Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган массалык маалымат каражаттары үчүн түшүндүрмө.

05 июля 2011

КР Президенти 2011-жылдын 4-июлунда кол койгон “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы бүгүн 5-июлда “Эркин тоо” газетасына жарыяланды.

Конституциялык мыйзамда КР Президентин шайлоодогу шайлоо алдындагы үгүткө катышкан ММКларга карата жаңы киргизүүлөр бар.

Алсак, 24-берененин 4-пунктуна ылайык талапкерлерге, саясый партияларга берилген төлөнүүчү эфирдик убакыттын баасы, шайлоолорду дайындоо күнүнө чейин 6 ай мурда алынгандан ашпашы керек. Мында басма аянтынын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.

“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы токтому “Эркин тоо” газетасынын 2011-жылдын 1-июлундагы санына жарыяланганы белгилүү.

Шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин  каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн башталат жана добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулаарын эскертип кетмекчибиз. Кайталап добуш берүү өтөкрүлгөндө шайлоо алдындагы үгүт кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан башталат жана кайталап добуш берүү башталаарына 24 саат калганда токтотулат (жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын 23-беренесинин 1,2-пунктчалары).