№ 64 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, 2020-жылдын 2-июлундагы ПЖ №139 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде «Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмесинен Рахматова Ракия Кадырбековна Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында коомдук байкоочу болуп катталсын.

2. «Таза Шайлоо Ассоциациясы» Юридикалык жактардын бирикмесинен коомдук байкоочу Рахматова Ракия Кадырбековнага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                               Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 30-июлу

№ 64