Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү!
Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы №408 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!
Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.
Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн, добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет.
Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар жашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жарандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарында бул жол-жободон өтсө болот.
Шайлоочулардын алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталына добуш берүү күнүнө 60 календардык күн калганда, б.а. 2021-жылдын 29-сентябрына чейин жайгаштырылат, анда Сиз өзүңүз тууралуу маалыматтарды тактай аласыз.
Ошондой эле шайлоочулардын алдын ала тизмеси 2021-жылдын 9-октябрына чейин тиешелүү шайлоо участкаларында илинет.
Кандай гана болбосун каталар же так эместиктер табылган учурда, ошондой эле Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2021-жылдын 12-ноябрына чейин жергиликтүү жамаатка таандыгыңызды ырастаган КР жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз.
Шайлоо участкасында арыз берген учурда жаран биометрикалык идентификациядан өтөт.
Ошондой эле белгиленген тартипте тастыктоодон өтүп, www.tizme.gov.kg сайтында “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу арыздарды электрондук форматта берүүгө болот.
Шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу экендигин эске салабыз.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү!
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган жарандар тарабынан шайланат.
21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.
Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок.
Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.
Шаардык кеңештердин депутаттары пропорционалдык тутум боюнча, ал эми айылдык кеңештердин депутаттары - мажоритардык тутум боюнча шайланат.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, шаарлардын жергиликтүү кеңештерине талапкерлерди көрсөтүү укугу – саясий партияларга, айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештерине – саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими жашыруун добуш менен кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз.
1. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына керектүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 40 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 18-октябрында саат 24:00гө чейин аяктайт.
Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 29-октябрына чейин аяктайт.
2. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына керектүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 28-октябрында саат 24:00гө чейин аяктайт.
Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда б.а. 2021-жылдын 8-ноябрына чейин аяктайт.
Талапкерлерди каттоого талапкерлерге жана саясий партияларга көмөктөшүү тартибинде КР БШКнын www.shailoo.gov.kg расмий сайтында талапкерлерге талаптар тууралуу арыздардын тариздери жана эскертме жайгаштырылган. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо үчүн КР БШКнын сайтында тиешелүү нускамалар жана жоболор жайгаштырылган. www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында талапкерлер жана саясий партиялар жөнүндө жалпы маалыматтар, шайлоо алдындагы программалары, алардын шайлоо фонддорунун маалыматтары чагылдырылган.
Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү чечүүчү ролду аткарат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе Сиздердин иш-аракеттериңиздерден көз каранды.
Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык – бул бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларынын негизги иш принциптери.
Аймактык шайлоо комиссияларына өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт, алар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо процессинен баштап, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо аяктаганга чейин шайлоочулар, талапкерлер жана саясий партиялар менен иштерди түздөн-түз уюштурууга тийиш. Шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды түзүү – бул процесстеги башкы талаптардан болуп калууга тийиш!
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорционалдык тутум боюнча шайлоону өткөрүүдө тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат.
Айылдык кеӊештерге жергиликтүү кеңештердин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 9-октябрына чейин шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгат жана аларды бекитүү үчүн КР БШКга киргизет.
Көп мандаттуу шайлоо округдары бир мандатка шайлоочулардын болжолдуу тең саны менен түзүлөт.
Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн ар бир айылдык кеңеш боюнча аялдар үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын мандаттарынын 30 пайыздан аз эмеси резервге калтырылат.
Шайлоо округунда резервге калтырылган мандаттардын саны тиешелүү шайлоо округдагы мандаттардын жалпы санына жараша болот:
1) 2, 3 мандаттуу шайлоо округунда 1 мандат резервге калтырылат;
2) 4, 5, 6 мандаттуу шайлоо округунда 2 мандат резервге калтырылат;
3) 7, 8, 9, 10 мандаттуу шайлоо округунда 3 мандат резервге калтырылат;
4) 11, 12, 13 мандаттуу шайлоо округунда 4 мандат резервге калтырылат;
5) 14, 15, 16 мандаттуу шайлоо округунда 5 мандат резервге калтырылат.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине аялдар үчүн мандаттарды резервге калтырууну эске алуу менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилген.
Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо мандаттар алгач аял-талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка аял-талапкерлерге караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон аял-талапкерлер шайланган болуп таанылат.
Эгерде шайлоо округунда аял-талапкерлердин саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар башка талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт.
Эгерде тиешелүү шайлоо округунда аял-талапкерлер жок болсо, анда резервге калтырылган мандаттар башка талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү!
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө милдеттүү:
- керектүү жабдууларды, транспорт каражаттарын берүү;
- орун-жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (такта, добуш берүү үчүн үкөк ж.б.), жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин шайлоо өткөрүү боюнча документтерди сактоо үчүн орун-жайларды берүү, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыздоо;
- үзгүлтүксүз телефон, интернет байланышын, электр (ошондой эле электр аркылуу азыктандыруунун альтернативалуу булагы менен камсыздоо), жылуулук менен камсыздоо;
- керектүү маалыматтарды жана материалдарды берүү;
- шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына – дароо, тиешелүү маселени кошумча изилдөө же текшерүү зарыл болгон учурда – 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү – токтоосуз жооп берүү.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 6-пунктуна ылайык, добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда добуш берүүсүн, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдорун, жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышын же лифттердин, эшиктердин кең улагасынын, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарыктандыруу менен камсыздалууга тийиш.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин тактоо маселелери боюнча көмөктөшүүгө милдеттүү.
Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана жабдууга милдеттүү.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет.
Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү;
- көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо.
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2021-жылдын 8-октябрына чейин ЖМК, интернет-басылмалар эфир убактысын, басма аянтты берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары же интернет-басылмага жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды КР БШКга берет.
Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шаардык кеӊештин депутаттыгына талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин б.а. 2021-жылдын 29-октябрынан тартып, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү айылдык кеӊештин депутаттыгына талапкерлердин тизмелери катталгандан кийин б.а. 2021-жылдын 8-ноябрынан тартып башталат.
Ушул шайлоонун өзгөчөлүктөрүн эске алганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды кабарландыруу жана үгүт жүргүзүүдө аймактардагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана катышуусу абдан маанилүү.
КР БШК аймактардагы жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирет.
Урматтуу жарандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасындагы жана бүтүндөй эле дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу, коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылышын болтурбоо максатында иш-чараларды (съезд, дебат, жолугушууларды) уюштурууда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо зарыл:
- орун-жайларды жана үстүнкү беттерди дезинфекциялоону жүргүзүү;
- адамдардын ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоо;
- санитайзерлерди, бир жолку бет каптарды жана кол каптарды пайдалануу;
- катышуучулардын температураларын көзөмөлдөө;
-колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды кайра-кайра дезинфекциялоо.
КР БШК тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен биргеликте ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана шайлоочулардын, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, шайлоо процессинин катышуучуларынын ден соолугун коргоону камсыздоо боюнча чаралар көрүлөт.
Шайлоо укуктук нукта өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарынын талаптары бекем сакталууга тийиш, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болуу зарыл.
КР БШК өз тарабынан шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачык, айкындуулукка кепилдик берет жана шайлоо тынч, туруктуу маанайда өтүшүнө болгон күчүн жумшайт, биздин өлкөнүн жарандарынын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзөт.
Кененирээк билүү >>
БШК КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участоктору үчүн календардын текстин бекитти
2021-жылы 28-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участоктору үчүн календардын текстин бекитти.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8 жана 10-беренелерине ылайык,«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ №408 Жарлыгынын негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календарлык планы бекитилди
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-сентябрындагы жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өктөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календарлык планын бекитти.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-сентябрындагы №408 жарлыгына ылайык, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинин, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленди.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүүнү, ал эми Министрлер Кабинети шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде уюштуруу-техникалык жана башка маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүнү карайт.
Президенттин жарлыгын ишке ашырууда жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өктөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календарлык планы кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн негизги багыттары жана этаптары:
- бир жана көп мандаттуу округдарды түзүү – 2021- жылдын 9-октябрына чейин;
- шайлоо округдарынын схемаларын жана чектерин бекитүү - 2021- жылдын 9-октябрына чейин;
- шайлоочулардын алдын ала тизмесин калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен түзүү жана жүктөө – 2021-жылдын 29-сентябрына чейин;
- шайлоочулардын тизмесине кирбей калгандыгы жөнүндө, андагы каталар же так эместиктер жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу – 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда);
- шайлоо участкаларынын чектерине ылайык бөлүштүрүлгөн биротоло шайлоочулардын тизмесин түзүү – 2021-жылдын 18-ноябрына чейин;
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо:
- шаардык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү – добуш берүү күнүнө 40 календарлык күн калганда (2021-жылдын 18-октябрына саат 24.00гө чейин);
- шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү - добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен (2021-жылдын 18-октябрына саат 24.00гө чейин);
- шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо - добуш берүү күнүнө 30 календарлык күн калганда (2021-жылдын 28-октябрына чейин);
- айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү - добуш берүү күнүнө 30 календарлык күн калганда (2021-жылдын 28-октябрына саат 24.00гө чейин);
- айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо - добуш берүү күнүнө 20 календарлык күн калганда (2021-жылдын 8-ноябрына чейин);
- шайлоочуларга тизмелер менен таанышуунун зарылдыгы жөнүндө маалымат берүү – 2021-жылдын 4-октябрына чейин;
Шайлоо алдындагы үгүт иштери:
- шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү – шаардык кеңештерде 2021-жылдын 29-октябрында, айылдык кеңештерде 2021-жылдын 8-ноябрында башталып добуш берүү башталганга 24 саат калганда аяктайт (2021-жылдын 27-ноябрында саат 8.00дө);
Добуш берүүнү өткөрүүнүн тартиби:
-добуш берүүнү добуш берүү жайларынан сырткары өткөрүү - добуш берүү күнүнө бир календарлык күн калганда (2021-жылдын 27-ноябрында);
- добуш берүүнү өткөрүү - 2021-жылдын 28-ноябрында 8.00дөн 20.00гө чейин;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо - 2021-жылдын 18-декабрына чейин.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР ЖК депутаттарын шайлоого карата биринчи жолу Венгрияда шайлоо участогу түзүлөт
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-сентябрында болуп өткөн жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо өлкөдөн тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо максатында Будапешт шаарында (Венгрия) № 9058 шайлоо участогун түзүү чечимин кабыл алды.
Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигинин түзүлүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушунун негизинде кабыл алынды.
Ошентип, алдыда боло турган Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого карата чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын жалпы саны 29 өлкөдө 58ге жетти.
Ошондой эле, быйыл биринчи жолу төмөнкү шаарларда 9 шайлоо участогу ачылмакчы:
Россия – Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шш.;
АКШ – Нью-Йорк жана Чикаго шш.;
Түркия – Анталья ш.;
Италия – Кальяри ш.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
КР БШК 2021-жылдын 28-сентябрындагы жыйналышында Сузак, Ак-Суу, Нарын жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Депутаттын ыйгарым укуктарын аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Теңизбай уулу Абайдын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер - Осмонов Советбек Асановичке өткөрүп берилди.
Депутаттын ыйгарым укуктарын аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенск айылдык кеңешинин депутаты Замирбек уулу Сыргактын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат фермердик чарба - Акчубакову Октябрь Тармалтаевичке өткөрүп берилди.
Депутаттын ыйгарым укуктарын аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаты Касымбаев Акматбек Бейшенбиевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат фермердик чарбанын мүчөсү - Таабалдиев Кычан Токтобековичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Нарын районунун Эмкег-Талаа айылдык кеңешинин депутаты Мата уулу Суйунучтун ыйгарым укуктары өлүмгө байланыштуу токтотулду. Мандат бала бакчанын тарбиячысы - Абдыбалиева Турсун Мухамбетовнага өткөрүп берилди.
Депутаттын ыйгарым укуктарын аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Нарын районунун Эмкег-Талаа айылдык кеңешинин депутаты Кожогелдиев Токунбек Эсекеевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат фермердик чарбанын мүчөсү - Орозбек уулу Бекназарга өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Мамаев Адисбек Замирбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу жумушсуз – Субаналиев Нур Асанбековичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ош шаарындагы Ош шаардык кенешинин бош мандаты Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигине караштуу Автомобиль транспорту агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары - Жолдошбаев Бакай Сагынбаевге ("Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан № 21) берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК айрым округдук шайлоо комиссияларынын даректерин өзгөрттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-сентябрындагы жыйынында шайлоо участкаларынын жайларынын канааттандырарлык эмес абалына байланыштуу, Ала-Бука, Ноокен, Чүй-Кемин округдук шайлоо комиссияларынын №2281, №2163, №7066, №7031 жана №7037 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү тууралуу сунушунун негизинде айрым округдук шайлоо комиссияларынын даректерин өзгөрттү.
Ошентип, төмөнкү округдук шайлоо комиссияларынын даректери өзгөртүлдү:
- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өрүктү айылындагы А.Ражапов көчөсү – 38 дареги боюнча маданият үйүнүн имаратында жайгашкан № 2281 шайлоо участогун Өрүктү айылы, А.Ражапов көчөсү – 12 дареги боюнча жайгашкан А.Жуманазаров атындагы орто мектептин имаратына.
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Тоскоол айылындагы Тоскоол-Ата көчөсү – 59 дареги боюнча Тоскоол-Ата токой чарбасынын имаратында жайгашкан № 2163 шайлоо участкасынын дареги Тоскоол айылы, Чарчы-Дөбө көчөсү – 55 дареги боюнча жайгашкан Н.Токторбаев атындагы орто мектептин имаратына.
- Чүй облусунун Токмок шаарынын Гагарин көчөсү – 71 дареги боюнча Токмок агроөнөр жай колледжинин имаратында жайгашкан Токмок шаардык № 7066 шайлоо участкасынын дареги Токмок шаары, Гагарин көчөсү – 65 дареги боюнча И.Раззаков атындагы техникалык институттун имаратына.
- Тегирменти айылы, А.Молдо көчөсү - №2/1 дареги боюнча жайгашкан №7031 шайлоо участогун Тегирменти айылы, Азиз көчөсү - №2/1 дареги боюнча жайгашкан Б.Солтонов атындагы орто мектептин имаратына.
- Чүй облусу Чүй районунун Искра айылындагы Биянху көчөсү №53 дареги боюнча №61 кесиптик лицейинин имаратында жайгашкан №7037 шайлоо участогун Искра айылы, Победа көчөсү - №29 дареги боюнча орто мектептин имаратына.
Ала-Бука, Ноокен, Чүй-Кемин округдук шайлоо комиссияларына шайлоо участкаларынын даректеринин өзгөргөндүгү тууралуу шайлоочулар арасында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 28-сентябрда Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- Абдыкадыров Замирбек Кочкорбаевич жана Кудакеева Кишимжан комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Тургунбаев Эркин Эсенбаевич Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан жана Бошкоева Перизат Нуршамиловна Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 28-сентябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 28-сентябрь 2021-ж.
Убактысы: 17:30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Г.К. Дюшембиева, пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы)
3. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин жана Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
(баяндамачы – Г.К. Дюшембиева, пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы)
4. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн календардын тексттин бекитүү жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун № 2281, Ноокен районунун № 2163, Чүй облусунун Токмок шаарынын №7066, Кемин районунун №7031, Чүй районунун №7037 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сузак, Ак-Суу, Нарын жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
7. Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
8. №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Икрамов Тазабек Икрамовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
9. №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Мадмаров Уланбек Аданбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
10. №32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Мусагул уулу Амантурдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
11. №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Сарыбагышев Талантбек Кыдыргазиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
12. №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Абдыбахапов Абдыманап Абдыбахаповичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө.
(баяндамачы - М.Д. Кожокеева, шайлоону уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
13. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад шаарында шайлоо талаш-тартыштары жана каржылык айкындуулугу боюнча окутуу өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген темада депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн бир күндүк тренингдердин сериясын баштады.
Окутуу 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Программасынын (БУУӨП) колдоосу менен өткөрүлүүдө. 28-сентябрда Жалал-Абад шаарында шайлоо процессинин катышуучуларына окутуу өткөрүлдү.
Катышуучуларга бирдиктүү шайлоо округу жана бир мандаттуу шайлоо округу боюнча саясий партиялардан жана өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлерди көрсөтүү тартиби тууралуу маалымат берилди. Өзгөчө көңүл талапкерлердин статусуна бурулду. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» жаңы конституциялык Мыйзамга ылайык, талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана органдардын тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде, менчигинин түрүнө карабастан эмгек акысынын орточо өлчөмүн мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотуп турууга милдеттүү. Талапкерлер же болбосо алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкер, талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү буйруктардын (тескемелердин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
Талапкерлерди каттоо тартиби, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү талапкерлердин катоосу каралды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү талапкер көрсөтүлгөн учурда жана буга байланыштуу ушул конституциялык Мыйзамда каралган өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды өз алдынча жазууга, башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, бул адам башка адамдын жардамынан пайдаланууга укуктуу. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам берип жаткан адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Окутуунун негизги компоненти шайлоо өнөктүгүнүн каржылык айкындуулугунун камсыздалышын, шайлоо фонддорун түзүү маселелерин өзүнө камтыды. Катышуучулар шайлоо фонддоруна келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарын эсепке алуусун, анын ичинде талапкер, саясий партия кайрымдуулук кылуучулар тарабынан добуш берүү күнүнө чейин белгиленген тартипте которулган жарандардын жана укуктук жактардын кайрымдуулук берүүлөрүн гана пайдаланууга укуктуу экендигин карап чыгышты. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, башка шайлоо алдындагы иш-чараларды жүзөгө ашырууга өздөрүнүн шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат. Талапкерлер, саясий партиялар өз шайлоо фонддоруна келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарын эсепке алууга жана БШКга тийиштүү каржы отчетторун берип турууга милдеттүү.
Шайлоо талаш-тартыштары боюнча, арызда кайрылып жаткан органдын аталышы, арыз берүүчү, аракеттерине даттануу менен кайрылган комиссия тууралуу маалыматтар, бузуулардын сүрөттөлүшү жана аларды тастыктоочу далилдер, арыз берүүчүнүн талаптары, колу, датасы коюлушу керектигин катышуучулардын эсине салды.
Шайлоо алдындагы өнөктүк эрежелерин талкуулоодо жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин кыянаттык менен колдонууга жол берилбей тургандыгы, улуттук, этникалык, расалык, диний, аймактар аралык кастыкка, гендерлик жана дискриминацияларга чакырган башка социалдык артыкчылыктарга, душмандыкка тыюу салынаары белгиленген. Жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлери менен эл алдында иш-чараларды өткөрүүгө; башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөтүн пайдалануу менен фото жана көрмө материалдарды пайдаланууга жол берилбегендиги тууралуу айтылды.
Талапкерлерге жана ыйгарым укуктуу өкүлдөргө Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышына көзөмөл кылат жана жол берилбеген бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөрүн маалымдады. Талапкер, саясий партиялар конституциялык Мыйзамдын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптарды бузган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы аларга бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу. Талапкер, саясий партия шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече жолу (эки же андан көп жолу) бузган учурда тийиштүү шайлоо комиссиясы аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга укуктуу.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Сокулукта шайлоо өнөктүктөрдү каржылоо жана шайлоо талаш-тартыштарды кароо боюнча тренинг өттү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген темада депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн бир күндүк тренингдердин сериясын баштады.
Окутуу 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Программасынын (БУУӨП) колдоосу менен өткөрүлүүдө. 28-сентябрда Сокулук айылында шайлоо процессинин катышуучуларына окутуу өткөрүлдү.
Катышуучуларга бирдиктүү жанан бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүүлөрдүн тартиби, мөөнөтү; берилген документтер; саясий партиялардын талапкерлер тизмесин түзүү тартиби тууралуу айтылды. Ошентип, кол тамга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилет. Талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин, анда талапкерлердин курамы жана аларды жайгаштыруунун тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Талапкерлердин тизмесиндеги талапкер чыгып кеткен учурда, чыгып кеткен талапкердин катар номуру тизмедеги башка талапкерлердин ордун толтурууга берилбейт.
Дагы бир маанилүү учур саясий партиялардан бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер талапкерлиги добушка коюлган шайлоо округун көрсөтүү менен съезддерде жүзөгө ашырыла тургандыгы жөнүндө тактоо болду. Саясий партиянын съездине БШКнын, Жумушчу топтун мүчөлөрү катышууга укутуу экендиги тууралуу айтылды. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди көрсөтүүгө укуктуу. Талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.Өзүн-өзү көрсөтүү БШКга көрсөтүлгөн шайлоо округ боюнча талапкер катары катышуу ниети жөнүндө арызы берилип жүргүзүлөт. Мында талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө (100 000 сом) шайлоо күрөөсүн төгөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.
Окутуунун жүрүшүндө шайлоо фонддорунун түзүлүшү, талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан шайлоо процессинин каржылык айкындуулугу камсыздалышы каралды. Тийиштүү шайлоо фондуна жеке жактардан түшкөн ыктыярдуу берүүлөр банк мекемеси тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун көрсөткөндө гана кабыл алына тургандыгы жөнүндө айтылды. Атын атабай кайрымдуулук кылуучулардан сактаныш үчүн төлөм документтеринде кайрымдуулук кылуучунун фамилиясы, аты-жөнү, туулган датасы, жашаган (катталган) жеринин дареги, жарандын паспортунун сериясы жана номуру көрсөтүлөт, аларды банк кызматкери паспорттун маалыматтары менен салыштырат.
Катышуучуларды шайлоо комиссияларына арыз жана даттанууларды берүү мөөнөтү менен тааныштырды. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилүүгө жатпайт экендиги баса белгиленди. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөтү чечим кабыл алынгандан, аракет (аракетсиздик) жасалгандан кийинки күнү башталат. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.
Тренингдин маанилүү учуру шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелери, анын ичинде шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзөртүүлөр менен таанышуу болду. Катышуучуларды ибадат кылуу имараттарына, курулмаларына жана аларга тиешелүү аймактарга, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөрү бар объекттерге, электр станцияларга, темир жолдорго, мунай куурларга жана жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларына, пенитенциардык тутумдун объекттерине, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдардын ичинде жана уюмдарга жакын жерлерде (аралыгы 100 метрден аз) үгүт иш-чараларын жүргүзүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт экендиги тууралуу кабарлады.
Шайлоо алдындагы үгүттү өткөрүүдө, үгүттүк материалдарда тикелей жана кыйыр өздөштүрүп алынган маалыматтык бөлүктөрдү жана элементтерди (сүрөттөлүштөрдү) көрсөтүүгө же башкача пайдаланууга же диний тематикага шилтеме жасоого жол берилбейт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК шайлоо процессинин катышуучуларынын каржылык айкындуулугу боюнча окутууну баштады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” деген темада депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн бир күндүк тренингдердин сериясын баштады.
Окутуу 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Программасынын (БУУӨП) колдоосу менен өткөрүлүүдө. Тренингдер БШК мүчөлөрүнүн катышуусу менен Бишкек, Кант, Ош жана Кара-Балта шаарларында өттү.
Тренинг Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо жана документтерди берүү тартибин түшүндүрүүдөн башталды. Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугуна ээ, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары талапкер боло алат. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү мөөнөтү шайлоо дайындалган күндөн башталып, 2021-жылдын 13-октябрында (кошуп алганда) аяктайт.
Тренингде саясий партиянын тизмеси 54 кишиден ашпашы керек, анын ичинде бир жыныстагы талапкерлердин саны 70 пайыздан ашпоосу (мында аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосу), талапкерлердин 15 пайызынан кем эмеси 35 жаштан ашпоосу, ар кандай этносторго таандык талапкерлердин саны 15 пайыздан кем болбоосу, кеминде 2 талапкер - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болууга тийиш экендиги айтылды.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, 2021-жылдын 13-октябрында (кошуп алганда) аяктайт.
Катышуучуларга шайлоо өнөктүгүн каржылоону укуктук жактан жөнгө салуу маселелери, шайлоо фонддорун түзүү жана аларды каржылоо булактары, шайлоо күрөөсү, жарандар жана укуктук жактар менен эсептешүү, шайлоо фонддорунун каражаттарынын түшүүсүн жана сарпталышын эсепке алуу, каржы отчёттуулугу, каржы айкындуулугу, контролдоо жана жоопкерчилик тууралуу айтып беришти.
Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары шайлоо өнөктүгүн каржылоонун айкындуулугу бөлүгүндө эл аралык стандарттарга, сунуштамаларга жана талаптарга максималдуу деңгээлде ылайык келери белгиленди.
Тренингде шайлоо үгүтүнүн, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, диний ишмерлерге, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерине, кайрымдуулук иштер менен алектенген уюмдардын уюштуруучуларына жана мүчөлөрүнө, чет элдик жарандарга жана уюмдарга ж.б. шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу өзгөчөлүктөрү тууралуу түшүндүрүп беришти.
БШКнын мүчөлөрү бирдиктүү шайлоо округу боюнча Президентти, Жогорку БШК мүчөлөрү Президентти, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадиоуюму тарабынан бөлүнгөн акысыз обо убакытысынын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем эмес болуш керек экендигин эскертишти. Көрсөтүлгөн акысыз обо убактысы катталган жана берүүгө келишкен талапкерлердин, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ортосунда бирдей бөлүштүрүлөт. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн талапкерлер үчүн берилген акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү аймактык телерадиоуюмдарынын каналдарында жумуш күндөрү 30 мүнөттөн кем эмес болушу керек.
Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу максатында талапкерлер, саясий партиялар үгүт материалдарын сурдокотормо же субтитр менен, кеңейтилген шрифт менен басылып чыккан, окууга жеңил, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн Брайль шрифти же башка атайын каражаттарды колдонуу менен, үгүт материалдарынын тиражынын жалпы көлөмүн бир пайыздан кем эмес көлөмдө жарыялоого милдеттүү.
Окутуунун жүрүшүндө шайлоо талаш-тартыштарына, шайлоо процессинин катышуучуларынын конституциялык-укуктук жоопкерчилигине, даттанууларды кароо тартибине жана мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурулду. Аймактык шайлоо комиссиялары мыйзамга ылайык, участкалык шайлоо комиссияларынын, алардын мүчөлөрүнүн чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине); добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине (протоколуна); шайлоо процессинин субъекттеринин (катышуучуларынын) чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды карайт.
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын, алардын мүчөлөрүнүн чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине); добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерине (протоколуна); шайлоо процессинин субъекттеринин (катышуучуларынын) чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды карайт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына, коммерциялык эмес уюмдарга, саясий партияларга КАЙРЫЛУУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалгандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын УШКларынын резервдерин толуктоо зарылдыгы келип чыкты. Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (Бишкек АШК) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын жана саясий партиялардын өкүлдөрүн УШКлардын резервине көрсөтүү жөнүндө жарыялайт. Мыйзамга ылайык УШК саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн курамында түзүлөт. УШК шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган, жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыздаган коллегиялык орган болуп саналат. УШК курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт.
УШК резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өздөрүнүн макулдугун, алардын ишке даярдык деңгээлин, шайлоо комиссияларына катышкан тажрыйбасын эске алуу зарыл. Талапкерлерди көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш.
Жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүгө тийиш.
Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. Аймактык шайлоо комиссиясына саясий партиянын региондогу бөлүмүнүн төрагасынын жана чогулуштун катчысынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тийиштүү документ тапшырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
- УШК курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
- паспортунун көчүрмөсү;
- иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);
- байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык төмөнкүлөр УШК мүчөсү боло албайт:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы;
- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү.;
- шайлоо комиссиясы мүчөсүнүн милдеттеринен терс негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан участоктук шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 11-октябрынын саат 18-00нө чейин Бишкек шаардык кеңешинде кабыл алынат.
Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 11-октябрынын саат 18-00нө чейин Бишкек АШКда кабыл алынат.
Маалымат алуу телефондору:
Бишкек шаардык кеңеши - 0 312 61 04 32,
Бишкек АШК - 0 312 38 24 26
Кененирээк билүү >>
БШК КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөн А.Д. Абакировдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-сентябрында №31 Чоӊ-Кемин шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөн Абакиров Аскар Джумабековичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоого алды.
А.Д. Абакиров шайлоо маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары А.Н. Эсенованы дайындады.
Конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө, 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талакерлердин шайлоого катышуусу тууралуу билдирүү шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда, б.а. 13-октябрда (кошуп алганда) аяктайт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөн М.Д. Саккараевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-сентябрында №31 Чоӊ-Кемин шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөн Саккараев Медербек Джаманкуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоого алды.
М. Д. Саккараев шайлоо маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Ч.А. Алмазбековду дайындады.
Конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө, 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талакерлердин шайлоого катышуусу тууралуу билдирүү шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда, б.а. 13-октябрда (кошуп алганда) аяктайт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөн Ю.В. Лилиенталдын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-сентябрында №13 Сузак шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөн Лилиенталь Юлия Викторовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.
Ю.В. Лилиенталь шайлоо маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Ю.В. Бибиковду, каржы маселеси боюнча Е.В. Купавцевди дайындады.
Конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө, 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талакерлердин шайлоого катышуусу тууралуу билдирүү шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45календарлык күн калганда, б.а. 13-октябрда (кошуп алганда) аяктайт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөн Ж.А. Джээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 26-сентябрында №13 Сузак шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде КР Жогорку Кеӊешине депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөн Джээнбеков Жусупжан Амранжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.
Ж.А. Джээнбеков каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары С.М. Орозалиевди дайындады.
Конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө, 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына талакерлердин шайлоого катышуусу тууралуу билдирүү шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45календарлык күн калганда, б.а. 13-октябрда (кошуп алганда) аяктайт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
13.10.2026
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби