Башкы Жаңылыктар Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу …

Жергиликтүү  кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2022-жылы 10-апрелде саат 21.00гө карата АЭУлардан алынган алдын ала маалыматтар

10-Апр, 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылы 10-апрелде өткөн жергиликтүү  кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу 2022-жылы 10-апрелде саат 21.00гө 100% участок боюнча АЭУдан түшкөн маалыматтардын негизинде маалымат берет.

16 жергиликтүү  кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине бардыгы 157 958 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 52 363 шайлоочу катышты, бул 33,15%ды түзөт.

3 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине бардыгы 68 848 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 23 274 шайлоочу катышты, бул 33.80%ды түзөт.

13 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине бардыгы 89 110 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 29 089 шайлоочу катышты, бул 32.64%ды түзөт.

АЭУдан түшкөн маалыматтар (100%) боюнча 3 шаарда саясий партиялар алган добуштардын саны:

Кара-Балта шаардык кеңеши

АЭУ

 

Саны

%

 

Шайлоочулардын саны

30 968

 

 

Добуш бергендердин саны

10 926

(35.28%)

 

Жарактуу бюллетендер

10828

99.10%

 

Жараксыз бюллетендер

98

0.90%

 

Партиялар алган добуштардын саны:

«Ыйман-Нуру»

1 558

14.26%

 

«Күчтүү коом-Сильное общество»

2 156

19.73%

 

«Ишеним»

2 585

23.66%

 

«Эл Аман»

993

9.09%

 

«Социал-демократтар»

1 847

16.90%

 

«Альянс»

1 529

13.99%

 

БААРЫНА КАРШЫ

160

1.46%

 

 

Таш-Көмүр шаардык кеңеши

АЭУ

 

Саны

%

 

Шайлоочулардын саны

24 889

 

 

Добуш бергендердин саны

7 703

(30.95%)

 

Жарактуу бюллетендер

7660

99.44%

 

Жараксыз бюллетендер

43

0.56%

 

Партиялар алган добуштардын саны:

«Жаштар»

3493

45.35%

 

«Ынтымак»

1126

14.62%

 

«Ата-Журт Кыргызстан»

2 966

38.50%

 

БААРЫНА КАРШЫ

75

0.97%

 

 

Токтогул шаардык кеңеши

АЭУ

 

Саны

%

 

Шайлоочулардын саны

12 991

 

 

Добуш бергендердин саны

4 645

(35.76%)

 

Жарактуу бюллетендер

4616

99.38%

 

Жараксыз бюллетендер

29

0.62%

 

Партиялар алган добуштардын саны:

«Тынчтык»

731

15.74%

 

«Мекен ынтымагы»

590

12.70%

 

«Ата-Журт Кыргызстан»

858

18.47%

 

«Эл Үмүтү»

539

11.60%

 

«Ынтымак»

699

15.05%

 

«Бирге-Вместе»

624

13.43%

 

«Ишеним»

548

11.80%

 

БААРЫНА КАРШЫ

27

0.58%

 

 

3 шаардык кеңешке жалпысынан 93 депутат шайланыш керек, 13 партиядан 827 талапкер катталган.

13 айылдык кеңештеги депутаттык мандаттардын жалпы саны 243тү түзөт, анын ичинде округдарда аялдар үчүн 96 мандат резервде калтырылган, 491 талапкер анын ичинде 160ы аял талапкер.

Жергиликтүү  кеңештердин депутаттарын ар бир кеңеш, округ жана участок боюнча шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу алдын ала маалыматтар БШКнын сайтында (Маалыматтык шайлоо тутумунда - МШТ) жарыяланды жана : https://newess.shailoo.gov.kg/ru/election/11117/ballot-count?type=VC_CONSTITUENCY&id=2683 шилтемеси боюнча көрсө болот ( “кеңеш” дегенди тандоо керек).

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>