Башкы Жаңылыктар АКШнын Мамдепартаментинин майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын …

АКШнын Мамдепартаментинин майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын кеңешчиси С.Минкара: Кыргызстанда көрүлгөн чаралар – майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоодо чоң жетишкендик

15-Апр, 2022

КР БШКда БШК төрагасы Н. Шайлдабекованын АКШнын Мамлекеттик департаментинин майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын кеңешчиси Сара Минкара менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө делегация мүчөлөрү майыптыгы бар адамдар үчүн республикадагы шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн камсыздоо боюнча чаралар менен таанышты.

Бул ишти натыйжалуу жүргүзүү максатында ДМЧАлардын шайлоого катышуусу үчүн шарттарды камсыздоо маселелерин сергек жана даректүү чечүү үчүн БШК менен иштөөгө барыдан мурда майыптыгы бар адамдардын өздөрүнүн коомдук бирикмелерин тартуу чечилди.

КР БШКнын жумушчу тобу иштеп чыккан майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча зарыл чаралардын комплекси шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Стратегияга кирди, парламент тарабынан жактырылды жана шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын бир бөлүгү жана ага ылайык ченемдердин аткарууга милдеттүү комплекси болуп калды. Ал төмөнкүлөрдү камтыйт: участоктордун жеткиликтүүлүгү, ДМЧАларды жана алардын ар бир участок боюнча муктаждыктарын эсепке алуу чараларын, майыптыгы бар адамдардын партиялардын тизмелериндеги квоталары боюнча чараларды, атайын тариздер менен маалымдоо ж.б. чараларын.

БШК төрагасы Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоону өркүндөтүү процессинде Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, шайлоо комиссияларынын жана жарандык коомунун күч-аракеттерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн USAIDге, IFESке ж.б. эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын айтты.

Атайын кеңешчи С.Минкара коомдун бардык мүчөлөрүн, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын катыштырмайынча коом күчтүү демократиялуу коом болушу мүмкүн эместигин белгиледи. Демократиялык коомдо ар бир адамдын үнү угулушу абдан маанилүү. Инклюзивдүүлүк, жеткиликтүүлүк, шайлоого жана шайланууга жана өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна толук баалуу катышууга мүмкүнчүлүк майыптыгы бар адамдар абдан чоң мааниге ээ болот.

Кыргызстан тараптан көрүлгөн чаралар майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоо тармагында чоң жетишкендик болуп саналат. Шайлоонун инклюзивдүүлүгү боюнча колдоо көрсөтүүгө жана бирге иштөөгө биз даярбыз.

Майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктары боюнча жумушчу тобунун төрагасынын орун басары, «Эгль» КФ директору Ч. Омурканова шайлоолордо ДМЧАлар шайлоочу жана талапкер катары гана катышпастан, майыптыгы бар адамдар коомдук байкоочу катары дагы бир нече жылдардан бери шайлоолорго байкоо жүргүзүп келатышкандыгы тууралуу маалымат берди. «Эгль» фондунун планында саясий партиялар өз программаларында майыптыгы бар адамдардын көйгөй маселелерин кандай чагылдыраарын изилдөө, майыптыгы бар адамдардын арасында шыктандыруучу жана билим берүүчү курстарды өткөрүү дагы бар.

Жолугушууга төмөнкүлөр катышты:

- Вероника Элькинс, АКШнын КРдеги Элчилигинин маданият жана билим берүү маселелери боюнча кеңешчиси; Ноэль Бауэр, USAIDдин демократия жана мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча бөлүмүнүн директору; Мокеева Назгуль, USAIDдин долбоорлорду башкаруу боюнча адиси;

- БШК төрагасынын орун басары Н. Койчукеев, «Эгль» КФ директору Омурканова Ч.А., эксперт Медетов М., БШКнын Жарандык билим берүү борборунун кызматкерлери.

Маалымат үчүн:

Майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча көрүлгөн чаралар:

- мыйзамдар менен төмөнкү милдеттүү ченемдер каралган: майыптык түрүн жана талап кылынуучу жардамды көрсөтүү менен майыптыгы бар адамдардын керектөө картасын түзүү жолу менен ар бир участок боюнча майыптыгы бар адамдарды жыл сайын эсепке алуу; талапкерлердин жана саясий партиялардын үгүт материалдарынын жалпы нускасынын санынын бир пайызынан кем эмес сандагысын атайын форматта басып чыгаруу; саясий партиялардын тизмелерине карата майыптыгы бар адамдар боюнча квота сактоо бөлүгүндө талаптар.

- ар бир УШК добуш берүү үчүн атайын кабина, чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (лупа), трафарет, Брайль ариби менен басылган добуш берүүчү бюллетендер, добуш берүү нускамалары менен камсыздалууга тийиш. Шайлоочуларга маалымдоо үчүн Брайль ариби менен маалыматтык плакаттар, китепчелер даярдалат.

- пандус менен жабдылган шайлоо участокторунун саны 2021-жылы 85%га (2017-ж. – 25% болгон) чейин көбөйдү. БШКнын бул багыттагы урааны: “Майыптыгы бар адамдардын саясий укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу аркылуу майыптыгы бар адамдардын социалдык-экономикалык укуктарын ишке ашырууну жалпы жакшыртуу”. Атап айтканда, мисалы, шайлоо участокторунун 80%ы мектептерде жайгашкан, ошентип, шайлоо алкагында шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо аркылуу соцобъектилердин жарандар үчүн жеткиликтүүлүгү жакшыртылды.

- угуусу жана сүйлөөсү бузулган шайлоочуларга маалымдоо үчүн БШКнын CALL-борбору WhatsApp номери боюнча шайлоочулар менен видео байланышты ишке киргизди, угуусу жана сүйлөөсү бузулган шайлоочулар ал аркылуу жаңдоо тили менен суроолоруна жооп алышат. БШКнын CALL-борборуна майыптыгы бар адамдар туруктуу негизде тартылат.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>