Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинен 1 талапкерди чыгарды
18.09.2020

БШК “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинен 1 талапкерди чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 18-сентябрындагы өз жыйналышында Иманалиев Данир Белековичти “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды. Чечим Иманалиев Данир Белековичтин 2020-жылдын 16-сентябрындагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кириш №06/2085 жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК “Мекенчил” саясий партиясынын өкүлүн каттады
18.09.2020

БШК “Мекенчил” саясий партиясынын өкүлүн каттады

Бүгүн – 2020-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Токтомамбетова Айжаркын Догдурбековнаны 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо “Мекенчил” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өкүл катары каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.  Чечим “Мекенчил” саясий партиясынын 2020-жылдын 15-сентябрындагы кириш №06/2025 сунуштамасынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 17-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК 4 талапкерди “Чоң казат” саясий партиясынын тизмесинен  чыгарды
18.09.2020

БШК 4 талапкерди “Чоң казат” саясий партиясынын тизмесинен чыгарды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 18-сентябрындагы жыйналышында төмөнкү адамдарды “Чоң казат” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарды: Султангазиева Анаркүл Аскарбековнаны; Собирова Саида Иброхимовнаны; Ажымамбетов Актан Айылчиевичти; Асаналиев Ганы Бекбоевичти. Чечим Султангазиева Анаркүл Аскарбековнаны, Собирова Саида Иброхимовнаны, Ажымамбетов Актан Айылчиевичти, Асаналиев Ганы Бекбоевичти талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө “Чоң казат” саясий партиясынын 2020-жылдын 17-сентябрындагы кат жүзүндөгү кириш №06/2104 билдирмесинин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК дагы 14 эл аралык байкоочуну аккредиттеди
18.09.2020

БШК дагы 14 эл аралык байкоочуну аккредиттеди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 18-сентябрындагы жыйналышында белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык байкоочу катары эл аралык уюмдардын төмөнкү өкүлдөрүн аккредиттөө жөнүндө токтом кылды: Ирет № Күб.№ Байкоочу өкүлү болгон эл аралык уюм Ф.А.А.   Өлкө Ээлеген кызмат орду     Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Постивый Сергей Александрович Украина Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү     Украинанын БШКсы Шараг Екатерина Дмитриевна Украина Украинанын БШКсынын катчылыгынын жетекчилиги     Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Харази Саид Иран Ислам Республикасы Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси       Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги Ростамиян Таги Иран Ислам Республикасы Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин биринчи кеңешчиси     Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азия регионундагы өкүлчүлүгү Хайне Ронни Дирк Германия Федеративдүү Республикасы Конрад Аденауэр атындагы Фондунун Борбордук Азия регионундагы ыйгарым укуктуу өкүлү     ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ) Покраяц Саша Сербия Республикасы ЕККУнун ДИАУБдун узак мөөнөттүү байкоочуларынын координатору       ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ) Ханжин Андрей Сергеевич Россия Федерациясы ДИАУБдун Миссиясынын улуттук азчылык маселелери боюнча эксперти       Нидерланд  Королдугунун  Кыргыз Республикасындагы элчилиги Карстенс Андрэ Нидерланд  Королдугу Нидерланд  Королдугунун  Кыргыз Республикасындагы Элчиси     Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгү Левовски Рената Василевна Молдова Республикасы Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгүнүн директору     Эл аралык өнүгүү боюнча Корея агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү Хонг Ын Хе Корея Республикасы Эл аралык өнүгүү боюнча Корея агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары     Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Сироткин Сергей Никанорович Россия Федерациясы Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү     Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Абдусаломов Мирза –Улугбек Элчиевич Өзбекстан Республикасы Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы     Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Алимов Шерзод Батырович Өзбекстан Республикасы Өзбекстан Республикасынын БШКсынын МКТ менен иштөө боюнча бөлүмүнүн начальниги     Израиль Мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы элчилиги Френкель Галина Израиль Израиль Мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы элчилигинин консулу   Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-октябрындагы №197 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, кабыл алынды. КР БШК маалымат бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
18.09.2020

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 2020-жылдын 18-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана шайланган депутаттардан кийин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндө чечимин жактырды. Нарын шаардык кеңешинен өз арызынын негизинде Шадыманов Бек Медетович (№ 9, "Кыргызстан" фракциясы) кызматтан кетти. Мандат Ибраев Болотбек Кадырбековичке (№ 11, "Кыргызстан" фракциясы) өттү. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык чечим кабыл алды. БШК "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, чечим кабыл алды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКда Түркиянын парламенттик шайлоону колдоосу талкууланды
18.09.2020

БШКда Түркиянын парламенттик шайлоону колдоосу талкууланды

2020-жылы 18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекованын Түркиянын КРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Женгиз Камиль Фырат менен жолугушуусу болуп өттү. Н. Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга шайлоолор жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүүнүн Стратегиясында шайлоо процессинде колдонулуучу технологияларды жаңылоо каралганын белгиледи. Стратегияга чаралардын планында шайлоочуларды иденттештирүү үчүн компакттуу түзүлүштөрдү киргизүү каралган.  Учурда шайлоочуларды иденттештирүү үчүн бир нече (5-6) стандарт түзүлүштөн турган комплект пайдаланылат, алардын ар бири иденттештирүүнүн белгилүү бир бөлүгүн (манжалар, бет түзүлүшү боюнча иденттештирүү, паспорттун МРЗ-зоналарын саноо, мониторго чыгаруу) аткарат. Идентификаторлор өзүнө бир нече функцияларды (маалыматтарды чогултуу, ар түрдүү параметрлер боюнча иденттештирүү, чектерди жана жүргүзүлгөн аракеттердин отчётторун жазып чыгаруу) айкалыштыруучу мультифункциялуу түзүлүш болуп саналат. Жолугушууда Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана аныктыгын арттырууга көмөктөшүү максатында шайлоо жабдыгын алуу үчүн КР БШК Төрагасына 100 000$га  сертификат берди. Шайлоону колдоо жаатында БУУӨП долбоорунун алкагында иденттештирүү үчүн колдо болгон жабдууну кошумча комплектилөөгө Германия, Швейцария жана Япония өкмөттөрү тарабынан каражаттар бөлүндү. Ошондой эле БУУӨП 1000 даана мобилдүү идентификатор сатып берүүнү пландоодо. Түркиянын жардамы идентификаторлордун санын көбөйтүү үчүн пайдаланылмакчы. КР БШК башчысы Түркия Республикасынын колдоосу жана пандемияга карабастан, алдыдагы шайлоого байкоо жүргүзүүгө ниеттенгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди. Кыргызстан менен Түркиянын шайлоо комиссияларынын ортосундагы тыкыс кызматташтыкты белгилеп, Н. Шайлдабекова сөзүн “Түркиянын эл аралык  байкоочулары адаттагыдай катышып жатканынан биз колдоону көрүп турабыз”, - деп жыйынтыктады.    КР БШК маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК Бишкек шаарындагы 1 шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү
18.09.2020

БШК Бишкек шаарындагы 1 шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү

2020-жылдын 18-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы № 1231 шайлоо участкасынын дарегин Профсоюзная көчөсү, 17 дарегиндеги «Жасмин» кафесинин имаратынан Профсоюзная көчөсү, 60 дарегиндеги имаратка өзгөртүү чечимин кабыл алды. Чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнүн белгиледи
18.09.2020

БШК Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнүн белгиледи

Бүгүн, 2020-жылдын 18-сентябрындагы отурумунда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2020-жылдын 6-октябрына белгилөө чечимин кабыл алды. Шайлоо саат 09:00дон 12:00го чейин өтөт. Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрациянын башчысы-акиминин 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 142 буйругу менен Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Кушубеков Анарбек Асанбекович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. БШК "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген Жобого ылайык чечим кабыл алды. Талас аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштуруу жана камсыз кылуу тапшырылды: добуш берүү бөлмөсүн жана бөлмөдөгү буюмдардын бетин дезинфекциялоо; шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоо үчүн белгилерди белгилөө; кирүүчү жерде жана бюллетендерди берген жерде тазалоочу каражаттар менен камсыз кылуу; контактсыз термометр менен шайлоочулардын дене табын өлчөө; шайлоо процессинин катышуучуларына бир жолу колдонулуучу бет каптарды жана кол каптарды берүү; колдонулган материалдарды жана буюмдарды дезинфекциялоо. КР БШК маалымат бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 18-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
18.09.2020

2020–ж. 18-сентябрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:  18 сентябрь 2020-ж.                                                                                                Убактысы: 18:30                                                                                                Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы).   3. Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагындагы № 1231 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого Москва шаарында шайлоо участкасын түзүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы). 5. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө (баяндамачы – Уметалиев А.Т., Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы) 6. «Чоң казат» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндөгү (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 7. «Мекенчил» саясий партиясынын өкүлүн каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 8. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен талапкерди чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 9. «Ата Мекен» саясий Социалисттик партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 10.«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 11. «Мекенчил» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 12.  «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоосунда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 13. 14.09.2020-жылдын кир.№ Т/101/5  Э.Токтогул уулунун даттануусу жөнүндө. (баяндамачы – Абдысатаров Т.З., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 14. 14.09.2020-жылдын кир.№ И/111; И/2  М.Ильясов уулунун даттануусу жөнүндө (баяндамачы – Абдысатаров Т.З., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 15. 14.09.2020-жылдын кир №Т/101/8; №Т/101/2; №Т/101/10 Э.Токтогул уулунун даттануусу жөнүндө. (баяндамачы – Абдысатаров Т.З., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 16. 14.09.2020-жылдын кир №Т/101/4 Э.Токтогул уулунун даттануусу жөнүндө. (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 17. 14.09.2020-жылдын кир №Т/101/11 Э.Токтогул уулунун даттануусу жөнүндө. (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 18. 14.09.2020-жылдын кир № Т/101/12 Э.Токтогул уулунун даттануусу жөнүндө. (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 19. 14.09.2020-жылдын кир №Т/101/13 Э.Токтогул уулунун даттануусу жөнүндө. (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 20. 14.09.2020-жылдын кир №Т/101/14 Э.Токтогул уулунун даттануусу жөнүндө.  (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 21. 14.09.2020-жылдын кир №Т/101/18 Э.Токтогул уулунун даттануусу жөнүндө.  (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 22. 14.09.2020-жылдын кир № И/4 М. Ильясовдун  даттануусу жөнүндө.  (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 23. 14.09.2020-жылдын кир №Т/101/6 Э.Токтогул уулунун даттануусу жөнүндө. (баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 24. 14.09.2020-жылдын кир №Т/101/3 Э.Токтогул уулунун даттануусу жөнүндө.   (баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 25. 14.09.2020-жылдын кир №Т/101/9 Э.Токтогул уулунун даттануусу жөнүндө.   (баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 26. 14.09.2020-жылдын кир №Т/101/15 Э.Токтогул уулунун даттануусу жөнүндө. (баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 27. 14.09.2020-жылдын кир №И/5 М.Ильясовдун  даттануусу жөнүндө (баяндамачы – Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 28. «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» Коомдук бирикменин даттануусу жөнүндө. (баяндамачы – Уметалиев К.К., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн тартылма эксперти, Жумушчу топтун мүчөсү) 29. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
БШКнын мүчөсү Г.М.Баатыровага көңүл айтуу
18.09.2020

БШКнын мүчөсү Г.М.Баатыровага көңүл айтуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Гүлнара Маришовна Баатыровага жакын тууганы Канышай Сабированын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат, терең кайгыруу менен кайгысын тең бөлүшөбүз.
Кененирээк билүү >>
Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
17.09.2020

Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

2020-жылы 17-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык дайындалган. Шайлоо санитардык-эпидемиологиялык бардык чараларды сактоо менен саат 9-00дөн 12-00 чейин өттү. Шайлоодо 2 талапкер – У.К. Абдырахманов менен Т.А.Исмадыров катталган. Добуш берүүгө 21 депутаттын 20сы катышкан. Катышкан депутаттардын 12си – У.К. Абдырахмановго, 8 депутат Т.А. Исмадыровго добуш беришкен. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжасы боюнча арыз, даттануулар түшкөн эмес. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп табылды. КР БШК маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
БШК эскертет: ЖМКлар 10 күн сайын үгүт иштери боюнча отчетторун берип турушу керек
17.09.2020

БШК эскертет: ЖМКлар 10 күн сайын үгүт иштери боюнча отчетторун берип турушу керек

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОго ылайык  катталган талапкерлери кѳрсѳтүлгѳн саясий партияларга эфирдик убакыт, басылма орундарын берген же интернет – басылмаларда укук берген телерадио уюмдар, интернет-басылмалар жана мезгилдүү басма сѳз редакциялары (менчигинин түрүнѳ карабастан) ушул жободо белгиленген эсеп жүргүзүүнүн түрүнѳ жана тиртибине ылайык алардын кѳлѳмү жана баасы тууралуу ѳзүнчѳ эсеп жүргүзүүгѳ милдеттүү.  Мындай эсептин маалыматтары шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн ар бир 10 күнүндѳ жана добуш берүү күнүнѳн кийин 10 күндүк мѳѳнѳттѳ Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгѳ тийиш.  Отчеттор тѳмѳндѳ тиркелген формалар аркылуу document@shailoo.gov.kg электрондук адресине жиберилиши керек.
Кененирээк билүү >>
Боршайком эл аралык коомдук байкоочуларга шайлоолордун ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыздоо жөнүндө айтып берди
16.09.2020

Боршайком эл аралык коомдук байкоочуларга шайлоолордун ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыздоо жөнүндө айтып берди

16-сентябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы эл аралык коомдук байкоочулар жана саясый партиялардын байкоочулары үчүн, 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону ачык жана ишенимдүү өткөрүүнү камсыздоо маселелери боюнча брифинг өткөрдү. КР БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына санариптик технологиялар кирип жаткандыгын, Кыргызстандын шайлоо моделинин артыкчылыктары, жетишкендиктери тууралуу айтып берди. “Шайлоонун ачык, акыйкат жана ишенимдүү өтүшүнө жетишүү үчүн Боршайком шайлоо процессине максималдуу түрдө санариптик технологияларды киргизип жатат. Кыргызстанда шайлоочулардын тизмесин тузүү жана шайлоого катышуу биометрикалык каттоонун негизинде жүргүзүлөт, бул манипуляцияларды жасоодон алыс болуп, шайлоочулардын тизмесинин аныктыгын камсыз кылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөө үчүн автоматтык түрдө эсептөөчү урналар жана кол менен эсептөө колдонулат. Тизме (https://tizme.gov.kg/) порталы иштелип чыгып, анда шайлоочулардын тизмеси облустар, гендердик, жаш курагы боюнча берилип, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинин статистикасын да камтыйт. Бул шайлоо учурунда жума сайын жаңыртылып, шайлоо аралыгындагы убакытта ай сайын жаңыртылып турат”, - деди Н. Шайлдабекова. КР БШК жетекчисинин айтымында 4-октябрда өтө турган шайлоого даярдыктын жүрүшүндө “Шайлоочунун кабинети” сервиси иштелип чыкты. “Бул сервис жарандардын шайлоо укуктарын активдүү ишке ашыруунун шарттарын жакшыртууну арыз берүүлөрдүн мүмкүндүгүн кеңейтүү аркылуу жардам берет. Системада электрондук катталууга берүү үчүн зарыл маалымат, берилген арыздарды иштеп чыгуунун абалы жөнүндө маалымат, шайлоочу бекитилген шайлоо участогу жөнүндө, эскертме жана орун алмашуулардын таржымалы сыяктуу маалыматтар камтылат”, - деди Н. Шайлдабекова. “Боршайкомдун сайтында “Талапкерлер жана партиялар” деген бөлүм бар, анда алдыдагы шайлоого катышууга катталган партиялар менен талапкерлердин программалары жана алардын каржылык отчеттору тууралуу маалыматтар жайгашкан. Ошол эле жерден ар бир партия тууралуу жалпы маалымат алууга болот: байланыш маалыматтары, аймактык өкүлчүлүктөрү, жетекчи органдары, партиянын мүчөлөрүнүн саны, логотиптер, катталуу күнү, чакырыктары, шайлоого катышууларынын тарыхы жана башка маалыматтар жайгашкан. Шайлоонун маанилүү удулу партиялар менен талапкерлердин чыгымдарынын бардык беренелерин каржылоо булактарын көрсөтүшкөндүгү болуп эсептелет”, - деди КР БШК жетекчиси. Шайлоо учурунда шайлоочуну идентификациялоого колдонулуучу жабдууга жана добуштарды автоматтык түрдө саноого өзгөчө көңүл бурулуп жатат. “Добуш берүү аяктаган соң маалыматтар автоматтык режимде БШКнын борбордук сервериндеги БАСка (Башкаруунун автоматтык ситемасы) байланыштын корголгон каналы аркылуу жиберилет. БАСтагы 97 пайыз маалыматтар участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүү аяктаган соң бир жарым сааттын ичинде келип түшөт. Ошол эле учурда добуш берүү учурунда күнү бою маалыматтар Маалыматтык шайлоо системасында жаңыртылып турат жана ал көпчүлүккө жеткиликтүү болот”, - деди БШК башчысы. Брифингде 2020-жылдагы КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча маалыматтарды берүү жана агитация кампаниясынын жүрүшүндөгү өзгөчөлүктөр да айтылды. “Азыркы шайлоо кампаниясынын алкагында абдан маанилүү жаңылык инклюзивдик компонентти күчөтүү болуп калды. Талапкерлер, саясый партиялар агитациялык материалдарды сурдокотормочунун жардамы же субтитр колдонуу менен, окууга ыңгайлуу чоңойтулган тамгаларды колдонуу, ошондой эле Брайль тамгаларын колдонуп же дагы башка атайын каражаттарды колдонуу менен ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгу чектелген жарандар үчүн, агитациялык материалдардын жалпы санынын бир пайыздан кем эмесин ушундай чыгарууга милдеттүү болушту”, - деп айтып берди эксперт Тагай Абдысатаров. Ал добуш берүү үчун имараттагы жабдуулар (столдор, кабиналар, добуш берүү үчун ящиктер), ошондой эле маалыматтык стенддер добуш берүүнүн жашыруундугун сактоого жетишүү менен жайгаштырыла тургандыгын белгиледи. Добуш берүүчү кабиналар кресло-коляска колдонгон шайлоочулар тоскоолдуксуз кирип-чыгуусу үчүн ыңгайлуу болушу жана оптикалык түздөө каражаттары менен (лупалар, жарыгы менен лупалар жана башка), кошумча жарык, стул, атайын трафарет менен жабдылышы керек. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
16.09.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

№ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өкөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөнөтү Талапкерлердин каттоо мөнөтү 17 сентябрь 2020- жыл Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району 1 Чоң-Сары-Ой айылдык 9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 10.09.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 12.09.2020 -жылы 21 сентябрь 2020-жыл Чүй облусу Чүй району 2 Ак-Бешим айылдык   9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 14.09.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 17.09.2020 -жылы 21 сентябрь 2020-жыл Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району 3 Ананьев айылдык (кайра шайлоо)   9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 11.09.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 13.09.2020 -жылы 25 сентябрь 2020-жыл Ош облусу Өзгөн району 4 Ак-Жар айылдык   9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 17.09.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 19.09.2020 -жылы 25 сентябрь 2020-жыл Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району 5 Бостери айылдык   9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 17.09.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 19.09.2020 -жылы 28 сентябрь 2020-жыл Чүй облусу Чүй району 6 Чүй айылдык (кайра шайлоо)     9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 18.09.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 20.09.2020 -жылы 2 октябрь 2020-жыл Чүй облусу Сокулук району 7 Орок айылдык   9-00дөн 12-00 чейин Саат 18-00гө чейин 24.09.2020 -жылы Саат 18-00гө чейин 26.09.2020 -жылы              
Кененирээк билүү >>
БУУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү саясий партияларды этияттыкты сактоого жана COVID-19 илдетинин жайылып кетишине жол бербөөгө чакырат
16.09.2020

БУУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү саясий партияларды этияттыкты сактоого жана COVID-19 илдетинин жайылып кетишине жол бербөөгө чакырат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы текстти толугу менен келтирет:  2020-жылдын 4-октябрында өтүүчү парламенттик шайлоолорго карата үгүт  иштери башталды. Бул манилүү жараяндын жүрүшүндө саясий партиялар шайлоочулардын жетиштүү маалыматка негизделген тандоосу үчүн, жер-жерлерде үгүт иштерин жүргүзүшөт. Ошол эле убакта расмий статистиканын маалыматтары боюнча коронавирус илдетинин жайылышы 2020-жылдын июлунда өзүнүн туу чокусуна жеткен учурдан тартып кыскаргандыгына карабастан, COVID-19 эч кайда жоголо элек.  COVID-19 пандемиясы күн сайын бүткүл дүйнө боюнча миндеген адамдарга терс таасирин тийгизүү менен, мурдагыдай эле глобалдуу көйгөй бойдон калууда. Ошондуктан парламенттик шайлоолорго катышып жаткан саясий партияларды калк менен жолугууларды уюштуруу мезгилинде Өкмөт жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан сунушталган бардык зарыл болгон санитардык жана эпидемияга каршы чараларды сактоого, анын ичинде социалдык аралыкты сактоо, бет кап тагынуу, колду жуу же санитардык тазалоону улантууга чакырабыз. COVID-19ду жуктуруудан улам калк арасында ден соолуктун начарлашы же өлүмгө учуроо көйгөйлөрүнө жол бербөө үчүн, калк менен болгон жолугушууларда жана жыйындарда COVID-19 илдетинин жайылып кетүү тобокелдигине жол бербөөнү камсыз кылуу – саясий партиялардын милдети болуп саналат. Ошондой эле, биз, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын саясий партияларга үгүт иштерин жүргүзүүдө COVID-19дун жайылуу тобокелдиктерин алдын алуу чаралары жөнүндө эстетип турууга чакырабыз.  Эгерде баарыбыз аралыкты сактасак, колду үзгүлтүксүз жууп, бет кап тагынсак жана маалымат алуу денгээлин жогорулатсак, өзгөчө өлкөлөр күз айларында сасык тумоо мезгилине даярдык көрүп жаткан учурда, биргелешкен аракет менен инфекциянын жайылып кетишине жол бербейбиз.  КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КРдин чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн КР шайлоочуларына, коомдук бирикмелерине, ошондой эле КР саясий партияларына Бишкек АШКнын кайрылуусу
16.09.2020

КРдин чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн КР шайлоочуларына, коомдук бирикмелерине, ошондой эле КР саясий партияларына Бишкек АШКнын кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2, 3-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 20-беренелерин, “Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган же жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө” Жобону жетекчиликке алуу менен, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунда шайлоочулардын саны өсүп жатканын эске алып, шайлоо комиссияларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо максатында Бишкек аймактык  шайлоо комиссиясы (мындан ары – Бишкек АШК) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу жашаган шайлоочулардан, коомдук бирикмелерден, саясий партиялардан талапкелерди төмөнкү шайлоо комиссиялардын резервине көрсөтүү жөнүндө жарыялайт: №9001 - Россия, Москва ш. – КР Элчилиги; №9005 - Россия, Москва ш. – КР Элчилиги; №9009 - Россия, Екатеринбург ш. – КР Башкы консулдугу; №9025 – Өзбекстан Республикасы – КР Элчилиги; №9027 –Казакстан Республикасы, Алмата ш. – КР Башкы консулдугу. Шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү учурунда жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук турмушка катышуу тажрыйбасын жана кесиптик, жеке сапаттарын алуу керек. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жашаган же жүргөн жарандардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү мүмкүн. Чет өлкөлөрдөгү жарандардын жыйынынан шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү тууралуу Протоколдор жыйындын төрагасынын жана катчынын колу менен күбөлөндүрүлүүсү зарыл. Протоколго жашаган жерлери көрсөтүлүп, колдору коюлган жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын резервине саясий партиялардан талапкелерди көрсөтүү саясий партиялардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Бишкек АШКга саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документ берилет. Жогорку документтерге төмөнкүлөр тиркелет: чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу боюнча арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме; паспорттун көчүрмөсү; иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме); байланыш  маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы). Шайлоо комиссияларынын резервине жарандардын жыйынынан, саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча Поротоколдор  2020-жылдын 18-сентябрында саат 18.00 чейин Бишкек АШКда, анын ичинде  электрондук түрүндө кабыл алынат. Сурап-билүү телефондору: +996-312-382-426 Төмөнкү телефондору боюнча: +996-500-382-426 (WhatsApp) Эл. почта: tikbishkek@gmail.com Бишкек аймактык  шайлоо комиссиясы      
Кененирээк билүү >>
1 … 300 302 … 483