№ 243 «Мекенчил» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарынын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө

«Мекенчил» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарынын каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө

«Мекенчил» саясий партиясынын 2020-жылдын 1-октябрындагы кириш № 06/2554 кээ бир ишенимдүү адамдарынын каттосун чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсүнүн негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 205 чечими менен катталган «Мекенчил» саясий партиясынан ишенимдүү адамдарынын каттоосу тиркемеге ылайык чыгарылсын.

2. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, «Мекенчил» саясий партиясынан ишенимдүү адамдарына берилген каттоо күбөлүктөрү тиркемеге ылайык жараксыз деп табылсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

           ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 2-октябры

№ 243