Башкы Жаңылыктар Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин миссиясынын билдирүүсү: Шайлоо …

Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин миссиясынын билдирүүсү: Шайлоо жана референдум улуттук мыйзамдарга ылайык ачык, айкын жана кесипкөй өттү

14-Апр, 2021

2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана  «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумга байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин (ТТМКК) байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиясынын билдирүүсү.

ТТМККнын байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиясына  ТТМККнын Башкы катчысынын орун басары Кожаман Омер мырза (Түркия) башчылык кылды.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиясы

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана  «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум

2021-жылдын 11-апрели

БИЛДИРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин миссиясы (мындан ары – Миссия) 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана  «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумга (мындан ары – Референдум жана шайлоо)  байкоо жүргүздү.

Миссиянын курамына Азербайжан менен Өзбекстандын борбордук шайлоо комиссияларынын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүдө бай тажрыйбасы бар эксперттери, Түркиядан дипломаттар, ошондой эле Түрк кеңешинин катчылыгынын кызмат адамдары киришти.

Миссия өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык миссиялардын жалпы таанылган эрежелерине ылайык жүргүздү.

Референдумдун жана шайлоонун алдындагы процесске байкоо жүргүзүү алкагында Миссия Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (КР БШК) Төрагасы Шайлдабекова Нуржан айым менен жолугушуу өткөрдү, ал Миссиянын мүчөлөрүнө референдумга жана шайлоого даярдык тууралуу маалымат берди.

Миссия шайлоо иыйзамдарын бузууларга карата чара көрүүнүн туруктуу тутумун түзүү,  ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуунун жаңы алгоритмдерин колдонуу боюнча Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын күч-аракеттерин кубаттайт. Миссия жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аялдардын жергиликтүү кеңештерде өкүлчүлүгүн камсыздоо үчүн 30%дык гендерлик квотаны киргизген шайлоо иыйзамдарына жакында киргизилген өзгөртүүлөрдү дагы жогору баалайт.

Миссия ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Мадмаров Азизбек мырза менен жолугушту, ал Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин референдумга жана шайлоого карата даярдоо боюнча Тышкы иштер министрлиги жүргүзүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Миссия өлкөнүн аймагынан тышкары жашаган Кыргызстандын жарандарынын учурдагы COVID- 19 пандемиясынын убагында добуш берүү процессине кыйла кеңири катышуусун камсыздоо үчүн 28 дипломатиялык өкүлчүлүктө жана консулдук мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жайгашкан башка өкүлчүлүктөрүндө 48 шайлоо участогу ачылгандыгын белгиледи.

Референдум жана шайлоо күнүндө Миссия Бишкектеги 21 шайлоо участогунда добуш берүү тартибине байкоо жүргүздү. Шайлоо участоктору добуш берүү үчүн автоматтык эсептөөчү урналар менен жабдылган, бул шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоону тездетүүгө жана добуштарды автоматтык түрдө эсептөөгө мүмкүнчүлүк түздү. Миссия Кыргыз Республикасында шайлоону уюштурууну жакшыртуу үчүн заманбап технологияларды пайдаланууну кубаттайт, шайлоодо айрым кыянат пайдаланууларды жана алдамчылыкты четтетүүдө ал технологиялардын чечүүчү салымын эске алганда бул тажрыйба башка өлкөлөрдө дагы алдыңкы практика катары колдонулушу мүмкүн.

Референдум жана шайлоо жол-жоболору жөнүндө керектүү маалыматтар жана материалдар шайлоо участогунун ичинде берилди. Участоктук шайлоо комиссиялары Миссиянын аракеттери жайылтылган бардык участоктордо эл аралык жана жергиликтүү байкоочуларга жигердүү байкоо жүргүзүү үчүн толук жеткиликтүү болду.

Добуш  берүү тынч өттү. Администрациялык жана укук коргоо органдарынын шайлоо комиссияларынын ишине мыйзамсыз кийлигишкен учурлар катталган жок. Эркин добуш  берүү жолунда кандайдыр бир тоскоолдуктар байкалган жок.

Ошону менен бирге пандемияга байланыштуу көрүлгөн чараларга ылайык добуш  берүү үчүн кабиналарда көшөгө же эшик орнотулган эмес. COVID-19 пандемиясына байланыштуу шайлоо участокторунда CECR зарыл санитардык чаралар көрүлгөнүн Миссия белгиледи.

Миссия улуттук жана эл аралык жана байкоочулардын жигердүү катышкандыгына күбө болду, бул шайлоонун айкындуулугун жана коом алдындагы отчёттуулугун арттырды.

Миссия референдумдун жана шайлоонун натыйжаларына таасир этүүчү олуттуу техникалык проблемалардын  болбогондугун белгиледи. Ошондой эле шайлоо участокторунда коомдук тартип камсыздалганын белгилөө керек. Референдумдун жана шайлоонун жүрүшүндө пропагандалык материалдар, кайсыл бир саясий топ тараптан мажбурлоо, добуш  берүү үчүн бюллетендерди сыртка чыгаруу байкалган жок.

Шайлоо участоктору ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн негизинен жеткиликтүү болду. Азиз шайлоочулар үчүн Брайль арибинин шаблондору жана добуш  берүүчү участоктон добуш  берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулар үчүн көчмө урналар пайдаланылды. Ошол эле учурда бардык шайлоо участокторун Pandus тутуму менен жабдуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын  добуш  берүүсү үчүн атайын кабиналардын жасалгаланганы акыл-эстүү кадам болду.

Миссия ошондой эле эгерде саясатчылар кыргыз коомунун шайлоодогу жигердүүлүгүн арттырууга жана шайлоо процесси тууралуу кабардар болуусун жогорулатууга багытталган зарыл чараларды көрсө, калктын саясий өкүлчүлүгүн күчөтүүгө олуттуу салым кошулат эле деп эсептейт.

Мындан тышкары, добуш  берүү күнүнүн аягында Миссия шайлоо участокторунун биринде добуштарды саноо процессине байкоо жүргүздү. Добуштарды саноо шайлоо комиссиялары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык  жүргүзүлдү.

Миссия референдум жана шайлоо боюнча өзүнүн берген баасын жана сунуштарын мүчө-мамлекеттер жана тиешелүү эл аралык уюмдар менен бөлүшөт.

Жыйынтыктаганда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешинин шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана  Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана демократиялык шайлоолордун жалпы кабыл алынган эл аралык стандарттарына ылайык ачык-айкын жана кесипкөй өткөндүгүн ырастайт.

 

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>