Башкы Жаңылыктар БШК аял талапкерлердин жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга мыйзамдуу …

БШК аял талапкерлердин жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга мыйзамдуу укуктарын ишке ашырууга тоскоолдук кылууга жол берилбестиги жөнүндө кайрылат

13-Апр, 2021

(Сокулук районунун Орок айылында болгон окуяга байланыштуу аялдар үчүн мандаттарды резервге калтыруу маселесине карата)

КР БШКнын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу (ЫЧКТ) айылдык кеңештерде аялдар үчүн мандаттарды резервге калтыруу маселесинин айланасында Сокулук районунун Орок айылында болгон окуяга байланыштуу чаралар жөнүндө билдирет.

ЫЧКТ ЖМКда таратылган видеоматериал боюнча Б.Исланбекованын кайрылуусун алды, анда төмөнкүдөй баяндалат:

- 2021-жылдын 11-апрелинде добуш берүү аяктагандан кийин Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылдык кеңешине (№7406 УШК) депутаттыкка айрым талапкер-эркектер  округда аялдар үчүн мандаттарды резервге калтырууга байланыштуу талапкер аялдарга ачууланып, алардан шайлануу ниетинен баш тартууну талап кылышкан.

Бул факт 2021-жылдын 12-апрелинде ЖУИ-№02-009-2021-002163 менен катталган. Сокулук РИИБдин документтештирүү тобу окуя болгон жерге – №7406 УШКга ыкчам жетип барган.

РИИБдин документтештирүү тобу ал жерде окуянын катышуучуларын сурамжылап, түшүнүк каттарды алган. Шайлоо комиссиясынын төрагасы менен биргеликте чогулган тургундардын арасында мыйзам ченемдери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Тергөө иш-чаралары улантылууда.

Маалымат үчүн:

Сокулук районунун Орок айылдык кеңеши боюнча жалпы саны 21 мандатка 4 шайлоо округу түзүлгөн.

Ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн мандаттардын 30%ынан аз эмеси резервде калтырылды:

№1 округда – 5 мандаттан 2 мандат;

№2 округда – 5 мандаттан 2 мандат;

№3 округда – 4 мандаттан 2 мандат;

№1 округда– 7 мандаттан 3 мандат.

Мында Сокулук районунун Орок айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо 67 талапкер катталган, анын 24ү – аялдар.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын БШКсы эскертет: ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн мандаттардын 30%ынан аз эмесин резервге калтыруу Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу алкагында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 117 Мыйзамы менен киргизилген.

Аялдар калктын 52%ын түзгөндүгүнө карабастан, алардын шайланма органдардагы өкүлчүлүгү айылдык кеңештердин деңгээлинде жалпы депутаттардын санынын 9 %ын гана түзөт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасында тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо боюнча мамлекеттин конституциялык милдеттенмелеринин алкагында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аялдардын өкүлчүлүгү үчүн шарттарды түзүү, алардын жергиликтүү деңгээлде  башкарууга катышуусу үчүн айылдык кеңештерде ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн мандаттардын 30%ынан аз эмесин резервге калтыруу боюнча атайын мыйзам чаралары кабыл алынган.

2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоодо квота алгач ирет иш жүзүндө бүт өлкө боюнча кеңири ишке ашырылууда.

420 айылдык кеңешке 7 560 депутат шайланууда, округдарда аялдар үчүн 2943  мандат резервге калтырылган.

Шайлоого катышуу үчүн 18 772 талапкер катталды, анын ичинде 5300 талапкер – аялдар.

Учурда аймактык шайлоо комиссияларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана округдарда жана жалпысынан кеңештерде шайлоонун натыйжаларын аныктоо процесси жүрүүдө.

Шайлоо комиссиялары шайланган талапкер аялдарды шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык каттоону кмсыздашат.

Маалымат үчүн:

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 59-1-беренесине ылайык ар бир шайлоо округу боюнча резервге калтырылган мандаттардын саны шайлоо округдары жана участоктору жөнүндө маалымат менен бир убакта жарыяланат.

Шайлоо округдарында резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округундагы  мандаттардын жалпы санына жараша болот:

1) 2, 3 мандаттуу шайлоо округдарында 1 мандат резервде калтырылат;

2) 4,5,6 мандаттуу шайлоо округдарында 2 мандат резервде калтырылат;

3) 7,8,9,10 мандаттуу шайлоо округдарында  3 мандат резервде калтырылат;

4)11,12,13 мандаттуу шайлоо округдарында  4 мандат резервде калтырылат;

5) 14,15,16 мандаттуу шайлоо округдарында  5 мандат резервде калтырылат.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 62-беренесине ылайык айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо ушул Мыйзамдын 59-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык резервге калтырылган мандаттар талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт.

Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат.

Резервге калтырылган мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар калган талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт. Добуш берүүгө катышкан тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларынын көбүрөөк добуштарынын санына ээ болгон талапкерлер (мандаттардын санына ылайык) шайланган болуп таанылат.

 

КР БШК

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

1.        Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Алимбаев Е. А. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө ‎” токтом долбоору жөнүндө                                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы      4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                             5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                                    6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2027-жылдын 27-январына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                                Баяндамачы: Алымбаев Р. А. - маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы      ТӨРАГА                 
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>