Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШК КР ЖК  депутаты Жумалиев Кубанычбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
21.04.2021

БШК КР ЖК  депутаты Жумалиев Кубанычбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 21- апрелиндеги өз жыйналышында “Бир Бол”парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жумалиев Кубанычбек Мырзабековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Токтом «Бир Бол» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жумалиев Кубанычбек Мырзабековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жумалиев Кубанычбек Мырзабековичтин күбөлүгү анык эмес деп табылды. КР БШК Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 21-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
21.04.2021

2021–ж. 21-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

    Өткөрүү датасы: 21 апрель 2021-ж. Убактысы: 11:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К. М. Жумалиевтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Токмок жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. А.Т. Карымшаковдун арызы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 5. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жаз айылдык кеңешинин Боз-Булун айылынын жашоочуларынын кайрылуусу жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 6. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кабак айылында жашаган Жети-Өгүз айылдык кеңешинин №3 шайлоо округунун депутаттыгына талапкерлер Б. Асанов, А. Бегалиев ж.б. даттануусу жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү) 7. Ар кандай маселелер  
Кененирээк билүү >>
Ноокат, Кара-Суу, Ноокен жана Өзгөн АШКнын айрым шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноо жүргүзүлдү
20.04.2021

Ноокат, Кара-Суу, Ноокен жана Өзгөн АШКнын айрым шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноо жүргүзүлдү

