КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов Кыргызстандагы донорлук коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту
14 июля 2011
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов бүгүн, 14-июлда Кыргызстандагы донорлук коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга Кыргызстандагы ЕККУ, ЕС, ПРООН, ЮСАИД сыяктуу эл аралык уюмдардын, эл аралык өнүгүүнүн Жапон агенттигинин жана шайлоо системаларынын Эл аралык Фонддун өкүлдөрү катышышты.
Талкуунун чордонунда КР БШКнын президенттик шайлоолор учурундагы донорлук коомчулук менен болгон кызматташтыгы туурасындагы маселе каралды.
КР БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов жолугушуунун катышуучуларын БШКнын иш пландары жөнүндө кеңири кабардар кылып, комиссиянын донорлук коомчулук менен кызматташуусун КР БШКнын шайлоо технологияларынын Борбору координациялай тургандыгын белгилеп өттү жана донорлук коомчулуктун өкүлдөрүн конструктивдүү, ачык кызматташууга чакырды.
“Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы өз ишмердүүлүгүн ачыктык жана тактык принциптерин кармануу менен жүргүзөт жана шайлоону адилет өткөрүү үчүн бардык аракеттерди жумшайт” , - деп баса белгиледи КР Боршайкомунун төрагасы.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле шайлоо процессине эл аралык байкоочулардын катышуусу, шайлоочуларды Кыргызстандын жаңы шайлоо мыйзамдары туурасында кабардар кылуу жана кызматташтыктын башка багыттары туурасындагы маселелер козголду.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
