Башкы Жаңылыктар Исфанада шайлоо катышуучуларына 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу …

Исфанада шайлоо катышуучуларына 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди

01-Окт, 2021

Исфана шаарында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ачык -айкындуулугу. Үгүт жана шайлоо талаштарын кароо” аталышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын 2021-жылдын 28-ноябрында дайындалган шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү алкагында, ПРООНдун колдоосу менен бүткүл өлкө боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан уюштурулган тренинг болуп өттү.  

Тренингге депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери катышты.

Окутуу документтерди тапшыруу жана талапкерлерди каттоо тартибин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин түшүндүргөн блоктон башталды. КР БШКнын шайлоо процессин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев катышуучуларга аралаш шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрүн, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү тартибин, шайлоо округдарынын түзүлүшү, схемасы жана чектеринин принциптерин түшүндүрүп берди. Шайлоо комиссияларына тапшырыла турган документтерди добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирилбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18: 00гө чейин (2021-жылдын 18-октябры (кошо алганда))берүү боюнча түшүндүрмө берилди.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерди көрсөтүү тартибинин "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын талаптарына шайкеш келишин текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттайт же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат.

Көрсөтүлгөн текшерүү "Түндүк" электрондук мекемелер аралык өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен да жүргүзүлөт.

Ошол эле учурда, эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топ эгер талапкердин документтеринде же талапкерлердин тизмесинде каттоого тоскоол болгон дал келбестиктерди тапса, документтерди алгандан кийин 48 сааттын ичинде бул дал келбестиктер жөнүндө талапкерге, саясий партияга билдирүүгө милдеттүү.

Талапкер, саясий партия кабарлоону алган күндөн тартып 48 сааттын ичинде керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди берүүгө укуктуу.

Бир эле адамды бирдиктүү шайлоо округу боюнча бирден ашык талапкерлердин тизмесинде, бир мандаттуу шайлоо округунда бир жолудан ашык, же бир эле учурда талапкерлердин тизмеси боюнча жана бир мандаттуу округда каттоого жол берилбейт.

 

 

Шайлоо фонддоруна карата тиешелүү шайлоо фондунан алдын ала төлөбөй туруп шайлоо алдындагы үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынаары, талапкердин, талапкерлердин тизмесинин шайланышына жардам бере турган жарандардын жана юридикалык жактардын талапкердин, саясий партиянын ишмердигин колдогон финансылык (материалдык) жардамы шайлоо фонддорунан тышкары (шайлоо фондунун атайын эсебин кыйгап өтүү менен) көрсөтүлүшүнө да тыюу салынаары белгиленди.

Шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн укуктук жоопкерчилик дагы изилденди.  Шайлоочунун, шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентине талапкердин, депутаттыкка талапкердин же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызматына талапкердин, ишенимдүү адамдын, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, байкоочунун, эл аралык байкоочунун укуктарынын бузулушу 3-категориядагы айып салууга алып келет (жеке адамдар үчүн 5 500 сом, юридикалык жактар ​​үчүн 17000 сом). Жеке жана юридикалык жактар ​​шайлоо комиссиясына шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган маалыматтарды же материалдарды белгиленген мөөнөттө бербесе, ошондой эле шайлоо комиссиясынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө зарыл болгон кабыл алган чечимдерин жана талаптарын аткарбаса, 1-категориядагы айып салууга алып келет (юридикалык жактар ​​үчүн 5000 сом).

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>