Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК эки талапкерди “Социал-демократтар” саясий партиясынын тизмесинен чыгарды
15.09.2020

БШК эки талапкерди “Социал-демократтар” саясий партиясынын тизмесинен чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 15-сентябрындагы жыйналышында төмөнкү адамдарды “Социал-демократтар” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды: Жунушалиев Рустам Рахмановичти; Абдиев Тилек Таштанбековичти. Чечим Жунушалиев Рустам Рахмановичтин жана Абдиев Тилек Таштанбековичтин 2020-жылдын 9-сентябрындагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кириш №06/1924 жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
БШК бир талапкерди “Мекенчил” саясий партиясынын тизмесинен чыгарды
15.09.2020

БШК бир талапкерди “Мекенчил” саясий партиясынын тизмесинен чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 15-сентябрдагы жыйналышында Мамытов Бабуржан Маматкаримовичти “Мекенчил” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Чечим Мамытов Бабуржан Маматкаримовичтин 2020-жылдын 11-сентябрындагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кириш №06/1970 жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК бир талапкерди “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды
15.09.2020

БШК бир талапкерди “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды

Бүгүн – 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Төлөгөн уулу Аманды “Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Чечим Төлөгөн уулу Амандын 2020-жылдын 13-сентябрындагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кириш №06/1988 жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады
15.09.2020

Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 15-сентябрындагы жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаттарын шайлоодо “Кыргызстан” саясий партиясынын төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоо чечимин кабыл алды: №   Ф. А. А Туулган жылы 1 Жанболот уулу Нурбек 19.10.1977 2 Сейтказиев Анаш Токтосунович 25.10.1958 3 Касымбеков Адилет Жолдошбекович 11.03.1977 4 Токсобаев Ырысбек Канатбекович 24.05.1971 5 Кожокматов Авазбаек Каниетович 21.04.1973 Чечим жарандардын кат түрүндөгү арыздарынын жана “Кыргызстан” саясий партиясынын 2020-жылдын 14-сентябрындагы кириш №06/2006 сунуштамасынын негизинде, ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 8-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү   
Кененирээк билүү >>
БШК 11 шайлоо участогунун даректерин өзгөрттү
15.09.2020

БШК 11 шайлоо участогунун даректерин өзгөрттү

Бүгүн – 2020-жылы 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жалал-Абад облусунун Токтогул, Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын аймагындагы төмөнкү шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө токтом кылды: Жалал-Абад облусунун Токтогул  районунун Токтогул шаарындагы №2236 шайлоо участогу, Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин имаратынан А. Суеркулов көчөсү, 22 дарегиндеги Кыргыз почтасынын имаратына; Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл аймагындагы №3207 шайлоо участогу, Кажы-Сай айылындагы маданият үйүнүн имаратынан Жунушев көчөсү, 15 дарегиндеги «Бизнес инкубатор» имаратына; Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагындагы №3214 шайлоо участогу, Бөкөнбаев айылындагы райондук маданият үйүнүн имаратынан Шакир уста Аламанов көчөсү, 20 дарегиндеги Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин имаратына; Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагындагы №3215 шайлоо участогу, Бөкөнбаев айылындагы Тоң райондук сугат тармактар башкармалыгынын имаратынан А. Карымшаков көчөсү, 66 дарегиндеги №81 кесиптик лицейинин имаратына; Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл аймагындагы №3220 шайлоо участогу, Төрт-Күл айылындагы ФАП имаратынан Азарбек көчөсүндөгү “Каба уулу Атабек” атындагы айылдык клубунун имаратына; Ысык-Көл облусунун Тоң районунунТөрт-Күл айыл аймагындагы №3221 шайлоо участогу, Туура-Суу айылындагы айылдык клубунун  имаратынан Малиев көчөсү, 33 дарегиндеги Тайлаков атындагы орто мектебинин имаратына; Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл аймагындагы №3233 шайлоо участогу, Дөң-Талаа айылындагы С. Текеев атындагы орто мектебинин имаратынан У. Искаков көчөсү, 22 дарегиндеги айылдык клубунун имаратына; Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл аймагындагы №3239 шайлоо участогу, Туура-Суу айылындагы Сагытай атындагы орто мектебинин имаратынан Байгазиев көчөсү, 38 дарегиндеги айылдык клубунун имаратына; Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл аймагындагы №3241 шайлоо участогу, Оттук айылындагы М. Мамбетов атындагы орто мектебинин имаратынан Чолпонкулов көчөсү, 52 дарегиндеги айылдык клубунун имаратына; Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл аймагындагы №3242 шайлоо участогу, Кара-Шаар айылындагы маданият үйүнүн имаратынан Байым көчөсү, 1 дарегиндеги Т. Салыкбаев атындагы орто мектебинин имаратына; Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы №3243 шайлоо участогу, Ак-Өлөң айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратынан 8-март көчөсү, 21 дарегиндеги С. Каралаев атындагы орто мектебинин имаратына. Чечим Жалал-Абад облусунун Токтогул, Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө кайрылуулардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖКны шайлоого чыгымдардын кошумча сметасын бекитти
15.09.2020

БШК КР ЖКны шайлоого чыгымдардын кошумча сметасын бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 15-сентябрындагы өз жыйналышында “2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө” 2020-жылдын 17-июлундагы №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизип, КР ЖК депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын кошумча сметасын 729 800 (жети жүз жыйырма тогуз миң сегиз жүз) сом суммасында бекитти.  Чечим Ош шаарынын аймагында кошумча түзүлгөн шайлоо участкаларынын ишин каржылоо максатында,  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-пункттарын жетекчиликке алып, кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо бюллетендерин “Учкун” ААКсы даярдайт
15.09.2020

Шайлоо бюллетендерин “Учкун” ААКсы даярдайт

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 14-сентябрындагы өз жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендерин даярдоону аныктоо жөнүндө токтом кылды. Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7, 18-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-январындагы №13 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоолорунда жана референдумдарында шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 15-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
15.09.2020

2020–ж. 15-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 15 сентябрь 2020-ж. Убактысы: 16:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендерин даярдоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 17-июлундагы “2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө” № 134 токтомуна өщгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы – Дуйшембаева Г., эсепке алуу, отчеттулук жана пландоо бөлүмүнүн башчысы) 3. Жалал-Абад облусунун Токтогул, Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын аймагындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 4. «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 5. «Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 6. «Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 7. «Мекенчил» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 8. . «Социал -Демократ» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 9. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн: 2020- жылдын 1-январынан 30-декабрына чейин паспортторунун жарактуулук мөөнөтү аяктагандардын мөөнөтү 2020-жылдын 31- декабрына чейин узартылды
15.09.2020

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн: 2020- жылдын 1-январынан 30-декабрына чейин паспортторунун жарактуулук мөөнөтү аяктагандардын мөөнөтү 2020-жылдын 31- декабрына чейин узартылды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, Өкмөттүн 2020-жылдын 19-майындагы №256 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өздүгүн тастыктоочу документтер менен калкты камсыз кылуу маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 2-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жарандык паспортунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдагы паспортунун (ID) мөөнөтү аяктаган болсо, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган же жүргөн жарандар үчүн 2020-жылдын 1-январынан 30-декабрына чейин күчүн жоготкон жарандын паспорттору 2020-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу узартылды, Кыргыз Республикасынын жаранынын 16-жашка чейинки паспортун кошпогондо. Ушул токтомдун 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, эгерде зарыл болсо, 2020-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрылып, 2020-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 30-декабрына чейин аяктаган Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын жарандык паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө тиешелүү белгини коюуга болот. Ушуга байланыштуу, жогоруда аталган паспортторго Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспорту деген статус берилет. Белгиленген мөөнөттө аяктаган паспорттору бар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш бере алышат. КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШКда КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулардын миссиясы менен жолугушуу өттү
15.09.2020

БШКда КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулардын миссиясы менен жолугушуу өттү

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Н. Шайлдабекова Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин байкоочуларынан турган миссия менен жолугушту.  Тараптар 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланышкан маселелерди талкуулашты. Боршайкомдун төрайымы шайлоо кампаниясынын жүрүшү, шайлоо органдары тарабынан аткарылып жаткан иш-чаралар, шайлоону өткөрүүгө даярдыктар тууралуу кенен айтып берди.  Ал эми КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар алардын миссиясынын негизги максаты – боло турган шайлоонун улуттук мыйзамдарга шайкеш келишин жана эркин, демократиялуу шайлоо өтүшүнө байкоо жүргүзүү экендигин билдиришти.  Миссиянын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Шериктештиктин алкагында кабыл алынган документтерге ылайык жана шайлоо өткөрүүнү уюштуруу боюнча жалпы таанылган эл аралык принциптер менен эл аралык укуктун негизинде жүргүзүлөт.  2020-жылдын 14-сентябрынан тарта Миссиянын штабы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого мониторинг жасоого киришти.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Аймактык медиа борборлорундагы эфирдик график
14.09.2020

Аймактык медиа борборлорундагы эфирдик график

Аймактык медиа борборлорундагы эфирдик график.      
Кененирээк билүү >>
Теледебаттар - ЭлТР
14.09.2020

Теледебаттар - ЭлТР

Эфир мезгили : 22:05 - 23:35.            
Кененирээк билүү >>
Теледебаттар - КТРК
14.09.2020

Теледебаттар - КТРК

Эфир мезгили: 20:00 - 23:00        
Кененирээк билүү >>
“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын талапкери администрациялык жоопкерчиликке тартылат
14.09.2020

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын талапкери администрациялык жоопкерчиликке тартылат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 14-сентябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын жараны Д.З. Жусуповдун арызын карады, анда ал саясий партиялардын мыйзамга каршы үгүт жүргүзүү маселесин карап, тийиштүү чара көрүүнү өтүнгөн. Берилген арызда белгиленген чектөө чараларына карабастан, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы концерт өткөрүп жатканы тууралу Vesti.kg маалымат агенттиги жарыялаган жаңылык жөнүндө айтылат. Бул концерт тууралу Supernews.kg ресурсунда дагы материал жарыяланган. Арыз ээси “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 13-бөлүгүнүн 2-пунктун бузуу орун алган деп эсептейт.  Ошондой эле арыз ээси ырчы кыздын жаш курагын териштирип, баа берүү зарыл экендигин көрсөткөн. Арыз ээси, ошондой эле “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуу орун алганын көрсөткөн, бул партия плакатта 18 жашка чыга элек баланын сүрөтүн пайдаланып, “Балага сүйүнчү” боюнча маселени шайлоо алдындагы программасында чагылдырган. Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ менен шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери боюнча Жумушчу топтун биргелешкен жыйналышынын жүрүшүндө алдын ала кароодо арыз ээси Д.З. Жусупов, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Т. Токтакунова, “Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Абельдиева катышты. Жумушчу топтордун биргелешкен жыйналышынын жүрүшүндө “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Т. Токтакунова менен аталган партиядан талапкер Канат Азиз көрсөтүлгөн иш-чара саясий партиянын талапкерлеринин бири К.Исмамбетов тарабынан Нарын облусунун Баетов айылында өткөрүлгөнүн танышкан жок. Бирок саясий партиянын жетекчилиги ал үгүт иш-чара тууралу кабардар болбогонун айтышты. Аткаруучу кыздын жаш курагына байланыштуу ыйгарым укуктуу өкүл Т. Токтакунова видеодон анын жаш курагын аныктоо мүмкүн эмес экендигин айтып, жоопкерчилик чараларын “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер К.Исмамбетовго карата колдонууну суранды. Экинчи эпизод боюнча “Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Абельдиева 18 жашка чыга элек баланын сүрөтү пайдаланылган “Балага сүйүнчү” плакаты боюнча маселе шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери боюнча Жумушчу топтун жыйналышында мурда каралып, “Кыргызстан” саясий партиясына эскертүү берилгенин билдирди. Бузуу четтетилип, “Балага сүйүнчү” деген бардык плакаттар партия тарабынан жок кылынган. Жумушчу топтор тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, берилген документтерди изилдеп, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан төмөнкү негиздер боюнча конституциялык Мыйзамдын ченемдерин бузуу орун алган деген чечимге келген: Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык шайлоо өткөрүүдө үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн: 1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу; 2) үгүттүк ачык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды, теледебаттарды) өткөрүү аркылуу; 3) басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен; 4) конституциялык Мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде. Мында конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 13-бөлүгүнүн 2-пункту менен стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө, ошондой эле спорттук иш-чараларды, концерттерди жана театралдаштырылган оюндарды өткөрүүнү кошпогондо, үгүттүк ачык иш-чаралар өткөрүлүшү мүмкүн экендиги белгиленген. Ушуга окшош ченем “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жөнүндө” Жобонун 10-пунктунда дагы белгиленген. Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартиби сакталышын контролдойт жана жол берилген укук бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт. Талапкер, саясий партия конституциялык Мыйзамдын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптарды бузган учурда, шайлоо комиссиясы аларга укук бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу. Жогоруда баяндалгандын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 28-беренелерин, “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө” Жобону, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Жумушчу топтор Борбордук шайлоо комиссиясына “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясына жазуу жүзүндө эскертүү берүүнү сунуш кылды. БШК жыйналышында талапкер К.Исмамбетовдун маалыматы угулду, ал шайлоочулар менен жолугушууда ага билгизбей туруп музыкалык аткарууга жол берилгенин, аны ал токтотконун мойнуна алды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы материалдарды карап чыгып, тараптардын жүйөлөрүн угуп, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясына эскертүү бербөө, бирок “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер К.Исмамбетовду үгүттөө эрежелерин бузгандыгы үчүн Бузуулар жөнүндө кодекстин 44-беренеси боюнча административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим чыгарды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК КСДПнын төрагасы С.У.Абдрахмановдун арызын канааттандыруудан баш тартты
14.09.2020

БШК КСДПнын төрагасы С.У.Абдрахмановдун арызын канааттандыруудан баш тартты

2020-жылдын 14-сентябрында өткөн жыйында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “КСДП” саясий партиясынын төрагасы С.У.Абдрахмановдун “Мекеним Кыргызстан”, “Ата Мекен” жана “Социал-демократтар” саясий партияларын "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) башка саясий партиянын мүчөсү болгон талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө мыйзам бузууларды четтетүүнү милдеттендирүүнү суранган билдирүүсүн карады. Берилген арызды негиздеп, ал “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинде Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (мындан ары - КСДП) мүчөлөрү Өмүркулов И.Ш., Рыспаев К.Ж. жана Молдобекова Г.С., “Ата Мекен” Социалисттик партиясынын талапкерлеринин тизмесинде Сурабалдиева Э.Ж. киргендигин белгилеген. Бул талапкерлердин КСДПнын мүчөсү экендигин далилдөө үчүн, арыз ээси бул жарандар учурда КСДПдан КРнын ЖКнин депутаттары, КСДПнын парламенттик фракциясынын мүчөлөрү, ал эми И.Ш.Өмүркулов КСДП фракциясынын лидери болуп саналат экендигин белгилеген. Бул адамдар арыз берген учурда, алар КСДПнын төрагасына мүчөлүктөн чыгуу боюнча эч кандай арыз беришкен эмес, ошондой эле КСДП парламенттик фракциясынан чыккандыгын жана И.Ш.Өмүркулов фракциянын лидерлигинен баш тартуу жөнүндө жарыялашкан эмес. Ошондой эле, арыз ээси "Социал-демократтар" саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинде КСДПнын мүчөлөрү А.А.Артыков, Н.А.Касымбеков бар экендигин көрсөткөн. Арыз ээси "Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны бир гана саясий партиянын мүчөсү боло алат деп эсептейт. Буга байланыштуу, С.У. Абдрахманов анын пикири боюнча, "Мекеним Кыргызстан", "Ата Мекен" жана "Социал-демократтар" саясий партияларын кетирилген мыйзам бузууларды оңдоону, ал эми оңдолбогон учурда - И.Ш.Өмүркулов, Э.Ж.Сурабалдиева, К.Ж.Рыспаев, Г.С. Молдобекова, А.А. Артыков, Н.А. Касымбековторду "Мекеним Кыргызстан", "Ата Мекен" жана "Социал-демократтар" саясий партияларынын талапкерлеринин тизмесинен чыгарууну милдеттендирүүнү суранат. Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ, берилген документтерди изилдеп чыгып, тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, КСДП саясий партиясынын төрагасынын билдирүүсүн төмөнкү негиздер боюнча канааттандырууга болбойт деп эсептейт. "Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны (мындан ары - конституциялык Мыйзам) бир гана саясий партиянын мүчөсү боло алат. Бирок, арыз ээси И.Ш.Өмүркулов, Э.Ж. Сурабалдиева, К.Ж.Рыспаев, Г.С. Молдобекова, А.А.Артыков, Н.А.Касымбековдор бир эле учурда бир нече саясий партиялардын мүчөсү экендигин тастыктаган далилдерди тапшырган эмес. Конституциялык Мыйзамда саясий партиялар тарабынан башка саясий партиялардын мүчөсү болгон адамдардын талапкер катары көрсөтүлүшүнө чектөөлөр камтылбайт. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, талапкерлердин бирден ашык тизмесине бир адамды каттоого жол берилбейт. С.У.Абдрахмановдун билдирүүсүндө айтылгандардын ар бири "Мекеним Кыргызстан", "Ата-Мекен", "Социал-демократтар" саясий партияларынын бир гана тизмесинде талапкер иретинде катталган. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жетекчиликке алып, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагасы С.У.Абдрахмановдун арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуш кылды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагасы С.У.Абдрахмановдун билдирүүсүн четке кагуу жөнүндө бир добуштан чечим кабыл алды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2020-жылдын 11- сентябрына карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат
14.09.2020

2020-жылдын 11- сентябрына карата саясий партиялардын шайлоо фондуларына каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Ал маалымат келип түшкөнүнө жараша жеке маалыматтар жана банк сыры жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш. КР БШКнын контролдук-текшерүү тобу 2020-жылдын 11-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берди. № Саясий партиялардын аталышы Келиптүштү Чыгымдалды 1 “Биримдик” (Единство)”демократиялык партиясы 97 399 900 86 753 491 2 «Мекенчил» 11 375 392 10 785 669 3 “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы 6 500 300 6 395 750 4 «Мекеним Кыргызстан» 94 180 238 90 445 319 5 «Реформа» 7 072 542 6 508 830 6  “Ата Мекен” социалисттик партиясы 41 400 620 36 950 610 7 «Замандаш» 36 510 000 35 414 723 8 “Бүтүн Кыргызстан” 5 858 400 5 745 266 9 “Социал-Демократтар” 8 642 760 8 535 966 10 «Мекен Ынтымагы» 6 676 838 6 603 620 11 “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы” 9 319 500 9 303 665 12 «Ордо» 6 243 000 6 121 401 13 “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“ 34 189 156 33 865 396 14  «Республика» 21 821 655 20 639 151 15 «Кыргызстан» 71 579 622 71 461 368 16 “Чоң Казат” 6 172 914 6 038 446 Бардык саясий партиялар боюнча: 453 567 445 441 568 671 БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобуКөбүрөөк маалыматты бул жерден жүктөөгө болот: Кирешелер жана чыгымдар
Кененирээк билүү >>
1 … 301 303 … 483