№22 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө

2021-жылдын 10-январында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) уюштурууда жана өткөрүүдө көрсөткөн үзүрлүү эмгеги, өз милдеттерин так аткаргандыгы, Кыргыз Республикасында шайлоо системасынын өнүгүшүнө кошкон зор салым үчүн, ошондой эле  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 14-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын, укук коргоо органдарынын, эл аралык уюмдардын, өнөктөштөрдүн өкүлдөрү жана аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тиркемеге ылайык сыйлансын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы жана адам ресурстарын башкаруу сектору ушул чечимди жүзөгө ашыруу боюнча зарыл чараларды ишке ашырсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 Төраганын орун басары                                А. Бекматов

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 4-февралы

№ 22