№273 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү үчүн тапшырган документтерди кайтарып берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун маалыматын угуп, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 5-бөлүгүнүн, 49-беренесинин 8-бөлүгүнүн, 50, 51-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 18 - беренелерин жетекчиликке алуу менен  "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Жумушчу топтун Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуунун жүрүшү жөнүндө маалыматы эске алынсын.

2." Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна

талапкерлигин көрсөтүү  үчүн тапшырган  документтерди кайтарып берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун чечими жактырылсын жана документтер төмөнкү талапкерлерге кайтарылсын:

       1)"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдын 3-беренесинин 3, 4-пункттарында каралган негиздер боюнча:

-  Асанов Бектур Жантөрөевичке;

-  Мотуев Нурлан Аманкановичке;

-  Кадыров Кубанычбек Бекбосуновичке.

      2)"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 5- бөлүгүнүн 4-пунктунда, 51-беренесинде каралган негиздер боюнчаелгиленген мөөнөттө мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты көрсөтпөгөндүгү):  

  -  Зарипова Анар Аскарбековнага;

         -  Араева Анаркуль Медербековнага;

         -  Акжолтоев Тынчтык Акжолтоевичке;

         -  Лилиенталь Юлия Викторовнага;

         -  Капаров Чынгыз Капаровичке;

         -  Искендеров Жеенбек Урудиновичке;

         -  Клипачева Елена Сергеевнага;

         -  Аджиматов Султан Азаматовичке;

         -  Базаркулов Куттумидин Дербишалиевичке;

 

3.  Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.   Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Ж.Эшимовго жүктөлсүн.

БШКнын мүчөсү А. Сариевдин - өзгөчө пикири. 

 

ТӨРАГА                                                                                                  Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 19 - ноябры

№ 273