Башкы Жаңылыктар “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын талапкери администрациялык жоопкерчиликке тартылат

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын талапкери администрациялык жоопкерчиликке тартылат

14-Сен, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 14-сентябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын жараны Д.З. Жусуповдун арызын карады, анда ал саясий партиялардын мыйзамга каршы үгүт жүргүзүү маселесин карап, тийиштүү чара көрүүнү өтүнгөн.

Берилген арызда белгиленген чектөө чараларына карабастан, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы концерт өткөрүп жатканы тууралу Vesti.kg маалымат агенттиги жарыялаган жаңылык жөнүндө айтылат. Бул концерт тууралу Supernews.kg ресурсунда дагы материал жарыяланган. Арыз ээси “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 13-бөлүгүнүн 2-пунктун бузуу орун алган деп эсептейт.  Ошондой эле арыз ээси ырчы кыздын жаш курагын териштирип, баа берүү зарыл экендигин көрсөткөн.

Арыз ээси, ошондой эле “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуу орун алганын көрсөткөн, бул партия плакатта 18 жашка чыга элек баланын сүрөтүн пайдаланып, “Балага сүйүнчү” боюнча маселени шайлоо алдындагы программасында чагылдырган.

Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ менен шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери боюнча Жумушчу топтун биргелешкен жыйналышынын жүрүшүндө алдын ала кароодо арыз ээси Д.З. Жусупов, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Т. Токтакунова, “Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Абельдиева катышты.

Жумушчу топтордун биргелешкен жыйналышынын жүрүшүндө “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Т. Токтакунова менен аталган партиядан талапкер Канат Азиз көрсөтүлгөн иш-чара саясий партиянын талапкерлеринин бири К.Исмамбетов тарабынан Нарын облусунун Баетов айылында өткөрүлгөнүн танышкан жок. Бирок саясий партиянын жетекчилиги ал үгүт иш-чара тууралу кабардар болбогонун айтышты.

Аткаруучу кыздын жаш курагына байланыштуу ыйгарым укуктуу өкүл Т. Токтакунова видеодон анын жаш курагын аныктоо мүмкүн эмес экендигин айтып, жоопкерчилик чараларын “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер К.Исмамбетовго карата колдонууну суранды.

Экинчи эпизод боюнча “Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Абельдиева 18 жашка чыга элек баланын сүрөтү пайдаланылган “Балага сүйүнчү” плакаты боюнча маселе шайлоочуларга жана шайлоонун башка катышуучуларына маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери боюнча Жумушчу топтун жыйналышында мурда каралып, “Кыргызстан” саясий партиясына эскертүү берилгенин билдирди. Бузуу четтетилип, “Балага сүйүнчү” деген бардык плакаттар партия тарабынан жок кылынган.

Жумушчу топтор тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, берилген документтерди изилдеп, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан төмөнкү негиздер боюнча конституциялык Мыйзамдын ченемдерин бузуу орун алган деген чечимге келген:

Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык шайлоо өткөрүүдө үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;

2) үгүттүк ачык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды, теледебаттарды) өткөрүү аркылуу;

3) басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;

4) конституциялык Мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде.

Мында конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 13-бөлүгүнүн 2-пункту менен стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө, ошондой эле спорттук иш-чараларды, концерттерди жана театралдаштырылган оюндарды өткөрүүнү кошпогондо, үгүттүк ачык иш-чаралар өткөрүлүшү мүмкүн экендиги белгиленген. Ушуга окшош ченем “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жөнүндө” Жобонун 10-пунктунда дагы белгиленген.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартиби сакталышын контролдойт жана жол берилген укук бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт.

Талапкер, саясий партия конституциялык Мыйзамдын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптарды бузган учурда, шайлоо комиссиясы аларга укук бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 28-беренелерин, “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө” Жобону, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Жумушчу топтор Борбордук шайлоо комиссиясына “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясына жазуу жүзүндө эскертүү берүүнү сунуш кылды.

БШК жыйналышында талапкер К.Исмамбетовдун маалыматы угулду, ал шайлоочулар менен жолугушууда ага билгизбей туруп музыкалык аткарууга жол берилгенин, аны ал токтотконун мойнуна алды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы материалдарды карап чыгып, тараптардын жүйөлөрүн угуп, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясына эскертүү бербөө, бирок “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер К.Исмамбетовду үгүттөө эрежелерин бузгандыгы үчүн Бузуулар жөнүндө кодекстин 44-беренеси боюнча административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим чыгарды.

КР БШК маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>