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына Кыргыз Ата айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Алиев А., Мамасалиева Н., Боркошов М., Зулпуев Р., Эркебаев Б., Кыпчакова А., Ташбаева Ж., Матраимова А., Жайлообаевалардан №5382-участкалык шайлоо комиссиясындагы добуштарды кайра саноо жөнүндө арыздар келип түшкөн. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Ноокат АШКсы №5382-шайлоо участкасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсүнүн, АШКнын, УШКнын өкүлдөрү, талапкерлер жана арыз берүүчүлөрдүн  катышуусунда добуштарды кайра эсептөө чечимин кабыл алды. №5382-УШКдагы добуштарды кайра саноонун натыйжасында жараксыз 20 бюллетендин ичинен 6 бюллетень жарактуу деп табылды, кайра саноонун жыйынтыгы боюнча добуштар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: Абдикеримов М. – 455 Адинаев М. – 133 Акимов С. – 70 Алибаев К. – 310 Алиев А. – 298 Анарбаева У. – 167 Боркошов М. – 263 Жайлобаев М. -272 Зулпуев Р. – 231 Каримова Г. – 218 Келдибек уулу Б. – 303 Кыпчакова А. – 123 Мамасалыев Н. – 206 Матраимов А. – 203 Ташалиева С. – 266 Ташбаев мЖ. – 164 Эркебаев Б. – 235 Эсенали уулу У. – 311 Бардыгына каршы - 0 Ошол эле учурда добуштарды кайталап саноонун натыйжасы, добуштарды алгачкы саноого ылайык шайланган депутаттардын тизмесине таасирин тийгизген жок. Ошондой эле Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерден №5047-участкалык шайлоо комиссиясындагы добуштарды кайра саноо жөнүндө арыздар келип түшкөн. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Өзгөн АШКсы №5047-шайлоо участкасында добуштарды Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн, АШКнын, УШКнын, талапкерлердин жана арыз берүүчүлөрдүн катышуусунда кайра санап чыгуу чечимин кабыл алды. №5047-УШКдагы добуштарды кайра саноонун натыйжасында жараксыз 17 бюллетендин ичинен 5 бюллетень жарактуу деп табылды. Добуштарды кайра саноого ылайык, жарактуу деп табылган 5 бюллетенди эске алуу менен, кайра саноонун жыйынтыгы боюнча шайлоочулардын добуштары төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:  1. Абдуллаева Г. – 204 2. Абдразаков А. – 152 3. Азизбек уулу З. – 96 4. Айтимбетова Э. – 139 5. Ашимов О. – 102 6. Ашимов Б. – 154 7. Ашимова А. – 137 8. Бекташов А. – 201 9. Жолдошов А.  – 119 10. Маматалиев И. – 86 11. Матмунсаев М.  – 40 12. Мисиралиев О. – 111 13 Сатыбаев Р. – 178 14. Суранбаев Ж. – 124 15. Шаамшиев А. – 115 16. Эгемкулова З. – 74 17. Бардыгына каршы– 0  Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына Папан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Бактыбаев К.К.дан арыз келип түшүп, ал №5261-участкалык шайлоо комиссиясындагы добуштарды кайра эсептөө жөнүндө суранган. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Кара-Суу АШКсы №5261-шайлоо участкасында Борбордук комиссиянын мүчөсүнүн, АШКнын, УШКнын, талапкерлердин жана арыз берүүчүлөрдүн катышуусунда добуштарды кайра санап чыгуу чечимин кабыл алды.  №5261-УШКдагы добуштарды кайталап саноонун натыйжасында, буга чейин жараксыз деп табылган 1 (бир) бюллетень, комиссиянын чечими менен жарактуу деп табылды, буга байланыштуу Папан айылдык кеңешине депутаттыкка талапкерлердин К.Бактыбаев, Н.Сайдазим уулу, Р.Кожобаева, Эсенбаева М., Аттокурова К. добуштарынын саны 1 (бир) добушка көбөйдү. Ошол эле учурда добуштарды кайталап саноонун натыйжасы, добуштарды алгачкы саноого ылайык шайланган депутаттардын тизмесине таасирин тийгизген жок. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Н.Айдаралиев, З.Арстанбеков, К.Каратаевден №2401-участкалык шайлоо комиссиясындагы добуштарды кайра саноо боюнча арыз келип түшкөн. №2401-УШКдагы добуштарды кайра саноонун жыйынтыктары боюнча, добуштар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:  Айдаралиев Нажимидин Макамбаевичч - 168 Арстанбеков Зайырбек Советбекович - 275 Ахмедов Кенжебек Абдивалиевич - 162 Бекмурат уулу Жылдызбек - 11 Ибрайимова Анаркан Абакуловна - 65 Карабекова Эльнура Талайбековна - 18 Каратаев Калдарбек Эшбаевич  - 132 Кыдыров Аширбек Омурзакович - 88 Матиев Равшан Махаматумарович - 91 Молдокеримова Бермет Абдибаитовна - 197 Наркулова Жазгүл Шахабидиновна - 185 Сейталиев Расулбек Азалиевич - 145 Усен уулу Чыңгыз - 142 Шайдуллаев Талантбек Бегимкулович - 95 Бардыгына каршы - 0 Добуштарды кайталап саноонун натыйжалары боюнча №2401-УШКда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго өзгөртүүлөр киргизилген. КР БШК Маалыматтык бөлүмү     
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШКсы "Улуу Журт", "Айкөл Кыргызстан", "Улутман", "Бүтүн Кыргызстан", "Бийлик элге", "Кыргызстан коммунисттер партиясы", "Кыргызстандын Демократиялык Кыймылы партиясы" жана “Кыргызстандын Жашылдар партиясы” с/п билдирүүлөрү боюнча түшүндүрмө берет
20.04.2021

Бишкек АШКсы "Улуу Журт", "Айкөл Кыргызстан", "Улутман", "Бүтүн Кыргызстан", "Бийлик элге", "Кыргызстан коммунисттер партиясы", "Кыргызстандын Демократиялык Кыймылы партиясы" жана “Кыргызстандын Жашылдар партиясы” с/п билдирүүлөрү боюнча түшүндүрмө берет

("Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясынын тизмесин каттоо маселеси боюнча) 2021-жылдын 20-апрелинде сегиз саясий партия - "Улуу Журт", "Айкөл Кыргызстан", "Улутман", "Бүтүн Кыргызстан", "Бийлик элге", "Кыргызстан коммунисттер партиясы", "Кыргызстандын Демократиялык Кыймылы партиясы» жана «Кыргызстандын Жашылдар партиясы» сегиз саясий партиялары «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга укугу жок экендигин билдиришти.  Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык, шайлоо күнүнө чейин 6 айдан ашык убакыт мурда катталган саясий партиялар жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга укуктуу. Ошентип, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 53-беренесинин 8-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп, шайлоо датасы дайындалууга 6 айдан аз убакыт ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын катталуу фактысы эсептелет.   Мыйзамдарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн саясий партияларды кайра каттоонун шарттарында кандайдыр бир чектөөлөр белгиленген эмес. Берилген далилдерге ылайык, "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы 2021-жылдын 26-февралында мамлекеттик кайра каттоодон өткөн, бул саясий партиянын алгачкы мамлекеттик каттоодон өткөн күнү 1999-жылдын 22-сентябры деп көрсөтүлгөн. 2021-жылдын 11-мартында Бишкек АШКсы №16/4 чечими менен "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттаган. Бул саясий партиянын тизмесин каттоо "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49 жана 53-беренелерине ылайык жүргүзүлгөн. 2021-жылы 7-апрелде "Айкөл Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Б. Керимбеков Бишкек АШКсына "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен кайрылып, бул саясий партия шайлоо дайындалганга чейин 6 айдан аз убакыт мурда кайрадан каттоодон өткөн, бул саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартууга негиз болот деп көрсөткөн.   8-апрелде Бишкек АШК №35/5 чечими менен Б. Керимбековдун арызын канааттандыруудан баш тарткан. 2021-жылы 10-апрелде Б. Керимбеков Бишкек АШКнын чечимине макул болбой, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-апрелиндеги №61 чечими менен "Айкөл Кыргызстан" саясий партиясынын арызынын талаптары Бишкек АШКнын чечиминин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө байланыштуу четке кагылды.     “Айкөл Кыргызстан” саясий партиясы Бишкек шаарынын Административдик Сотуна административдик доо менен кайрылган. 2021-жылдын 16-апрелинде Бишкек шаарынын Административдик Соту шайлоо комиссияларынын талашкан чечимдеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн  белгилеп, "Айкөл Кыргызстан" саясий партиясынын арызын канааттандыруудан баш тартты.            
Кененирээк билүү >>
БШК 7 шайлоо участогунда референдумдун добуштарын кайра санайт
20.04.2021

БШК 7 шайлоо участогунда референдумдун добуштарын кайра санайт

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 20-апрелдеги жыйынында Кыргыз Республикасынын референдумундагы (жалпы элдик добуш берүү) берилген добуштарды №1028,1029,1107, 1243, 1246, 1336, 1339 шайлоо участокторунда кайра саноону чечкен чечим кабыл алды. Мындай чечим КР БШКга 18-апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн чечимдин, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 36-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесине ылайык кабыл алды. КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК "Бир Бол" саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен бир талапкерди чыгарды
20.04.2021

БШК "Бир Бол" саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен бир талапкерди чыгарды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 20-апрелдеги жыйынында "Бир Бол" саясий партиясынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен Кубанычбек Тумановду чыгаруу чечимин кабыл алды. 2015-жылдын 3-сентябрындагы КР БШКнын №61 "Мамлекеттик биримдиктин жана патриотизмдин "Бир Бол" саясий партиясынан талапкер Кубанычбек Тумановду каттоо жөнүндөгү" чечими күчүн жоготтуу деп тапты. Бул чечим БШКга түшкөн Кубанычбек Тумановдун мамлекеттик биримдиктин жана патриотизмдин "Бир Бол" саясий партиясынын КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча арызына байланыштуу кабыл алынды. Арыз "КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесине ылайык канааттандырылды. КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 20-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
20.04.2021

2021–ж. 20-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 20 апрель 2021-ж. Убактысы: 14:30 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 18-апрелиндеги № 42/2 (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Туманов Кубанычбек Тумановичти чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3.Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Ак-Талаа АШК участогунда добуштары кайрадан саналды
19.04.2021

Ак-Талаа АШК участогунда добуштары кайрадан саналды

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясына Баетов айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерден №4091 участкалык шайлоо комиссиясындагы добуштарды кайра эсептөө боюнча арыз келип түшкөн. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы №4091 шайлоо участкасында добуштарды кайрадан санап чыгуу жөнүндө чечим кабыл алып, ага КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, АШКнын, УШКнын өкүлдөрү, талапкерлер жана арыз бергендер катышты. №4091 УШКдагы добуштарды кайра эсептөөнүн натыйжасында жараксыз 25 бюллетендин ичинен 6 (алты) бюллетень жарактуу деп табылды. Добуштарды саноонун жыйынтыктары боюнча шайлоочулардын добуштары төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: 1. Абышбаев Руслан Качкынбекович – 188 2. Асан уулу Нурсултан – 134  3. Аскарбеков Азамат – 180  4. Аттокуров Санжарбек Аттокурович – 81  5. Беккелдиев Эдил Мухамбетович – 206  6. Жакыпбеков Руслан Жакыпбекович – 177  7. Жолдубаев Нурбек Тилекбекович – 179  8. Камчыбеков Рысбек Турсунбекович – 207  9. Капарбек уулу Билимбек – 182  10. Капарова Айгүл – 126  11. Кубанычбеков Нурсултан Кубанычбекович – 178  12. Мадиев Ыман Жумагулович – 152  13. Мамытбекова Гүлбарчын Батырбековна – 148  14. Мундусбаева Майрамкүл Самаровна – 161  15. Осмонкулова Дамира Медетовна – 132  16. Оторова Айнуска Керимбековна – 86  17. Сапарбеков Токтосанат Сапарбекович – 87  18. Сарыков Сыймыкбек Жээнбекович – 167  19. Тиленбаева Курманжан Жумашевна – 237  20. Токтогулова Астра Бектурсуновна – 161  21. Шералиев Мирлан Кумарбекович – 169  22. Шерипбек уулу Уланбек – 138  23. Бардыгына каршы – 0. Ошол эле учурда добуштарды кайталап саноонун натыйжасы, добуштарды алгачкы саноого ылайык шайланган депутаттардын тизмесине таасирин тийгизген жок. КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
19.04.2021

-

  КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык  шайлоо комиссиясы КЭДП (НДПК) партиясын Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодон чыгарды
19.04.2021

Бишкек аймактык  шайлоо комиссиясы КЭДП (НДПК) партиясын Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодон чыгарды

2021-жылы 18-апрелде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имаратында Бишкек аймактык  шайлоо комиссиясы (Бишкек АШК) жыйналыш өткөрүп, «Клооп Медиа», «Жалпы иш» коомдук фонддорунан жана 12 саясий партиядан («Реформа», «Айкөл Кыргызстан», «Кыргызстандын коммунисттер партиясы», «Бүтүн Кыргызстан», «Улуу-Журт», «Кыргызстандын социалисттик партиясы», «Улутман», «Кыргызстандын демократиялык кыймылы», «Тынчтык», «Бийлик элге», «Ыйман Нуру», «Социал-демократтар») түшкөн даттанууларды жана арыздарды карады. Кароонун жыйынтыгы боюнча Бишкек АШК №№1028, 1029, 1107, 1243, 1246, 1336, 1339 УШКларда референдум (бүткүл элдик добуш берүү) боюнча бюллетендерди кайра саноо тууралуу, төмөнкү УШКларда добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таануу тууралуу чечимдерди кабыл алды: - №1158 УШКда – Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча; - №1343 УШКда – Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум (бүткүл элдик добуш берүү) боюнча. №№1024, 1029, 1034, 1038, 1054, 1111, 1122, 1123, 1127, 1132, 1139, 1142, 1148, 1206, 1230, 1234, 1239, 1246, 1301, 1315, 1321, 1323, 1327, 1348 шайлоо участоктору боюнча эскертүү берүү жөнүндө, №1243 жана №1333 УШКдын мүчөлөрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошондой эле КЭДП (НДПК) саясий партиясына карата Кылмыштардын жана укук бузуулардын  бирдиктүү  реестрине (КУБР) катталган УКМКнын Бишкек шаары боюнча ББнын жана  Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБдин материалдарынын негизинде Бишкек АШК КЭДП (НДПК) саясий партиясынын өкүлдөрү тарабынан добуш берүү күнү үгүт жүргүзүлгөн, шайлоочуларды сатып алган, шайлоо өнөктүгүн каржылоонун тартибин бузган түрүндө шайлоо мыйзамдарын бузуу орун алган деген тыянакка келди. Ушуга байланыштуу Бишкек АШК КЭДП (НДПК) саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө жана КЭДП (НДПК) саясий партиясы үчүн берилген шайлоочулардын добуштары менен шайлоо бюллетендерин жараксыз деп таануу тууралуу чечим кабыл алды.
Кененирээк билүү >>
2021–ж. 17-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
17.04.2021

2021–ж. 17-апрелинде өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 17 апрель 2021-ж. Убактысы: 18:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2016-жылдын 31-октябрындагы №183 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 2. Р.Т. Турксевердин арызы жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти) 3. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Некролог – Өмүралиев Бактыбек Касымович
15.04.2021

Некролог – Өмүралиев Бактыбек Касымович

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы орду толгус жоготууга учурады. 58 жашка караган курагында КР БШКнын Тоң жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлү Өмүралиев Бактыбек Касымович дүйнөдөн кайтты. Өмүралиев Бактыбек Касымович 1963-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. Бактыбек Касымович өз эмгек жолун Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Карл Маркс атындагы колхозунда курулуш бригадасынын бригадири болуп баштаган. Андан кийин Ысык-Көл облусунун Тоң районунун «Бакыт» чакан ишканасында директордун курулуш иштери боюнча орун басары болуп иштеген. 1993 – 1996-жылдары Балыкчы шаарында Ысык-Көл нефть өнүмдөр өндүрүштүк бирикмесинин оператору болуп эмгектенген. 1996-2003-жылдары Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Дыйкан чарбасынын, «Кара-Коо» агрохимтексервисинин, «Касым-Ата», «Кара-Коо» дыйкан чарбаларынын жетекчиси болуп иштеген. 2005-жылы Бактыбек Касымович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин “Ысык-Көл” биосфера аймагында инспекторлукка дайындалган. Тоң райондук кеңешинин депутаттыгына шайланган. Өмүрүнүн акыркы он жылында Бактыбек Касымович Борбордук шайлоо комиссиясынын Тоң жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларында атайын өкүл кызмат ордун ээлеп турган. Бактыбек Касымовичтин бүткүл кесиптик иши Ысык-Көл облусун өнүктүрүүгө жана анын тургандарына кызмат кылууга байланышкан. Өмүралиев Бактыбек Касымович өз ишинин кесипкөйү болгон, уюштуруучулук жакшы жөндөмдөрү бар эле, алдына коюлган милдеттерди ыкчам жана сапаттуу чече билчү. Бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, алардын орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
БШК АШКлар менен жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча методикалык иштерди жүргүзүүдө
15.04.2021

БШК АШКлар менен жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча методикалык иштерди жүргүзүүдө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары менен онлайн жыйын өттү. Жыйында жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу маселелери талкууланды.  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо участкасында добуштарды эсептейт, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Учурда участкалык шайлоо комиссиялары (УШК) тарабынан шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө аяктады.  Андан ары аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) тиешелүү аймакта (округдарда жана кеңештерде) добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат жана ар бир конкреттүү кеңеште депутаттарды шайлоонун натыйжаларын аныктайт (мандаттарды бөлүштүрүү). Ошону менен бирге шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү эреже бузуулар жөнүндө келип түшкөн даттанууларды (арыздар) карайт, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат. Ошондой эле комиссиялар мыйзам бузуулар, анын ичинде шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн жана укук коргоо жана прокуратура органдарынын компетенциясына кирген, талапкерлер жана партиялар тарабынан бузуулар тууралуу билдирүүлөрдү, арыздарды териштирүү боюнча укук коргоо органдарынын материалдарын дагы карайт. Кароонун жыйынтыктары боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик жөнүндө чечимдер кабыл алынат. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесине ылайык депутаттарды шайлоонун натыйжалары ар бир жергиликтүү кеңеш боюнча АШК тарабынан добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 2-майына чейин) аныкталат. АШК чечимдери үч күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына, ал эми БШК чечимдери – сотко даттанылышы мүмкүн. Маалымат үчүн: “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 38-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын шайлоо участкасында төмөндөгүлөр боюнча жараксыз деп табат: - эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар орун алса; - эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында эреже бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир этсе; - Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча; Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүнүн тартибин бузуу менен байланышкан, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген жоболорду бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар деп түшүнүлөт. Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн же добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жүрүшүндө шайлоочулар өз эрк-ниетин билдиришине таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандар шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан жоболорду бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетине таасир эткен эреже бузуулар деп түшүнүлөт. Жергиликтүү кеңештерде ар бир кеңеш, округ жана участок боюнча шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө алдын ала маалыматтарды БШКнын сайтынан ссылке https://newess.shailoo.gov.kg/ru/election/11103/info шилтемеси боюнча конкреттүү кеңешти тандап, көрсө болот. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК гендердик квотаны ишке ашыруунун тартиби жөнүндө түшүндүрмө берет
15.04.2021

БШК гендердик квотаны ишке ашыруунун тартиби жөнүндө түшүндүрмө берет

Кыргыз Республикасынын БШКсы маалымдайт: ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн мандаттардын 30%ынан аз эмесин резервге калтыруу Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу алкагында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 117 Мыйзамы менен киргизилген. Аялдар калктын 52%ын түзгөндүгүнө карабастан, алардын шайланма органдардагы өкүлчүлүгү айылдык кеңештердин деңгээлинде жалпы депутаттардын санынын 9 %ын гана түзөт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасында тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо боюнча мамлекеттин конституциялык милдеттенмелеринин алкагында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аялдардын өкүлчүлүгү үчүн шарттарды түзүү, алардын жергиликтүү деңгээлде башкарууга катышуусу үчүн айылдык кеңештерде ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн мандаттардын 30%ынан аз эмесин резервге калтыруу боюнча атайын мыйзам чаралары кабыл алынган. 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоодо квота алгач ирет иш жүзүндө бүт өлкө боюнча кеңири ишке ашырылууда. 420 айылдык кеңешке 7 560 депутат шайланууда, округдарда аялдар үчүн 2943 мандат резервге калтырылган. Шайлоого катышуу үчүн 18 772 талапкер катталды, анын ичинде 5300 талапкер – аялдар. Учурда аймактык шайлоо комиссияларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана округдарда жана жалпысынан кеңештерде шайлоонун натыйжаларын аныктоо процесси жүрүүдө. Шайлоо комиссиялары шайланган талапкер аялдарды шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык каттоону кмсыздашат. Маалымат үчүн: “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 59-1-беренесине ылайык ар бир шайлоо округу боюнча резервге калтырылган мандаттардын саны шайлоо округдары жана участоктору жөнүндө маалымат менен бир убакта жарыяланат. Шайлоо округдарында резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округундагы мандаттардын жалпы санына жараша болот: 1) 2, 3 мандаттуу шайлоо округдарында 1 мандат резервде калтырылат; 2) 4,5,6 мандаттуу шайлоо округдарында 2 мандат резервде калтырылат; 3) 7,8,9,10 мандаттуу шайлоо округдарында 3 мандат резервде калтырылат; 4)11,12,13 мандаттуу шайлоо округдарында 4 мандат резервде калтырылат; 5) 14,15,16 мандаттуу шайлоо округдарында 5 мандат резервде калтырылат. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 62-беренесине ылайык айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо ушул Мыйзамдын 59-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык резервге калтырылган мандаттар талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдар шайланган болуп таанылат. Резервге калтырылган мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар калган талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт. Добуш берүүгө катышкан тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларынын көбүрөөк добуштарынын санына ээ болгон талапкерлер (мандаттардын санына ылайык) шайланган болуп таанылат. Мындан мурда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "кыргыз коомунда аялдын орду терең урмат сыйга ээ, анын коомдук жана саясий турмуштагы ролу ар дайым жогору болуп келген" деп белгилегендей, ал бул квотанын ишке ашырылуусун аялдар үчүн "жергиликтүү деңгээлде саясий процесстерге бир топ таасир тийгизүүчү"   мүмкүнчүлүк деп айткан.  
Кененирээк билүү >>
-
15.04.2021

-

-
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы КР БШК аппаратынын кызматкери Үмүт Исаковага  көңүл айтат
14.04.2021

КР Борбордук шайлоо комиссиясы КР БШК аппаратынын кызматкери Үмүт Исаковага  көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты КР БШК аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти Үмүт Исакованын атасы Запар Ходжаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты
Кененирээк билүү >>
1 … 232 234 … 484