№206 «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

 

Жарандардын өздөрүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздарынын жана 2020-жылдын 24-сентябрындагы кириш № 06/2333, № 06/2352 «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын сунуштамаларынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо ишенимдүү адамдарынын тизмеси тиркемеге ылайык катталсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси  А. Ж. Эшимовго жүктөлсүн.

 

 

 ТӨРАГА                                                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын _25__-сентябры

№ _206__