Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК жамааты БШКнын Балыкчы жана Тоң АШКлардагы атайын өкүлү Омуралиев Бактыбек Касымовичти мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, туугундарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат
14.04.2021

КР БШК жамааты БШКнын Балыкчы жана Тоң АШКлардагы атайын өкүлү Омуралиев Бактыбек Касымовичти мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, туугундарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР БШКнын Балыкчы жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлү Омуралиев Бактыбек Касымовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын билдирет. Биз орду толгус жоготуу кайгысын тең бөлүшүп, маркумдун үй-бүлөсүнө, туугундарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты
Кененирээк билүү >>
БТИК: добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө
14.04.2021

БТИК: добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө

Шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен саноонун натыйжалары боюнча аныкталат.  Участок боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол УШК тарабынан эки нускада түзүлөт жана ага катышкан шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол коет. АШКнын протоколуна тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эки нускада түзүлгөн жыйынтыктуу таблицасы, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири, ошондой эле келип түшкөн даттануулар (арыздар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет (37-берене. "Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы). Бишкек АШКсы добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен, шайлоонун натыйжаларын УШКлардан келип түшкөн протоколдордун негизинде аныктайт ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 38-беренеси). Шайлоочулардын эркин билдирүүгө таасирин тийгизген мыйзам бузуулар деп, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу менен байланышкан, добуш берүү учурунда шайлоочулардын өз эркин билдирүүсүнө таасир эткен мыйзам бузуулар эсептелет, буга чейин Бишкек АШК арыздардын негизинде, 8 шайлоо участогундагы добушканадан тышкары жерде добуш берүүлөрдү жараксыз деп тапкан.  Шайлоо процесстеринин бардык катышуучуларына шайлоо мыйзамдарында участкалык шайлоо комиссияларында добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча арыздарды берүүнүн үч күндүк мөөнөтү каралгандыгын маалымдайбыз. Ошол эле учурда, бардык арыздар далилденип, далилдер менен тастыкталууга тийиш экендигин эскертебиз.  Ошентип, Бишкек АШК үч күндүк мөөнөттү күтөт (2021-жылдын 14-апрелине чейин), андан кийин шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө чечим кабыл алат. Ошондой эле укук коргоо органдарынын кароосунда турган мыйзам бузуу фактылары боюнча иш улантыларын белгилейбиз. Тиешелүү чаралар компетенттүү органдардын корутундусу боюнча кабыл алынат.               
Кененирээк билүү >>
Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин миссиясынын билдирүүсү: Шайлоо жана референдум улуттук мыйзамдарга ылайык ачык, айкын жана кесипкөй өттү
14.04.2021

Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин миссиясынын билдирүүсү: Шайлоо жана референдум улуттук мыйзамдарга ылайык ачык, айкын жана кесипкөй өттү

Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин миссиясынын билдирүүсү: Шайлоо жана референдум улуттук мыйзамдарга ылайык ачык, айкын жана кесипкөй өттү   2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумга байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин (ТТМКК) байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиясынын билдирүүсү. ТТМККнын байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиясына ТТМККнын Башкы катчысынын орун басары Кожаман Омер мырза (Түркия) башчылык кылды.   Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиясы Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум 2021-жылдын 11-апрели   БИЛДИРҮҮ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин миссиясы (мындан ары – Миссия) 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумга (мындан ары – Референдум жана шайлоо) байкоо жүргүздү. Миссиянын курамына Азербайжан менен Өзбекстандын борбордук шайлоо комиссияларынын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүдө бай тажрыйбасы бар эксперттери, Түркиядан дипломаттар, ошондой эле Түрк кеңешинин катчылыгынын кызмат адамдары киришти. Миссия өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиялардын жалпы таанылган эрежелерине ылайык жүргүздү. Референдумдун жана шайлоонун алдындагы процесске байкоо жүргүзүү алкагында Миссия Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (КР БШК) Төрагасы Шайлдабекова Нуржан айым менен жолугушуу өткөрдү, ал Миссиянын мүчөлөрүнө референдумга жана шайлоого даярдык тууралуу маалымат берди. Миссия шайлоо иыйзамдарын бузууларга карата чара көрүүнүн туруктуу тутумун түзүү, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуунун жаңы алгоритмдерин колдонуу боюнча Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын күч-аракеттерин кубаттайт. Миссия жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аялдардын жергиликтүү кеңештерде өкүлчүлүгүн камсыздоо үчүн 30%дык гендерлик квотаны киргизген шайлоо иыйзамдарына жакында киргизилген өзгөртүүлөрдү дагы жогору баалайт. Миссия ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Мадмаров Азизбек мырза менен жолугушту, ал Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин референдумга жана шайлоого карата даярдоо боюнча Тышкы иштер министрлиги жүргүзүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Миссия өлкөнүн аймагынан тышкары жашаган Кыргызстандын жарандарынын учурдагы COVID- 19 пандемиясынын убагында добуш берүү процессине кыйла кеңири катышуусун камсыздоо үчүн 28 дипломатиялык өкүлчүлүктө жана консулдук мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жайгашкан башка өкүлчүлүктөрүндө 48 шайлоо участогу ачылгандыгын белгиледи. Референдум жана шайлоо күнүндө Миссия Бишкектеги 21 шайлоо участогунда добуш берүү тартибине байкоо жүргүздү. Шайлоо участоктору добуш берүү үчүн автоматтык эсептөөчү урналар менен жабдылган, бул шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоону тездетүүгө жана добуштарды автоматтык түрдө эсептөөгө мүмкүнчүлүк түздү. Миссия Кыргыз Республикасында шайлоону уюштурууну жакшыртуу үчүн заманбап технологияларды пайдаланууну кубаттайт, шайлоодо айрым кыянат пайдаланууларды жана алдамчылыкты четтетүүдө ал технологиялардын чечүүчү салымын эске алганда бул тажрыйба башка өлкөлөрдө дагы алдыңкы практика катары колдонулушу мүмкүн. Референдум жана шайлоо жол-жоболору жөнүндө керектүү маалыматтар жана материалдар шайлоо участогунун ичинде берилди. Участоктук шайлоо комиссиялары Миссиянын аракеттери жайылтылган бардык участоктордо эл аралык жана жергиликтүү байкоочуларга жигердүү байкоо жүргүзүү үчүн толук жеткиликтүү болду. Добуш берүү тынч өттү. Администрациялык жана укук коргоо органдарынын шайлоо комиссияларынын ишине мыйзамсыз кийлигишкен учурлар катталган жок. Эркин добуш берүү жолунда кандайдыр бир тоскоолдуктар байкалган жок. Ошону менен бирге пандемияга байланыштуу көрүлгөн чараларга ылайык добуш берүү үчүн кабиналарда көшөгө же эшик орнотулган эмес. COVID-19 пандемиясына байланыштуу шайлоо участокторунда CECR зарыл санитардык чаралар көрүлгөнүн Миссия белгиледи. Миссия улуттук жана эл аралык жана байкоочулардын жигердүү катышкандыгына күбө болду, бул шайлоонун айкындуулугун жана коом алдындагы отчёттуулугун арттырды. Миссия референдумдун жана шайлоонун натыйжаларына таасир этүүчү олуттуу техникалык проблемалардын болбогондугун белгиледи. Ошондой эле шайлоо участокторунда коомдук тартип камсыздалганын белгилөө керек. Референдумдун жана шайлоонун жүрүшүндө пропагандалык материалдар, кайсыл бир саясий топ тараптан мажбурлоо, добуш берүү үчүн бюллетендерди сыртка чыгаруу байкалган жок. Шайлоо участоктору ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн негизинен жеткиликтүү болду. Азиз шайлоочулар үчүн Брайль арибинин шаблондору жана добуш берүүчү участоктон добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулар үчүн көчмө урналар пайдаланылды. Ошол эле учурда бардык шайлоо участокторун Pandus тутуму менен жабдуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн атайын кабиналардын жасалгаланганы акыл-эстүү кадам болду. Миссия ошондой эле эгерде саясатчылар кыргыз коомунун шайлоодогу жигердүүлүгүн арттырууга жана шайлоо процесси тууралуу кабардар болуусун жогорулатууга багытталган зарыл чараларды көрсө, калктын саясий өкүлчүлүгүн күчөтүүгө олуттуу салым кошулат эле деп эсептейт. Мындан тышкары, добуш берүү күнүнүн аягында Миссия шайлоо участокторунун биринде добуштарды саноо процессине байкоо жүргүздү. Добуштарды саноо шайлоо комиссиялары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык жүргүзүлдү. Миссия референдум жана шайлоо боюнча өзүнүн берген баасын жана сунуштарын мүчө-мамлекеттер жана тиешелүү эл аралык уюмдар менен бөлүшөт. Жыйынтыктаганда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана демократиялык шайлоолордун жалпы кабыл алынган эл аралык стандарттарына ылайык ачык-айкын жана кесипкөй өткөндүгүн ырастайт
Кененирээк билүү >>
-
14.04.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын корутундусу: Референдумда добуш берүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын өз эркин билдирүүсү камсыздалды
14.04.2021

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын корутундусу: Референдумда добуш берүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын өз эркин билдирүүсү камсыздалды

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЖККУ ПА) эл аралык байкоочулар тобунун “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” КР мыйзамынын долбоору боюнча 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн референдумду (жалпы элдик добуш берүү) даярдоо жана өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча корутундусу. ЖККУ ПАнын эл аралык байкоочулар тобунун координатору Игорь Владимирович Лавриненко болду, ал Беларусь Республикасынын Улуттук Коопсуздук Кеңешинин Өкүлдөр палатасынын туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болду. Жамааттык коопсуздук келишим уюмдарынын Парламенттик Ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобунун Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоону жана өткөрүүнү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча Корутундусу (11-апрель, 2021-жыл)  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” КР мыйзам долбоору боюнча референдум (жалпы элдик добуш берүү) 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өттү. Бул КР Президенти С. Жапаров кол койгон 2021-жылдын 12-мартындагы №31 “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө” мыйзамга, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамына ылайык өткөрүлдү.  КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Т. Мамытовдун чакыруусунун негизинде жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмдарынын Парламенттик Ассамблеясынын төрагасы В. Володиндин тапшыруусу менен ушул референдумга кыска мөөнөттүү байкоо жүргүзүү үчүн эл аралык байкоочулардын тобу түзүлдү. Топтун координатору болуп Беларусь Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Өкүлдөр палатасынын туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары И.В.ЛАВРИНЕНКО дайындалды. Топтун курамына ЖККУга мүчө мамлекеттердин: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын мыйзам чыгаруучу жогорку органдарынын депутаттары жана өкүлдөрү, ошондой эле ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Катчылыгынын өкүлдөрү кирген. Топтун ишине методикалык жардамды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Катчылыгы көрсөттү. ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобунун иш-аракеттери саясий бейтараптуулук, объективдүүлүк, добуш берүү процессине кийлигишпөө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо принциптерине негизделген. Эл аралык байкоочулар демократиялык шайлоолордун стандарттары, шайлоо укуктары жана эркиндиктери жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Конвенциясын жетекчиликке алып, (7-октябрь, 2002-жыл, Кишинев), шайлоо укуктарын сактоо жана шайлоолорго жана референдумдарга эл аралык байкоо жүргүзүү жаатындагы башка жалпы жана региондук эл аралык укуктук стандарттар, улуттук мыйзамдардын ченемдери менен иш алып барышты.  Эл аралык байкоочулар тобу КМШ ПАА МИМРД тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжаларын, анын ичинде КР мыйзамдарынын КМШга мүчө-мамлекеттердин демократиялык шайлоолор, шайлоо укуктары жана эркиндиктери боюнча Конвенциянын стандарттарына шайкеш келүүсү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо укуктары жана электоралдык байкоо жүргүзүү боюнча башка эл аралык милдеттенмелерине туура келүүсү, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын (мындан ары – БШК) ишмердүүлүгү, референдумга даярдыкты жана анын жүрүшүн чагылдырган КР басма жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарындагы кабарларды, референдумду даярдоо боюнча кампаниянын жалпы жүрүшү боюнча жыйынтыктарды эске алды.  ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобунун мүчөлөрү референдумду даярдоо жана өткөрүү жалпысынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурулгандыгын белгилешет. БШК аймактык шайлоо комиссияларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын  (мындан ары - АШК) жана участкалык (мындан ары - УШК) шайлоо комиссиялары, ошондой эле коомдук байкоочулар үчүн усулдук колдонмолорду басып чыгаруу иштерди алып барды. БШК расмий сайтында референдумду өткөрүүгө байланыштуу жол-жоболорду жөнгө салуучу жана тактоолорду, БШКнын отурумдары жана аларда кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды, ири көлөмдөгү маалыматтарды, маалымдама жана түшүндүрмө материалдарды жарыялады.  Референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча иштери БШКда бекитилип жана 2021-жылдын 14-мартында БШК веб-сайтында жарыяланганын негизги даярдыктардын графиги календарлык планы боюнча жүргүзүлдү. (мындан ары - Календарлык план). Референдум дайындалгандан кийин БШКнын референдумдун катышуучуларына кайрылуу жасалды, БШКда референдум өткөрүү боюнча жумушчу топтор түзүлдү. Референдумду маалыматтык камсыздоо календарлык планга ылайык жана "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 20-беренесине ылайык жүргүзүлдү. Референдумга даярдык көрүү жалпыга маалымдоо каражаттарында, анын ичинде алдыңкы телеканалдарда кеңири жана объективдүү чагылдырылды. Саясий жана башка себептерден улам ЖМКга жеткиликтүүлүктү чектөө, үгүт иштерине кийлигишүү фактылары катталган жок. "Кыргыз Республикасынын Референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, референдумга коюлган маселе боюнча үгүт иштери референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып башталган жана добуш берүү күнүнө 24 саат калганда (2021-жылдын 10-апрелинде саат 8: 00гө чейин) аяктады. “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22-беренесине жана башка улуттук ченемдик укуктук актыларга ылайык, референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бул ишке Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, чет элдик миссиялардын башчылары, БШК, АШК жана УШК тартылган. Референдумдун катышуучуларынын саны 3 606 201 шайлоочуну түздү. "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 31-беренесине жана календарлык планга ылайык, бюллетендерди даярдоонун жана референдум комиссияларына өткөрүп берүүнүн тартиби аныкталды, ага төмөнкүлөр кирди: бюллетендин формасын жана текстин бекитүү референдумда добуш берүү үчүн кагаз (добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен - 2021-жылдын 22-мартына чейин); референдумда добуш берүү үчүн референдум бюллетендерин мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо, (добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен - 1-апрелге чейин 2021); референдум бюллетендерин АШКларга өткөрүп берүү, (добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн - 2021-жылдын 1-апрелине чейин); добуш берүү бюллетендерин УШКларга өткөрүп берүү (добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн - 2021-жылдын 9-апрелине чейин).  Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү үчүн каралган календардык планда каралган (добуш берүү күнүнө 1 календардык күн калганда 10-апрель, 2021-жыл). "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 32-беренесине ылайык, негизги добуш берүү 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 8: 00дөн 20: 00гө чейин өттү.  Добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо жана референдумдун жыйынтыктарын аныктоо үчүн, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 39-беренесине ылайык, календардык план төмөнкүлөрдү камтыйт: добуш берүүнүн жыйынтыктарын жайгаштыруу (АСУ маалыматы боюнча) добуш берүүнүн жыйынтыктары ар бир шайлоо участкасы боюнча БШКга келип түшкөндө БШКнын расмий сайтында токтоосуз жарыяланат. "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 37 жана 48-беренелерине ылайык, референдумдун (жалпы элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктарын аныктоо үчүн добуш берүү күнүнөн (2021-жылдын 2-майына чейин) 20 календардык күндөн ашык эмес убакыт бөлүнөт).  Референдумдун участкаларын уюштурууга да тиешелүү көңүл бурулган. Референдум өткөрүү участокторун түзүү "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 21-беренесине жана 48-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык камсыздалат, ага ылайык, БШК УШКларды референдумдун участоктору менен бириктирүүгө укуктуу. Референдумду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары өткөрүү үчүн шайлоо участкаларын түзүү "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык камсыздалат. Жалпысынан референдум өткөрүү үчүн 2435 шайлоо участкасы уюштурулган. Ошол эле учурда, добуш берүү күнү чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 48 шайлоо участкасынын ишин уюштурган. Шайлоо участкалары видеобайкоо тутумдары, биометрикалык идентификация, добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчу жабдуулар менен жабдылган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мүмкүнчүлүк берген шаймандар менен жабдылган.  АШКнын, УШКнын, АСУ операторлорун окутуу максатында жана референдумдун катышуучулары, ЖМК өкүлдөрү, укук коргоо органдары үчүн окутуу семинарлары жана тренингдер өткөрүлдү.  Референдумга байкоо жүргүзүүнү уюштуруу үчүн эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттердин шайлоо органдарына референдумга байкоо жүргүзүүгө катышуу үчүн чакыруулар жөнөтүлдү. Байкоочулар Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңештин Төрагасы, Өкмөтү жана БШК тарабынан жиберилген чакыруулардын негизинде аккредитациядан өтүштү. Коомдук байкоочуларды каттоо коммерциялык эмес уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү көрсөтмө берилгенден кийин жүргүзүлдү. Бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары БШК бекиткен календарлык план менен иш алып барышты. 9-апрелде ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобунун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.А.КАЗАКБАЕВ менен жолугушту. 10-апрелде ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобунун мүчөлөрү өз ишин уюштуруу жыйыны менен башташты, андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.МАМЫТОВ, жана КР БШКнын төрагасы менен жолугушту Н. Шайлдабекова менен жолугушту. 11-апрелде ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобунун мүчөлөрү Бишкектеги шайлоо участокторунун ачылышына көз салышып, Бишкек шаарындагы референдумдун 47 участогуна, анын ичинде шаардын четиндеги 6 аймакка барышты, ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобунун жыйынтыктоочу жыйынын өткөрүштү.  Белгиленген убакытта ачылган референдум участкалары керектүү документтер, шаймандар, маалыматтык материалдар менен камсыз болду. Референдум өткөрүү үчүн шайлоо участкаларына барганда ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын эл аралык байкоочулары тизмелерди даярдоонун сапаты, бюллетендерди берүү тартиби жана добуш берүү процедуралары боюнча эч кандай даттанууларды аныкташкан жок. БШК, АШК жана УШК эл аралык байкоочулардын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүштү. Референдумду даярдоо жана өткөрүү коомдук тартипти камсыз кылуунун жогорку деңгээлинде жүргүзүлүп, референдумдун катышуучуларынын эркин билдирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түздү. Референдумду даярдоонун жогорку кесиптик деңгээлин белгилөө менен, эл аралык байкоочулар шаймандардын иштешинде жана шайлоо участкаларынын ишинде азыраак кемчиликтерди табышты, бул добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жарандардын эркин билдирүүгө таасирин тийгизген жок.  Корутундулар: 1. Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдары демократиялык шайлоону камсыз кылуу жана референдум өткөрүү үчүн негиз болуп саналат. 2. Кыргыз Республикасынын БШК, АШК жана УШКлар референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жогорку деңгээлин камсыздоо, анын ичинде учурдагы мыйзамдарга ылайык үгүт иштерин жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүштү. 3. Добуш берүүнүн катышуучулары үчүн шайлоо жана референдум жөнүндө шайлоо мыйзамдарында каралган өз укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл шарттар түзүлдү.  4. Жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын жарандарына референдумдун маңызы жана багыты, ошондой эле үгүт жүргүзүү үчүн зарыл шарттар жөнүндө керектүү маалыматтарды беришкен. 5. Добуш берүү учурунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын эркин билдирүүсү камсыз кылынды. 6. Болуп өткөн референдум эл аралык жана коомдук байкоочулардын (183 адам) кеңири жана массалык катышуусу менен айырмаланды. Өнөктүккө көптөгөн эл аралык жана коомдук байкоочулардын катышуусу референдумдун демократиялык жана ачык мүнөзүн белгилейт. Референдумду уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде алардын жогорку статусу жана алардын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон жардамдар камсыздалды.  7. Референдумду даярдоо жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык укуктун ченемдеринде белгиленген тартипте жүргүзүлдү. ЖККУ ПАнын эл аралык байкоочулар тобунун мүчөлөрү: И.В.ЛАВРИНЕНКО А.М.АВЕТИСЯН С.Е.ЛУКПАНОВ Е.С.ТАЙЖАНОВ А.Б.ВЫБОРНЫЙ В.Е.ДЕНЬГИН О.Ф.КОВИТИДИ Б.А.САФАРЗОДА С.В.ПОСПЕЛОВ О.В.РЯБУХИНА Г.Н.БОХАНОВИЧ 2021-жылдын 11-апрели, Бишкек  
Кененирээк билүү >>
Шанхай Кызматташтык Уюмунун Байкоочулар Миссиясынын билдирүүсү: Референдум Кыргыз Республикасында демократиялык процесстерди андан ары өнүктүрүүгө маанилүү кадам болду
14.04.2021

Шанхай Кызматташтык Уюмунун Байкоочулар Миссиясынын билдирүүсү: Референдум Кыргыз Республикасында демократиялык процесстерди андан ары өнүктүрүүгө маанилүү кадам болду

2021-жылдын 11-апрелинде "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" мыйзамдын долбоору боюнча референдумдун даярдалышына жана өткөрүлүшүнө мониторинг жүргүзгөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) байкоочулар миссиясынын билдирүүсү. ШКУнун байкоочулар миссиясынын координатору Наталья Владимировна Косихина Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин депутаты, илим, билим жана маданият боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болду. ШКУнун "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча байкоочулар миссиясынын Билдирүүсү (11-апрель, 2021-жыл) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чакыруусу менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун Байкоочулар Миссиясы (мындан ары - Миссия) “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзамдын долбоору боюнча 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн референдумдун даярдалышына жана өткөрүлүшүнө мониторинг жүргүздү. Миссияны ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Чжан Хайчжоу жетектеди. Миссиянын курамына мыйзам чыгаруу, шайлоо органдарынын мүчөлөрү, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин дипломаттары кирет. Эл аралык байкоочуларды чакыруу Миссия тарабынан Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун максималдуу ачыктыгын, ачыктыгын жана демократиялуулугун камсыз кылууга умтулуусу катары каралат.  1. Миссиянын ишмердүүлүгү Миссия өз функцияларын саясий бейтараптык, объективдүүлүк жана мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө принцибин сактоо менен президенттик жана / же парламенттик шайлоолордо жана референдумдарда ШКУ байкоочуларынын миссиясы жөнүндө жобого ылайык так аткарып, Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына да ылайык иш алып барды. Референдумдун алдында Миссиянын мүчөлөрү референдумга даярдыгы менен таанышуу максатында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкан бир катар участкалык шайлоо комиссияларына барышты. Кабыл алуучу өлкө Миссияга добуш берүү процессинин даярдалышын жана өткөрүлүшүн көзөмөлдөө үчүн зарыл шарттарды түздү. Референдум жөнүндө ар тараптуу маалымат берилди. Миссиянын бардык корутундулары жана тыянактары Миссиянын мүчөлөрү жүргүзгөн жеке байкоолорго жана референдумдун алдында жана ошол күнү "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча өткөн референдумда чогултулган фактылык материалдарга негизделген. Добуш берүү күнү 2021-жылдын 11-апрелинде, Миссиянын мүчөлөрү шайлоо участкаларына саат 08: 00дө келип, бюллетендерди жана автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды даярдоого катышты. Миссиянын мүчөлөрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкан 50гө жакын шайлоо участкаларында болушту. Миссиянын өкүлдөрү барган шайлоо участкаларында коомдук бирикмелердин, коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары, ошондой эле бир катар эл аралык уюмдар жана ЖМК өкүлдөрү болушту. Ошол эле учурда, ШКУ Катчылыгынын кызматкерлеринин аккредитацияланган байкоочулары Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы элчилигиндеги шайлоо участкасында болушту. Ошентип, Миссия Кыргызстандагы добуш берүү процессинин кеңири репрезентативдүү көрүнүшүн камсыз кылды, ошондой эле Кыргызстандын чет жактагы миссиясында мониторинг жүргүздү. Добуш берүү процесси боюнча Миссиянын өкүлдөрүнө эч кандай даттануулар жана сын-пикирлер болгон жок. 2. Референдумдун мыйзамдык базасы Кыргыз Республикасынын мыйзам базасынын негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана “Референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө” мыйзам, ошондой эле башка ченемдик-укуктук документтер түзөт. 3. Заманбап маалыматтык жана санарип технологияларын пайдалануу Референдумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматтык тутумдары жана кызматтары пайдаланылды, анын максаты референдум мезгилинде маалыматтык процесстерди жүзөгө ашыруу болгон. Добуш берүү учурунда шайлоочуну биометрикалык жеке маалыматтары боюнча идентификациялоо жана автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды колдонуу менен добуш берүүнүн жыйынтыктарын БШКнын серверине тезинен жөнөтүү үчүн (ACУ) колдонулду. Шайлоо участкалары автоматташтырылган эсептөө урналары менен керектүү саны менен камсыз болушту. Атап айтканда, добуш берүү бөлмөлөрү байкоочулар тарабынан байкап көзөмөлдөө үчүн атайын шаймандар (кабиналар, мониторлор, үкөктөр) менен жабдылган. Ошол эле учурда, референдумда добуш берүү үчүн аймактык комиссияларда жайгашкан 2483 даана АСУ колдонулган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) сайтында (shailoo.gov.kg) БШКнын ишмердүүлүгү ар тараптуу чагылдырылып, референдумдун жүрүшү жөнүндө толук маалымат берилди. "Тизме" мамлекеттик порталында (tizme.gov.kg) шайлоо участоктору, райондор, шаарлар жана жалпы республика боюнча шайлоочулардын тизмелери жөнүндө маалыматтар электрондук форматта жайгаштырылган. "Шайлоочуларды каттоонун бирдиктүү тутуму" маалыматтык тутуму Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы шайлоо укугуна катышуу үчүн шайлоо укуктарынын кепилдиктерин камсыз кылды. Кол менен саноо протоколдорун, ACУ чектерин жана биометрикалык идентификацияны карап чыгуу үчүн веб-ресурста кол менен эсептөө протоколдорунун сканерден өткөрүлгөн нускалары, шайлоочулардын идентификациялык баштапкы жана акыркы отчеттору, ошондой эле АШКларда жана УШКларда автоматтык түрдө шайлоо үкөктөрүн чагылдырылып турду.  БШКнын сайтындагы "Даттануулардын жана кайрылуулардын реестринде" добуш берүү учурунда келип түшкөн бардык арыздар жана даттануулар, аларды шайлоо комиссиялары жана соттору тарабынан кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар арыздардын жана даттануулардын өзүлөрүнүн сканерленген көчүрмөлөрүн көрсөтүү менен, чечимдер жана сот актылары онлайн режиминде жайгаштырылды. Шайлоо участкасынын номерин уюлдук телефондор аркылуу билдирүүлөрдү жөнөтүү мүмкүн болгон текшерүү үчүн жалпы портал иштелип чыгып, ошондой эле социалдык тармактар жана мобилдик тиркемелер аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоо кампаниясынын жүрүшүн байкап турушту. 4. Добуш берүү учурунда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу Коронавирустук инфекциянын эпидемиясынын алкагында социалдык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары сакталган, атап айтканда: добуш берүүнүн алдында жана ошол күнү добуш берүүчү жайларды толук дезинфекциялоо жүргүзүлдү; добуш берүүнүн катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоо үчүн белгилер коюлган; добуш берүүчү жайдын кире беришинде добуш берүүнүн бардык катышуучуларынын дене табын текшерүү үчүн аралыктан ченей турган термометр колдонулду; шайлоо участогунун кире беришине тазалоочу каражаттар орнотулган; шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү зарыл болгон жеке коргонуу каражаттары менен жабдылган. 5. “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча референдум тууралуу Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 11-апрелинде “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” КР мыйзам долбоору боюнча референдум (жалпы элдик добуш берүү) дайындалган. Белгиленген мыйзамдын 3-беренеси боюнча добуш берүү үчүн бюллетенге төмөнкүдөй түзүлгөн суроо бекитилген: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан референдумга (жалпы элдик добуш берүү) чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын кабыл алуу:         «макул»; «каршы». “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” КР конституциялык мыйзамдын 37-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, референдумдун катышуучуларынын 30 пайызы добуш берүүгө катышса, референдум болду деп эсептелет. 6. Үгүт иштери Үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга коюлган маселе боюнча "макул" же "каршы" топ түзүүгө укуктуу болушкан. Ошол эле учурда, бул топторго катталуу өтүнүчү менен БШКга кайрылууга мүмкүнчүлүк берилди. Өз кезегинде БШК үгүт тобун 10 күндүн ичинде каттады. Катталгандан кийин, демилгелүү топ "макул" тобу жана "каршы" тобу каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындады. Ыйгарым укуктуу өкүлдөр каттоодон өткөндөн кийин, демилгечи топ "макул" тобу, "каршы" тобу референдум өнөктүгүндө үгүттөөнү баштоо  үчүн каржылоо боюнча өз фонддорун түзүштү. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына “макул” жана “каршы” үгүт топторун каттоого 15 арыз келип түшкөн. БШК 15 үгүт топту каттады: "макул" - 12 үгүт топ жана "каршы" - 3 үгүт топ. Референдумга коюлган маселе боюнча үгүт иштери добуш берүү күнүнө 24 саат калганда аяктады.  Референдум боюнча үгүт иштери жүргүзүлдү: - телерадиоберүү уюмдарынын каналдарында жана мезгилдүү басма сөз беттеринде; - колдонуудагы мыйзамдарга ылайык массалык иш-чараларды (чогулуштар, жолугушуулар, коомдук дебаттар жана талкуулар, митингдер, демонстрациялар, көчө жүрүштөрү) өткөрүү менен;  - басылма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын өндүрүү жана жайылтуу аркылуу. Ошол эле учурда, телерадио уюмдары жана басма сөз каражаттары референдумга коюлган маселе боюнча үгүт жүргүзүү үчүн "макул" жана "каршы" топторуна бирдей шарттарды түзүштү. Ошондой эле "макул" тобу жана "каршы" тобу аларга мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфирдик убакыт берүүгө укуктуу болушкан. Мындан тышкары, референдумдун катышуучуларына маалымат берүү максатында, Кыргыз Республикасынын БШКсы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун "Эркин-Тоо" гезитине 1100000 нуска менен чыгарды жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун БШКнын расмий сайтында жарыяланды. 7. Мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн шарттар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын бардык конституциялык укуктарын бирдей жана эркин жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү шарттар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Борбордук шайлоо комиссиясы ден соолугунан кемтилгеси бар адамдардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча олуттуу иштерди жүргүздү, атап айтканда 2015-жылдан бери бюллетендерди Брайль шрифти менен басып чыгаруу практикаланып, атайын форматтарды колдонуу менен маалыматтык материалдар даярдалды. Шайлоо участогунун кире беришиндеги мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жардам берүү үчүн "чакыруу кнопкасы" табличкалары жасалган.  Жергиликтүү бийлик органдары шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүштү - УШКлардын 83,4% пандустар менен жабдылган, ар бир участкадагы майыптардын муктаждыктары эске алынып, алардын добуш берүүгө катышуусун камсыз кылуу чаралары көрүлүп жатат. Муктаждыктар картасына ылайык, майыптыгы бар шайлоочулардын жалпы саны 18465 адамды түзөт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыз кылуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун Брайл шрифти менен өтмө жоболор менен жарыялады. Бардык нускалар майыптар менен иштеген уюмдарга таратылды. 8. Референдумга даярдык көрүү иштери 2483 шайлоо участкаларында референдум өткөрүү үчүн тийиштүү иштер жүргүзүлдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жайгашкан Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкалары түзүлдү. Шайлоо комиссиялары референдум өткөрүү үчүн бардык керектүү шаймандар жана инвентарлар менен жабдылган.  Добуш берүүнү дүйнөнүн 31 өлкөсүнөн келген 10 шайлоо органынан, 10 эл аралык уюмдан жана 16 дипломатиялык миссиядан турган 183 эл аралык байкоочу байкады. Кыргызстандагы референдумду чагылдыруу үчүн чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү дагы аккредитация алышкан. "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 14-беренесине ылайык, шайлоочулардын укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, ар бир шайлоо участкасына шайлоочулардын тизмеси түзүлдү. Акыркы тизмедеги референдумдун катышуучуларынын саны: 3 606 201 катышуучу, анын ичинен 1 725 849 эркек, 1 880 352 аял же 47,86% жана 52,14% болду. 9. Негизги натыйжалар Миссия референдум ачык-айкындуулуктун атмосферасында, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу жана жарандардын көзкарандысыз жана маалыматтуу тандоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөндүгүн белгилейт. Миссия "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" мыйзамдын долбоору боюнча референдум колдонуудагы мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык өткөндүгүн билдирди. Миссия “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзамдын долбоору боюнча референдумду ачык, эркин жана мыйзамдуу деп тааныйт. Миссия “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзамдын долбоору боюнча референдум Кыргыз Республикасында демократиялык процесстерди андан ары өнүктүрүүгө жасалган маанилүү кадам болгонун белгилейт.  Шанхай Кызматташтык Уюмунун байкоочулар миссиясы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жана Кыргызстандын башка мекемелерине ШКУнун байкоочуларынын ишин аларга жүктөлгөн милдеттерге ылайык камсыздоодо көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет. Миссия Кыргыз Республикасынын элин референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктайт жана көзкарандысыздыкты жана суверендүүлүктү чыңдоо жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү багытын жүзөгө ашырууда мындан аркы ийгиликтерди каалайт. Шанхай Кызматташтык Уюмунан байкоочулардын миссиясы 11-апрель, 2021-жыл      
Кененирээк билүү >>
-
14.04.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин миссиясынын билдирүүсү: Шайлоо жана референдум улуттук мыйзамдарга ылайык ачык, айкын жана кесипкөй өттү
14.04.2021

Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин миссиясынын билдирүүсү: Шайлоо жана референдум улуттук мыйзамдарга ылайык ачык, айкын жана кесипкөй өттү

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана  «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумга байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин (ТТМКК) байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиясынын билдирүүсү. ТТМККнын байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиясына  ТТМККнын Башкы катчысынын орун басары Кожаман Омер мырза (Түркия) башчылык кылды. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиясы Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана  «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум 2021-жылдын 11-апрели БИЛДИРҮҮ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин миссиясы (мындан ары – Миссия) 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана  «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумга (мындан ары – Референдум жана шайлоо)  байкоо жүргүздү. Миссиянын курамына Азербайжан менен Өзбекстандын борбордук шайлоо комиссияларынын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүдө бай тажрыйбасы бар эксперттери, Түркиядан дипломаттар, ошондой эле Түрк кеңешинин катчылыгынын кызмат адамдары киришти. Миссия өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиялардын жалпы таанылган эрежелерине ылайык жүргүздү. Референдумдун жана шайлоонун алдындагы процесске байкоо жүргүзүү алкагында Миссия Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (КР БШК) Төрагасы Шайлдабекова Нуржан айым менен жолугушуу өткөрдү, ал Миссиянын мүчөлөрүнө референдумга жана шайлоого даярдык тууралуу маалымат берди. Миссия шайлоо иыйзамдарын бузууларга карата чара көрүүнүн туруктуу тутумун түзүү,  ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуунун жаңы алгоритмдерин колдонуу боюнча Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын күч-аракеттерин кубаттайт. Миссия жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аялдардын жергиликтүү кеңештерде өкүлчүлүгүн камсыздоо үчүн 30%дык гендерлик квотаны киргизген шайлоо иыйзамдарына жакында киргизилген өзгөртүүлөрдү дагы жогору баалайт. Миссия ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Мадмаров Азизбек мырза менен жолугушту, ал Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин референдумга жана шайлоого карата даярдоо боюнча Тышкы иштер министрлиги жүргүзүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Миссия өлкөнүн аймагынан тышкары жашаган Кыргызстандын жарандарынын учурдагы COVID- 19 пандемиясынын убагында добуш берүү процессине кыйла кеңири катышуусун камсыздоо үчүн 28 дипломатиялык өкүлчүлүктө жана консулдук мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жайгашкан башка өкүлчүлүктөрүндө 48 шайлоо участогу ачылгандыгын белгиледи. Референдум жана шайлоо күнүндө Миссия Бишкектеги 21 шайлоо участогунда добуш берүү тартибине байкоо жүргүздү. Шайлоо участоктору добуш берүү үчүн автоматтык эсептөөчү урналар менен жабдылган, бул шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоону тездетүүгө жана добуштарды автоматтык түрдө эсептөөгө мүмкүнчүлүк түздү. Миссия Кыргыз Республикасында шайлоону уюштурууну жакшыртуу үчүн заманбап технологияларды пайдаланууну кубаттайт, шайлоодо айрым кыянат пайдаланууларды жана алдамчылыкты четтетүүдө ал технологиялардын чечүүчү салымын эске алганда бул тажрыйба башка өлкөлөрдө дагы алдыңкы практика катары колдонулушу мүмкүн. Референдум жана шайлоо жол-жоболору жөнүндө керектүү маалыматтар жана материалдар шайлоо участогунун ичинде берилди. Участоктук шайлоо комиссиялары Миссиянын аракеттери жайылтылган бардык участоктордо эл аралык жана жергиликтүү байкоочуларга жигердүү байкоо жүргүзүү үчүн толук жеткиликтүү болду. Добуш  берүү тынч өттү. Администрациялык жана укук коргоо органдарынын шайлоо комиссияларынын ишине мыйзамсыз кийлигишкен учурлар катталган жок. Эркин добуш  берүү жолунда кандайдыр бир тоскоолдуктар байкалган жок. Ошону менен бирге пандемияга байланыштуу көрүлгөн чараларга ылайык добуш  берүү үчүн кабиналарда көшөгө же эшик орнотулган эмес. COVID-19 пандемиясына байланыштуу шайлоо участокторунда CECR зарыл санитардык чаралар көрүлгөнүн Миссия белгиледи. Миссия улуттук жана эл аралык жана байкоочулардын жигердүү катышкандыгына күбө болду, бул шайлоонун айкындуулугун жана коом алдындагы отчёттуулугун арттырды. Миссия референдумдун жана шайлоонун натыйжаларына таасир этүүчү олуттуу техникалык проблемалардын  болбогондугун белгиледи. Ошондой эле шайлоо участокторунда коомдук тартип камсыздалганын белгилөө керек. Референдумдун жана шайлоонун жүрүшүндө пропагандалык материалдар, кайсыл бир саясий топ тараптан мажбурлоо, добуш  берүү үчүн бюллетендерди сыртка чыгаруу байкалган жок. Шайлоо участоктору ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн негизинен жеткиликтүү болду. Азиз шайлоочулар үчүн Брайль арибинин шаблондору жана добуш  берүүчү участоктон добуш  берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулар үчүн көчмө урналар пайдаланылды. Ошол эле учурда бардык шайлоо участокторун Pandus тутуму менен жабдуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын  добуш  берүүсү үчүн атайын кабиналардын жасалгаланганы акыл-эстүү кадам болду. Миссия ошондой эле эгерде саясатчылар кыргыз коомунун шайлоодогу жигердүүлүгүн арттырууга жана шайлоо процесси тууралуу кабардар болуусун жогорулатууга багытталган зарыл чараларды көрсө, калктын саясий өкүлчүлүгүн күчөтүүгө олуттуу салым кошулат эле деп эсептейт. Мындан тышкары, добуш  берүү күнүнүн аягында Миссия шайлоо участокторунун биринде добуштарды саноо процессине байкоо жүргүздү. Добуштарды саноо шайлоо комиссиялары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык  жүргүзүлдү. Миссия референдум жана шайлоо боюнча өзүнүн берген баасын жана сунуштарын мүчө-мамлекеттер жана тиешелүү эл аралык уюмдар менен бөлүшөт. Жыйынтыктаганда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана  Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана демократиялык шайлоолордун жалпы кабыл алынган эл аралык стандарттарына ылайык ачык-айкын жана кесипкөй өткөндүгүн ырастайт.              
Кененирээк билүү >>
БШК аял талапкерлердин жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга мыйзамдуу укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук кылууга жол берилбестиги жөнүндө кайрылат
13.04.2021

БШК аял талапкерлердин жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга мыйзамдуу укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук кылууга жол берилбестиги жөнүндө кайрылат

(Сокулук районунун Орок айылында болгон окуяга байланыштуу аялдар үчүн мандаттарды резервге калтыруу маселесине карата) КР БШКнын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу (ЫЧКТ) айылдык кеңештерде аялдар үчүн мандаттарды резервге калтыруу маселесинин айланасында Сокулук районунун Орок айылында болгон окуяга байланыштуу чаралар жөнүндө билдирет. ЫЧКТ ЖМКда таратылган видеоматериал боюнча Б.Исланбекованын кайрылуусун алды, анда төмөнкүдөй баяндалат: - 2021-жылдын 11-апрелинде добуш берүү аяктагандан кийин Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылдык кеңешине (№7406 УШК) депутаттыкка айрым талапкер-эркектер  округда аялдар үчүн мандаттарды резервге калтырууга байланыштуу талапкер аялдарга ачууланып, алардан шайлануу ниетинен баш тартууну талап кылышкан. Бул факт 2021-жылдын 12-апрелинде ЖУИ-№02-009-2021-002163 менен катталган. Сокулук РИИБдин документтештирүү тобу окуя болгон жерге – №7406 УШКга ыкчам жетип барган. РИИБдин документтештирүү тобу ал жерде окуянын катышуучуларын сурамжылап, түшүнүк каттарды алган. Шайлоо комиссиясынын төрагасы менен биргеликте чогулган тургундардын арасында мыйзам ченемдери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Тергөө иш-чаралары улантылууда. Маалымат үчүн: Сокулук районунун Орок айылдык кеңеши боюнча жалпы саны 21 мандатка 4 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн мандаттардын 30%ынан аз эмеси резервде калтырылды: №1 округда – 5 мандаттан 2 мандат; №2 округда – 5 мандаттан 2 мандат; №3 округда – 4 мандаттан 2 мандат; №1 округда– 7 мандаттан 3 мандат. Мында Сокулук районунун Орок айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо 67 талапкер катталган, анын 24ү – аялдар. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын БШКсы эскертет: ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн мандаттардын 30%ынан аз эмесин резервге калтыруу Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу алкагында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 117 Мыйзамы менен киргизилген. Аялдар калктын 52%ын түзгөндүгүнө карабастан, алардын шайланма органдардагы өкүлчүлүгү айылдык кеңештердин деңгээлинде жалпы депутаттардын санынын 9 %ын гана түзөт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасында тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо боюнча мамлекеттин конституциялык милдеттенмелеринин алкагында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аялдардын өкүлчүлүгү үчүн шарттарды түзүү, алардын жергиликтүү деңгээлде  башкарууга катышуусу үчүн айылдык кеңештерде ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн мандаттардын 30%ынан аз эмесин резервге калтыруу боюнча атайын мыйзам чаралары кабыл алынган. 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоодо квота алгач ирет иш жүзүндө бүт өлкө боюнча кеңири ишке ашырылууда. 420 айылдык кеңешке 7 560 депутат шайланууда, округдарда аялдар үчүн 2943  мандат резервге калтырылган. Шайлоого катышуу үчүн 18 772 талапкер катталды, анын ичинде 5300 талапкер – аялдар. Учурда аймактык шайлоо комиссияларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана округдарда жана жалпысынан кеңештерде шайлоонун натыйжаларын аныктоо процесси жүрүүдө. Шайлоо комиссиялары шайланган талапкер аялдарды шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык каттоону кмсыздашат. Маалымат үчүн: “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 59-1-беренесине ылайык ар бир шайлоо округу боюнча резервге калтырылган мандаттардын саны шайлоо округдары жана участоктору жөнүндө маалымат менен бир убакта жарыяланат. Шайлоо округдарында резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округундагы  мандаттардын жалпы санына жараша болот: 1) 2, 3 мандаттуу шайлоо округдарында 1 мандат резервде калтырылат; 2) 4,5,6 мандаттуу шайлоо округдарында 2 мандат резервде калтырылат; 3) 7,8,9,10 мандаттуу шайлоо округдарында  3 мандат резервде калтырылат; 4)11,12,13 мандаттуу шайлоо округдарында  4 мандат резервде калтырылат; 5) 14,15,16 мандаттуу шайлоо округдарында  5 мандат резервде калтырылат. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 62-беренесине ылайык айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо ушул Мыйзамдын 59-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык резервге калтырылган мандаттар талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат. Резервге калтырылган мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар калган талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт. Добуш берүүгө катышкан тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларынын көбүрөөк добуштарынын санына ээ болгон талапкерлер (мандаттардын санына ылайык) шайланган болуп таанылат.   КР БШК                  
Кененирээк билүү >>
БШК: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана  шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө
13.04.2021

БШК: Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо участкасында добуштарды эсептейт, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Учурда участкалык шайлоо комиссиялары (УШК) тарабынан шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө аяктады. Шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерин аймактык комиссияларга үч күндүн ичинде даттанууга мүмкүн. Андан ары аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) тиешелүү аймакта (округдарда жана кеңештерде) добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат жана ар бир конкреттүү кеңеште депутаттарды шайлоонун натыйжаларын аныктайт (мандаттарды бөлүштүрүү). Ошону менен бирге шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү эреже бузуулар жөнүндө келип түшкөн даттанууларды (арыздар) карайт, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат. Ошондой эле комиссиялар мыйзам бузуулар, анын ичинде шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн жана укук коргоо жана прокуратура органдарынын компетенциясына кирген, талапкерлер жана партиялар тарабынан бузуулар тууралуу билдирүүлөрдү, арыздарды териштирүү боюнча укук коргоо органдарынын материалдарын дагы карайт. Кароонун жыйынтыктары боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик жөнүндө чечимдер кабыл алынат. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесине ылайык депутаттарды шайлоонун натыйжалары ар бир жергиликтүү кеңеш боюнча АШК тарабынан добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 2-майына чейин) аныкталат. АШК чечимдери үч күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына, ал эми БШК чечимдери – сотко даттанылышы мүмкүн. Маалымат үчүн: “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын шайлоо участкасында төмөндөгүлөр боюнча жараксыз деп табат: - эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар орун алса; - эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында эреже бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир этсе; - Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча; Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүнүн тартибин бузуу менен байланышкан, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген жоболорду бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар деп түшүнүлөт. Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн же добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жүрүшүндө шайлоочулар өз эрк-ниетин билдиришине таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандар шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан жоболорду бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетине таасир эткен эреже бузуулар деп түшүнүлөт. Жергиликтүү кеңештерде ар бир кеңеш, округ жана участок боюнча шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө алдын ала маалыматтарды БШКнын сайтынан ссылке https://newess.shailoo.gov.kg/ru/election/11103/info шилтемеси боюнча конкреттүү кеңешти тандап, көрсө болот. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шаардык жана айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүү жөнүндө АЭУнун 99% участоктон маалыматтары боюнча 2021-жылдын 12-апрелине карата алдын ала маалыматтар
12.04.2021

Кыргыз Республикасынын шаардык жана айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүү жөнүндө АЭУнун 99% участоктон маалыматтары боюнча 2021-жылдын 12-апрелине карата алдын ала маалыматтар

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн Кыргыз Республикасынын шаардык жана айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө алдын ала маалыматтар тууралуу маалымат берет. 448 жергиликтүү кеңеште, анын ичинде 28 шаардык кеңеште жана 420 айылдык кеңеште шайлоо өттү. 8 356 депутат шайланыш керек: шаардык кеңештерге 796 депутаттык мандат, айылдык кеңештерге – 7 560 депутаттык мандат. 28 шаарда 56 саясий партия талапкерлердин 237 тизмесин (бардыгы – 11 782 талапкер) каттатты. Анын ичинде 7 300 талапкер – эркектер, 4 482 талапкер – аялдар. 420 айылдык кеңешке 18 772 талапкер катталды, анын ичинде 13 472 талапкер – эркектер, 5300 талапкер – аялдар. Мыйзамдарга ылайык айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо ар бир айылдык кеңеш боюнча аялдар үчүн мандаттардын 30%ынан аз эмеси резервге калтырылды. Аялдар үчүн резервге калтырылган мандаттардын саны 2858 мандатты түзөт. 99% шайлоо участогунан түшкөн маалыматтардын негизинде добуш берүүгө 1 295 943 шайлоочу же 39,06%ы катышты. Шайлоочулардын тизмелерине 3 318 130 шайлоочу киргизилген. Шаардык кеңештерге шайлоодо добуш бергендердин саны 386 365 шайлоочуну же 36,82%ды түздү. Айылдык кеңештерге шайлоодо добуш бергендердин саны 909 578 шайлоочуну же 40,09%ды түздү. 2021-жылдын 12-апрелине карата (12.00) АЭУнун 99% участоктон маалыматтары боюнча алдын ала маалыматтар ушундай. Жергиликтүү кеңештерде ар бир кеңеш, округ жана участок боюнча шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө алдын ала маалыматтарды БШКнын сайтынан ссылке https://newess.shailoo.gov.kg/ru/election/11103/info шилтемеси боюнча конкреттүү кеңешти тандап, көрсө болот. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо участкасында добуштарды эсептейт, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Учурда участкалык шайлоо комиссиялары (УШК) тарабынан шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө аяктады. Шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерин аймактык комиссияларга үч күндүн ичинде даттанууга мүмкүн. Андан ары аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) тиешелүү аймакта (округдарда жана кеңештерде) добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат жана ар бир конкреттүү кеңеште депутаттарды шайлоонун натыйжаларын аныктайт (мандаттарды бөлүштүрүү). Ошону менен бирге шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү эреже бузуулар жөнүндө келип түшкөн даттанууларды (арыздар) карайт, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат. Ошондой эле комиссиялар мыйзам бузуулар, анын ичинде шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн жана укук коргоо жана прокуратура органдарынын компетенциясына кирген, талапкерлер жана партиялар тарабынан бузуулар тууралуу билдирүүлөрдү, арыздарды териштирүү боюнча укук коргоо органдарынын материалдарын дагы карайт. Кароонун жыйынтыктары боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик жөнүндө чечимдер кабыл алынат. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесине ылайык депутаттарды шайлоонун натыйжалары ар бир жергиликтүү кеңеш боюнча АШК тарабынан добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 2-майына чейин) аныкталат. АШК чечимдери үч күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына, ал эми БШК чечимдери – сотко даттанылышы мүмкүн. Маалымат үчүн: “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын шайлоо участкасында төмөндөгүлөр боюнча жараксыз деп табат: - эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар орун алса; - эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында эреже бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир этсе; - Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча; Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүнүн тартибин бузуу менен байланышкан, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген жоболорду бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар деп түшүнүлөт. Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн же добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жүрүшүндө шайлоочулар өз эрк-ниетин билдиришине таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандар шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан жоболорду бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетине таасир эткен эреже бузуулар деп түшүнүлөт.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
БШК добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго байланыштуу маалымат берет
12.04.2021

БШК добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго байланыштуу маалымат берет

Мүмкүн болгон бузуулар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жалган маалымат таратылгандыгына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү билдирет: “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 35-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 36-беренесине ылайык: Добуш берүүнүн жыйынтыктары угуза окулгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол, шайлоочуларды идентификациялоо жөнүндө баштапкы, жыйынтыктоочу чектер Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине (сайтына эмес) автоматтык эсептөөчү урналар аркылуу сканерлөө жолу менен жөнөтүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине келип түшкөн, сканерленген документтер протоколду толтуруунун тууралыгына шайкештиги текшерилгенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөрүн, ошондой эле эки шайлоо өнөктүгү (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум) өткөрүлүп жаткандыгын эске алып, ар бир шайлоо округу боюнча протоколду толтуруунун тууралыгын текшерүү белгилүү бир убакытты алат. Азыркы учурда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун, шайлоочуларды идентификациялоо жөнүндө баштапкы, жыйынтыктоочу чектердин жана автоматтык эсептөөчү урналардын сканерленген версияларынын 50%дан ашыгы жарыяланды. Аталган документтер толтуруунун тууралыгына шайкештиги текшерилгенине жараша http://protocol.shailoo.gov.kg/ веб-ресурсунда жарыяланууда.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары А.Бекматов Өзбекстан Республикасынын БШК делегациясы менен жолукту
12.04.2021

КР БШК төрагасынын орун басары А.Бекматов Өзбекстан Республикасынын БШК делегациясы менен жолукту

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумдун жыйынтыктарын талкуулашты. Кыргызстандын БШК төрагасынын орун басары А.Бекматов өткөн шайлоодо жана референдумда эл аралык байкоого катышкандыгы үчүн өзбек кесиптештерине ыраазычылык билдирди жана учурда аймактык шайлоо комиссиялары участоктук шайлоо комиссияларынын протоколдорун иштеп чыгып жатканы жөнүндө маалымат берди. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум боюнча тиешелүү чечимдерди чыгарат. Өзбекстандын БШК төрагасынын орун басары Б.Кучкаров төмөн турган шайлоо комиссияларынын жогорку даярдыгын жана кесипкөй ишин белгилеп, шайлоонун жана референдумдун ийгиликтүү өткөрүлгөндүгү менен куттуктады. Өзбекстан Республикасынын БШК өкүлдөрү төмөн турган шайлоо комиссияларынын дараметин жогорулатууда, Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүүдө, ошондой эле шайлоо процессинде алдыңкы технологияларды пайдаланууда Кыргыз Республикасынын БШКсынын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыккандыгын билдиришти. Өзбекстан Республикасынын БШК мүчөсү О.Козихонова өткөн шайлоого аялдардын жигердүү катышуусуна жана айылдык кеңештерде аялдар үчүн орундардын 30%ын квотасын колдонууга оң баа берди. “Бул чара Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп эсептейм”, - деди О.Козихонова. Өзбекстан Республикасынын БШК мүчөсү С.Курбанкулов шайлоо процессинин катышуучуларына маалымдоо боюнча көрүлгөн чараларга жогору баа берди. “Шайлоо процессинин бардык катышуучуларына иштөө үчүн тиешелүү шарттар камсыздалган. Кыргызстандын эли өлкөнүн жаркын келечегине үмүт кылуу менен абдан маанилүү тандоо жасап, референдумга катышты”. Кыргызстандын БШКсы Өзбекстандын БШКсы менен достук жана кошуналык жакшы мамилелерди, ошондой эле түзүлгөн тыкыс кызматташууну жогору баалайт. Жолугушуунун соңунда тараптар бири бирине ийгиликтерди жана бакубатчылыкты каалап, эки өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн БШКлардын ортосунда мындан ары дагы жемиштүү кызматташууга ишенгендиктерин билдиришти.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Кыргызстан менен Россиянын борбордук шайлоо органдары 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» КР Мыйзам долбоору боюнча референдумда байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарын
12.04.2021

Кыргызстан менен Россиянын борбордук шайлоо органдары 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» КР Мыйзам долбоору боюнча референдумда байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарын

2021-жылдын 12-апрелинде өткөн жолугушуунун жүрүшүндө БШК төрагасынын орун басары А.Бекматов Россиянын БШК өкүлдөрүнө өнөктүккө эл аралык байкоочу катары катышканы үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиялары 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгын чыгарары, анын негизинде КР БШК тиешелүү чечим чыгарары жөнүндө маалымат берди. Россиянын БШК мүчөсү А.Лопатин шайлоо жана референдум мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы кабыл алган эл аралык милдеттенмелерге ылайык өткөрүлдү деген эл аралык байкоо жүргүзүү миссияларынын пикирине кошуларын белгиледи. “Биз шайлоо участокторунун ачылышына жана жабылышына катыштык, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүздүк, кандайдыр бир бузууларды тапкан жокпуз. Добуш берүү процессинде келип чыккан ар кандай техникалык милдеттер ыкчам чечилип, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жыйынтыгына таасир эткен жок”, - деди ал. Кыргызстандын борбордук шайлоо комиссиясы Россия Федерациясынын БШКсы менен тузүлгөн натыйжалуу кызматташууну жана достук мамилелерди баалайт. А.Бекматов Россиянын БШКсына жана жеке анын төрагасы Э.Памфиловага Россия Федерациясында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууга натыйжалуу көмөктөшкөндүгү үчүн дагы ыраазычылык билдирди. 2021-жылы 10-январда өткөрүлгөн Президентти мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун жана 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумдун жүрүшүндө Россиянын аймагында 15 шайлоо участогу, анын ичинде 5өө Москвада ачылды. Шайлоо процессинде маалыматтык технологияларды пайдаланууну өркүндөтүү максатында А.Бекматов Россия Федерациясынын БШКсынын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыккандыгын билдирди. Тараптар эки өлкөнүн шайлоо процессинде техникалык жактан жабдууну жакшыртууда тажрыйба алмашууну пландоону белгилешти.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Саат 18.00гө карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга шайлоочулардын катышуусу
11.04.2021

Саат 18.00гө карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга шайлоочулардын катышуусу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо жана референдумда саат 18.00гө карата добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымдайт. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо үчүн: Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын саны - 1 024 891 шайлоочу же 30,89%. Алардан: Шааркеңешке шайлоого - 303 176 шайлоочу же 29,89%. Айылдык кеңешке шайлоого - 721 715 шайлоочу же 31,81%.  Кыргыз Республикасынын референдумунда: Жалпы добуш берүүгө 1 061 591 катышуучу же 29,44% катышты. Алардан: Бишкек шаары - референдумдун 102 258 катышуучусу же 24,30%, Ош шаары - 58 138 референдумдун катышуучусу же 38,26%, Жалал-Абад облусу - 218 847 референдумдун катышуучусу же 32,52%, Ысык-Көл облусу - 90 611 референдумдун катышуучусу же 29,15%, Нарын облусу - 70 396 референдумдун катышуучусу же 34,47%, Ош облусу - 226 553 референдумдун катышуучусу же 31.03%, Талас облусу - 226 553 референдумдун катышуучусу же 34,62%, Чүй облусу - 153 697 референдумдун катышуучусу же 25,75%, Баткен облусу - 83 454 референдумдун катышуучусу же 27,77%, Чет өлкөлөрдө 2411 адам (4,11%) добуш берди. КР БШК Маалымат бөлүмү      
Кененирээк билүү >>
Саат 16.00дө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга шайлоочулардын катышуусу
11.04.2021

Саат 16.00дө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумга шайлоочулардын катышуусу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо жана референдумда добуш берүүнүн жүрүшү жөнүндө саат 16.00гө карата кандай болгонун маалымдайт. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо үчүн: Жалпы шайлоочулардын саны 856 404 шайлоочу же 25,81%. Алардан: Шааркенешке шайлоо - 856 404 шайлоочу же 24,27%. Айылдык кеңешке шайлоо - 601 672 шайлоочу же 26,52%. Шаарлар боюнча шайлоочулардын катышуусу төмөнкүдөй: Биринчи орунду Сүлүктү шаары ээлейт - 22,82%, Ош шаары - 18,6% жана Кайыңды - 16,5%. Бишкек шаары республика боюнча активдүүлүгу эң аз бойдон калууда - 9,7%. Кыргыз Республикасынын референдумунда: Жалпы референдумдун 888 331 катышуучусу же 24,63% катышты. Алардан: Бишкек шаары - 85 847 референдумдун катышуучусу же 20,40%, Ош шаары - 49 716 референдумдун катышуучусу же 32,72%, Жалал-Абад облусу - референдумда 182 562 катышуучу же 27,13%, Ысык-Көл облусу - 75 361 референдумдун катышуучусу же 24,24%, Нарын облусу - 59 923 референдумдун катышуучусу же 29,34%, Ош облусу - 189 399 референдумдун катышуучусу же 25,94%, Талас облусу - 45 476 референдумдун катышуучусу же 28,51%, Чүй облусу - 124 661 референдумдун катышуучусу же 20,89%, Баткен облусу - 73 477 референдумдун катышуучусу же 24,45%, Чет өлкөлөрдө 1 909 адам (3,26%) добуш берди.   КР БШК Маалымат бөлүмү           
Кененирээк билүү >>
1 … 233 235 … 484