Шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын ММКлары үчүн маалымат

05 июля 2011

Шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын ММКлары үчүн маалымат

 

 “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы токтому “Эркин тоо” газетасынын 2011-жылдын 1-июлундагы санына жарыяланды.

Шайлоолорду өткөрүүдө телерадиоберүүнүн, мезгилдүү басма сөз каражатынын тийиштүү уюмдары шайлоо датасы расмий жарыяланган  10 календарлык күндөн кечиктирбестен эфирдик убакытты, басма сөз бетин берүүгө төлөөнүн шарттары жана өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтарды жарыялоолору керек жана  Боршайлоокомго тапшыруулары зарыл.

Ушундан улам, шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын ММКлары 2011-жылдын 10-июулуна чейин, ошол күнү да,  Борбордук шайлоо комиссиясына:

Шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдык жөнүндө билдирүү-кат, анда ММК жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты, даректери жана байланышуу үчүн маалыматтары;

ММКнын нотариалдык бекитилген уставынын көчүрмөсү;

Төлөөнүн шарттары жана өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтар жарыяланган газетанын номеринин көчүрмөсү тапшырылышы керек.

 

Төмөндө Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттары үчүн билдирүү-каттын үлгүсүн көрсөтөбүз.

 

Үлгү

Кыргыз Республикасынын Борбордук

            шайлоо комиссиясына

 

Юстиция Министрлигинде расмий каттоодон өткөн (катталуу датасы) телерадиокомпания (ММК аталышы) Кыргыз Республикасынын аймагында эфирге чыгат (датасы), Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даяр.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн ТРК (аталышы) аккредитациялоону суранабыз.

Тийиштүү документтер тиркелет.

Урматтоо менен,

ММК жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты