Жети-Өгүз районундагы Оргочор айыл ѳкмѳтүнүн №3181 шайлоо участкасынын дареги ѳзгѳрүлдү

24 марта 2020

Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы  Оргочор айыл ѳкмѳтүнүн №3181 шайлоо участогунун дареги ѳзгѳрүлдү.

Шайлоо участкасы Боз-Бешик айылынын маданият үйүнүн имаратынан Боз-Бешик айылындагы Ж. Желдеңбаев атындагы орто мектептин имаратына которулду.

Ушуга байланыштуу Жети-Өгүз аймактык шайлоо колмиссиясына жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дарегинин ѳзгѳргѳндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.