Башкы Жаңылыктар Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин миссиясынын билдирүүсү: Шайлоо …

Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин миссиясынын билдирүүсү: Шайлоо жана референдум улуттук мыйзамдарга ылайык ачык, айкын жана кесипкөй өттү

14-Апр, 2021

Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин миссиясынын билдирүүсү: Шайлоо жана референдум улуттук мыйзамдарга ылайык ачык, айкын жана кесипкөй өттү

 

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумга байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин (ТТМКК) байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиясынын билдирүүсү.

ТТМККнын байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиясына ТТМККнын Башкы катчысынын орун басары Кожаман Омер мырза (Түркия) башчылык кылды.

 

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиясы

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум

2021-жылдын 11-апрели

 

БИЛДИРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин миссиясы (мындан ары – Миссия) 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумга (мындан ары – Референдум жана шайлоо) байкоо жүргүздү.

Миссиянын курамына Азербайжан менен Өзбекстандын борбордук шайлоо комиссияларынын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүдө бай тажрыйбасы бар эксперттери, Түркиядан дипломаттар, ошондой эле Түрк кеңешинин катчылыгынын кызмат адамдары киришти.

Миссия өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиялардын жалпы таанылган эрежелерине ылайык жүргүздү.

Референдумдун жана шайлоонун алдындагы процесске байкоо жүргүзүү алкагында Миссия Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (КР БШК) Төрагасы Шайлдабекова Нуржан айым менен жолугушуу өткөрдү, ал Миссиянын мүчөлөрүнө референдумга жана шайлоого даярдык тууралуу маалымат берди.

Миссия шайлоо иыйзамдарын бузууларга карата чара көрүүнүн туруктуу тутумун түзүү, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуунун жаңы алгоритмдерин колдонуу боюнча Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын күч-аракеттерин кубаттайт. Миссия жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аялдардын жергиликтүү кеңештерде өкүлчүлүгүн камсыздоо үчүн 30%дык гендерлик квотаны киргизген шайлоо иыйзамдарына жакында киргизилген өзгөртүүлөрдү дагы жогору баалайт.

Миссия ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Мадмаров Азизбек мырза менен жолугушту, ал Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин референдумга жана шайлоого карата даярдоо боюнча Тышкы иштер министрлиги жүргүзүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Миссия өлкөнүн аймагынан тышкары жашаган Кыргызстандын жарандарынын учурдагы COVID- 19 пандемиясынын убагында добуш берүү процессине кыйла кеңири катышуусун камсыздоо үчүн 28 дипломатиялык өкүлчүлүктө жана консулдук мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жайгашкан башка өкүлчүлүктөрүндө 48 шайлоо участогу ачылгандыгын белгиледи.

Референдум жана шайлоо күнүндө Миссия Бишкектеги 21 шайлоо участогунда добуш берүү тартибине байкоо жүргүздү. Шайлоо участоктору добуш берүү үчүн автоматтык эсептөөчү урналар менен жабдылган, бул шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоону тездетүүгө жана добуштарды автоматтык түрдө эсептөөгө мүмкүнчүлүк түздү. Миссия Кыргыз Республикасында шайлоону уюштурууну жакшыртуу үчүн заманбап технологияларды пайдаланууну кубаттайт, шайлоодо айрым кыянат пайдаланууларды жана алдамчылыкты четтетүүдө ал технологиялардын чечүүчү салымын эске алганда бул тажрыйба башка өлкөлөрдө дагы алдыңкы практика катары колдонулушу мүмкүн.

Референдум жана шайлоо жол-жоболору жөнүндө керектүү маалыматтар жана материалдар шайлоо участогунун ичинде берилди. Участоктук шайлоо комиссиялары Миссиянын аракеттери жайылтылган бардык участоктордо эл аралык жана жергиликтүү байкоочуларга жигердүү байкоо жүргүзүү үчүн толук жеткиликтүү болду.

Добуш берүү тынч өттү. Администрациялык жана укук коргоо органдарынын шайлоо комиссияларынын ишине мыйзамсыз кийлигишкен учурлар катталган жок. Эркин добуш берүү жолунда кандайдыр бир тоскоолдуктар байкалган жок.

Ошону менен бирге пандемияга байланыштуу көрүлгөн чараларга ылайык добуш берүү үчүн кабиналарда көшөгө же эшик орнотулган эмес. COVID-19 пандемиясына байланыштуу шайлоо участокторунда CECR зарыл санитардык чаралар көрүлгөнүн Миссия белгиледи.

Миссия улуттук жана эл аралык жана байкоочулардын жигердүү катышкандыгына күбө болду, бул шайлоонун айкындуулугун жана коом алдындагы отчёттуулугун арттырды.

Миссия референдумдун жана шайлоонун натыйжаларына таасир этүүчү олуттуу техникалык проблемалардын болбогондугун белгиледи. Ошондой эле шайлоо участокторунда коомдук тартип камсыздалганын белгилөө керек. Референдумдун жана шайлоонун жүрүшүндө пропагандалык материалдар, кайсыл бир саясий топ тараптан мажбурлоо, добуш берүү үчүн бюллетендерди сыртка чыгаруу байкалган жок.

Шайлоо участоктору ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн негизинен жеткиликтүү болду. Азиз шайлоочулар үчүн Брайль арибинин шаблондору жана добуш берүүчү участоктон добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулар үчүн көчмө урналар пайдаланылды. Ошол эле учурда бардык шайлоо участокторун Pandus тутуму менен жабдуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн атайын кабиналардын жасалгаланганы акыл-эстүү кадам болду.

Миссия ошондой эле эгерде саясатчылар кыргыз коомунун шайлоодогу жигердүүлүгүн арттырууга жана шайлоо процесси тууралуу кабардар болуусун жогорулатууга багытталган зарыл чараларды көрсө, калктын саясий өкүлчүлүгүн күчөтүүгө олуттуу салым кошулат эле деп эсептейт.

Мындан тышкары, добуш берүү күнүнүн аягында Миссия шайлоо участокторунун биринде добуштарды саноо процессине байкоо жүргүздү. Добуштарды саноо шайлоо комиссиялары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык жүргүзүлдү.

Миссия референдум жана шайлоо боюнча өзүнүн берген баасын жана сунуштарын мүчө-мамлекеттер жана тиешелүү эл аралык уюмдар менен бөлүшөт.

Жыйынтыктаганда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана демократиялык шайлоолордун жалпы кабыл алынган эл аралык стандарттарына ылайык ачык-айкын жана кесипкөй өткөндүгүн ырастайт

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>