Башкы Жаңылыктар БШКда мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо процессине катышуусун камсыздоо …

БШКда мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын шайлоо процессине катышуусун камсыздоо чаралары талкууланды

30-Сен, 2021

Мүмкүнчүлүгү чектелген Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча Жумушчу топтун жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган парламенттик шайлоодо инклюзивдүүлүктү жогорулатуу чаралары талкууланды.

КР БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева шайлоого даярдык көрүү учурунда добуш берүүчү жайлардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жана атайын жардам каражаттары менен жабдылууга чоң көңүл бурулганын белгиледи.

Эгерде 2017-жылы президенттик шайлоодо шайлоо участкаларынын үчтөн бир бөлүгү гана пандустар менен жабдылган болсо, 2020-жылдын декабрында пандустар менен жабдылган шайлоо участкаларынын саны 83,4%га жетти, ал эми 2021-жылдын апрелиндеги жергиликтүү кеңештерге шайлоодо – бүткүл өлкө боюнча 85,8%га жетти.

185 участкада пандустарды орнотуу зарылчылыгы жок. Калган шайлоо участкаларында добуш берүү жайларга кирүүнү камсыздоо иштери уланууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын пасивдүү шайлоо укугун камсыз кылуунун алкагында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте муктаждык картасын түзөт. Ал социалдык такси уюштуруу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашаган жеринен шайлоо участкасына өтүү маршрутунун жеткиликтүүлүгүн, ыктыярчыларды, сурдокотормочуларды ишке тартууну,  чакыруу кнопкасын орнотууну камсыздоо боюнча чараларды көрүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана мамлекеттик органдардын аймактык башкарууларына өткөрүлүп берилет. Муктаждыктар картасына ылайык, 2021-жылдын апрелине карата мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 20187 болгон, бул 2021-жылдын 10-январындагы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого салыштырмалуу мүмкүнчүлүгү чектелген 1902 шайлоочуга көп.

Шайлоонун инклюзивдүүлүгүн кеңейтүү үчүн столдор, добуш берүүчү кабиналар жана урналар, ошондой эле маалыматтык такталар коляска пайдалануучу же өз алдынча кыйынчылык менен кыймылдаган шайлоочуларга жеткиликтүүлүк камсыздалгандай жайгаштырылышы керек (бийиктиги, туурасы, жайгашуусунун узатасы жана орду боюнча). Баардык УШКларда чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (лупа) жана/же Брайль трафарети бар.

Мыйзам боюнча талапкерлер, саясий партиялар жалпы нускасынын бир пайызынан аз эмес санында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн окуганга ыңгайлуу чоңойтулган арипте, сурдокотормону же субтитрди колдонуу, ошондой эле Брайль арибин же атайын каражаттарды колдонуу менен басылып чыккан үгүт материалдарын жарыялоого жана таркатууга милдеттүү.

Катышуучуларга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү талапкер көрсөтүлгөн учурда жана буга байланыштуу ушул конституциялык Мыйзамда каралган өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды өз алдынча жазууга, башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, бул адам башка адамдын жардамынан пайдаланууга укуктуу. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам берип жаткан адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш экендиги эскертилди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>