы»);
- Токмок шаардык кеңешине – 9 саясий партия («Биримдик (Единство)», «Эл биримдиги», «Эмгек», «Ата Мекен», «Мекеним Кыргызстан», «Афганистандагы согуш ардагерлеринин жана башка локалдуу согуштук чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы», «Өнүгүү-Прогресс», «Кыргызстан», «КЛДП»).
Шайлоого бардыгы болуп 22 партия катышууда. Анын ичинен тѳрт партия беш кеңешке кѳрсѳтүшкѳн. Алар -"Мекеним Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Биримдик", "Кыргызстан".
Тѳрт партия – «Улуу-Журт», «КЛДП», «Эмгек», «Замандаш» үч шаардагы шайлоолорго катышат.
«Бирик», «Ата-Мекен», «Табылга», «Мекен Ынтымагы» партиялары эки шаарга талапкерлерин кѳрсѳтүшкѳн.
Ал эми дагы 10 партия бир гана шаарга кѳрсѳтүшѳт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди алган күндѳн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү тартиби мыйзамдын талаптарына ылайык экендигин текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоо жѳнүндѳ чечим кабыл алат же болбосо баш тартуу тууралуу жүйѳлѳштүрүлгѳн чечим чыгарат.
Мындай текшерүү «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык ѳз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен да ишке ашырылат. Мындай учурда эгерде шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн жолтоо болуп саналган документтердеги ылайык келбѳѳнү таап чыкса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы ошол ылайык келбѳѳ боюнча саясий партияга билдирүүгѳ милдеттүү. Саясий партия билдирүүнү алган учурдан тартып 48 саттын ичинде тийиштүү ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүүгѳ жана оңдолгон документтерди тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгѳ укуктуу.
Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоолор күнүнѳ чейин 30 календардык күн калганда, 2020-жылдын 13-мартына чейин аяктайт
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКнын өкүлдөрү Тажикистан Республикасынын Мажлиси Олий намояндагон Мажлисинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары катышып жатышат.
БШКнын өкүлдөрү Тажикистан Республикасынын Мажлиси Олий намояндагон Мажлисинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары катышып жатышат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) өкүлдөрү КМШнын жана ШКУнун миссияларынын курамында Тажикистан Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 1-мартындага Жарлыгы менен дайындалган Тажикистан Республикасынын Мажлиси Олий намояндагон Мажлисинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары катышып жатышат.
Кыргызстандан ошондой эле эл аралык байкоочулар катары Жогорку Кеңештин депутаттары, ТИМдин жана Кыргызстандын Тажикистандагы элчилигинин кызматкерлери да катышууда.
Кыргызстандан барган байкоочулар шайлоо өнөктүгүнө мониторинг жасоонун алкагында үстүбүздөгү жылдын 29-февралында Тажикистандын БШКсынын төрагасы менен жолугушуп, Тажикистан Республикасынын округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) иштери менен таанышты.
2020-жылдын 1-мартында Кыргызстандын өкүлдөрү Тажикистандын ар кандай шаарларында добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салышты, атап айтканда шайлоо участкаларынын ачылышына, шайлоочуларды жана жергиликтүү байкоочууларды каттоого, бюллетендерди берүүгө, добуш берүү жол-жоболоруна катышуу менен шайлоо участкаларында добуш берүүлөрдү эсептөөгө жана участкаларды жабуу жол-жоболоруна байкоо жүргүзүштү. Кыргызстандын өкүлдөрү болгон участкаларда добуш берүүлөр тынч кырдаалда өттү.
2020-жылдын 2-мартында КМШнын байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу басма сөз-конференциясы өтүп, ага КР БШКсынын төрагасынын орун басары А. Эшимов катышты.
Сурап-билүү иретинде: шайлоого даярдануу жана өткөрүү иштерин Тажикистан БШКсы, 41 округдук жана 3450 УШКлар, анын ичинде Тажикистан Республикасынын чегинен тышкары уюштурулган 39 УШКлар жүзөгө ашырышты.
«Тажикистан Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борборук шайлоо комиссиясы жөнүндө» Мыйзамга ылайык Тажикистандын БШКсынын мүчөлөрү Тажикистан Республикасынын Президентинин сунуштамасы боюнча Мажлиси Олий намояндагон Мажлисине 7 жылдык мөөнөт менен курамы 7 адамдан турган тартипте шайланат.
Кандай бир саясий партияда турган жарандар Тажикистан БШКсынын мүчөлөрү болуп шайлана алышпайт. БШКнын иштеп жаткан курамы 2019-жылдын 25-октябрында түзүлгөн.
Тажикистандын мыйзамдарына ылайык Мажлиси намояндагондун 63 депутатынын ичинен 41 депутат бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча, ал эми 22 депутат - саясий партиялардын тизмелери боюнча бирдиктүү жалпы республикалык округ боюнча шайланат.
Бир мандаттуу шайлоо округдарында депутаттыкка 176 талапкер катталган, алардын ичинен 98 талапкер – өзүн-өзү көрсөткөн.
Тажикистандын БШКсы саясий партиялар берген документтерди карап, бирдиктүү жалпы республикалык округ боюнча төмөндөгүдөй 7 партиядан депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин каттаган:
1. Тажикистандын Элдик-демократиялык партиясынан- 26 талапкер;
2. Тажикистандын Агрардык партиясынан – 13 талапкер;
3. Тажикистандын Экономикалык реформалар партиясынан – 7 талапкер;
4. Тажикистандын Социал-демократиялык партиясынан – 5 талапкер;
5. Тажикистандын Коммунистик партиясынан – 5 талапкер;
6. Тажикистандын Социалистик партиясынан – 5 талапкер;
7. Тажикистандын Демократиялык партиясынан – 4 талапкер.
Ошентип, бирдиктүү жалпы республикалык округ боюнча 22 депутаттык орунга 64 талапкер ат салышууда.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Чий айыл ѳкмѳтүнүн башчылыгына Руслан Осмонбаев шайланды.
Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Чий айыл ѳкмѳтүнүн башчылыгына Руслан Осмонбаев шайланды.
2020-жылдын 28-февралында Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Чий айыл ѳкмѳтүндѳ жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органынын башчысын шайлоо болуп ѳттү.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын протколдорунун негизинде, «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Чий айыл ѳкмѳтүнүн башчылыгына Руслан Өзгѳрүшович Осмонбаев шайланды. Ал жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жалгыз талапкер катары кѳрсѳтүлгѳн.
Добуш берүүгѳ катышкан депутаттардын жалпы саны – 11. Баары I турда бир добуштан «макул» деп добуш беришкен.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 29-февралында өтө турган КР БШКнын жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 29-февраль 2020-ж.
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Каракол, Токмок, Чүй, Араван, Чоң-Алай жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу, жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Кулжа, Манас, Токтогул, Сузак, Каракол, Түп, Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө
(баяндамачы – А.Г.Бекматов Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси)
4. Ар түрдүү маселелер.
ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады
30.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору