Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК КТТ: 3 шаардык жана 13 айылдык кеңешти шайлоодо талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддору жөнүндө маалымат
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Балта шаардык кеңештерине жана Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 13 айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо жөнүндө маалымат берди.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына жарандар өзүн өзү көрсөткөн учурдан тартып, саясий партиялар талапкерлерди/талапкерлердин тизмесин көрсөткөн учурдан тартып өз шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүштү.
Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн «РСК Банк» ААКта жана «Айыл Банк» ААКта талапкерлердин жана саясий партиялардын фонддорунун атайын эсептери ачылды. Бул эки банк талапкерлердин жана саясий партиялардын фонддорунун каражаттары боюнча атайын эсеп ачуу, жүргүзүү, эсепке алуу жана отчёттуулук үчүн БШК тарабынан аныкталган банк мекемелеринин тизмегине кирди (БШКнын 2022-жылдын 9-февралындагы № 13 токтому).
Кара-Балта, Таш-Көмүр жана Токтогул шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоого (93 депутаттык мандат) 13 саясий партиядан 827 талапкер жана 13 айылдык кеңештин депутаттарын (243 депутаттык мандат) шайлоого 491 талапкер катышууда.
«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык 2022-жылдын 9-апрелине карата саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине бардыгы 2 591 925 сом акча каражаттары түшкөн:
Шаардык кеңештин аталышы
Түштү
%
Кара-Балта шаардык кеңеши (6 саясий партия)
1 635 725,00
63,11%
Таш-Көмүр шаардык кеңеши (3 саясий партия)
472 100,00
18,21%
Токтогул шаардык кеңеши (7 саясий партия)
484 100,00
18,68%
Бардыгы
2 591 925,00
100%
Кайрымдуулук түрлөрү боюнча саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн жалпы сумма (кайтарып берүүлөрдү жана төлөмдөрдүн коддорун туура эмес көрсөтүүлөрдү эсепке алганда) төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Кайрымдуулук түрлөрү
Сумма
%%
55221000 - талапкердин жеке каражаттары
732 400,00
28,26%
55222000 - саясий партиянын жеке каражаттары
528 800,00
20,40%
55223000 - жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулугу
1 193 450,00
46,04%
55224000 - юридикалык жактын ыктыярдуу кайрымдуулугу
0,00
0,00%
Төлөмдөрдүн туура эмес коддору
25 100,00
0,97%
Кайтарып берүүлөр (банк реквизиттерин туура эмес көрсөтүүгө байланыштуу ж.б.)
112 175,00
4,33%
Бардыгы
2 591 925,00
100%
Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынан шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабууга 2 435 165,50 сом сарпталды:
Чыгым беренеси
Сумма
%%
10000000 – Кирешелер боюнча мамлекеттик бюджетке төлөмдөр
19 293,00
0,79%
14511900 – Салыктык эмес башка кирешелер (шайлоо күрөөсүн төлөө)
398 000,00
16,34%
41000000 - Төлөмдөр жана товарлар
41 850,00
1,72%
42000000 - Кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр, анын ичинде
351 004,50
14,41%
42120000 – Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрү
1 511,00
0,43%
42131000 – Ижарага төлөө
200 431,00
57,10%
42151000 - Башка кызмат көрсөтүүлөр (маалыматтык жана кеңеш берүү мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүүлөр)
149 062,50
42,47%
44000000 – Кызматкерлерге эмгек акы төлөө (агитаторлорго, ыйгарым укуктуу өкүлдөргө жана ишенимдүү адамдарга, байкоочуларга, өкүлдөргө ж.б. эмгек акы төлөө)
91 600,00
3,76%
46000000 - Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү
1 011 737,00
41,55%
Төлөмдөрдүн туура эмес коддору жана кайтарып берүүлөр
521 681,00
21,42%
Бардыгы
2 435 165,50
100,00%
Саясий партиялардын атайын эсептериндеги акча каражаттарынын калдыгы 156 759,50 сомду түздү.
2022-жылдын 9-апрелине карата айылдык кеңештердеги депутаттыкка талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине бардыгы 850 680 сом түшкөн, анын ичинде кайрымдуулук түрлөрү боюнча суммалар (кайтарып берүүлөрдү жана төлөмдөрдүн коддорун туура эмес көрсөтүүлөрдү эсепке алганда) төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Кайрымдуулук түрлөрү
Сумма
%%
55221000 - талапкердин жеке каражаттары
661 090,00
77,71%
55222000 - саясий партиянын жеке каражаттары
0,00
0,00%
55223000 - жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулугу
33 150,00
3,90%
55224000 - юридикалык жактын ыктыярдуу кайрымдуулугу
0,00
0,00%
Төлөмдөрдүн туура эмес коддору
151 340,00
17,79%
Кайтарып берүүлөр (банк реквизиттерин туура эмес көрсөтүүгө байланыштуу ж.б.)
5 100,00
0,60%
Бардыгы
850 680,00
100,00%
Айылдык кеңештердеги депутаттыкка талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды жабууга 761 042 сом сарпталды:
Чыгым беренеси
Сумма
%%
14511900 - Салыктык эмес башка кирешелер (шайлоо күрөөсүн төлөө)
441 600,00
58,03%
42000000 - Кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр, анын ичинде
51 500,00
6,77%
46000000 - Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрү
185 900,00
24,43%
Төлөмдөрдүн туура эмес коддору жана кайтарып берүүлөр
82 042,00
10,78%
Бардыгы
761 042,00
100,00%
Айылдык кеңештердеги депутаттыкка талапкерлердин атайын эсептериндеги акча каражаттарынын калдыгы 89 638 сомду түздү.
Шайлоо күрөөсү катары БШКнын депозит эсебине бардыгы 811 000 сом (кайтарып берүүлөрдү эсепке албаганда) түштү:
шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардан – 320 000 сом;
айылдык кеңештердеги депутаттыкка талапкерлерден – 491 000 сом.
Маалымат үчүн: Мыйзам ченемдерине ылайык айылдык кеңештерге талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- талапкердин өз каражаттарынын, алар 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- саясий партиянын өз каражаттарынын, алар 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын ар бири 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.
Мында айлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдардын чектелген суммасы 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.
БШКнын депозит эсебине шайлоо күрөөсүн которүү үчүн шайлоо күрөөсүнүн суммасы 1000 сомду түзөт
Шаардык кеңештердин (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү – 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү – 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү – 200 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.
Мында шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдардын чектик суммасы 5000 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.
БШКнын депозит эсебине шайлоо күрөөсүн которүү үчүн шайлоо күрөөсүнүн суммасы 20 000 сомду түзөт
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 4-бөлүгүнө каралган тыюу салууларга туура келбеген жеке жана юридикалык жактар шайлоо фонддорун түзө алышат.
Талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү жана алардагы каражаттарды сарптоо боюнча кыйла кеңири маалыматтарды БШКнын сайтынан көрсө болот (“Талапкерлер жана партиялар/ “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо” маалымат ресурсу (же “Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо”) (Шайлоо фонду)
https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_gor
https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_aiyl
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу
Кененирээк билүү >>
КР БШК эске салат: КР шайлоо мыйзамдарын бузууга күбө болгон шайлоочулар КР БШКнын ЫЧКТсына кайрыла алышат
Бүгүн – 2022-жылы 10-апрелде Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 3 шаардык (Кара-Балта, Таш-Көмүр, Токтогул) жана 13 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтүүдө.
КР Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын эсине салат: эгерде Сиз Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузууга күбө болсоңуз, КР БШКнын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна (ЫЧКТ) төмөнкү номерлер боюнча кайрыла аласыз:
Кыска номер: 1255,
WhatsApp: 0(990) 02-12-55; 0(502) 00-12-55,
Ишеним телефону: 0(312) 62-62-46,
Коомдук кабылдама: 0(312) 66-02-40,
Электрондук дарек: кgor_cec@shailoo.gov.kg
Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу түшкөн даттануулар Даттануулар жана бузуулар Реестринде - https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-deputatov-nekotoryh-mestnyh/ катталат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
10-апрель – Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 3 шаарында жана 13 айылында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү
Бүгүн – 2022-жылы 10-апрелде Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 3 шаарында жана 13 айылында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү.
Эртең менен саат 8:00дө Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Балта шаарларында жана 13 айылда 84 шайлоо участогу ачылды.
Бардыгы 336 депутат шайланыш керек, 1318 талапкер мандат үчүн ат салышууда.
3 шаардык кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы саны 93тү түзөт, 13 партиядан 827 талапкер катталган.
13 айылдык кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы саны 243тү түзөт, анын ичинде округдарда аялдар үчүн 96 мандат резервде калтырылган.
13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 491 талапкер анын ичинде 160ы аял талапкер.
Талапкерлер жана партиялар жөнүндө маалыматтар менен шайлоочу тиешелүү плакаттар жайгаштырылган өз шайлоо участогунда, ошондой эле БШКнын «Талапкер» (https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_gor) онлайн ресурсунан таанышса болот.
Шайлоочулардын алпы саны 157 958ди түздү.
Добуш берүү саат 20:00гө чейин өтөт. Добуш берүү үчүн шайлоочу катталган шайлоо участогуна өзү келүүгө тийиш.
Шайлоочу өзүнүн шайлоо участогун төмөнкүчө билсе болот:
- 1255 же 119 кыска номурларына телефон чалып,
- «tizme.gov.kg» сайтынан,
- Же өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).
БШК жарандарды добуш берүүгө катышууга жана жергиликтүү кеңешке өз өкүлдөрүн шайлоого, шайлоодо жарандык позициясын көрсөтүүгө чакырат.
Маалымат үчүн:
Жергиликтүү кеңештер – ыйгарым укуктары тиешелүү аймакка таркатылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.
Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештердин төмөнкү эки түрү бар:
1. Айылдык кеңеш – айыл аймагындагы өкүлчүлүктүү орган;
2. Шаардык кеңеш – шаар аймагындагы өкүлчүлүктүү орган.
Жергиликтүү кеңештер 4 жыл мөөнөткө шайланат жана жергиликтүү маанидеги төмөнкүдөй маселелерге жооп берет:
аймактын экономикалык өнүгүшү;
муниципалдык менчикти башкаруу;
калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана канализациянын ишин камсыз кылуу;
жолдордун иштешин жана жарык берүүнү камсыз кылуу;
көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, коомдук транспорттун иштешин камсыз кылуу жана жөнгө салуу;
турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу, жарнамаларды мыйзамдарда белгиленген тартипте жайгаштыруу;
курулаштарды жөнгө салуу жана жерди пайдалануу;
коомдук тартипти сактоо жана бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү, жергиликтүү маанидеги башка маселелер.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарына добуш берүү менен Сиз жакын арадагы 4 жылда Сиз жашаган шаарда, айылда жашоо-турмуш кандай уюштурула тургандыгын тандайсыз!
Сиздин тандоо – биздин жалпы келечегибиз!
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү шайлоодо шайлоо участокторунан тышкары жерде 639 шайлоочу добуш берди
2022-жылы 9-апрелде 3 шаардык, 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо участокторунан тышкары жерде добуш берүү тууралуу мурда арыз берген 730 шайлоочунун ичинен 639 шайлоочу добуш берди. Жалпысынан добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүну каалаган шайлоочулардын 87,53%ы добуш берди.
91 адам арыз берип, бирок добуш берген жок, анын ичинде 50 адам участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү келген учурда үйлөрүндө болгон эмес, калган 41 адам башка себептерден улам добуш берген жок.
3 шаардык кеңеш боюнча 455 шайлоочунун ичинен 379у добуш берди, бул 83,29%ды түздү. Анын ичинде:
- Кара-Балта шаардык кеңеши боюнча – 212 шайлоочунун ичинен 173 шайлоочу добуш берди, бул 81,60%ды түздү.
- Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча – 101 шайлоочунун ичинен 83 шайлоочу добуш берди, бул 82,17%ды түздү.
- Токтогул шаардык кеңеши боюнча – 142 шайлоочунун ичинен 123 шайлоочу добуш берди, бул 86,61%ды түздү.
13 айылдык кеңеш боюнча 275 шайлоочунун ичинен 260ы добуш берди, бул 94,54%ды түздү. Анын ичинде:
- Жалал-Абад облусу боюнча – 51 шайлоочунун ичинен 47 шайлоочу добуш берди, бул 92,15%ды түздү.
- Ысык-Көл облусу боюнча – 9 шайлоочунун ичинен 8 шайлоочу добуш берди, бул 92,15%ды түздү.
- Нарын облусу боюнча – 43 шайлоочунун ичинен 41 шайлоочу добуш берди, бул 95,34%ды түздү.
- Ош облусу боюнча – 118 шайлоочунун ичинен 114 шайлоочу добуш берди, бул 96,61%ды түздү.
- Чүй облусу боюнча – 54 шайлоочунун ичинен 50 шайлоочу добуш берди, бул 92,60%ды түздү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган, ошондой эле добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар, алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жарандарды 16 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга чакырат!
Урматтуу шайлоочулар! 2022-жылдын 10-апрели – Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Балта шаардык кеңештеринин депутаттарын, ошондой эле 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо күнү:
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши,
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши,
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңеши,
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңеши,
Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши,
Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңеши,
Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкөн айылдык кеңештери,
Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши,
Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши,
Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңеши,
Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңеши,
Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык Кеңеши.
Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды добуш берүүгө катышууга жана жергиликтүү кеңешке өз өкүлдөрүн шайлоого, шайлоодо жарандык позициясын көрсөтүүгө чакырат.
Талапкерлер тууралуу маалыматты, өзүңүздүн шайлоо участогуңуздун дарегин 1255 же 119 кыска номурлары аркылуу, же КР БШКнын “shailoo.gov.kg” сайтынан билсеңиз болот.
Кененирээк билүү >>
Аймактык комиссиялар жергиликтүү кеңештерге талапкерлердин орто билимден төмөн эмес билими бар болушу жөнүндө мыйзам талаптарына ылайыктыгын кароодо
Аймактык комиссиялар жергиликтүү кеңештерге депутаттыгына талапкерлердин жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар болушу жөнүндө мыйзам талаптарына ылайыктыгын кароодо.
2022-жылы 10-апрелде 3 шаардык (Кара-Балта, Таш-Көмүр, Токтогул) жана 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.
Бардыгы 336 депутат шайланыш керек, 1318 талапкер ушул мандаттар үчүн ат салышууда.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү кеңешке талапкердин жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар болушу керек.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий маалыматы боюнча 11 талапкер боюнча мекетептердин документтеринде көрсөтүлгөн архивдерде алардын окутуудан өткөндүгү тууралуу маалыматтар камтылган эмес.
Азыркы учурга карата текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аймактык комиссиялар Таш-Көмүр шаарында партиядан көрсөтүлгөн 1 талапкерди каттоодон баш тартылды, Кара-Балта шаарында 2 саясий партиядан көрсөтүлгөн 2 талапкерди каттоо жокко чыгарылды.
Токтогул шаарында партиялардан көрсөтүлгөн бир катар талапкерлер боюнча маалыматтарды тактоо улантылууда. Талапкерлерге мыйзам талап кылгандай талапкерлердин жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар болушу керек экендиги тууралуу билдирмелер тапшырылып, ырастоолор кошумча суралды.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча талапкерлер тарабынан бузуулар аныкталса, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы шайлоо процессинин ар кандай баскычында талапкерди каттоо жокко чыгарууну карайт.
Маалымат үчүн:
3 шаардык кеңеште депутаттык мандаттардын жалпы саны 93тү түзөт, 13 партиядан 827 талапкер катталган.
13 айылдык кеңеште депутаттык мандаттардын жалпы саны 243тү түзөт, анын ичинде округдарда аялдар үчүн 96 мандат резервде калтырылган.
13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 491 талапкер катталган, анын ичинде 160ы аял талапкер.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө
Бүгүн – 2022-жылы 9-апрелде жергиликтүү кеңештердин – 3 шаардык, 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматтары боюнча 16 жергиликтүү кеңеш боюнча 84 УШКдан 61 УШКга добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө бардыгы 730 арыз түштү.
Маалымат үчүн: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган, ошондой эле төмөнкү шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:
добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар;
алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.
Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча –
добуш берүү күнү калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлердеги аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары,
добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканалардагы иштеген шайлоочулар,
вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар.
Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.
Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин эки депутатынын дипломдору жөнүндө УКМК БШКга маалымат берди
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети дипломдордун аныктыгын текшерүү боюнча иштин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки депутаты – Ф.Д. Исмаиловдун («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) жана Ф.А. Алимжановдун («Альянс» фракциясы) жогорку билими жөнүндө документтери боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына маалымат берди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, «Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат».
Борбордук шайлоо комиссиясы билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттешип, берилген материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча мыйзамдарга ылайык тиешелүү чечим кабыл алат.
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө шайлоочулардын кат жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады
2022-жылы 6-апрелде саат 18:00дө жергиликтүү кеңештердин – 3 шаардык, 13 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө шайлоочулардын кат жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады.
16 жергиликтүү кеңеш боюнча 84 УШКдан 61 УШКга добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө бардыгы 730 арыз түштү (анын ичинде: 326сы – карылыгы боюнча, 97си – майыптыгы боюнча, 30у – оорусу боюнча, 7өө – жарандардын айрым категориялары).
Ош облусу боюнча 20 УШКдан 14 УШКга – 118 арыз түштү, анын ичинде: 63ү – карылыгы боюнча, 28и – майыптыгы боюнча, 27си – оорусу боюнча;
Нарын облусу боюнча 4 УШКдан 4 УШКга – 43 арыз түштү, анын ичинде: 26сы – карылыгы боюнча, 14ү – оорусу боюнча, 3өө – майыптыгы боюнча;
Ысык-Көл облусу боюнча 3 УШКдан 1 УШКга – 9 арыз түштү, анын ичинде: 2өө – карылыгы боюнча, 6оо – оорусу боюнча, 1өө – майыптыгы боюнча;
Жалал-Абад облусу боюнча 24 УШКдан 21 УШКга – 294 арыз түштү, анын ичинде: 83ү – карылыгы боюнча, 192си – оорусу боюнча 19у – майыптыгы боюнча;
Чүй облусу боюнча 33 УШКдан 21 УШКга – 266 арыз түштү, анын ичинде: 152си – карылыгы боюнча, 61и – оорусу боюнча 46сы – майыптыгы боюнча, 7өө – жарандардын айрым категориялары.
Маалымат үчүн: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган, ошондой эле төмөнкү шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:
добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар;
алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.
Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча –
добуш берүү күнү калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлердеги аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары,
добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканалардагы иштеген шайлоочулар,
вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар.
Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.
Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК аймактык шайлоо комиссиялары менен онлайн кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиялары менен онлайн форматында жумушчу кеңешме болуп өттү.
Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 16 жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоо 10-апрелде өтөт.
Бүгүн – 6-апрелде саат 18:00дө жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу аяктайт. Ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган, ошондой эле добуш берүү күнү ооруканаларда шайлоочулар жайдан тышкары жерде добуш берүүгө укуктуу.
Комиссияларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ар бир шайлоо участогу боюнча майыптыгы бар шайлоочулар керектөө картасын ишке ашыруу жана алар добуш берүүгө толук даражада катышуусу үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүү (транспорт менен камсыздоо, коштоп жүрүү үчүн ыктыярчыларды ишке тартуу) сунушталды.
31-мартта БШК "Тизме" мамлекеттик порталына шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады, ал тизме шайлоо өтүүчү участокторго дагы илинди. Шайлоочулардын жалпы саны 157 958 адамды түздү. Жарандар өз шайлоо участогунун номерин 1255 же 119 номерлерине телефон чалуу менен, ошондой эле «tizme.gov.kg» сайтында тактап алса болот.
Ошондой эле, 1-апрелден тартып борбордук серверге бир учурда жөнөтүүдө үзгүлтүксүз иштөөсүн жана жүктөмүн текшерүү үчүн шайлоо жабдыктары жана байланыш каналдары тесттен өткөрүлүүдө (салт боюнча добуш берүү күнүнө чейин 10 күн калганда).
Кеңешмеде комиссияларга шайлоо процессин бузуулар боюнча билдирүү жана арыз түшкөн учурда ыкчам чечим кабыл алып, маалыматты БШКга жана укук коргоо органдарына жөнөтүү сунушталды. Өз кезегинде ыкчам чара көрүүчү координациялык топ (ЫЧКТ) жана күч тутумдары бузууларга байкоо жүргүзүүнү күчөттү. ЫЧКТ түшкөн бардык билдирүү жана арыздар даттануулар жана бузуулардын реестринде - https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-vyborah-deputatov-nekotoryh-mestnyh/ жайгаштырылаарын маалымдайт.
Шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча жарандар 1255 номерине телефон чалуу менен кайрыла алышат.
Шайлоочуларга маалымдоо үчүн бардык шайлоо участокторуна мамлекеттик жана расмий тилдерде талапкерлер жана партиялар тууралуу маалыматтар бар плакаттар жайгаштырылды. Талапкерлер жана партиялар жөнүндө маалыматтарды БШКнын «Талапкер» онлайн ресурсунан алууга болот.
Мында комиссияларга шайлоочуларды шайлоого келип, добуш берүүгө чакыруу үчүн маалыматтык иштерди күчөтүү сунушталды. Өз тарабынан БШК шайлоочулардын добуш берүүгө жигердүү катышуусу үчүн телерадио каналдарда жигердүү чыгып сүйлөөдө. Ушул жумда облустук телеканалдарда шаардык кеңештерге талапкерлигин койгон партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда дебаттар өткөрүлөт.
Добуш берүүбардыгы 16 жергиликтүү кеңеште 84 шайлоо участогунда өтөт.
Шаардык кеңештер:
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңеши,
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши,
Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңеши,
Айылдык кеңештер:
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши,
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши,
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңеши,
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңеши,
Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши,
Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңеши,
Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкөн айылдык кеңештери,
Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши,
Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши,
Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңеши,
Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңеши,
Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык Кеңеши.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 2022-жылдын 6-апрелинде өткөн жыйналышында Кара-Көл жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Байбаев Нурмамед Жунусовичтин (№1, «Мекен Ынтымагы» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат КТГЭСтин электр-слесары Токтобаев Бакай Доблотбековичке (№4, «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айылдык кеңешинин депутаты Анарбаев Таир Манаповичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Саматов Женишбек Муктаровичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айылдык кеңешинин депутаты Арстанова Жыпаргул Эргешовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Саматов Жанжигитов Эрмек Саатовичке өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.К. Атазовго ырастама жана төш белги тапшырды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2022-жылы 6-апрелде “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо жөнүндө (бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча)” КР БШКнын 2022-жылдын 4- апрелиндеги токтомунун негизинде № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Атазов Шайлообек Карыбековичке белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 6-апрелинде өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 6-апрель 2022-ж.
Убактысы: 13:30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Округдук шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Көл жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү жана аппаратынын кызматкерлери “Ынтымак” паркында көчөт тигишти
Бүгүн 2-апрелде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү жана аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Ынтымак” паркында көчөт тигишти.
Иш-чаранын алкагында жалпысынан катальпа жана каштан жетимиш көчөтү тигилди.
Көчөт тигүү курчап турган чөйрөгө кам көрүү жана Кыргызстандын борборун жашылдандыруу алкагында өткөрүлдү.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады
КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады.
Шайлоочулардын биротоло тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мындан ары – КР СӨМ) маалыматтарынын негизинде түзүлдү жана КР БШКнын шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталына - https://tizme.gov.kg/view/public/tik_list_public_regional.xhtml жайгаштырылды.
Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2022-жылдын 7-апрелине чейин кагазга басылып чыгарылып, 84 шайлоо участогуна илинет.
Урматтуу шайлоочулар!
Өзүңүздүн шайлоо участкаңызды тактаныз:
1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
«tizme.gov.kg» сайтында;
Же өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).
Маалымат үчүн: КРдин шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган жарандар жана КР мыйзамдарына ылайык биометрикалык каттоодон өткөн, КРдин бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 2-беренесинин 41-абзацы, 12-беренесинин 1-бөлүгү).
Таш-Көмүр шаардык кеңеши боюнча биротоло тизмелердеги шайлоочулардын саны 24 889 шайлоочуну, Токтогул шаардык кеңеши 12991 шайлоочуну, Кара-Балта шаардык кеңеши 30968 шайлоочуну, Жаңы-Алыш айылдык кеңеши 1 834 шайлоочуну, Кара-Булак айылдык кеңеши 2 175 шайлоочуну, Көк-Ойрок айылдык кеңеши 3 176 шайлоочуну, Александровка айылдык кеңеши 11 365 шайлоочуну, Сокулук айылдык кеңеши 10 954 шайлоочуну, Кара-Жыгач айылдык кеңеши 4 496 шайлоочуну, Көк-Арт айылдык кеңеши 7 309 шайлоочуну, Юсупов айыл кеңеши 16 544 шайлоочуну, Төлөйкөн айылдык кеңеши 16 820 шайлоочуну, Ак-Таш айылдык кеңеши 5 851 шайлоочуну, Тоголок-Молдоко айылдык кеңеши 2 248 шайлоочуну, Казыбек айылдык кеңеши 3 323 шайлоочуну, Кажы-Сай айылдык кеңеши 3 015 шайлоочуну түздү.
Шайлоочулардын жалпы саны 157 958 түздү, алардын ичинен эркектер74 864 же 47,39%, ал эмиаялдар83 094 же 52,61%.
КР БШК 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоочулардын биротоло тизмеси жөнүндө маалымат
Облус, аймактык шайлоо комиссиялары, шаардык жана айылдык кеңештер
УШКнын саны
Алдын ала тизме 8.02.2022ж.
Контролдук тизме
7.03.2022ж.
Биротоло тизме 30.03.2022ж.
Жалпы Республика боюнча
84
157562
157820
157958
Чүйоблусу
33
60279
60386
60472
Жайыл АШК
16
30818
30896
30968
Кара-Балта шаардык кеңеши
16
30818
30896
30968
Кемин АШК
6
7204
7195
7185
Жаңы-Алыш айылдык кеңеши
1
1836
1835
1834
Кара-Булак айылдык кеңеши
2
2179
2174
2175
Көк-Ойрок айылдык кеңеши
3
3189
3186
3176
Москва АШК
6
11357
11366
11365
Александровка айылдык кеңеши
6
11357
11366
11365
Сокулук АШК
5
10900
10929
10954
Сокулук айылдык кеңеши
5
10900
10929
10954
Жалал-Абадоблусу
24
49616
49707
49685
Таш-Көмүр АШК
11
24810
24857
24889
Таш-Көмүр шаардык кеңеши
11
24810
24857
24889
Токтогул АШК
5
13061
13091
12991
Токтогул шаардык кеңеши
5
13061
13091
12991
Аксы АШК
3
4475
4479
4496
Кара-Жыгач айылдык кеңеши
3
4475
4479
4496
Сузак АШК
5
7270
7280
7309
Көк-Арт айылдык кеңеши
5
7270
7280
7309
Ош облусу
20
39066
39130
39215
Араван АШК
9
16496
16525
16544
С. Юсупов айылдык кеңеши
9
16496
16525
16544
Кара-Суу АШК
11
22570
22605
22671
Ак-Таш айылдык кеңеши
3
5830
5835
5851
Төлөйкөн айылдык кеңеши
8
16740
16770
16820
Нарын облусу
4
5586
5581
5571
Ак-Талаа АШК
1
2260
2254
2248
Тоголок-Молдо айылдык кеңеши
1
2260
2254
2248
Ат-Башы АШК
3
3326
3327
3323
Казыбек айылдык кеңеши
3
3326
3327
3323
Ыссык-Көл облусу
3
3015
3016
3015
Тон АШК
3
3015
3016
3015
Кажы-Сай айылдык кеңеши
3
3015
3016
3015
Кененирээк билүү >>
КР БШК КТТ билдирет: Талапкерлердин шайлоо күрөөлөрүнөн түшкөн 5,6 млн. сомдун 4,2 млн. сомун БШК республикалык бюджеттин кирешесине чегерет
БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча кайра шайлоону өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкерлердин шайлоо күрөөлөрүнөн БШКнын депозит эсебине түшкөн сумма, талапкерлерге кайтарылууга тийиш болгон шайлоо күрөөлөрүнүн суммасы жана республикалык бюджеттин кирешесине чегерилүүгө тийиш болгон калган сумма жөнүндө маалымат берет.
Шайлоо өнөктүгү мезгилинде талапкерден БШКнын депозит эсебине түшкөн шайлоо күрөөсүнүн жалпы суммасы 5 600 000 сомду (56 талапкердин ар биринен 100 000 сомдон) түздү.
1. Шайлоо күрөөсүн төккөн 56 талапкердин ичинен БШК бир талапкерди каттоодон баш тартты, төрт талапкер шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин берген арыздарына ылайык шайлоого андан ары катышуудан баш тартты. Мыйзам ченемдерине ылайык бул беш талапкерге кайтарылып берилген шайлоо күрөөсүнүн суммасы 500 000 сомду түздү. Андан тышкары, бир талапкер шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенден кийин шайлоого андан ары катышуудан баш тартты жана шайлоо процессинин эрежелерин бузгандыгы үчүн БШК бир талапкерди каттоону жокко чыгарды. Бул учурда ал төккөн 200 000 сом суммасындагы шайлоо күрөөсү республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.
2. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 900 000 сом суммасындагы шайлоо күрөөсү шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес добушун алган жана өз фондусунун каражаттарынын өлчөмү жана ага түшкөн каражаттардын бардык булактары, ошондой эле бардык чыгымдар тууралуу жыйынтык каржы отчётун тапшырган төмөнкү он талапкерге кайтарылып берилет:
№
Талапкердин Ф.А.А.
Шайлоочулардын добуштарынын %ы
Шайлоо күрөөсүнүн суммасы, сом
№ 27 Биринчи май шайлоо округу
1
Тотонов Нурбек Темирбекович
18,43%
100 000
2
Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна
47,97%
100 000
3
Токтакунов Нурбек Акбарович
5,55%
100 000
№ 29 Свердлов шайлоо округу
4
Хакимходжаев Зуфар Шавкатович
7,96%
100 000
5
Атазов Шайлообек Карыбекович
18,10%
100 000
6
Алканова Элнура Сайдиракмановна
10,18%
100 000
7
Алмаз уулу Аскар
14,06%
100 000
8
Карамушкина Ирина Юрьевна
10,23%
100 000
9
Салянова Аида Женишбековна
5,71%
100 000
БАРДЫГЫ
900 000
Ошентип, шайлоо күрөөлөрүнөн БШКнын депозит эсебине түшкөн 5 600 000 сомдун ичинен:
- талапкерлерге кайтарып берүү үчүн шайлоо күрөөлөрүнүн жалпы суммасы 1 500 000 сомду түзөт (1 000 000 сом – добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, 500 000 сом – шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого катышуудан баш тарткандарга),
- республикалык бюджеттин кирешесине чегерүү үчүн жалпы суммасы 4 200 000 сомду түзөт (анын ичинде 200 000 сом суммасы шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенден кийин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткан талапкердики жана шайлоо процессинин эрежелерин бузган талапкердики).
Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 16 жана 16-1-бөлүктөрүнө ылайык: шайлоо күрөөсү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге “төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилет:
1) бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайызообан кем эмес добушун алгандарга, алар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмү жана аны түзгөн бардык булактар, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн чыгымдар жөнүндө отчет бергенден кийин;
2) эгерде Борбордук шайлоо комисиясы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;
3) шайлоо бюлеттенинин тексти жана формасы бекитилгенге чейин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткандарга;
4) шайлоо жараксыз деп таанылган учурда;
4) эгерде ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн отчет Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин шайлоо өткөн жок же жараксыз деп таанылса.
Күрөөнүн калган суммасы бюджетке кошулууга тийиш”.
Мыйзамдарды бузуунун натыйжасында добуш берген күнүнө чейин талапкерди, саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгарган учурда, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 41-бөлүгүндө каралган учурда талапкер, саясий партия тарабынан коюлган шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт жана бюджетке чегерилет.
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
21.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
19.10.2026
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19.10.2026
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
16.10.2026
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16.10.2026
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады