Шайлоо бюллетендерин “Учкун” ААКсы даярдайт

15 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 14-сентябрындагы өз жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендерин даярдоону аныктоо жөнүндө токтом кылды.

Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7, 18-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-январындагы №13 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоолорунда жана референдумдарында шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү