Башкы Жаңылыктар Шайлоолор. Апрель-2020: Саясий партиялар Токмок, Балыкчы, Каракол, Ош …

Шайлоолор. Апрель-2020: Саясий партиялар Токмок, Балыкчы, Каракол, Ош жана Майлуу-Суу шаарларында шайлоолорду мыйзамдын алкагында ѳткѳрүү жѳнүндѳ меморандумга кол коюшту

21-Мар, 2020

 

Токмок, Балыкчы, Каракол, Ош жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерине шайлоолорго катталган 22 саясий партия мыйзамдуу жана таза шайлоолорду ѳткѳрүү жѳнүндѳ Меморандумга кол коюшту.

Ошто 14-мартта меморандумга 9 партия: "Биримдик" (Единство) демократиялык партиясы, "Мекеним Кыргызстан", "Бирик", "Бир-Бол", "Улуу-Журт", "КЛДП", "Кыргызстан", "Эмгек", "Өнугуу-Прогресс" партиялары кол коюшту.

Токмокто 2020-жылдын 16-мартында меморандумга 9 партия: «Биримдик" (Единство) демократиялык партиясы, "Мекеним Кыргызстан", "Эмгек", "Афганнистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка локалдык аскердик чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы», "КЛДП", "Өнүгүү Прогресс", "Ата-Мекен", "Эл биримдиги", "Кыргызстан" партиялары кол коюшту.

Караколдо 2020-жылдын 17-мартында меморандумга 14 партий: "Кыргызстандын жашылдар партиясы", "Өнүгүү-Прогресс", "Мекен Ынтымагы", "Ак Шумкар", "Улуу Кыргызстан", "КЛДП", «Биримдик" (Единство) демократиялык партиясы, "Кыргызстан", "Замандаш", "Табылга", "Бирик", "Мекеним Кыргызстан", "УлууЖурт", "Республика" партиялары кол коюшту.

Балыкчыда 2020-жылдын 17-мартында меморандумга 11 партий: Биримдик" (Единство) демократиялык партиясы, "Улуу-Журт", "Өнүгүү-Прогресс", "Ата-Журт", "Табылга", "Замандаш", "Социал-Демократтар","Мекеним Кыргызстан", "Мекен-Ынтымагы", "Эмгек"  жана "Кыргызстан" партиялары кол коюшту.

 Майлуу-Сууда 2020-жылдын 19-мартында меморандумга 7 партий: "Мекеним Кыргызстан", "Ата-Мекен", "Замандаш", "Элмурас", "Кыргызстан", «Биримдик" (Единство) демократиялык партиясы, "Өнүгүү-Прогресс" партиялары кол коюшту.

Меморандумда жарандардын байгерчилигин жана шаарлардын социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүн жогорлатууга кѳмѳктѳшүүгѳ партиялардын багыт алышы баса белгиленди.

Партиялар шайлоолордо бардык катышуучулар үчүн жарандардын кызыкчылыгы артыкчылыктуу болууга тийиш экендиги, ал эми элдин колдоосуна реалдуу иштери менен жетишүүгѳ боло тургандыгы  тууралуу билдиришти.

Меморандумда партиялар тынчтыкты, турукутуулукту жана келечекте гүлдѳп ѳнүгүүнү колдоо менен  КР Конституциясына жана  мыйзамдарына ылайык таза жана акыйкат шайлоолорду ѳткѳрүү үчүн чыгып жатышкандыктарын билдиришти.

Ошону менен бирге партиялар шайлоо реформасын ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ жетишилген шайлоолордун жыйынтыктарынын аныктыгы жана ачык-айкындыгы реалдуу атаандаштыкка жакшы негиз болуп санала тургандыгын таанышууда.

Меморандумга ылайык партиялар тѳмѳндѳгүлѳргѳ милдеттеништи:

 

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, анын ичинде шайлоо мыйзамдарынын кыйшаюусуз сактоого;
  • партиялар жана шайлоо процессинин башка катышуучлары менен  конструктивдүү  сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүүгѳ, саясий оппоненттер менен талаш-тартыштарды  мыйзамдын негизинде ачык, эл алдында талкуулоо менен чечүүгѳ;
  • шайлоо кампанияларын ачык айкын, бирин бири урматтоо, жарандардын кызыкчылыктарынын жана уктарынын артыкчылыгы, мыйзамдын улуктугу принциптеринде жүргүзүүгѳ;
  • этикалык жана моралдык нормаларды сактоого, бири бирине карата таза болуу менен «ыпылас технологияларды»  пайдаланбай үгүт иштерин жүргүзүүгѳ;
  • башкалардын  ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик аброюна доо келтирген кѳз кѳрүнѳѳ жалган маалыматтарга негизделген материалдары жайылтпоого;
  • добуш  берүү күнүнѳ чейин жана добуш берген күнү  шайлоочулардын добуштарын сатып алууга багытталган аракеттерге ѳздѳрүнүн, ѳздѳрүнүн ѳкүлдѳрүнүн, ишенимдүү  адамдарынын, партиялаштарынын, үгүтчүлѳрүнүн, туугандарынын, досторунун, тааныштарынын жана башка адамдардын катышуусуна жол бербѳѳгѳ, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы бардык чаралар менен күрѳшүүгѳ, анын ичинде укук коргоо органдарына кѳмѳктѳшүүгѳ;
  • ѳздѳрүнүн максаттарына жетишүү үчүн административдик ресурстарды пайдаланууну, анын ичинде кызматтык же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдаланууну жокко чыгарууга;
  • ушак-айыңдар,   күч колдонуу менен коркутуу же соцалдык араздашууга, душмандашууга кѳкүтүү  камтылган маалыматтарды, үгүт жана маалыматтык материалдарды интернет жана башка ресурстар аркылуу    расмий же жашырын басып чыгарбоого жана жайылтпоого;
  • ачык-айкын   жана шайлоо процессинин бардык катышуучларын  урматтоо принциптеринде таза жана акыйкат шайлоолорду ѳткѳрүүгѳ ар тараптан кѳмѳктѳшүүгѳ, шайлоо комиссияларына жана укук коргоо органдарына алардын иштеринде кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ;

 

  • шайлоо алдындагы мезгилде  жана шайлоодон кийин ыңгайлуу жана тынч кырдаалга кѳмѳктѳшѳ алгыдай шайлоо кампаниясын  уштурууга жана ѳткѳрүүгѳ.

Партиялар шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүн ѳз ара аркеттенүү үчүн ачык жана калыс болууга, ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарын таза жана объективдүү болууга, бурмалоолорго жана манипуляцияларга жол бербѳѳгѳ чакырды.

 

Шайлоолорго катышкан партиялар жѳнүндѳ жарандарга маалымдоо үчүн http://talapker.shailoo.gov.kg/ электрондук ресустун бет ачары болду, ага ар бир партия, талапкерлердин тизмеси, партиялардын программалары жѳнүндѳ жалпы маалыматтар жана шайлоо фонддорундагы каржы булактары жана алардын чыгымдалышы тууралуу маалыматтар жайгаштырылган.

Ошондой эле ѳлкѳдѳгү коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу жарандардын коопсуздугу үчүн үгүт иштерин массалык чогулуштарды ѳткѳрбѳй ЖМК, социалдык тармактар жана басма ресурстары, анын ичинде БШКнын сайтынын платформасы аркылуу  уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. 

БШКнын маалымат бѳлүмү

    Шилтемелер:

    Ош ш. –                 Меморандум 

   Токмок ш. –          Меморандум  

   Каракол ш. –         Меморандум  

   Балыкчы ш.–         Меморандум  

   Майлуу-Суу ш. –    Меморандум 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>