Аймактык шайлоо комиссияларын түзүү үчүн керектүү документтерди берүү жана кабыл алуу маселеси боюнча түшүндүрмө

13 июля 2011

Жергиликтүү кеңештердин көңүлүнө!

 

Азыркы учурда бүтүндөй республика боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн көрсөтүү процесси жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун негизги иш чараларынын Календарлык планына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 15-июлуна чейин узартылды.

Жергиликтүү кеңештер саясый партиялардан, коомдук уюмдардан жана шайлоочулардын чогулуштарынан көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жана чогулуштардын протоколдорун кабыл алууга милдеттүү.

Документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин жергиликтүү кеңештер өзүнүн кезексиз сессиясында көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жана чогулуштун протоколун бекитүү менен шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссияга тапшыруулары зарыл. Ушундан улам, аймактык шайлоо комиссияларын түзүү процессинде жергиликтүү кеңештердин милдети керектүү документтерди кабыл алуу, калыптандыруу жана КР БШКга тапшыруу болуп калат. Мында жергиликтүү кеңештер документтерди талапкерлерди көрсөтүү субьектилеринин бардыгынан, бөлүүгө жол бербей, кабыл алуулары керек.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы