Башкы Жаңылыктар КР БШК жана Нарын шаарынын укук коргоо органдарынын …

КР БШК жана Нарын шаарынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү шайлоонун жүрүшүндөгү мекемелер аралык мамилелерди талкууга алышты

02-Окт, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ПРООНдун колдоосу астында, шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузууларга карата чараларды жана аракеттерди иштеп чыгуу боюнча Нарын шаарынын укук коргоо органдары үчүн тренинг өткөрдү.  

Окутуу шайлоо процессинин бардык этаптарындагы бузууларга карата аракеттерде укук коргоо органдарынын квалификациясын жогорулатуунун туруктуулугун жана системдүүлүгүн камсыздоонун алкагында өттү. 

Окутуу процессине карата жаӊыча мамилени калыптандырууну эске алуу менен тренингге тергөө, сурак органдарынын тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, ошондой эле укук коргоо органдарынын окуу жайларынын окутуучулары чакырылды.  Окутууда укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө алдыда күтүлүүчү шайлоо процессинин, анын этаптарынын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтар берилди. 

КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова көп соттуулук укук коргоо органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан бардык шайлоо субъектилери менен мамиле түзүүнүн зарылдыгын баса белгилеп кетти. 

“2015-жылда болуп өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочулардын келүүсү 56%ды, 2020-жылы – 59% түзгөн. Бул жолу парламенттик шайлоого катышуучу талапкерлердин саны абдан арбын, андыктан, шайлоочулардын катышуусу мурунку шайлоолорго караганда алда канча жогору болуусу күтүлүүдө. Жекече талапкерлердин саны көп болгондугуна байланыштуу шайлоого келгендердин саны мурдагыларга салыштырмалуу көбүрөөк болушу мүмкүн.  

Шайлоо процесси саясий өӊүткө ээ экендигин эстен чыгарбоо керек. Андыктан, талапкерлерге карата келип түшкөн сигналдарды кара чыгуу мөөнөтүнүн созулуп кетиши, же тескерисинче, талапкерлерге же партияларга карата ашыкча аракеттердин болуусу кагылышуулардын келип чыгуусуна себепчи болушу мүмкүн.   Талапкерлердин жана партиялардын жалпы санынын эсебинен көп субъекттүүлүктүн  өсүшү күтүлүүдө.  

Эгер бузуулар шайлоо комиссияларынын компетенциясына кирип, бирок укук коргоо органдарынын кийлигишүүсүн талап кылса, анда укук коргоо органдарынын компетенциялары жана шайлоо комиссияларынын көмөк көрсөтүүлөрү маселеси боюнча өз ара мамилелерди ажыратып көрсөтүү зарыл. Мисалы, үгүт материалдары бузулган учурда укук коргоо органдары материалды чогултуп, айып пул салуу тууралуу чечим кабыл алуучу комиссияга жөнөтөт.  Ошол эле учурда, ички иштер органдарынын жана прокуратуранын компетенцияларына тиешелүү болгон пара берүү, административдик ресурс боюнча өз ара аракеттенүүлөр ишке ашырылат.  Бул өӊдүү бузуулар тууралуу чечимдерди өз учурунда алып туруу БШК үчүн абдан маанилүү, аларсыз шайлоо комиссиялары коом ичиндеги резонанстын болгондугуна карабастан, жоокерчиликке тартуу чараларын көрө алышпайт» - деп түшүндүрдү ал.  

«Кыргыз Ресубликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу» КР Конституциялык мыйзамынын 5-беренесине ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда көмөк көрсөтүүгө милдеттүү: керектүү жабдууларды, унаа каражаттарын, телефону бар жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды, шайлоо документтерин сактоочу жайларды  берүүгө, ошондой эле алардын сакталышын камсыздоого; тийиштүү маалыматты жана материалдарды берип турууга, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылуусуна кечиктирбестен же үч күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү, же шайлоодон кийинки күнү – дароо жооп берүүгө.  

Добуш берүү күнү жана анын алдындагы күн соттор, прокуратура органдары, ички иштер органдары үчүн жумушчу күн болуп эсептелээри баса белгиленди. 

Тренингде шайлоо процессинин жүрүшүндө конституциялык-укуктук жоопкерчиликке өзгөчө көӊүл бурулду. Мындай жоопкерчиликтин өзгөчөлүктөрү: жоопкерчилик шайлоо мыйзамдарынын өзүндө каралган; шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде соттон тышкаркы тартипте ишке ашырылуучу өтө көп сандагы санкциялар; санкциялар шайлоо укугунда кыска мөөнөттүү мүнөзгө ээ экендиги, б.а. шайлоо мыйзамдары боюнча мажбурлоо чаралары конкреттүү шайлоо өнөктүгү өтүп жаткан мезгилде гана колдонулаары тууралуу айтылды.    

“Шайлоонун негизги максаты – бийлик органдарын легитимдештирүү. Шайлоо процессинде конституциялык-укуктук жоопкерчилик өлкөнү башкарууга абийирсиз талапкердердин барышына бөгөт коюу үчүн колдонулат. Конституциялык-укуктук жоопкерчилик менен кылмыштык жоопкерчилик чараларын колдонуу – бул кош жоопкерчилик деп эсептөө жаӊылыштык, булардын мазмуну таптакыр башка. БШК мыйзам бузуучулар менен тил табышкан шайлоо комиссияларын таркатты. Коом мындай бузууларга эми чыдабайт. Жоопкерчилик менен бузуулар ортосундагы теӊ салмактын болуусуна көӊүл буруу зарыл. Эскертүү – конституциялык-укуктук жоопкерчиликтин эӊ олуттуу түрү, бузуулар кайталанса, бул партиянын же талапкердин шайлоодон четтетилишине алып келет» - деп белгиледи КР БШК төрагасы. 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>