Башкы Жаңылыктар Аймактык шайлоо комиссиялары 2022-жылы 10-апрелде өткөн 16 жергиликтүү …

Аймактык шайлоо комиссиялары 2022-жылы 10-апрелде өткөн 16 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады

15-Апр, 2022

2022-жылы 10-апрелде 3 шаардык (Кара-Балта, Таш-Көмүр жана Токтогул) кеңештин жана 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

16 жергиликтүү  кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү өткөрүү үчүн 84 шайлоо участогу уюшулган.

16 жергиликтүү  кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине бардыгы 157 958 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 52 363 шайлоочу катышты, бул 33,15%ды түзөт.

Аймактык  шайлоо комиссиялары (АШК) участоктордон түшкөн протоколдордун негизинде жалпысынан кеңештин аймагында добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарып, анын негизинде жергиликтүү  кеңештердин депутаттарын шайлоо натыйжаларын  аныктады.

1. 3 шаардык кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы саны 93тү түзөт, 13 партиядан 827 талапкер катталган.

АШКлардын протоколдору менен 3 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжалары  аныкталды:

1.1. Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңеши.       

Шайлоочулардын тизмесине бардыгы 30 968 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 10 926 шайлоочу катышты, бул 35.28%ды түзөт.

Бардыгы – 31 мандат, катталган 6 партиядан  6 партия 7%дык босогодон өттү:

№

партиянын аталышы

7%дык босогодон өткөн с/п алга добуштардын саны

%

мандаттарды бөлүштүрүү

 

Бардыгы: 6

10 668

100%

31

1

«Ыйман-Нуру»

1 558

14.26%

5

2

«Күчтүү коом-Сильное общество»

2 156

19.73%

6

3

«Ишеним»

2 585

23.66%

8

4

«Эл Аман»

993

9.09%

3

5

«Социал-демократтар»

1 847

16.90%

5

6

«Альянс»

1 529

13.99%

4

1.2. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңеши.          

Шайлоочулардын тизмесине бардыгы 24 889 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 7 703 шайлоочу катышты, бул 30.95%ды түзөт.

Бардыгы – 31 мандат, катталган 3 партиядан  3 партия 7%дык босогодон өттү:

№

партиянын аталышы

7%дык босогодон өткөн с/п алга добуштардын саны

%

мандаттарды бөлүштүрүү

 

Бардыгы: 3

7585

100%

31

1

«Жаштар»

3493

45.35%

14

2

«Ынтымак»

1126

14.62%

5

3

«Ата-Журт Кыргызстан»

2 966

38.50%

12

1.3. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңеши.            

Шайлоочулардын тизмесине бардыгы 12 991 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 4 645 шайлоочу катышты, бул 35.76%ды түзөт.

Бардыгы – 31 мандат, катталган 7 партиядан  7 партия 7%дык босогодон өттү:

№

партиянын аталышы

7%дык босогодон өткөн с/п алга добуштардын саны

%

мандаттарды бөлүштүрүү

 

Бардыгы: 7

4589

100%

31

1

«Тынчтык»

731

15.74%

5

2

«Мекен ынтымагы»

590

12.70%

4

3

«Ата-Журт Кыргызстан»

858

18.47%

6

4

«Эл Үмүтү»

539

11.60%

3

5

«Ынтымак»

699

15.05%

5

 

6

«Бирге-Вместе»

624

13.43%

4

 

7

«Ишеним»

548

11.80%

4

 

                   

2.  13 айылдык кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы саны 243тү түзөт, анын ичинде округдарда аялдар үчүн 96 мандат резервде калтырылган, 491 талапкер катталган, анын ичинде 160ы аял талапкер.

13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине бардыгы 89 110 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 29 089 шайлоочу катышты, бул 32.64%ды түзөт.

АШКлардын протоколдору менен 13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжалары аныкталды:

Бардыгы 243 депутат шайланды, анын ичинде 95 депутатов – аял.

13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо натыйжалары:

Жалал-Абад облусу

1.  Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңеши;       

2. Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңеши.         

Ысык-Көл облусу

3.  Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңеши.                

Нарын облусу

4. Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңеши,             

5. Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңеши                   

Ош облусу

6.  Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңеши;             

7.  Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңештери;               

8. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңештери.           

Чүй облусу

  1.  Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңеши;              
  2.  Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңеши;                               
  3.  Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңеши;            
  4.  Москва районунун Александровка айылдык кеңеши;               
  5.  Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңеши.                 

Добуштардын жыйынтыгын белгилөө жөнүндө АШКлардын чечимдери БШКга 3 күн ичинде даттанылат.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>