№292 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары үчүн календардын текстин бекитүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы № 6 Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкалары үчүн календардын тексти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын..

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 14-декабры

№ 292