Кыргызстандын Боршайлоокому КР Жогорку Кеңешинин президенттик шайлоону дайындоо жөнүндө токтомуна ылайык аларды өткөрүүгө даярдыкты баштады

02 июля 2011

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына КР Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 30-июнундагы токтому келип түштү, ошону менен шайлоо кампаниясына расмий старт берилди”-деп билдирди 2-июлдагы пресс-конференцияда, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев.

Жогорку Кеңештин токтому менен КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалганы белгилүү. КР Боршайлоокомго колдонуудагы мыйзамга ылайык шайлоону өткөрүүнү камсыз кылуу, КР Өкмөтүнө шайлоону даярдоо жана  өткөрүүнүн финансалык маселелерин чечүү тапшырылган.

БШК төрагасы А.Сариев президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө тышкы иштер, коргоо, ички иштер, билим берүү жана илим, саламаттык сактоо, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция, калкты социалдык коргоо маселелерин алып барышкан КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын башчылары тартылаарын билдирди. КР Баш прокуратурасына шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө КР мыйзамдарынын жана Конституциясынын сакталышын камсыздоо тапшырылды.

А.Сариевдин билдирүүсү боюнча Боршайлооком жакынкы күндөрдө КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чаралардын Календарлык планын бекитет. Иш чаралардын планы жөнүндө шайлоо кампаниясынын катышуучуларына, ММКларга, байкоочуларга, шайлоо алдындагы кампанияларды, талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча, шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу боюнча саясый партияларга билдирилет.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы