Башкы Жаңылыктар КР БШК ѳзгѳчѳ кырдаал режимин колдонуу мезгилинде жергиликтүү …

КР БШК ѳзгѳчѳ кырдаал режимин колдонуу мезгилинде жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду токтотту

23-Мар, 2020

Бүгүн, 23-мартта, 2020-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Кѳл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону токтото туруу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болуп ѳттү.

 

КР Коопсуздук кеңешинин чечимин жана КР Өкмѳтүнүн тескемесин эске алуу менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону токтото туруу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жүзѳгѳ ашыруу алкагында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрү ѳзгѳчѳ кырдаал режими колдонулган мезгилде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоону жана ѳткѳрүүнү токтото туруу тууралуу токтом кабыл алышты.

 

Аймактык шайлоо комиссияларына тѳмѳндѳгүлѳр тапшырылды:

 2020-жылдын 13-мартына чейин катталган  шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер жана  2020-жылдын 23-мартына чейин катталган  айылдык кеңештин дептуттагына талапкерлер Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 23-мартындагы № 54 Жарлыгы күчүнѳ кирген күндѳн тартып шайлоолорду даярдоо жана ѳткѳрүү кайра башталган датага чейин  талапкердин сатусун жана  ушул статуска байланышкан укуктарын жогото тургандыгын караган тийиштүү чечимдерди кабыл алсын;

Шайлоого катышуу мезгилинде ѳздѳрүнүн кызматтык абалын жана кызматтык ыйгарым укуктарын токтоткон талапкерлер иштеген жери боюнча кызматтык абалын жана кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну улунтууга укуктуу.

Шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттыгына катталган жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлердин статусун калыбына келтирүү датасы шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү улантуунун расмий датасы  болуп саналат.

айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин фамилияларын, аты-жөндөрүн, туулган жылын, ээлеген кызмат орундарын, жашаган жерлерин көрсөтүү менен катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды басма сөзгө жарыялоо токтотулуп турсун, бардык маалыматтар КР БШКнын сайтында мына бул шилтеме боюнча жайгаштырылган: http://talapker.shailoo.gov.kg/;

талапкерлерден, саясий партиялардан шайлоого андан ары катышуудан баш тартуу жөнүндө, талапкерлердин тизмесин кайра чакыртып алуу жөнүндө, саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесинен талапкерлерди чыгарып салуу жөнүндө,  талапкерлерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыздарды кабыл алуу токтотулуп турсун;

2020-жылдын 24-мартынан тартып талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсептерине каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы боюнча финансылык операциялар  токтотулуп турсун жана  катталган талапкерлерге, талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партияларга, банктык мекемелерге кабарландырылсын. Талапкерлердин, саясий партиялардын жайгаштырылган финансылык отчеттору БШКнын сайтында мына бул шилтеме боюнча жеткиликтүү: http://talapker.shailoo.gov.kg/.

УШКга шайлоо документтерин, мѳѳрлѳрдү, техникалык жана башка жабдууларды аймактык шайлоо комиссияларына ѳткѳрүп берүү тапшырылды, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу алардын  сакталышын камсыз кылсын.

Шайлоолорду жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүлөрдү маалыматтык камсыздоо жаатында БШК тѳмѳндѳгүдѳй чечимдерди кабыл алды:

2020-жылдын 24-мартынан тартып ар кандай формада шайлоо алдында үгүт жүргүзүүлөр токтотулуп турсун;

шайлоолорду токтотуп турууга чейин даярдалган үгүт жүргүзүү материалдары мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактоо менен шайлоолор улантылгандан кийин пайдаланылышы мүмкүн;

шайлоолор токтотулуп турганга чейин илинген үгүт жана маалыматтык материалдар алып салынсын;

шайлоо комиссияларына айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин программаларынын берилиши жана алардын КР БШКнын расмий сайтына жарыяланышы токтотулуп турсун;

аккредиттелген  жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга бөлүнгөн эфир убактылары жана басма аянты тууралуу эсеп маалыматты, бекитилген формада 5 календарлык күндө БШКга тапшырсын.

Шайлоочулардын тизмелери жаатында тѳмѳндѳгүдѳй чечимдер кабыл алынды:

участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын арыздарын (№1-форма боюнча) кабыл алууну токтотуп турсун, 2020-жылдын 23-мартын кошуп алганда келип түшкөн реестрлерди жана шайлоочулардын арыздарын тиешелүү АШКнын системалык администраторуна иштеп чыгуу жана сактоо үчүн 2 күндүк  мөөнөттө өткөрүп берсин;

 

 

шайлоочулардын тизмелерин актуалдаштуруу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырылсын, мында КР БШКсынын аппараты жарандардын категориялары (18 жашка жеткен, каза болгон ж.б.), каттоо жана актуалдаштуруу датасы боюнча ККМБдагы актуалдаштырылуучу маалыматтардын дифференциялаштырылган эсебин камсыз кылсын;

 

укук коргоо органдары жана МКК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр, сотко чейинки териштирүүлөр, кызматтык териштирүүлөр боюнча жарандардын айрым категорияларына жана/же массалык каттоо даректерине мурда берилген айрым эсепке алууларды андан ары жүргүзүү алар бүткөнгө жана укуктук баа берилгенге чейин улантылсын, шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн бөлүп жүктөө аракеттери токтотулуп турсун.

 

Шайлоолорду каржылоо жаатында:

 

2020-жылдын 25-мартына карата жергиликтүү шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө мыйзамдарда каралган сый акыларды төлөө жүргүзүлсүн;

жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн шайлоо комиссияларына ишке тартылган адамдар менен эмгек мамилелери токтотулсун;

шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, автоматтык  эсептөөчү урналардын жана биометрикалык идентификациялоонун операторлорун күндүзү окутуу боюнча өткөрүлүп жаткан иш чаралар өзгөчө кырдаал режими аяктаганга жана шайлоолор улантылганга чейин токтотулуп турсун.

КР БШКнын аппараты шайлоо процессинин катышуучуларын дистанциялык электрондук маалымдоо жана окутуу, ошондой эле  айрым жумушчу процесстерди дистанциялык жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча иштерди улантат.

 Ошондой эле ѳзгөчө кырдаал киргизилген учурда шайлоо процессин жөнгө салуу жаатында шайлоолор жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар иштелип чыгып, мыйзам чыгаруу субектилерине киргизилет.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>