Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Бөкөнбаев айылында талапкерлерге жана саясий партияларга каржылык жоопкерчилик жана үгүт материалдарын даярдоо эрежелери боюнча окутуу өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ысык-Көл облусунун Тон районунун Бөкөнбаев айылындагы депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана банк кызматкерлери үчүн “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” темасындагы тренингди өткөрдү.
Иш-чара БУУӨПтүн колдоосу менен 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн алкагында өттү.
КР БШК мүчөсү Искандер Гайпкулов катышуучуларга аралаш шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрү, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү тартиби, шайлоо округдарын түзү принциптери, схемалары жана чек аралары тууралуу маалымат берди. Жогорку Кеӊешке депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо процедурасын карап чыгууда инклюзивдик компонентке басым жасалды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү талапкер көрсөтүлгөн учурда жана буга байланыштуу ушул конституциялык Мыйзамда каралган өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды өз алдынча жазууга, башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, бул адам башка адамдын жардамынан пайдаланууга укуктуу. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам берип жаткан адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Катышуучуларга шайлоо комиссиялары тарабынан даттануу жана арыздарды берүү мөөнөттөрү жана процедуралары, шайлоонун жүрүшүндө конституциялык жоопкерчилик тууралуу маалымат берилди. Шайлоону (референдумду) даярдоонун жана өткөрүнүн жүрүшүндө, шайлоо күнүндө талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында талапкерлердин, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын жетекчилеринин административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануусу –II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келе тургандыгы белгиленди (30 000 сомдон 60 000 сомго чейин). Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери, ошондой эле 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) катышуу үлүшү бар уюмдардын жетекчилери жасаган ушул эле жосун,–белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укуктарынан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет (30 000 сомдон 60 000 сомго чейин).
Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук жоопкерчилигине, шайлоо процессинин каржы айкындуулугуна өзгөчө көӊүл бурулду. Алсак, шайлоо фондуна укуктук жактардан түшүүчү ыктыярдуу каражаттар банк же башка мекеме тарабынан тийиштүү салык инспекциясынан жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бөлүмчөсүнөналардын бюджет алдында карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат көрсөтүлгөндө гана кабыл алынат. Укуктук жактардын төлөм документтериндеги “төлөм багыты” деген графада салык төлөөчүнүн иденттештирүү номуру, укуктук жактын толук аталышы, жайгашкан дареги камтылууга тийиш.
Шайлоо алдындагы үгүттөө боюнча бардык басылма жана башка үгүт материалдары кийинкилерди камтууга тийиш деп айтылды:
үгүт материалдарын даярдаган уюмдун аталышын жана дарегин (адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жана жашаган жеринин дарегин),
бул үгүт материалдарын даярдоону заказ кылган талапкердин фамилиясын, аты-жөнүн, саясий партиянын аталышын,
нускасы жана чыгаруу датасы жөнүндө маалыматты,
алардын жасалышына тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынан төлөө жөнүндө маалыматты,
ошондой эле заказга акы төлөгөн талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын камтууга тийиш.
Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таркатууга тыюу салынат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун Кызыл-Адыр айылында шайлоо процессинин катышуучулары КР ЖК депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо эрежелерин үйрөнүштү
Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан депутаттыкка талапкерлерге, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана банк кызматкерлерине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021: Талапкерлердин, саясий партиялардын үгүт иштерин каржылоолорунун ачык-айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаштарын кароо» темасында окутуу уюштурулду.
Иш-чара ПРООНдун колдоосу менен 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануунун жана өткөрүүнүн алкагында өттү.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо процессин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев катышуучуларга аралаш шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрү, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү тартиби, шайлоо округдарын түзүүнүн принциптери, схемалары жана чектери тууралуу маалымат берди.
Ал бир мандаттуу округ боюнча талапкерлерди көрсөтүү округдардын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталат жана шайлоо күнүнө 45 календардык күн калганда аяктаарын (2021-жылдын 13-октябрына чейин (кошуп алганда) белгиледи. Саясий партиялардан сьезддерде ар бир талапкер чыга турган шайлоо округун көрсөтүү менен ишке ашырылат. БШКнын жана Жумушчу топтун мүчөлөрү саясий партиянын сьездине катышууга укуктуу. Саясий партиялар бир мандаттуу округда бирден ашык эмес талапкер көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Өзүн өзү көрсөтүү жолу менен БШКга көрсөтүлгөн округ боюнча талапкер катары катышуу ниети жөнүндө арызын берген талапкер тарабынан жүргүзүлөт. Мында талапкер өзүнүн жеке каражаттарынын эсебинен шайлоо күрөөсүн БШКнын атайын эсебине мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эсе өлчөмүндө (100 000 сом) төгөт. Талапкер бир округдан гана көрсөтүлө алат.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга шайлоо талаш-тартыштары боюнча арыз берүүнүн жана кароонун мөөнөтү, тартиби, конституциялык жоопкерчилик, финансылык ачыктык тууралуу айтылды. Ошентип, жарандын шайлоо укуктарын эркин жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу, добуш берүүнүн купуялыгын бузуу IV категориядагы коомдук жумуштарга же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айыпка жазаланат. Шайлоо комиссиясынын ишине же шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттерин аткарууга байланышкан ишине кийлигишүү, анын ичинде анын чечимдерине таасир этүү үчүн кызматтык же кызмат абалын колдонуу аркылуу шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу; тактап айтканда, кызмат адамынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо, добуштарды эсептөө жана башка маселелер боюнча талабы же көрсөтмөсү, же шайлоо процессинде колдонулган мамлекеттик маалымат тутумдарынан алынган маалыматтарды атайылап бурмалоо аракети IV категориядагы коомдук жумуштарга же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айыпка жазаланат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан жасалган ошол эле аракеттер IV категориядагы түзөтүү жумуштары же V категориядагы айып пул менен жазаланат.
Катышуучуларга талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүүнүн тартиби, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери тууралуу айтылып, шайлоо фондун түзгөн бардык каражаттар банк мекемесиндеги атайын эсепке которула тургандыгын билдиришти. Атайын эсеп БШКнын уруксаты менен талапкер, саясий партия тарабынан ачылат (талапкерлер үчүн тиешелүү ОШКнын уруксаты менен).
Саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
Талапкердин өздүк каражаты - 1 500 000 сомдон ашпашы керек,
Саясий партиянын жеке каражаттары - 100 000 000 сомдон ашпашы керек,
Жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулугу - 200 000 сомдон ашпашы керек,
Юридикалык жактардан ыктыярдуу кайрымдуулугу - 3 000 000 сомдон ашпашы керек.
Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондуна түшкөн жана сарпталган каражаттардын максималдуу суммасы 300 000 000 сомдон ашпоого тийиш.
Шайлоо алдындагы үгүт - бул шайлоочуларды добуш берүүгө үндөө же үндөө максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана талапкерлердин ишенимдүү адамдарынын, саясий партиялардын шайлоо кампаниясы учурунда айрым талапкерлер үчүн (талапкерлердин тизмеси) же аларга каршы маалыматты даярдоо жана жайылтуу аракети экендиги айтылды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштери 2021-жылдын 29-октябрында башталып, 2021-жылдын 27-ноябрында саат 8: 00дө аяктайт. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын макулдугу менен гана каржылоону талап кылган шайлоо өнөктүгүн алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Өзгөн шаарында шайлоо талаштары, шайлоо фонддору жана үгүт иштери боюнча окутуу өттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо кампанияларын каржылоонун ачык -айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаштарын кароо” деген темада окутууну депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн уюштурду.
Иш-чара 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдануунун жана өткөрүүнүн алкагында ПРООНдун колдоосу менен Өзгөн шаарында өттү.
Ошондой эле партиялык сьезддерди сыртта (ачык асман алдында) өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталат. Сьезддерди имаратта өткөрүүдө саясий партиялар төмөнкү сунуштарды эске алышы керек:
саясий партиянын сьезди өтүүчү жайдын кире беришинде “кирүү чыпкасын” уюштуруу;
сьезд башталганга чейин жуучу каражаттарды колдонуу менен имараттын ичин жана иш алып бара турган жерлерди кылдат нымдуу тазалоону жүргүзүү жана дезинфекциялоо;
сьезддин катышуучусунун температурасын байланышсыз түрдө өлчөө;
сьездди өткөрүү эрежелерин жана коронавирустук инфекциянын алдын алуу чаралары боюнча эрежелерди кире беришке жайгаштыруу;
имараттын кире беришинде жана ичинде санитайзер же башка кол тазалоочу каражаттарды колдонууну камсыз кылуу;
• сьезддин бардык катышуучулары медициналык беткаптарды же респираторлорду кийүү режимин милдеттүү түрдө сактоосу;
сьезд өтө турган жайдын кире беришине жана ичине аралыкты сактоочу белгилерди орнотуу;
сьезддин бардык процедуралары учурунда анын катышуучуларынын ортосундагы аралыкты (1,5 - 2 м) сакталышын көзөмөлдөө үчүн жооптуу адамдарды дайындоо.
Жасалма желдетүү тутуму жок болгон учурда абаны дезинфекциялоо үчүн рециркуляторду орнотуу зарыл, ал жок болгон учурда имаратты желдетүү 30 мүнөт сайын 15 мүнөткө созулган желдетүү болушу керек.
Катышуучуларга "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүүнүн, акча каражаттарынын түшүүсүн жана сарптоонун тартиби жөнүндө" Жобо менен жөнгө салынган шайлоо фонддорун түзүүнун тартиби, финансылык жоопкерчилик тууралуу айтып беришти.
Бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлер, ошондой эле бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар өздөрүнүн шайлоо кампанияларын каржылоо үчүн өзүлөрүнүн шайлоо фондун түзүүгө милдеттүү экени айтылды. Талапкерлердин тизмесине кирген талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз. Шайлоо фондун түзбөө БШКнын талапкерди, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартуусунун негизи болуп саналат.
Талапкерлер өздөрүн талапкер катары көрсөткөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди тапшырганга чейин (ыйгарым укуктуу финансылык өкүлдү дайындаган талапкерлер үчүн - ыйгарым укуктуу финансылык өкүлдүн шайлоо комиссиясынан каттоодон өтүп ага каттоо күбөлүгү берилгенден кийин (2021-жылдын 13-октябрына чейин), ал эми саясий партиялар - саясий партиянын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн шайлоо комиссиясынан каттоодон өткөндөн кийин жана ага каттоо күбөлүгү берилгенден кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзүүлөрү керек.
Окутуунун жүрүшүндө шайлоо талаштары, шайлоо комиссияларына жана укук коргоо органдарына арыздарды жана даттанууларды берүүнүн мөөнөтү жана тартиби каралды. Документтерди берүү мөөнөтүнө карата, субьектке анын шайлоо укугу бузулгандыгы тууралуу белгилүү болгон соң даттануу дароо берилээри, чечим кабыл алуу, аракет (аракетсиздик) 3 календардык күндөн кечиктирилбей ишке ашаары айтылды. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөтү калыбына келтирилбейт. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөтү чечим кабыл алынгандан кийинки күнү, аракет кылуудан кийин (аракетсиздик) башталат.
Ошондой эле тренингде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелери, дебаттарды өткөрүү форматы, маалымат берүү менен үгүт иштеринин айырмасы каралды.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облустук укук коргоо органдарына мыйзам бузууларга чара көрүү тартибин түшүндүрүштү
Ысык-Көл облусунун укук коргоо органдары үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жооп берүү иш-чара иштеп чыгуу боюнча тренинг уюштурулду.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан ПРООНдун колдоосу менен уюштурулуп, шайлоо процессинин бардык стадияларында мыйзам бузууларга жооп берүү боюнча укук коргоо органдарынын квалификациясынын туруктуулугун жана системалуу болуусун камсыз кылуу максатында өткөрүлдү.
Окуу процессине жаңы мамиленин калыптанышын эске алуу менен тренингдерге эң квалификациялуу, тажрыйбалуу тергөө, иликтөө жана коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматкерлери чакырылды.
КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова катышуучуларга алдыдагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, аралаш шайлоо системасы боюнча өтөөрү жана укук коргоо органдары өз ишмердүүлүгүндө эмнелерди эске алышы керектиги ошондой эле жооп берүү схемасы тууралуу маалымат берди.
«Алдыдагы шайлоонун негизги өзгөчөлүгү - көп субъекттүүлүк. Шайлоонун ар бир субьектиси менен мамиле түзүү зарыл, талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын бардык укуктары корголушу керек. Ошондой эле бир өзгөчөлүк - шайлоо процессин башкаруу структурасынын өзгөрүшү болуп эсептелет. Эгерде мурда шайлоо аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлсө, азыр - округдук жана участкалык шайлоо комиссиялары өткөрүшөт. Боршайком конституциялык-укуктук жоопкерчилик чараларын колдонуу, партия же талапкер үчүн добуш берүү чараларын жараксыз деп табуу, добуш берүү күнүнөн кийин каттоону жокко чыгаруу ж.б. сыяктуу бардык маселелерди кароого укуктуу.
Ар бир округда арыздарды жана даттанууларды тез кабыл ала турган штабдар түзүлүшү керек. Координациялык топ арызды алат, талдайт жана андан ары компетенциясына жараша укук коргоо органдарына, округдук комиссияга, Борбордук шайлоо комиссиясына, УКМКга жана прокуратурага жөнөтөт. Чараларды тез арада кароо жана кабыл алуу, айрыкча шайлоо кампаниясынын баштапкы этабында, мыйзам бузуулардын бардык түрлөрү үчүн коом үчүн жакшы белги болуп саналат, бул шайлоонун мыйзамдуулугу боюнча бүт кырдаалды жакшыртат. Бул шайлоо процессинин бардык катышуучуларына мыйзамдын чегинде аракеттенүү үчүн белги, укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен комиссиялардын өз ара аракеттенүүсүнүн ачыктыгынын көрсөткүчү, биздин кызматташтыктын эффективдүүлүгү», - деди ал.
Шайлоо күнү шайлоо участогунда үгүт жүргүзүү одоно мыйзам бузуу болуп саналаары, шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгы толугу менен жокко чыгарылышы мүмкүн экени айтылды. Эң одоно мыйзам бузуулар - бул жарандын эркин тандоосуна таасир эткен талапкерлердин тең укуктуулугун бузуу. Булар паракорчулук жана административдик ресурсту колдонуу болуп саналат. Кыргыз шайлоо реформасынын жетишкендиги - добуш берүүнүн жыйынтыктарынын ишенимдүүлүгү.
Катышуучуларга административдик ресурсту колдонууну кыскартуу максатында Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү нормаларды мыйзамдаштырганын эскертишти. Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып, төмөнкү учурда кызматтык же кызмат укуктарын ыйгарым түрдө жүзөгө ашырууну токтотот, эгерде ал:
• 1) Жогорку Кеңештин депутатынан же Президенттен тышкары мамлекеттик саясий кызматкер болсо;
• 2) жергиликтүү кеңештин депутатынан тышкары муниципалдык саясий кызматкер болсо;
• 3) мамлекеттик (муниципалдык) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашык мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчиси болсо;
Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун жыйынтыгы белгилүү болгуча кызматтык же кызмат укуктарын аткарууну токтотот, эгерде ал:
• 1) мамлекеттик кызматтын түрүнө карабастан (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломатиялык);
• 2) муниципалдык кызматкер болсо;
• 3) жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери болсо.
Прокуратура менен шайлоо комиссияларынын өз ара аракеттенүү формалары жөнүндө айтылды, алар шайлоо мыйзамдарын камсыздоого байланыштуу маселелер боюнча маалымат алмашууну камтыйт; тегерек столдор жана ыкчам жолугушуулар түрүндө биргелешкен иш-чараларды өткөрүү да кирет.
Катышуучулар "КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын жарандардын шайлоо укуктарын бузган чечимдери жана аракеттери шайлоо процессинин бардык субъекттери тарабынан прокуратура органдарына даттанылышы мүмкүн - булар шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар жана шайлоо процессинин бардык башка субъекттери. Шайлоого даярдык көрүү учурунда арыздар, даттануулар жана башка билдирүүлөр келип түшкөн күндөн тартып 2 күндүн ичинде прокуратура тарабынан каралууга тийиш, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүүнүн алдындагы күнү келип түшкөндөр – дароо каралышы зарыл. Арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурларда, алар боюнча чечимдер 3 күндөн кечиктирилбестен кабыл алынат.
Мыйзамга ылайык, арыздар жана даттануулар жүйөлүү болуп жана алар негиз болгон далилдер менен бирге берилиши керек. Даттанууну кароодон баш тартылган учурда, прокуратура жана ички иштер органдары баш тартуунун себебин түшүндүрүп, чечим кабыл алынгандан кийин дароо анын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
Шайлоо процессинин катышуучуларынын конституциялык – укуктук жоопкерчилигине байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөп, жол берилген мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөрү белгиленди. Талапкер, саясий партия тарабынан ушул Конституциялык Мыйзамдын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптарды бузган учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы аларга мыйзам бузгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу.
Талапкер, саясий партия тарабынан ушул Конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү эрежелери бир нече жолу (эки же андан көп жолу) бузулган учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы аларды КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга укуктуу.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
«Аалам» саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартты
«Аалам» саясий партиясы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн кайтарып алуу тууралуу расмий билдирүү жөнөттү.
БШК 2021-жылдын 3-октябрындагы жыйынында бул билдирүүнү карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 19-беренесине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» мыйзамынын 4 жана 8-беренелерине ылайык, аны маалымдама катары кабыл алуу тууралуу чечим кабыл алды.
Кененирээк билүү >>
БШК Ак-Суу округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 3-октябрда Ак-Суу округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ак-Суу округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Жакыпова Салтанат Ишеновнова комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Насымбатов Санжи Султанович Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан комиссиясынын курамына киргизилсин.
Токтом Ак-Суу округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жаӊы шайлоо участогу түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-октябрындагы жыйынында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскон айылдык аймагынын Караколка айылындагы №3200 шайлоо участкасынын курамын жоюп таркатты жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылдык аймагынын Кургак-Айрык айылында №3260 жаӊы шайлоо участогун түздү.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына жаӊы түзүлгөн шайлоо участкасынын шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү тапшырылды.
Аталган токтом Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Барскон айылдык аймагынын Караколка айылындагы №3200 шайлоо участкасын жоюу жана шайлоочулар үчүн мүмкүн болушунча ыӊгайлуу шарттарды түзүү максатында “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-, 4-, 8-беренелерине ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылдык аймагынын Кургак-Айрык айылында №3260 жаӊы шайлоо участкасын түзүү тууралуу сунушунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-октябрындагы жыйынында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы № 7176 шайлоо участкасынын дарегин Нижняя-Аларча айылы, Кыргызская көчөсү – 190/б дареги боюнча жайгашкан “Интел” дүкөнүнүн имаратынан Нижняя-Аларча айылы, Кыргызская көчөсү – 196 дарегинде жайгашкан “Таймаш” компьютердик клубунун имаратына өзгөртүү чечимин кабыл алды.
Токтом Аламүдүн округдук шайлоо комиссиясынын шайлоо участкасынын имаратынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-, 4-пункттарына ылайык, № 7176 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү тууралуу сунушунун негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР ЖК депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүн бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 3-октябрындагы жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитти.
Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 4, 8-беренелерин, жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн сүрөттөлүшү
Эл аралык байкоочунун күбөлүгү – анын статусун күбөлөндүрүүчү документ.
Күбөлүк түстүү (ак) типтүү бланкта (эки тараптуу) 95x135 мм өлчөмүндө кыргыз, орус жана англис тилдеринде таризделет, анын реквизиттери үлгүдө (1-тиркеме) келтирилди. Сол тараптагы үстүңкү бурчта Кыргыз Республикасынын Герби орун алган. Оң тараптагы үстүңкү бурчта БШКнын логотиби жайгашкан.
Ортосунда "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы" деген текст жайгаштырылган, төмөн жагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун логотиби жайгашкан.
Төмөн жагында күбөлүктүн номуру, аккредитация жөнүндө БШКнын токтомунун датасы жана номуру көрсөтүлөт, ошондой эле төмөнкү текст бар: "Эл аралык байкоочу", эл аралык байкоочунун фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду көрсөтүлөт.
Андан кийин Кыргыз Республикасынын БШК төрагасынын колу коюлат, ал Кыргыз Республикасынын БШКсынын герб сүрөтү бар мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, бланктын төмөн жагында күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү жана аны колдонуу шарттары көрсөтүлөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 3-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 3-октябрь 2021-ж.
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл аймагындагы Караколка айылынын № 3200 шайлоо участкасын жоюу жана Оргочор айыл аймагынын Кургак-Айрык айылынын аймагында жаңы шайлоо участканы түзүү жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун №7176 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. Ак-Суу округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. 2021-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгү жөнүндө
(баяндамачы – А.Т. Уметалиев, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)
5. №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Курманов Байыш Жантаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. № 36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Хасанов Канат Зерликовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
7. №34 Жети-Өгуз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Сагымбаев Канат Райымбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8. №17 Аксы шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Токтобаев Сүйүнбай Жумакановичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
9. №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Шамырканов Болотбек Муратбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
10. №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Кулматов Эделбек Маматкуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
11. №2 Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Аширалиев Чынтемир Камчыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
12. №2 Баткен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Салихов Кенеш Каримовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
13. №11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Божонов Замирбек Сабиржановичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
14. №16 Ноокен шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Мурашев Нурбек Мурпазылжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
15. № 36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Сарбагышев Максатбек Канатбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
16. № 33 Нарын шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Баатырбеков Алмазбек Баатырбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
17. №24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Джунусалиев Рамис Майрамбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
18. №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары «Альянс» саясий партиясынан көрсөтүлгөнСулайманов Алтынбек Турдубаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
19. №22 Жайыл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Райымкулов Бактыбек Кемелбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
20. «Тынчтык» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
21. «Ак-Шам Мекен жана жаратуу» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
22. «Аалам» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
23. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мурдагы мүчөлөрүн Карылар күнү менен куттукташты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР БШКнын мурдагы төрагаларын, мүчөлөрүн жана аппарат кызматкерлерин Карылар күнү менен куттуктады.
Мекеменин мурдагы төрагалары Маркил Ибраев, Дамир Лисовский, БШКнын экс-мүчөлөрү Жаркын Бапанова, Рашид Бекбасаров, Абдысамат Баялинов, Ишенбай Кадырбеков жана Окутуу борборунун экс-директору Мурзабек Аргымбаев ыраазычылык кат жана белек алышты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери улуу муундун жалпы эле өлкөнүн тарыхындагы сиңирген эмгегин эстеп, белгилешти, шайлоо тутумунун калыптануусуна жана өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Гүлчө айылында саясий партиялар жана талапкерлер үчүн тренинг өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Программасынын БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен депутаттыкка талапкерлерди, саясий партиялардын өкүлдөрүн, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана банк кызматкерлерин окутуу өткөрдү.
Тренингдин темасы: “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо”.
БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев алдыда өтүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр, ошондой эле шайлоо процессинин, добуш берүүнүн аныктыгына жана айкындуулугуна, шайлоонун атаандаштыгына багытталган Борбордук шайлоо комиссиясынын чаралары жана ресурстары тууралуу чогулгандарга маалымат берди.
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо тартиби, анын ичинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү мөөнөтү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда (2021-жылдын 13-октябрына чейин (кошуп алганда) аяктаары тууралуу айтылды. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана\же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим (2-форма) саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
Саясий партиянын съездинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө жашыруун добуш берүү жол-жоболорун камсыздоо жана сактоо саясий партияга жүктөлөр. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун катышууга укуктуу. Саясий партия төмөнкү өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү: бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосу, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосу; 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосу, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосу, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусу, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.
Катышуучулар талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү тартибин, шайлоо өнөктүгүн каржылоонун эрежелерин окуп-үйрөнүштү. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын чыгымдалыш тартибин бузуусу, шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашырып жиберүүсү, каржы отчетторун бербөөсү жана жарыялабоосу, талапкерлердин, саясий партиялардын отчетторунда анык маалыматтарды берүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет. Өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер, саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же талапкер, саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылат. Бузуу фактысын аныктоо максатында БШК бийликтин мамлекеттик органдарына, фискалдык жана укук коргоо органдарына, ЖӨБ органдарына жардам сурап кайрылууга укуктуу.
Катышуучуларга шайлоо комиссияларына даттанууларды, арыздарды берүү мөөнөттөрү, аларды кароо мөөнөттөрү, арыз, даттануу менен шайлоо комиссияларына ким кайрыла ала тургандыгы түшүндүрүлдү, арызды кароонун натыйжасы боюнча конституциялык-укуктук (шайлоо) жоопкерчиликке же Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартууга мүмкүн экендиги белгиленди.
Саясий партиялардын, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү төмөнкүлөр боюнча кабардар болушту: билип туруп анык эмес маалыматтарды, шайлоо мыйзамдарында каралган анык эмес документтерди, анын ичинде башка мамлекеттин жарандыгы болбогондугу жөнүндө анык эмес документти берүү, ошондой эле көрсөтүү, каттоо жана шайлоо үчүн тоскоол болуп саналган маалыматтарды жашыруу 1-категориядагы айып пул (20 000 сомдон 30 000 сомго чейин) салууга алып келет. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан жасалган ошол эле жосундар белгилүү бир кызмат орунун ээлөө же белгилүү бир иш терди аткаруу укугунан ажыратылуу менен 1-категориядагы айып пул (20 000 сомдон 30 000 сомго чейин) салууга алып келет.
Тренингде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү, дебаттарды өткөрүү, шайлоочуларга маалымдоо эрежелери дагы каралды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Каракол шаарында шайлоо процессинин катышуучуларына үгүт жүргүзүү эрежелери жана каржы жоопкерчилиги түшүндүрүлдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Каракол шаарында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Программасынын БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен депутаттыкка талапкерлерди, саясий партиялардын өкүлдөрүн, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана банк кызматкерлерин окутуу өткөрдү.
Тренингдин темасы: “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо”.
КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова жана БШК мүчөсү И.Гайпкулов чогулгандарга аралаш шайлоо тутумунун өзгөчөлүктөрүн, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу шайлоо өткөрүү эрежелерин түшүндүрүштү. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү жана саясий партиялардын бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби тууралуу айтылды.
Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин тизмесин, талапкерлерди каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялай тургандыгы тууралуу айтылды.
Ошондой эле маалымат КР БШКнын расмий сайтынын «Талапкер» http://talapker.shailoo.gov.kg/ маалыматтык ресурстар бөлүгүндө жарыяланат. КР БШКнын бул электрондук ресурсу талапкерлер жана партиялар тууралуу жарандарга маалымдоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Бул сайттан шайлоочулар баардык партиялардын программалары менен онлайн таанышып, ар бир партия тууралуу төмөнкүдөй жалпы маалымат алат: байланышуу маалыматтары, региондук өкүлчүлүктөрү, жетектөөчү органдары, партиянын мүчөлөрүнүн саны, логотиптери, каттоо датасы, урааны, шайлоого катышкан тарыхы ж.б. Каржылоо булактарын жана чыгымдардын баардык беренелерин көрсөтүү менен каржылык отчётторду жарыялоо жаңы ресурстун маанилүү учуру болуп саналат.
Талапкер, саясий партия талапкерлер, талапкерлердин тизмеси катталган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен өзүнүн шайлоо алдындагы программасын кеминде бир республикалык мезгилдүү басылмага жарыялайт, ошондой эле аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат. Саясий партиянын шайлоо алдындагы программасы жарыяланган басылманын көчүрмөсү Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилет.
Шайлоо процессинин каржылык айкындуулугу жана каржылык отчёттуулугу жөнүндө блок окутуунун маанилүү учуру болуп калды. Шайлоо фондун түзүү үчүн бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкер тиешелүү округдук шайлоо комиссиясына, ал эми талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясына 1-форма боюнча атайын эсеп ачуу жөнүндө арыз менен кайрылат. Тиешелүү шайлоо комиссиясынан 2-форма боюнча атайын эсеп ачуу жөнүндө уруксат алгандан кийин саясий партия, талапкер шайлоо фонду үчүн атайын эсеп ачат. Атайын эсепти ачуу банк талап кылуучу документтер тапшырылгандан кийин ыйгарым укуктуу банк тарабынан ишке ашырылат. Атайын эсеп ачылгандан кийин саясий партия, талапкер үч күндүк мөөнөт ичинде атайын эсептин реквизиттерин 3-форма боюнча тиешелүү шайлоо комиссиясына кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
Шайлоо талаш-тартыштарын окуп-үйрөнүүдө катышуучулар бузуулар үчүн шайлоо мыйзамдарында кандай жоопкерчилик чаралары бар экендигин билишти: эскертүү – “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптарды бузган учурда (добуш берүү күнүн кошуп алганда бүт өнөктүктүн тогошунда); талапкерди/талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу – “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 53, 60-беренелери; катталган талапкерди/талапкерлердин тизмесин каттоосун жокко чыгаруу – “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 46-беренеси; шайланган талапкердин каттоосун жокко чыгаруу – “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 44-беренеси.
Саясий партиялардын, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү төмөнкүлөр айтылды: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участогунда үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды бөлүүгө жана жабдууга милдеттүү. Талапкерлерге, саясий партияларга үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей шарттар камсыз кылынышы керек. Талапкерлер, саясий партиялар тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынан шайлоо алдындагы басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн жерлердин тизмесин алууга укуктуу.
Ошол эле учурда шайлоо процессинин баардык катышуучулары каржылык айкындуулук жана каржылык жоопкерчилик принциптеринин негизинде иштөөлөрү керек. Талапкер өз талапкерлигин алып салган, саясий партия талапкерлердин тизмесин чакырып алган же талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылган (алынып салынган) талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тарткан учурда, шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары аларды берген жарандарга жана уюмдарга токтоосуз кайтарылып берилүүсү тийиш.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штабдын көчмө жыйыны Ысык-Көл облусунда өттү
Шайлоо комиссияларына парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүү боюнча республикалык штаб Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрдү.
Жыйынды штабдын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы М. Иманкулов жана штабдын тең төрагасы, КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова өткөрүштү. Жыйынга облустун жетекчилиги, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Ысык-Көл облусунун округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары катышты.
Ысык-Көл облусунда 326 505 шайлоочу катталган. Шайлоочулардын ушул санынын негизинде облуста 3 бир мандаттуу округдар түзүлдү: №34 Жети-Өгүз округу (Каракол шаарынын 3 участогу, Тоң району Көк-Мойнок айылынан тышкары жана Ак-Суу районунун 2 айылы кирет), №35 Ак-Суу шайлоо округу (Каракол шаары, Ак-Суу жана Түп райондору кирет), №36 Ысык-Көл шайлоо округу (Балыкчы шаары, Ысык-Көл району жана Тоң районунун Көк-Мойнок айылы кирет).
169 шайлоо участогу добуш берүү үчүн ачылды, 1969 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү даярдыктарды камсыз кылышат.
Маалымат үчүн: Ысык-Көл облусунун округдары, шайлоочулардын саны:
№34 Жети-Өгүз шайлоо округу Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорун жана Каракол шаарынын аз бөлүгүн камтыйт. Шайлоочулардын жалпы саны 108 422 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 90, анын ичинен 48и Жети-Өгүз районунда, 34ү Тоң районунда, 5и Ак-Суу районунда жана 3ү Каракол шаарында жайгашкан.
№35 Ак-Суу шайлоо округуна Челпек жана Бөрү-Баш айылдык кеңештеринен тышкары Ак-Суу району толугу менен, Түп району толугу менен, Каракол шаары 3 шайлоо участкасынан башкасы толугу менен кирет. Шайлоочулардын жалпы саны 118 513 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 99, анын 41и Түп районунда, 36сы Ак-Суу районунда жана 22си Каракол шаарында.
№36 Ысык-Көл шайлоо округуна Ысык-Көл району, Тоң районунун бир айылдык аймагы жана Балыкчы шаары кирет. Шайлоочулардын жалпы саны 86 607 жаран. Шайлоо участкаларынын жалпы саны 61, алардын 40 Ысык-Көл районунда, 18и Балыкчы шаарында, 3 Тоң районунда.
М.Иманкулов Ысык-Көл облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө шайлоого даярдык көрүү боюнча шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди койду, анын ичинде шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жабдуу, үзгүлтүксүз жарык, байланыш, Интернет байланышы, суук мезгилде жылытуу, имараттарды дезинфекциялоочу чараларды көрүү жана башка уюштуруу чаралары бар. Шайлоону уюштурууга мүмкүн болгон бардык жардам менен бирге, башкаруу органдары комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол бербеши керек. Укук коргоо органдары үчүн маанилүү артыкчылыктуу милдети катары, Коопсуздук кеңешинин катчысы партиялардын жана талапкерлердин кызыкчылыгында административдик ресурсту мыйзамсыз пайдаланууга жана добуштарды сатып алууга каршы натыйжалуу чаралардын алдын алууну жана көрүүнү белгиледи.
Штабдын тең төрагасы Н.Шалдабекова Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жол-жобосунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Демократиялык шайлоолорду баалоонун негизги критерийлери шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын ишке ашыруунун толуктугун камсыз кылуу болуп саналат. Ал республикалык штабдын иш планында белгиленген иш -чаралардын комплекси ар бир пунктта маанилүү экенин белгиледи.
«Штабдын күн тартибинде майыптуулугу бар адамдар талкуунун башында болгон качан болду эле, көбүнчө алар 25-маселе болчу. Бүгүн биз иш жүзүндө талкууну мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар шайлоого мүмкүн болушунча көбүрөөк катышуусунан баштадык. 2017 -жылы шайлоо участокторунун 27% ы гана пандустар менен жабдылган, бүгүнкү күндө - дээрлик 86% жабдылды. Бул дагы мамлекеттин жарандарга болгон мамилесин көрсөтүп турат. Мамлекет биздин өлкөдө болгону 180 миң адамды түзгөн катмарга кам көрө алса, анда ал башка категориядагы жарандардын камын да көрө алат.
Мааниси мындай болгон "Кошунаңды ала кел" акциясын улантуу керек. Ар бир участокто муктаждыктар картасы бар, ага маалыматтар киргизилет, бул участокто канча майыптар бар, алардын ден соолугунда кандай көйгөйлөр бар жана анын жанында шайлоо участкасына баруу үчүн кандай жардам көрсөтүү керек экендиги жазылган. Мисалы, кошунаңыз коляска менен бара алат же жергиликтүү муниципалитет транспортту уюштурат. Шайлоочуларды маалымдоонун бардык форматтары БШК тарабынан майып жарандардын муктаждыктарын эске алуу менен, Брайль шрифти менен басылган сурдо котормо, субтитр менен уюштурулган», - деди КР БШК төрайымы.
Шайлоонун инклюзивдүүлүгү шайлоого даярдык көрүүнүн маанилүү критерийи экенин эске алып, шайлоочулардын айрым категорияларынын тизмесин - социалдык ооруканаларда, аскердик жана чек ара бөлүктөрүндө, убактылуу кармоочу жайларда, тергөө изоляторлорунда ж.б. жайлардан тактоону камсыз кылуу, жарандардын өз убагында биометрикалык каттоодон өтүүсүнө, паспортторду документтештирүүгө жардам берүү тапшырылды.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шайлоо укуктарын камсыздоону дыкат иштеп чыгуу тапшырылды. Бул облуста пандустарды орнотуу аркылуу жеткиликтүү кылуу керек болгон көп жерлер бар.
Шайлоо комиссияларына, мамлекеттик органдарга жана ЖӨБ органдарына шайлоочулардын эркин билдирүүсү үчүн шарттарды түзүү жана талапкерлер менен партияларга шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүү боюнча бардык чараларды көрүү тапшырылды.
Бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде милдеттерди аткарып жатып, шайлоо процессинин өзгөчөлүгүн эске алышы керек:
шайлоонун этаптары (ар бир этапта өзүнүн башкы милдеттери), шайлоо процессинин кыска мөөнөттөрү өз убагында чараларды көрүүнү талап кылат;
шайлоо процессинин саясий мүнөзү абсолюттук калыстыкты жана саясий атаандаштыкка катышкан бардык субъекттерге бирдей мамилени талап кылат,
шайлоонун көп субъекттүүлүгү: шайлоочулар, талапкерлер, агитаторлор, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттары ж.б.у.с. ар бири түшүнүүнү жана ар бир субьекттин макамы менен укугун эске алууну талап кылат.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шайлоочулардын тизмесин тактоого жана жарандарга маалымат берүүгө көмөктөшүү, шайлоочулардын маалымат жана үгүт материалдары менен таанышуусу үчүн, талапкерлер жөнүндө плакаттарды ж.б. жайгаштыруу үчүн жарандарга ыңгайлуу аянттарды бөлүп берүү боюнча мыйзамдардын талаптарын аткаруу керектиги тапшырылды. Маалымат берүү – эркин шайлоонун маанилүү өзөгү. Ошол эле учурда үгүт материалдары үчүн аянттар жана шайлоочуларга жолугуу үчүн имараттар бардык талапкерлерге бирдей шартта берилиши зарыл.
Ар бир округда округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларынын, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн ыкчам аракет кылуучу координациялык топторунун ишмердүүлүгү жана өз ара аракеттенүүсү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Республикалык штабдын жетекчилери ошондой эле мугалим болуп иштеген шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүн келе жаткан кесиптик майрамы менен куттукташты жана шайлоону даярдоодогу жана уюштуруудагы жогорку компетенциясы, жоопкерчилиги жана патриоттуулугу үчүн мугалимдердин шайлоо комиссияларындагы эмгегине ыраазычылыктарын билдиришти.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерди, саясий партияларды колдоо үчүн үгүт иштерине билим берүү кызматкерлерин тартуунун жол берилбестиги белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине төмөнкү милдеттер жүктөлдү:
санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун алгоритмин жана коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча талаптарды ишке ашыруу боюнча:
биометрикалык каттоодон өтүү боюнча шайлоочулар арасында маалыматтык -консультациялык иштерди жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин тактоо;
тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу, административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алуу учурларында ыкчам чара көрүү, ошондой эле мыйзам бузган башка учурларда, мыйзам бузуулардын ар бир сигналы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө коомчулукка ыкчам маалымат берүү.
укук коргоо органдары тарабынан шайлоо участкаларынын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;
облустук штаб тарабынан аймактагы шайлоого даярдык боюнча жергиликтүү органдардын ишин координациялоо жана башка милдеттер.
КР БШК Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Нарын шаарында ЖМКга шайлоонун жүрүшүндө маалымдоонун өзгөчөлүктөрүн окутуу башталды
Нарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ Агенттигинин колдоосунда КРдеги шайлоо тутумдарынын эл аралык фондусунун өкүлчүлүгү (USAID) менен өнөктөштүктө уюштурган ЖМК жана блогердик коомчулук үчүн тренингдердин сериясын ачты.
Нарын шаарынын журналисттери жана блогерлери шайлоо мезгилиндеги иштердин маанилүү аспектилери, КР ЖК шайлоосун уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги этаптары, шайлоо процессинин жүрүшү тууралуу жарандарды маалымдоонун өзгөчөлүктөрү, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелери менен таанышты.
КР БШК төрагасы катышуучуларды жаӊы аралаш шайлоо тутуму, шайлоо мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр менен тааныштырды. Ал Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумунда жүргүзүлгөн реформа шайлоо процессинде шайлоочулардын тизмесин түзүүдөн тартып анын бардык этаптарында айкындуулукка жетишүүгө мүмкүндүк бергенин белгиледи. Алсак, КР БШК дайыма жеткиликтүү болгон, шайлоочулардын өзү тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга, ачык-айрымдуулукка, жеткиликтүүлүккө багытталган «Тизме» маалыматтык ресурсун иштеп чыкты https://tizme.gov.kg/home.xhtml. Шайлоочулардын тизмесин жаӊылоо шайлоо аралык мезгилде – ай сайын, шайлоодо – күн сайын жүргүзүлүп турат.
“Ачык, айкындуулук биринчи планга чыкты, андыктан, былтыр БШК төрагасы Нуржан Шайлдабекованын демилгеси менен маалымдоо жана үгүт иштери боюнча Жумушчу топтун курамына медиа мейкиндикти абдан жакшы билген алдыӊкы медиа эксперттери киргизилген. Өткөн шайлоолордо биз даттануу жана шайлоо мыйзамдарынын бузууларын гана караган элек, ал эми быйыл аталган топ маалыматтык, билим берүүчүлүк, агартуучулук материалдардын контентин иштеп чыгууга катыша алат”, - деп белгиледи медиа эксперт Авланбек Джумабаев.
Тренерлер Семетей Аманбеков жана Асель Сооронбаева маалымдоо менен шайлоо алдындагы үгүттөөнүн ортосундагы айырмачылыктар, шайлоо мезгилиндеги мониторингдин өзгөчөлүктөрү, чындыкты жалган маалыматтан ажыратуу үчүн фактчекинг механизмдери тууралуу айтып беришти.
Катышуучулар касташуу тили деген эмне экенин, үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө жек көрүү тилин пайдалануу тажрыйбасын кантип азайтуу керектигин талкууга алышты. ЖМКда жана социалдык тармактарда касташуу тилин колдонууну азайтуу боюнча сунуштар киргизилди.
Шайлоо өнөктүгүнө мониторинг жасоодо, адилеттүү атаандаштыкты жана каржы айкындуулугун камсыздоодо ЖМК маанилүү роль ойной тургандыгы белгиленди. Алар шайлоо өнөктүгүнө кеткен чыгымдарга мониторинг жүргүзө алышат, анын натыйжасы саясий партиялар жана талапкерлер саясий каржылоонун тийиштүү мыйзамдарына баш ийүүсүн, көзөмөлдөөчү органдар тарабынан бул жаатта укук колдонуу тийиштүү деӊгээлде камсыздалып жаткандыгын көрсөтүп турат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чолпон-Ата шаарынын саясий партиялары жана талапкерлери парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышты
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия БУУӨПтүн колдоосу менен 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн алкагында Чолпон-Ата шаарында депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн окутуу өткөрдү.
КР БШКнын мүчөсү Искендер Гайпкулов өткөргөн тренинг “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” темасында болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө алдыдагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, шайлоо процессинин этаптары, бардык этаптарда шайлоо процессинин катышуучуларынын жоопкерчилиги тууралуу маалымат уюштурулду.
Катышуучулар аралаш шайлоо тутуму боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катоо жол-жобосун жана документтерди тапшыруу тартибин, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча документтерди тапшыруу мөөнөтүн жана документтер пакетине болгон талаптарды изилдеп чыгышты. Талапкерлер жана саясий партиялар Жумушчу топ талапкерлердин тизмесине, талапкерлердин тизмелерине киргизилген талапкердин документтеринен талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоол болуп саналган ылайыктуулук эмес тапкан учурда, ал документтерди алгандан кийин 48 сааттын ичинде саясий партияга ылайык келбөө маалыматтары жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
Талапкер, саясий партия билдирме алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу. Бир эле адамды бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесинде, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча же болбосо бир эле убакта талапкерлердин тизмеси жана бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык каттоого жол берилбейт.
Банктын кызматкерлерине шайлоо мыйзамына ылайык, саясий партиянын шайлоо фондуна мамлекеттик бюджеттин же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдында карызы бар укуктук жактардын, укуктук жак түзбөстөн ишкердикти жүзөгө ашыруучу жеке жактардын акча каражаттарын кошууларына жол берилбегендиги айтылды. Саясий партиянын шайлоо фондуна жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана укуктук жактар которгон акча каражаттары келип түшкөн учурда, соттун чечими боюнча банк же башка мекеме, ал каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна(депозит эсеби) которууга милдеттүү, ал өз кезегинде бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которот.
Шайлоо талаш-тартыштары боюнча компонентин изилдөө учурунда шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын жарандардын шайлоо укуктарын бузган чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) жогору турган шайлоо комиссиясына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна чейин даттанылышы мүмкүн экендиги айтылды.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери тууралуу кийинкилер такталды: талапкер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия үгүт үчүн берилген телеберүүнү жүргүзгөн уюмдардын каналдарында аларга үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген эфирдик убакытты, басылма продукцияларды, аянттарды төмөнкү максаттарда колдонууга укугу жок: талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга; бул же тигил талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси шайланган учурда мүмкүн болуучу терс кесепеттерди сүрөттөөгө; кайсы-бир талапкер (кайсы-бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия жөнүндө маалыматтар терс баяндамалар менен ачык эле басымдуулук кылган маалыматты таратууга; талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочулардын терс мамилесин түзүүгө өбөлгө болгон маалыматты таратууга.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
13.10.2026
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби