Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР БШКнын Балыкчы жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлү Омуралиев Бактыбек Касымовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын билдирет.
Биз орду толгус жоготуу кайгысын тең бөлүшүп, маркумдун үй-бүлөсүнө, туугундарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты
14-Апр, 2021