Башкы Жаңылыктар КР БШК төрагасы Аял лидерлиги академиясынын жолугушуусуна онлайн …

КР БШК төрагасы Аял лидерлиги академиясынын жолугушуусуна онлайн катышты

29-Сен, 2021

2021-жылы 28-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу алдында Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгелери альянсы тарабынан уюштурулган Аял лидерлиги академиясынын жолугушуусуна онлайн катышты.

Жолугушууда Н.Шайлдабекова академиянын угуучуларын 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды. КР БШК төрагасы өз сөзүндө эми Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аралаш шайлоо тутуму менен өтөөрүн, ага ылайык 36 депутат мажоритардык тутум боюнча, ал эми 54 депутат пропорционалдык тутуму боюнча шайланат. Парламент депутататтары мурда партиялардын жабык тизмелери боюнча шайланса, азыр шайлоочу бюллетень алып, партия эле үчүн эмес, партиядагы айрым бир талапкер үчүн дагы добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар.

Н.Шайлдабекованын айтканы боюнча парламентарийлер преференциялык тутумду кабыл алуу менен маңызында добуш бергенден кийин аялдар үчүн мандаттардын 30%ын резервге калтырууну киргизишти, бул келечектеги парламентте аялдардын катышуусуна кепилдик берет. Учурда парламентте баардыгы 19 аял бар, ошондуктан алардын санын көбөйтүү үчүн иш жүргүзүү керек. “Мамлекеттин атайын мыйзамдык чаралары – бул аялдардын шайлоого талапкер катары катышуусуна көбүрөөк ишенич арттыруучу жакшы мүмкүнчүлүк”, - деп баса белгиледи Н.Шайлдабекова. БШК башчысынын пикири боюнча аялдардын добуш берүүгө катышуусун жигердештирүүдө чоң дарамет бар, себеби аялдар шайлоочулардын жалпы тизмесинде 53%ды түзөт, ал эми шайлоого алардын 35%ы гана катышат. “Өлкө үчүн маанилүү чечимдер аялдардын жигердүү катышуусу менен кабыл алынышына умтулуу жана күч-аракеттерди жумшоо керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады Н.Шайлдабекова.

Мындан тышкары, кеңири дискуссия болуп, анда катышуучулар өздөрүн кызыктырган баардык суроолорго БШК төрагасынан жооп алышты, шайлоого байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулашты, ошондой эле катышуучуларга шайлоо тематикасы жана добуш берүү процесси боюнча видео материалдар берилди.

Аял лидерлиги академиясынын онлайн жолугушуусу уникалдуу инновациялык аянтча болуп саналат, анда Кыргызстандын бүт аймактарынан 90дон ашык лидер аялдар 1,5 ай окутулат, академиянын угуучуларынын 50сү жергиликтүү кеңештерден депутат аялдар, 20сы саясий партиялардан өкүл аялдар, 5өө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер аялдар, активист аялдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынан өкүл аялдар.

Академияда окуу Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгелери альянсынын (www.awli.kg) онлайн платформасы аркылуу гендерлик теңдик, аялдар менен эркектердин теңдигин, укуктарын камсыздоо боюнча эл аралык жана улуттук мыйзамдар, шайлоо процесси, жергиликтүү кеңештердин иштөөсү ж.б. актуалдуу маселелер боюнча тренингдер, юристтердин кеңеши, мастер-класс, аял-саясатчылар, эксперттер менен жолугушуу форматында өткөрүлөт.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>