Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

18-Апр, 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 18-апрелинде өткөн жыйналышында Кара-Суу, Ак-Суу, Түп, Ак-Талаа, Манаса, Токтогула, Аламүдүн, Чүй жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылдык кеңешинин депутаты Абасов Нурсултан Мамасалиевтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Абдисаламов Нурбакыт Абдирашидовичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Бектуров Жаныбек Бектуровичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Ынтымак–Үч Кайнар» бала бакчасынын жетекчиси Ирсалиева Эльвира Кенешбековнага өткөрүп берилди.

Айыл өкмөт башчысы кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ак-Булуң айылдык кеңешинин депутаты Ботоев Таалайбек Кычыевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат фермер Иманкулов Малик Керимбековичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айылдык кеңешинин депутаты Бектурсунов Джайлебай Касымовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылдык кеңешинин депутаты Байтокова Назгүл Керимовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинин депутаты Капарбек уулу Билимбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Аскарбеков Азаматка өткөрүп берилди.

Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинин депутаты Абышбаев Руслан Качкынбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Баетов айылынын социалдык фондунун жетектөөчү адиси Жолдубаев Нурбек Тилекбековичке өткөрүп берилди.

Талас облусунун Манас районунун Покровка айылдык кеңешинин депутаты Календаров Айдин Калыбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат «Нуржан» дыйкан чарбасынын мүчөсү Акматжанов Нуржан Акматжановичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылдык кеңешинин депутаты Сманов Төрагазы Бабановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Токтогул районунун Чон-Арык айылынын социалдык кызматкери Бердигулов Махаратбекке өткөрүп берилди.

Жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигинин негизинде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айылдык кеңешинин депутаты Аралбаева Рыскүл Сагыналиевнанын ыйгарым укуктары токтотулду. 

Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айылдык кеңешинин депутаты Азизов Аскарбек Медетбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат ветеринардык врач Дуйшенова Жибек Суюнбековнага өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айылдык кеңешинин депутаты Нурбекова Назгүл Эмилбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жетектөөчү адис Байсубанова Аселя Жешеновнага өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айылдык кеңешинин депутаты Рашидов Исмаил Камаловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат мурап Ахмедов Рафик Рустобековичке өткөрүп берилди.

Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта Каныбек уулу Алымбекти өз арызынын негизинде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>