Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Кочкор айылында ОШК мүчөлөрүнө, талапкерлерге, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө шайлоо талаш-тартыштары боюнча окутуу өткөрүлдү
“2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” темасындагы тренингдердин сериясы депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн Кочкор айылында окутуу менен улантылды.
Иш-чара 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн алкагында БУУӨПтүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулду.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү тууралуу айтылды. Өзгөчө, шайлоонун инклюзивдүүлүгүнө басым жасалды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү талапкер көрсөтүлгөн учурда жана буга байланыштуу ушул конституциялык Мыйзамда каралган өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды өз алдынча жазууга, башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, бул адам башка адамдын жардамынан пайдаланууга укуктуу. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам берип жаткан адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Талапкерлерди жана саясий партияларды каттоодон баш тартуунун негиздери тууралуу айтылды. Булар: талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык зарыл болгон документтерди бербөө; көрсөтүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартибин сактабоо; талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу; талапкердин башка саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде катталуу фактысынын болушу, талапкердин бирден ашык шайлоо округунда катталган фактысынын болушу; саясий партиянын, талапкердин өз шайлоо фондун түзбөгөнү; талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү. Талапкерлердин тизмесине киргизилген айрым талапкерлерге карата "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинде каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болгону, талапкерлердин тизмесинен аларды гана чыгарып салуу үчүн негиз катары кызмат кылат.
Шайлоо фонддорунун айкындуулук компонентин изилдөөдө эгер кайрымдуулук берүүлөр кайрымдуулук берүүгө укугу жок жаран же юридикалык жак тарабынан берилген болсо (б.а. тыюу салынган болсо), ал кайрымдуулук берүүчүгө толук көлөмдө кайтарылып берилүүгө тийиш. Эгер кайрымдуулук берүүлөр жаран же юридикалык жак тарабынан чектик сумманы бузуу менен берилген болсо, анда ал кайрымдуулук берүүчүгө толук көлөмдө, же белгиленген кайрымдуулук берүүнүн максималдык өлчөмүнөн ашкан бөлүгү кайтарып берүү себептери көрсөтүлүү менен кайтарылып берилет.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына кѳрсѳтүүнү ишке ашырган телерадио уюмдарынын каналдарында ѳткѳрүлгѳн кошмо үгүт иш-чараларында (дебаттарда жана башка ошого окшош иш-чараларда) катталган талапкерлердин, анын ичинде саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлердин ѳздѳрү гана катышууга тийиш. Бул тууралуу тренингдин катышуучуларына шайлоо алдындагы өнөктүгүн окутууда айтып берилди. Катталган талапкердин же саясий партиянын ѳкүлдѳрүнүн жана колдоочу топторунун мындай иш-чарага катышуусуна жол берилбейт. Кошмо үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартканда же келбей койгондо башка учурга эфирдик убакыт берилбейт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Токмок шаарында шайлоо процесси боюнча талапкерлер, партиялар, ОШК жана банк кызматкерлери үчүн окутуу өткөрдү
Токмок шаарынын депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өклдөрү, округдук шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү, банктын кызматкерлери үчүн “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген темада тренинг өткөрүлдү.
Иш-чара 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында БУУӨПтүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулду.
КР БШК мүчөсү Акбалык Жумалиева катышуучуларга аралаш шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрү, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү тартиби, шайлоо округдарын түзүү принциптери, схемалары жана чек аралары тууралуу айтып берди. Депутаттыкка талапкерлердин документтерин берүү жана каттоого алуу тартиби тууралуу маалымат берилди, талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана органдардын тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде, менчигинин түрүнө карабастан эмгек акысынын орточо өлчөмүн мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотуп турууга милдеттүү экендиги белгиленди. Талапкерлер же болбосо алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкер, талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
Окутууда шайлоо талаш-тартыштарын жана даттануу арыздарын кароо боюнча блок камтылды. Катышуучуларга арыздарды (даттанууларды) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо мөөнөтү ал келип түшкөндөн тартып 3 күн, ал эми арыздарды (даттанууларды) кошумча кароо мөөнөтү – 5 күн, добуш берүү күндүн алдында жана добуш берүү күнү берилген даттануулар (арыздар) дароо каралары тууралуу маалымат берилди.
Окутуудагы негизги компонент катары шайлоо алдындагы үгүттөөнүн эрежелерин изилдөө, анын ичинде обо убактысын бөлүштүрүү каралды. Ошондой эле бөлүнгөн обо убактысынын жалпы көлөмүнүн кеминде жарымы талапкерлерге, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга дебаттарды жана башка ушундай үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүү үчүн гана каралат. Акысыз эфирдик убакыттын ушул үлүшүн пайдаланууга бардык талапкерлерге, саясий партияларга бирдей негиздерде жол берилүүгө тийиш.
Каржы айкындуулугун калыптандыруу максатында КР БШК бүткүл өлкөдөгү шайлоо процессинин катышуучуларына шайлоо фонддорун түзүү, каржы жоопкерчилигин жана отчеттуулугун камсыздоо эрежелерин үйрөттү. Акча каражаттары шайлоо фондунун эсебине улуттук валютада которулат. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер кошуп эсептелбейт жана төлөнбөйт. Белгиленген көлөмдөн ашыкча келип түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна чегерилүүгө жатпайт жана жарандарга жана уюмдарга кайтарылып бериле тургандыгы белгиленди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Нарын шаарынын партияларына жана талапкерлерине шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин окутушту
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Нарын шаарында “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген темада тренинг өткөрдү.
Иш-чара 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Программасынын БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн уюштурулду.
КР БШК аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги Төлөгөн Айтикеев катышуучуларга аралаш шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрүн, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдарында талапкерлерди көрсөтүү тартибин, шайлоо округдарын түзүүнүн принциптерин, схемаларын жана чек араларын түшүндүрдү.
Жогорку Кеңештин депутатынан же Президенттен, жергиликтүү кеңештин депутатынан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматкерлери; мамлекеттик, муниципалдык, мамлекеттин (муниципалдык) катышуусу 30 пайыздан ашкан үлүшкө ээ ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери саналган талапкер талапкерлиги көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотоору белгиленди.
Мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломаттык) карабастан мамлекеттик кызматчы, муниципалдык кызматчы, жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери болуп саналган талапкер талапкерлиги көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турат.
Шайлоо фонддорунун каржылык айкындуулугуна байланыштуу фонддорду түзүү тартиби, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобого ылайык берилүүчү отчёттуулук боюнча түшүндүрмө берилди.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн талапкерлер, ошондой эле бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө милдеттүү экендиги белгиленди. Талапкерлердин тизмесиндеги курамда талапкерлиги көрсөтүлгөн талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуктары жок. Саясий партиянын, талапкердин өз шайлоо фондун түзбөгөнү БШКнын талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуусу үчүн негиз болуп саналат.
Талапкерлер жана саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин, маалымдоонун үгүт жүргүзүүдөн айырмасын кунт коюп үйрөнүштү. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары каржылоону талап кылуучу шайлоо алдындагы үгүттү талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча жана алардын шайлоо фонддору гана аркылуу жүргүзүүгө укуктуу экендиги айтылды.
Үгүттөө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен, стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө, ошондой эле спорттук иш-чараларда концерттерди жана театрлаштырылган оюндарды өткөрүүнү кошпогондо, үгүттүк ачык иш-чараларды (митингдерди, чогулуштарды, теледебаттарды) өткөрүү аркылуу, конституциялык Мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде жүзөгө ашырылышы мүмкүн экендиги айтылды.
Тренингдин катышуучулары арыз берүү тартибин жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо жол-жоболорун окуп-үйрөнүштү.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жана Нарын шаарынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү шайлоонун жүрүшүндөгү мекемелер аралык мамилелерди талкууга алышты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ПРООНдун колдоосу астында, шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузууларга карата чараларды жана аракеттерди иштеп чыгуу боюнча Нарын шаарынын укук коргоо органдары үчүн тренинг өткөрдү.
Окутуу шайлоо процессинин бардык этаптарындагы бузууларга карата аракеттерде укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатуунун туруктуулугун жана системдүүлүгүн камсыздоонун алкагында өттү.
Окутуу процессине карата жаӊыча мамилени калыптандырууну эске алуу менен тренингге тергөө, сурак органдарынын тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын окуу жайларынын окутуучулары чакырылды. Окутууда укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө алдыда күтүлүүчү шайлоо процессинин, анын этаптарынын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтар берилди.
КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова көп соттуулук укук коргоо органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан бардык шайлоо субъектилери менен мамиле түзүүнүн зарылдыгын баса белгилеп кетти.
“2015-жылда болуп өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочулардын келүүсү 56%ды, 2020-жылы – 59% түзгөн. Бул жолу парламенттик шайлоого катышуучу талапкерлердин саны абдан арбын, андыктан, шайлоочулардын катышуусу мурунку шайлоолорго караганда алда канча жогору болуусу күтүлүүдө. Жекече талапкерлердин саны көп болгондугуна байланыштуу шайлоого келгендердин саны мурдагыларга салыштырмалуу көбүрөөк болушу мүмкүн.
Шайлоо процесси саясий өӊүткө ээ экендигин эстен чыгарбоо керек. Андыктан, талапкерлерге карата келип түшкөн сигналдарды кара чыгуу мөөнөтүнүн созулуп кетиши, же тескерисинче, талапкерлерге же партияларга карата ашыкча аракеттердин болуусу кагылышуулардын келип чыгуусуна себепчи болушу мүмкүн. Талапкерлердин жана партиялардын жалпы санынын эсебинен көп субъекттүүлүктүн өсүшү күтүлүүдө.
Эгер бузуулар шайлоо комиссияларынын компетенциясына кирип, бирок укук коргоо органдарынын кийлигишүүсүн талап кылса, анда укук коргоо органдарынын компетенциялары жана шайлоо комиссияларынын көмөк көрсөтүүлөрү маселеси боюнча өз ара мамилелерди ажыратып көрсөтүү зарыл. Мисалы, үгүт материалдары бузулган учурда укук коргоо органдары материалды чогултуп, айып пул салуу тууралуу чечим кабыл алуучу комиссияга жөнөтөт. Ошол эле учурда, ички иштер органдарынын жана прокуратуранын компетенцияларына тиешелүү болгон пара берүү, административдик ресурс боюнча өз ара аракеттенүүлөр ишке ашырылат. Бул өӊдүү бузуулар тууралуу чечимдерди өз учурунда алып туруу БШК үчүн абдан маанилүү, аларсыз шайлоо комиссиялары коом ичиндеги резонанстын болгондугуна карабастан, жоокерчиликке тартуу чараларын көрө алышпайт» - деп түшүндүрдү ал.
«Кыргыз Ресубликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу» КР Конституциялык мыйзамынын 5-беренесине ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда көмөк көрсөтүүгө милдеттүү: керектүү жабдууларды, унаа каражаттарын, телефону бар жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды, шайлоо документтерин сактоочу жайларды берүүгө, ошондой эле алардын сакталышын камсыздоого; тийиштүү маалыматты жана материалдарды берип турууга, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылуусуна кечиктирбестен же үч күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү, же шайлоодон кийинки күнү – дароо жооп берүүгө.
Добуш берүү күнү жана анын алдындагы күн соттор, прокуратура органдары, ички иштер органдары үчүн жумушчу күн болуп эсептелээри баса белгиленди.
Тренингде шайлоо процессинин жүрүшүндө конституциялык-укуктук жоопкерчиликке өзгөчө көӊүл бурулду. Мындай жоопкерчиликтин өзгөчөлүктөрү: жоопкерчилик шайлоо мыйзамдарынын өзүндө каралган; шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде соттон тышкаркы тартипте ишке ашырылуучу өтө көп сандагы санкциялар; санкциялар шайлоо укугунда кыска мөөнөттүү мүнөзгө ээ экендиги, б.а. шайлоо мыйзамдары боюнча мажбурлоо чаралары конкреттүү шайлоо өнөктүгү өтүп жаткан мезгилде гана колдонулаары тууралуу айтылды.
“Шайлоонун негизги максаты – бийлик органдарын легитимдештирүү. Шайлоо процессинде конституциялык-укуктук жоопкерчилик өлкөнү башкарууга абийирсиз талапкердердин барышына бөгөт коюу үчүн колдонулат. Конституциялык-укуктук жоопкерчилик менен кылмыштык жоопкерчилик чараларын колдонуу – бул кош жоопкерчилик деп эсептөө жаӊылыштык, булардын мазмуну таптакыр башка. БШК мыйзам бузуучулар менен тил табышкан шайлоо комиссияларын таркатты. Коом мындай бузууларга эми чыдабайт. Жоопкерчилик менен бузуулар ортосундагы теӊ салмактын болуусуна көӊүл буруу зарыл. Эскертүү – конституциялык-укуктук жоопкерчиликтин эӊ олуттуу түрү, бузуулар кайталанса, бул партиянын же талапкердин шайлоодон четтетилишине алып келет» - деп белгиледи КР БШК төрагасы.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штабдын көчмө жыйыны Нарын шаарында өттү
Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штаб Нарын облусунда көчмө жыйын өткөрдү.
Жыйынды штабдын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы М. Иманкулов жана штабдын тең төрагасы, КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова өткөрүштү. Жыйынга облустун жетекчилиги, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Нарын облусунун округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары катышты.
Нарын облусунда 209 101 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын ушул санынын негизинде облуста 2 бир мандаттуу округдар түзүлдү: №32 Кочкор округу (Кочкор, Ак-Талаа жана Жумгал райондору кирет), №33 Нарын шайлоо округу (Нарын шаарын, Ат-Башы жана Нарын райондорун камтыйт).
169 шайлоо участогу добуш берүү үчүн ачылды, 1969 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү даярдыктарды камсыз кылышат.
Маалымат үчүн: Нарын облусунун округдары, шайлоочулардын саны:
№32 Кочкор шайлоо округу Кочкор, Ак-Талаа жана Жумгал райондорун камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 104 250 жаран. Шайлоо участокторунун жалпы саны 87, анын ичинен 37 Кочкор районунда, 21 Ак-Талаа районунда жана 29 Жумгал районунда жайгашкан.
№33 Нарын шайлоо округуна Нарын шаары, Ат-Башы жана Нарын райондору кирет. Шайлоочулардын жалпы саны 104 851 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 82, анын ичинен 21и Нарын шаарында, 28и Ат-Башы районунда жана 33ү Нарын районунда.
М.Иманкулов Нарын облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө шайлоого даярдык көрүү боюнча шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди койду, анын ичинде шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жабдуу, үзгүлтүксүз жарык, байланыш, Интернет байланышы, суук мезгилде жылытуу, имараттарды дезинфекциялоочу чараларды көрүү жана башка уюштуруу чаралары бар. Шайлоону уюштурууга мүмкүн болгон бардык жардам менен бирге, башкаруу органдары комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол бербеши керек. Укук коргоо органдары үчүн маанилүү артыкчылыктуу милдети катары, Коопсуздук кеңешинин катчысы партиялардын жана талапкерлердин кызыкчылыгында административдик ресурсту мыйзамсыз пайдаланууга жана добуштарды сатып алууга каршы натыйжалуу чаралардын алдын алууну жана көрүүнү белгиледи.
Штабдын тең төрагасы Н. Шайлдабекова Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жол-жобосунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.
«Ар бир шайлоодо мамлекеттин негизги милдети - жарандарга пассивдүү жана активдүү шайлоо укугуна толук катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү, добуш берүү үчүн бардык шарттарды түзүү. Шайлоонун негизги критерийи - добуштардын так саналышын камтыган эркин добуш берүү шарттарын камсыз кылуу. Экинчи критерий - бул толук кандуу пассивдүү шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн бирдей шарттарды түзүү. Биздин комиссиялардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык аракеттери ушул максатка жетүүгө багытталышы керек.
Биздин президент айткандай, азыр каалаган талапкерди тандап алууга болот, анткени бир мандаттуу округдарда партия эмес, талапкер тандалат. Бул атаандаштык күчөйт дегенди билдирет, атаандаштык чыр-чатакка айланып кетеби, ал ага кылган мамилеге жараша болот. Эгерде биздин кампаниянын башынан эле үч күндүн ичинде паракорчулукка жана административдик ресурсту колдонууга каршы чечкиндүү чараларды көрсөтө алсак, бул бардык жагдайды жакшыртат. Ошондой эле жарандарга да укук коргоо органдары шайлоо кырдаалын түзө алат деген сигнал болот», - деди ал.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көңүлүн шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрүнө бурду:
шайлоонун этаптары (ар бир этапта өзүнүн башкы милдеттери), шайлоо процессинин кыска мөөнөттөрү өз убагында чараларды көрүүнү талап кылат;
шайлоо процессинин саясий мүнөзү абсолюттук калыстыкты жана саясий атаандаштыкка катышкан бардык субъекттерге бирдей мамилени талап кылат,
шайлоонун көп субъекттүүлүгү: шайлоочулар, талапкерлер, агитаторлор, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттары ж.б.у.с. ар бири түшүнүүнү жана ар бир субьекттин макамы менен укугун эске алууну талап кылат.
Демократиялык шайлоону баалоонун негизги критерийи шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын ишке ашыруунун толуктугун камсыз кылуу болгон. Маалымат берүү - эркин шайлоо өткөрүүнүн маанилүү негизи болуп саналат. Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары тарабынан шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө жана талапкерлер менен партияларга шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүүгө тийиш.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шайлоочулардын тизмесин тактоого жана жарандарга маалымат берүүгө көмөктөшүү, шайлоочулардын маалымат жана үгүт материалдары менен таанышуусу үчүн, талапкерлер жөнүндө плакаттарды ж.б. жайгаштыруу үчүн жарандарга ыңгайлуу аянттарды бөлүп берүү боюнча мыйзамдардын талаптарын аткаруу керектиги тапшырылды. Ошол эле учурда үгүт материалдары үчүн аянттар жана шайлоочуларга жолугуу үчүн имараттар бардык талапкерлерге бирдей шартта берилиши зарыл.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шайлоо укуктарын камсыз кылууну дыкат иштеп чыгуу тапшырылды. Облуста пандустарды орнотуу аркылуу жеткиликтүү кылуу зарыл болгон участоктор бар. Техникалык көзөмөл органдарына учурдагы пандустардын белгиленген стандарттарга ылайык келүүсүн көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн, ал эми прокуратура органдарына майыптар үчүн участоктордун жеткиликтүүлүгүн көзөмөлдөө милдети тапшырылды.
Ошондой эле шайлоочулардын айрым категорияларынын тизмесин - социалдык стационарларда, аскердик жана чек ара бөлүктөрүндө, убактылуу кармоочу жайларда, тергөө изоляторлорунда ж.б. жайлардан тактоону камсыз кылуу тапшырылды. Ушундай мекемелердин жетекчилерине жарандардын өз убагында биометрикалык каттоодон өтүүсүнө, паспортторду документтештирүүгө көмөктөшүүсү тапшырылды.
Ар бир округда округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларынын, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн ыкчам аракет кылуучу координациялык топторунун ишмердүүлүгү жана өз ара аракеттенүүсү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Республикалык штабдын жетекчилери ошондой эле мугалим болуп иштеген шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн келе жаткан кесиптик майрамы менен куттукташты жана шайлоону даярдоодогу жана уюштуруудагы жогорку компетенциясы, жоопкерчилиги жана патриоттуулугу үчүн мугалимдердин шайлоо комиссияларындагы эмгегине ыраазычылыктарын билдиришти.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерди, саясий партияларды колдоо үчүн үгүт иштерине билим берүү кызматкерлерин тартуунун жол берилбестиги белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине төмөнкү милдеттер жүктөлдү:
санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун алгоритмин жана коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча талаптарды ишке ашыруу боюнча:
биометрикалык каттоодон өтүү боюнча шайлоочулар арасында маалыматтык -консультациялык иштерди жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин тактоо;
тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алуу учурларында ыкчам чара көрүү, ошондой эле мыйзам бузган башка учурларда, мыйзам бузуулардын ар бир сигналы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө коомчулукка ыкчам маалымат берүү.
укук коргоо органдары тарабынан шайлоо участкаларынын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;
облустук штаб тарабынан аймактагы шайлоого даярдык боюнча жергиликтүү органдардын ишин координациялоо жана башка милдеттер.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо байкоо жүргүзөт
2021-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинен КР БШКга түшкөн билдирмесин эске алды.
БШК белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүү менен Көчөрбаева Зульфия Ирисовнаны, Исланбекова Бактыгуль Исланбековнаны, Джанаева Ольга Николаевнаны «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинин коомдук байкоочулары катары каттоону чечти.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинин 2021-жылдын 23-сентябрындагы билдирмесинин жана 2021-жылдын 28-сентябрындагы жолдомосунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Исфанада шайлоо катышуучуларына 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди
Исфана шаарында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ачык -айкындуулугу. Үгүт жана шайлоо талаштарын кароо” аталышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын 2021-жылдын 28-ноябрында дайындалган шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү алкагында, ПРООНдун колдоосу менен бүткүл өлкө боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулган тренинг болуп өттү.
Тренингге депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери катышты.
Окутуу документтерди тапшыруу жана талапкерлерди каттоо тартибин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин түшүндүргөн блоктон башталды. КР БШКнын шайлоо процессин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев катышуучуларга аралаш шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрүн, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү тартибин, шайлоо округдарынын түзүлүшү, схемасы жана чектеринин принциптерин түшүндүрүп берди. Шайлоо комиссияларына тапшырыла турган документтерди добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирилбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18: 00гө чейин (2021-жылдын 18-октябры (кошо алганда))берүү боюнча түшүндүрмө берилди.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерди көрсөтүү тартибинин "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын талаптарына шайкеш келишин текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттайт же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат.
Көрсөтүлгөн текшерүү "Түндүк" электрондук мекемелер аралык өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен да жүргүзүлөт.
Ошол эле учурда, эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топ эгер талапкердин документтеринде же талапкерлердин тизмесинде каттоого тоскоол болгон дал келбестиктерди тапса, документтерди алгандан кийин 48 сааттын ичинде бул дал келбестиктер жөнүндө талапкерге, саясий партияга билдирүүгө милдеттүү.
Талапкер, саясий партия кабарлоону алган күндөн тартып 48 сааттын ичинде керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди берүүгө укуктуу.
Бир эле адамды бирдиктүү шайлоо округу боюнча бирден ашык талапкерлердин тизмесинде, бир мандаттуу шайлоо округунда бир жолудан ашык, же бир эле учурда талапкерлердин тизмеси боюнча жана бир мандаттуу округда каттоого жол берилбейт.
Шайлоо фонддоруна карата тиешелүү шайлоо фондунан алдын ала төлөбөй туруп шайлоо алдындагы үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынаары, талапкердин, талапкерлердин тизмесинин шайланышына жардам бере турган жарандардын жана юридикалык жактардын талапкердин, саясий партиянын ишмердигин колдогон финансылык (материалдык) жардамы шайлоо фонддорунан тышкары (шайлоо фондунун атайын эсебин кыйгап өтүү менен) көрсөтүлүшүнө да тыюу салынаары белгиленди.
Шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн укуктук жоопкерчилик дагы изилденди. Шайлоочунун, шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентине талапкердин, депутаттыкка талапкердин же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызматына талапкердин, ишенимдүү адамдын, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, байкоочунун, эл аралык байкоочунун укуктарынын бузулушу 3-категориядагы айып салууга алып келет (жеке адамдар үчүн 5 500 сом, юридикалык жактар үчүн 17000 сом). Жеке жана юридикалык жактар шайлоо комиссиясына шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган маалыматтарды же материалдарды белгиленген мөөнөттө бербесе, ошондой эле шайлоо комиссиясынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө зарыл болгон кабыл алган чечимдерин жана талаптарын аткарбаса, 1-категориядагы айып салууга алып келет (юридикалык жактар үчүн 5000 сом).
Кененирээк билүү >>
Кадамжай шаарынын саясий партиялары жана талапкерлери үчүн каттоо жана шайлоо фонддорду түзүү эрежелери боюнча окутуу өткөрүлдү
Кадамжай шаарынын депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өклдөрү, округдук шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү, банктын кызматкерлери үчүн “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген темада тренинг өткөрүлдү.
Окутуу 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында БУУӨПтүн колдоосу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулду.
КР БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Айтикеев катышуучуларга бирдиктүү жана бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо тартибин түшүндүрүп берди. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин (2021-жылдын 18-октябрына чейин (кошуп алганда) Борбордук шайлоо комиссиясына саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтерди тапшырыш керек. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин (2021-жылдын 18-октябрынна чейин (кошуп алганда) Борбордук шайлоо комиссиясына саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтерди тапшырат.
Шайлоо талаш-тартыштарын кароо тартибин караштырганда, шайлоо комиссиялары тарабынан мыйзам бузуу учурларын кароону, кароонун схемасы жана тартиби, арыздын предмети, даттануулар деталдуу түрдө изилденди. Ошентип, шайлоо мыйзамдарында жана Кодекстин 44-47-беренелеринде каралган белгилер аныкталган учурда, шайлоо мыйзамдарында каралган жалпы тартипте каралууга тийиш, Жумушчу топтун чечими сунуштама мүнөзгө ээ жана комиссиялардын жыйынына багытталат. Кодекстин 42,43,48-беренелеринде каралган бузуулардын белгилери аныкталган учурда ыйгарым укуктуу кызмат адамынын (БШКнын кызматкери жана (же) АШК, ОШКда БШКнын атайын өкүлү) кароосуна жөнөтүлүшү керек, бузуу жөнүндө протокол түзүлөт. Андан ары, каршы болгон учурда, Кодекске ылайык жаза колдонуу үчүн комиссияга жолдомо, ал эми бузууну моюнга алган учурда – бузуулар жөнүндө токтом боюнча айып төлөө.
Окутуунун чоң блогу талапкерлердин шайлоо фонддорунун каржы айкындуулугуна, анын ичинде талапкерлердин жана партиялардын жарандар жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөрүнө арналган.
Ошентип, жарандар жана укуктук жактар аткаруучу акы төлөнүүчү иштер жана кызмат көрсөтүүлөр жазуу жүзүндө (келишим, эсеп-фактура, коштомо кагаз, кабыл алуу-өткөрүү актысы ж.б. тапшырыкчы жана аткаруучунун колу коюлган) таризделүүгө тийиш.
Келишимдер тараптардын реквизиттерин, тапшырылуучу иштин көлөмү жөнүндө маалыматтарды, анын наркын, иштердин түрлөрү боюнча бааларды (калькуляция, смета), акы төлөө тартибин, иштерди аткаруу мөөнөтүн, тараптардын жоопкерчилигин жана башка шарттарды камтууга тийиш.
Аткарылган иштер жана кызмат көрсөтүүлөр тапшырыкчы (каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл) жана аткаруучу кол койгон аларды кабыл алуу актылары же берилген продукцияга коштомо кагаз(накладной) документтери менен ырасталууга тийиш.
Ошондой эле катышуучуларга шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелери жана анын бузуулары үчүн жоопкерчилик тууралуу маалымат берилди..
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 1-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 01-октябрь 2021-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Насиров Абдижамил Жусуповичти№3 Кадамжай шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. Шаимкулов Манас Каныбековичти №14 Жалал-Абад шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Абдрахматова Атыр Болотбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. №21 Талас шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Абдыкадыров Эмилбек Мырзакуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5.№ 15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Алтынбеков Айбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. №32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Асанбаев Майрамбек Жекшеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
7. №23 Москва шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Булекбаев Эркин Касымовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8. №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Дуйшеналиев Нурлан Кадырбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
9. №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнч Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Ибраев Саматбек Кулукеевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
10. №2 Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Исламбеков Белек Мамасалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
11. №32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Кулбараков Абтандил Илдузовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
12. №28 Октябрь шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Кыдырмышев Руслан Жаманаковичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
13. №32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Мелисов Азамат Канатбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
14. №19 Токтогул шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Сулайманов Кундузбек Кошалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
15. №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Таштанбеков Акбокон Дукеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
16. №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Токтакунов Нурбек Акбаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
17. №18 Ала-Бука шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Турсунбаев Азизбек Атакозуевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
18. №12 Узген шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
19. №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Обдунов Элмурат Абдуваповичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
20. №3 Кадамжай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Атажанов Ырысбек Ысламовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
21. «Кыргызстанды Бириктирүүчү Патриоттук партия» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүү жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
22. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Агентство социальных технологий» коомдук бирикмесинин билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
(баяндамачы - Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
23. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штаб Чүй облусунда көчмө жыйын өткөрдү
Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штаб Чүй облусунда көчмө жыйын өткөрдү.
Жолугушууну штабдын башчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы М. Иманкулов жана штабдын тең төрагасы, КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова алып барышты. Жыйынга облустун жетекчилиги, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Чүй облусунун округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары катышты.
Чүй облусунда 609 774 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын ушул санынын негизинде облуста 6 бир мандаттуу округдар түзүлдү: №22 Жайыл округу (Панфилов району кирет), №23 Москва округу (Сокулук районунун 6 айылын камтыйт), №24 Сокулук округу, №25 Аламүдүн округу, №30 Ысык-Ата округу, №31 Чүй-Кемин округу (Кемин, Чүй райондору жана Токмок шаары кирет).
408 шайлоо участогу добуш берүү үчүн ачылды, 4802 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү даярдыктарды камсыз кылышат.
Маалымат үчүн: Чүй облусунун округдары, шайлоочулардын саны:
№22 Жайыл шайлоо округу Жайыл жана Панфилов райондорун камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 99 663 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 76, анын 49у Жайыл районунда, 27си Панфилов районунда жайгашкан.
№23 Москва шайлоо округу толугу менен Москва районун жана Сокулук районунун 6 айыл аймагын камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 87 801 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 63, анын 43ү Москва районунда, 20сы Сокулук районунун 6 айылдык аймагында.
№24 Сокулук шайлоо округу 13 айылдык аймакты жана Сокулук районунун шаарын камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 97 555 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 55 шайлоо участогун түзөт.
№25 Аламүдүн шайлоо округу бүт Аламүдүн районун камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 111 115 жаран. Шайлоо участокторунун жалпы саны 61.
№30 Ысык-Ата шайлоо округу бүтүндөй Ысык-Ата районун камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 96 697 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 69ду түзөт.
№31 Чүй -Кемин шайлоо округуна - Кемин, Чүй райондору жана Токмок шаары толугу менен кирет. Шайлоочулардын жалпы саны 114 743 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 84.
М.Иманкулов Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө шайлоого даярдык көрүү боюнча шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди койду, анын ичинде шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жабдуу, үзгүлтүксүз жарык, байланыш, Интернет байланышы, суук мезгилде жылытуу, имараттарды дезинфекциялоочу чараларды көрүү жана башка уюштуруу чаралары бар. Шайлоону уюштурууга мүмкүн болгон бардык жардам менен бирге, башкаруу органдары комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол бербеши керек. Укук коргоо органдары үчүн маанилүү артыкчылыктуу милдети катары, Коопсуздук кеңешинин катчысы партиялардын жана талапкерлердин кызыкчылыгында административдик ресурсту мыйзамсыз пайдаланууга жана добуштарды сатып алууга каршы натыйжалуу чаралардын алдын алууну жана көрүүнү белгиледи.
Штабдын тең төрагасы Н. Шайлдабекова Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жол-жобосунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Демократиялык шайлоолорду баалоонун негизги критерийлери шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын ишке ашыруунун толуктугун камсыз кылуу болуп саналат. Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары тарабынан шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө жана талапкерлер менен партияларга шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүүгө тийиш.
Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде милдеттерди аткарып жатып, шайлоо процессинин өзгөчөлүгүн эске алышы керек:
- шайлоонун этаптары (ар бир этапта өзүнүн башкы милдеттери), шайлоо процессинин кыска мөөнөттөрү өз убагында чараларды көрүүнү талап кылат;
- шайлоо процессинин саясий мүнөзү абсолюттук калыстыкты жана саясий атаандаштыкка катышкан бардык субъекттерге бирдей мамилени талап кылат,
- шайлоонун көп субъекттүүлүгү: шайлоочулар, талапкерлер, агитаторлор, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттары ж.б.у.с. ар бири түшүнүүнү жана ар бир субьекттин макамы менен укугун эске алууну талап кылат.
Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө шайлоочулардын тизмесин тактоого жана жарандарга маалымат берүүгө жардамдашуу, талапкерлер жөнүндө плакаттарды ж.б. материалдарды жайгаштыруу үчүн, жарандар алар менен таанышууга ыңгайлуу аянттарды бөлүп берүү боюнча мыйзамдардын талаптарын аткаруу тапшырылды. Маалымат берүү - шайлоо эркиндигинин өзөгү. Ошол эле учурда үгүт материалдары үчүн орун жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн жай бардык талапкерлерге бирдей шартта берилиши керектиги көрсөтүлгөн.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга шайлоо укуктарын камсыз кылууну дыкат иштеп чыгуу тапшырылды. Бул облуста пандустарды орнотуу аркылуу жеткиликтүү кылуу зарыл болгон участоктор бар. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шайлоого катышууга көмөктөшүү үчүн жарандык тилектештиктин азыр туруктуу болуп калган "Кошунаңды ала кел" акциясы Чүй облусунда башталгандыгы белгиленди, бул акцияны күчөтүү зарыл. Техникалык көзөмөл органдарына учурдагы пандустардын белгиленген стандарттарга ылайык келүүсүн көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн, ал эми прокуратура органдарына майыптар үчүн участоктордун жеткиликтүүлүгүн көзөмөлдөө милдети тапшырылды.
Шайлоонун инклюзивдүүлүгү шайлоого даярдык көрүүнүн маанилүү критерийи экенин эске алып, шайлоочулардын айрым категорияларынын тизмесин - социалдык стационарларда, аскердик жана чек ара бөлүктөрүндө, убактылуу кармоочу жайларда, тергөө изоляторлорунда ж.б. жайлардан тактоону камсыз кылуу тапшырылды. Ушундай мекемелердин жетекчилерине жарандардын өз убагында биометрикалык каттоодон өтүүсүнө, паспортторду документтештирүүгө көмөктөшүүсү тапшырылды.
Ар бир округда округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларынын, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн ыкчам аракет кылуучу координациялык топторунун ишмердүүлүгү жана өз ара аракеттенүүсү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Республикалык штабдын жетекчилери ошондой эле мугалим болуп иштеген шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн келе жаткан кесиптик майрамы менен куттукташты жана даярдыкка маанилүү салым болгон шайлоону уюштуруудагы мугалимдердин шайлоо комиссияларындагы эмгеги үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерди, саясий партияларды колдоо үчүн үгүт иштерине билим берүү кызматкерлерин тартуунун жол берилбестиги белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине төмөнкү милдеттер жүктөлдү:
• санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун алгоритмин жана коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча талаптарды ишке ашыруу боюнча:
• биометрикалык каттоодон өтүү боюнча шайлоочулар арасында маалыматтык -консультациялык иштерди жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин тактоо;
• тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алуу учурларында ыкчам чара көрүү, ошондой эле мыйзам бузган башка учурларда, мыйзам бузуулардын ар бир сигналы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө коомчулукка ыкчам маалымат берүү.
• укук коргоо органдары тарабынан шайлоо участкаларынын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;
• облустук штаб тарабынан аймактагы шайлоого даярдык боюнча жергиликтүү органдардын ишин координациялоо жана башка милдеттер.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКда мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо процессине катышуусун камсыздоо чаралары талкууланды
Мүмкүнчүлүгү чектелген Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча Жумушчу топтун жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган парламенттик шайлоодо инклюзивдүүлүктү жогорулатуу чаралары талкууланды.
КР БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева шайлоого даярдык көрүү учурунда добуш берүүчү жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жана атайын жардам каражаттары менен жабдылууга чоң көңүл бурулганын белгиледи.
Эгерде 2017-жылы президенттик шайлоодо шайлоо участкаларынын үчтөн бир бөлүгү гана пандустар менен жабдылган болсо, 2020-жылдын декабрында пандустар менен жабдылган шайлоо участкаларынын саны 83,4%га жетти, ал эми 2021-жылдын апрелиндеги жергиликтүү кеңештерге шайлоодо – бүткүл өлкө боюнча 85,8%га жетти.
185 участкада пандустарды орнотуу зарылчылыгы жок. Калган шайлоо участкаларында добуш берүү жайларга кирүүнү камсыздоо иштери уланууда.
Борбордук шайлоо комиссиясы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын пасивдүү шайлоо укугун камсыз кылуунун алкагында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте муктаждык картасын түзөт. Ал социалдык такси уюштуруу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашаган жеринен шайлоо участкасына өтүү маршрутунун жеткиликтүүлүгүн, ыктыярчыларды, сурдокотормочуларды ишке тартууну, чакыруу кнопкасын орнотууну камсыздоо боюнча чараларды көрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана мамлекеттик органдардын аймактык башкарууларына өткөрүлүп берилет. Муктаждыктар картасына ылайык, 2021-жылдын апрелине карата мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 20187 болгон, бул 2021-жылдын 10-январындагы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого салыштырмалуу мүмкүнчүлүгү чектелген 1902 шайлоочуга көп.
Шайлоонун инклюзивдүүлүгүн кеңейтүү үчүн столдор, добуш берүүчү кабиналар жана урналар, ошондой эле маалыматтык такталар коляска пайдалануучу же өз алдынча кыйынчылык менен кыймылдаган шайлоочуларга жеткиликтүүлүк камсыздалгандай жайгаштырылышы керек (бийиктиги, туурасы, жайгашуусунун узатасы жана орду боюнча). Баардык УШКларда чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (лупа) жана/же Брайль трафарети бар.
Мыйзам боюнча талапкерлер, саясий партиялар жалпы нускасынын бир пайызынан аз эмес санында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн окуганга ыңгайлуу чоңойтулган арипте, сурдокотормону же субтитрди колдонуу, ошондой эле Брайль арибин же атайын каражаттарды колдонуу менен басылып чыккан үгүт материалдарын жарыялоого жана таркатууга милдеттүү.
Катышуучуларга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү талапкер көрсөтүлгөн учурда жана буга байланыштуу ушул конституциялык Мыйзамда каралган өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды өз алдынча жазууга, башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, бул адам башка адамдын жардамынан пайдаланууга укуктуу. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам берип жаткан адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш экендиги эскертилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК жана маморгандар шайлоочулардын айрым категориялары тууралуу маалымат берүү боюнча өз ара аракеттешүү тартибин иштеп чыгышты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында жарандардын айрым категориялары – аскер кызматкерлеринин, социалдык жана медициналык мекемелердеги, кармоочу жайлардагы адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча кеңешме болуп өттү.
Кеңешмеге КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, КР Коргоо министрлигинин КР Юстиция министрлигине КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган жана аралаш шайлоо тутуму менен өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды. Учурда шайлоочулардын тизмесин түзүү, талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү процесси жүрүүдө.
Ар кайсыл ведомстволордун өкүлдөрү менен кеңешмеде добуш берүү күнү стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелериндеги, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу а дында кармоочу жайлардагы,жумуш цикли үзгүлтүксүз (вахталык иштер) ишканалардагы шайлоочулар,
мөөнөттүү кызматтардын аскер кызматчылары, аскер бөлүктөрүндө жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн ж.б. адамдар тууралуу маалыматтарды берүү боюнча өз ара аракеттешүү тартибианыкталды, бул маалыматтар аталган мекемелердин (ишканалардын, аскер бөлүктөрүнүн) жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнөчейин 12 календарлык күндөн кечиктирилбестен участкалык шайлоо комиссиясына берилет.
Стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыптуулар катары кайтарууда кармоочу жайларда жүрүшкөн шайлоочуларды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн, жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү укуктуу орган ар бир жылдын 1-февралына жана 1- августуна карата көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына берип турууга милдеттүү.Кеңешмеде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого, шайланууга укуксуз.
Аскер бөлүктөрүнүн командирлери аскер кызматчыларынын шайлоо Укуктарын, анын ичинде өздүгүн күбөлөндүргөн документтер менен камсыздоо, аскер кызматчыларын добуш берүүгө киргизүү жана шайлоочулардын тизмелерин текшерүү боюнча жоопкерчилик тартышат.
Аскер кызматчыларынын документтери болбогон учурда аларды алуу үчүн аскер бөлүктөрүнүн командирлери Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги менен биргелешип иш жүргүзөт.
Аскер кызматчыларынын жеке маалыматтарын тактоодо (дареги, аты- жөнү туура эмес жазылса ж.б.) аскер бөлүгүнүн командири 1-форма боюнча арыз толтурууга көмөк көрсөтөт жана аларды 2021-жылдын 12-ноябрынан (кошуп алганда) кечиктирбестен паспорттун көчүрмөсү менен участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берет. Биометрикалык каттоосу болбогон учурда аскер бөлүктөрүнүн командирлери 2021-жылдын 12-ноябрынан (кошуп алганда) кечиктирбестен аскер бөлүгүнүн аймагында биометрияны чогултууну уюштурат.
Шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн аскер бөлүгүнүн командири тарабынан жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн аскер кызматчылары жөнүндө маалыматтар 2021-жылдын 15-ноябрынан (кошуп алганда) кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.
2021-жылдын 25-ноябрына чейин командирлер добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү камсыздоо үчүн мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтарган бөлүкчөлөрдүн аймагында добуш берүү күнү кызмат өтөп жатышкан аскер кызматчыларынын жана ал жакта жашаган алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп беришет.
Аскер кызматчысы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн учурда көрсөтүлгөн учурдан тартып ал жаран кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат.
Талапкер кызмат өтөгөн аскер бөлүктөрүнүн командирлери талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде эмгек акысынын орточо өлчөмүн сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотуп турууга милдеттүү.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жана TikTok платформадагы саясий үгүттү алдын алуу үчүн кызматташат
Мындай макулдашуу 2021-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча TikTokтун өкүлүнүн жолугушуусунда жетишилди.
TikTokтун өкүлү БШКнын башчысын акыркы жарыяланган маалыматтар боюнча ТикТоктун глобалдык ар бир айлык аудиториясы 1 млрд. колдонуучуга жеткенин маалымдады.
TikTok негизинен көңүл ачуучу жана билим берүүчү контентти жайгаштыруу үчүн платформа экендигин жана анда саясий акы төлөнүүчү жарнактарга катуу тыюу салынгандыгын баса белгиледи.
Ошол эле учурда, TikTok АКШ, Германия, Бразилия, Казакстан, Россия жана башка өлкөлөрдөгү шайлоодо ийгиликтүү сыналган шайлоо мезгилиндеги кызматташтыктын глобалдык стандартын иштеп чыккан, ага ылайык:
- TikTok коомчулуктун эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөйт, өзгөзчө шайлоо учурунда. Эрежелерге ылайык, коомдук араздашууну жаратуучу, зомбулукка чакырган, 13 жаштан жогору колдонуучулардын психикасына терс таасирин тийгизе турган контентти платформада жайгаштырууга тыюу салынат. Ушул сыяктуу же башка зыяндуу контент аныкталган учурда платформа аны алып салат.
- мындан тышкары, эгерде колдонуучу TikTok платформасында шайлоо же саясий партия жөнүндө маалыматка дайыма кызыкдар экенин көрсөткөн белгилер бар болсо, анда колдонуучу тиешелүү ишенимдүү маалымат булагына же шайлоону уюштурган органдын баракчасына сунуштар (калкыма такталар) аркылуу багытталат.
Кыргыз Республикасынын БШКнын башчысы маектешине 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген өлкөнүн парламентине шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Өзгөчө ал парламенттин депутаттарын шайлоонун жаңы аралаш тутумунун киргизилишине байланыштуу депутаттар ачык тизме боюнча саясий партиялардан да, бир мандаттуу округдарда да шайланса, маалымат мейкиндигинде, анын ичинде социалдык тармактарда бири-бири менен активдүү атаандаша турган жалпысынан миңдеген талапкерлердин катышуусу күтүлүп жаткандыгын белгиледи.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы БШК TikTok платформасынын таза шайлоо өткөрүүгө көмөктөшүүсүнө жана TikTok платформасын адилетсиз саясий атаандаштыкка же башка кыйратуучу максаттарда колдонууга жол бербөөсүнө багытталган аракеттерин кубаттай турганын билдирди.
Н. Шайлдабекова TikTok сыяктуу таасирдүү платформа менен кызматташууну жогору баалады, тагыраак айтканда, колдонуучулар таза шайлоо саясатын сактоосу, зомбулуктан, жек көрүү сөздөрдөн коргоо үчүн платформанын чаралары. Бул шайлоонун маалыматтык чөйрөсү үчүн абдан маанилүү, анткени TikTok өлкөдөгү бардык шайлоочулардын 31 пайыздан ашыгын түзгөн жаштардын тарабынан активдүү колдонулат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Свердлов округдук шайлоо комиссиясынын республиканын аймагынан тышкары убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын шайлоочуларына, жарандарынын коомдук бирикмелерине, ошондой эле КР саясий партияларына КАЙРЫЛУУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоосу 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленгендигине байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 2, 13-беренелерин,»Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 3, 21-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 20-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын убактылуу тышта жүргөн же жашаган жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо тууралуу» Жобосун жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын убактылуу тышта жүргөн же жашаган жарандарынын шайлоо укуктарын толугу менен ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы №698, 28-сентябрындагы №716 токтомдорунун негизинде, Свердлов округдук шайлоо комиссиясы (мындан ары – Свердлов ОШК) убактылуу тышта жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынан, жарандардын коомдук бирикмелеринен, саясий партиялардан чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын курамына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу талапкерлерди көрсөтүүсү тууралуу жарыялайт:
№ 9020 – Россия Федерациясы, Томск ш.;
№ 9021 - Россия Федерациясы, Хабаровск ш.;
№ 9026 - Россия Федерациясы, Казань ш.;
№ 9052 - Россия Федерациясы, Самара ш.;
№ 9053 – Россия Федерациясы, Краснодар ш.;
№ 9054 - АКШ, Нью-Йорк ш.;
№ 9055 – АКШ, Чикаго ш.;
№ 9056 – Түркия Республикасы, Анталья ш.;
№ 9057 – Италия, Кальяри ш.;
№ 9058 – Венгрия, Будапешт ш.
Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлигин көрсөтүүдө жарандардын өзүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо өнөктүгүндө, коомдук турмушта катышуу тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл.
Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн же жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынан, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү мүмкүн.
Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын курамына жарандардын жыйынынан талапкерлерди көрсөтүү тууралуу протоколдор жыйындын төрагасынын жана катчысынын колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Протоколго жыйындын катышуучуларынын жашаган жери көрсөтүлгөн жана колу коюлган тизмеси тиркелиши керек.
Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын курамына саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү саясий бирикмелердин уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Свердлов ОШКга саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу коюлуп, мөөрү басылган тийиштүү документ берилет.
Көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
талапкердин чет өлкөдөгү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу тууралуу арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын сактоо тууралуу милдеттенмеси;
паспортунун көчүрмөсү;
иштеген, окуган жери, билими көрсөтүлгөн өмүр баяндык маалымат (кадрларды эсепке алуучу жеке баракчасы же резюмеси);
байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору (үйдөгү, уюлдук) электрондук дареги.
Чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын курамына жарандардын жыйынынан, саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү тууралуу протоколдор (анын ичинде электрондук түрүндө) Свердлов ОШКга 2021-жылдын 14-октябрында саат 18.00гө чейин кабыл алынат.
Маалымат телефондору: +996 312-382-426, +996 550-963-669 (WhatsApp)
Эл. дарек: tikbishkek@gmail.com
Свердлов округдук шайлоо комиссиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Аял лидерлиги академиясынын жолугушуусуна онлайн катышты
2021-жылы 28-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу алдында Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгелери альянсы тарабынан уюштурулган Аял лидерлиги академиясынын жолугушуусуна онлайн катышты.
Жолугушууда Н.Шайлдабекова академиянын угуучуларын 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды. КР БШК төрагасы өз сөзүндө эми Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аралаш шайлоо тутуму менен өтөөрүн, ага ылайык 36 депутат мажоритардык тутум боюнча, ал эми 54 депутат пропорционалдык тутуму боюнча шайланат. Парламент депутататтары мурда партиялардын жабык тизмелери боюнча шайланса, азыр шайлоочу бюллетень алып, партия эле үчүн эмес, партиядагы айрым бир талапкер үчүн дагы добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар.
Н.Шайлдабекованын айтканы боюнча парламентарийлер преференциялык тутумду кабыл алуу менен маңызында добуш бергенден кийин аялдар үчүн мандаттардын 30%ын резервге калтырууну киргизишти, бул келечектеги парламентте аялдардын катышуусуна кепилдик берет. Учурда парламентте баардыгы 19 аял бар, ошондуктан алардын санын көбөйтүү үчүн иш жүргүзүү керек. “Мамлекеттин атайын мыйзамдык чаралары – бул аялдардын шайлоого талапкер катары катышуусуна көбүрөөк ишенич арттыруучу жакшы мүмкүнчүлүк”, - деп баса белгиледи Н.Шайлдабекова. БШК башчысынын пикири боюнча аялдардын добуш берүүгө катышуусун жигердештирүүдө чоң дарамет бар, себеби аялдар шайлоочулардын жалпы тизмесинде 53%ды түзөт, ал эми шайлоого алардын 35%ы гана катышат. “Өлкө үчүн маанилүү чечимдер аялдардын жигердүү катышуусу менен кабыл алынышына умтулуу жана күч-аракеттерди жумшоо керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады Н.Шайлдабекова.
Мындан тышкары, кеңири дискуссия болуп, анда катышуучулар өздөрүн кызыктырган баардык суроолорго БШК төрагасынан жооп алышты, шайлоого байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулашты, ошондой эле катышуучуларга шайлоо тематикасы жана добуш берүү процесси боюнча видео материалдар берилди.
Аял лидерлиги академиясынын онлайн жолугушуусу уникалдуу инновациялык аянтча болуп саналат, анда Кыргызстандын бүт аймактарынан 90дон ашык лидер аялдар 1,5 ай окутулат, академиянын угуучуларынын 50сү жергиликтүү кеңештерден депутат аялдар, 20сы саясий партиялардан өкүл аялдар, 5өө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер аялдар, активист аялдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынан өкүл аялдар.
Академияда окуу Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгелери альянсынын (www.awli.kg) онлайн платформасы аркылуу гендерлик теңдик, аялдар менен эркектердин теңдигин, укуктарын камсыздоо боюнча эл аралык жана улуттук мыйзамдар, шайлоо процесси, жергиликтүү кеңештердин иштөөсү ж.б. актуалдуу маселелер боюнча тренингдер, юристтердин кеңеши, мастер-класс, аял-саясатчылар, эксперттер менен жолугушуу форматында өткөрүлөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен шаарынын талапкерлерине жана саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө каржы отчеттуулугу жана шайлоо процессин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө окутуу өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген темада депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн бир күндүк тренингдердин сериясын баштады.
Окутуу 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында БУУӨПтүн колдоосу менен өткөрүлүүдө. 29-сентябрда окутуу Баткен шаарында уюштурулду.
Катышуучуларга талапкерлерди көрсөтүү жана бирдиктүү, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди каттоо тартиби; шайлоо өнөктүктөрдү каржылоо маселелерин укуктук жөнгө салуу; шайлоо фонддорун түзүү жана алардын булактары; шайлоо күрөөсү; жарандар жана юридикалык жактар менен эсептешүү; шайлоо фонддорунун каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу; каржы отчеттуулугу; көзөмөл жана жоопкерчилик тууралуу маалымат берилди.
Талапкердин же саясий партиянын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу белгилүү жумуштарды аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө жарандар жана укуктук жактар менен келишимдер (макулдашуулар) кандидат же саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлгөндүгү белгиленди. Келишимдер жашы жеткен жарандары менен гана түзүлүшү мүмкүн, төлөмдөр талапкерлердин, саясий партиялардын атайын эсептеринен гана ишке ашырылат. Жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүү жана атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарын кайтарылып берүүсү боюнча бардык каржылык операциялар добуш берүү күнүнөн кийин 5 календарлык күндөн кечиктирбестен токтотулат.
Саясий партиялардын жана юридикалык жактардын ортосунда шайлоо алдындагы өнөктүктөргө байланышкан белгилүү жумуштарды (кызмат көрсөтүүнү) аткарганы үчүн эсептешүүлөр которуу жолу менен гана жүзөгө ашырылат. Талапкер, саясий партия Кыргыз Республикасынын жарандары менен үгүт иштери боюнча кызмат көрсөтүү тууралуу келишим түзүүгө төмөнкү чекте укуктуу: саясий партия - 10 000 ден ашпаган үгүтчү; бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер – 500дөн ашпаган үгүтчү.
Тренингде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык шайлоо алдындагы өнөктүктү жүргүзүү эрежелери туралуу айтылды. Өзгөчө көңүл бузуулар үчүн жөөпкерчиликке тартууга бурулду.
Шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу 4-категориядагы айып пул салууга алып келет (жеке жактарга - 7500 сом, юридикалык жактарга - 23 000сом). Жалпыга маалымдоо каражаты тарабынан жасалган ошол эле жосун 5-категориядагы айып пул салууга алып келет (жеке жактарга – 10 000 сом, юридикалык жактарга – 28 000 сом).
Мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде, же болбосо референдум мезгилинде алардын чыгарылышы үчүн жооптуу уюмдар жана адамдар жөнүндө маалыматтар камтылбаган үгүттүк басма сөз материалдарын, же болбосо чет өлкөдө даярдалган материалдарды таратуу 6-категориядагы айып пул салууга алып келет (жеке жактарга – 12 500 сом, юридикалык жактарга – 35 000 сом).
Имараттарда, курулмаларда же башка объекттерде илинген укма-көрмө материалдарды, депутаттыкка же башка шайлануучу кызматка талапкердин портретин, анын өмүр таржымалы бар плакатты, же болбосо башка үгүт материалдарын билип туруп жок кылуу же болбосо бузуу 4-категориядагы айып пул салууга алып келет (жеке жактарга – 7500 сом, юридикалык жактарга – 23 000 сом).
Ошол эле учурда үгүт материалдары имараттын, курулманын же башка объекттин менчик ээсинин (ээсинин) макулдугу жок илинсе, ал ушул берене боюнча жоопкерчиликтен бошотулат.
Тренингдин катышуучулары шайлоо талаш-тартыштардын кароо мөөнөтүн жана тартибин, талапкерлерге жана партияларга карата жоопкерчилик ченемдерин карап чыгышты, ошондой эле бузуулар жөнүндө Кодексинин нормаларын бузуу үчүн кайсы органдар жоопкерчиликке тартууга укуктуу экендиги айтылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
13.10.2026
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби