Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Боршайлоокомдун төрагасы жумушчу сапар менен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында болду
02.04.2012

Боршайлоокомдун төрагасы жумушчу сапар менен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында болду

2012-жылдын 29-30-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Каракол шаарында жумушчу сапары менен болду, ал жерде Каракол шаардык кеңешинин жаңыдан шайланган депутаттары менен жолугушуп, аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төшбелгилерди тапшырды. Жумушчу сапардын жүрүшүндө КР БШК төрагасы Т. Абдраимовдун Каракол аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жолугушуусу өттү. Жолугушуу учурунда 2012-жылдын 4-мартындагы Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө келип чыккан проблемалар талкууланды. КР БШК төрагасы шайлоолор ортосундагы мезгилде шайлоочулардын тизмесин тактоо жана шайлоо комиссияларынын иштеринин айкындуулугун камсыз кылуу, өлкөдөгү шайлоолорго шайлоочулардын жогорку деңгээлдеги ишенимин камсыз кылуу боюнча иштердин жооптуулугун өзгөчө белгиледи.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 25-мартында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилди
28.03.2012

2012-жылдын 25-мартында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилди

Бүгүн, 2012-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы болуп өтүп, анда 2012-жылдын 25-мартында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилди. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-24-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө. 56-62-беренелерине ылайык КР БШК мүчөлөрү Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо тууралу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун, ошондой эле 2012-жылдын 25-мартында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо тууралу Аксы, Алай, Жети-Өгүз, Аламүдүн, Кемин жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти. Жыйналышта ошондой эле КР БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-24-26-пункттарына, 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 38-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 6-бөлүгүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 56-беренесине ылайык “Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жана добуш берүүнүн натыйжаларын бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алышты. Токтомго ылайык Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча №№7069, 7075, 7076, 7080 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын-айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды
26.03.2012

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын-айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды

Бүгүн, 2012-жылдын 26-мартында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кезектеги жыйналышта “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктун, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Нарын облусунун Кочкор районунун Соң-Көл айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын-айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” токтом кабыл алышты. Айыл өкмөт башчыларын шайлоо 2012-жылдын 21-апрелине дайындалган. Нарын облусунун Кочкор районунун Соң-Көл айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайталап шайлоо 2012-жылдын 8-апрелинде өтөт. Жыйналыштын жүрүшүндө 2012-жылдын 25-мартында өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо тууралу маалымат угулду. Алсак, маалыматка ылайык, шайлоолор Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешинде, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинде жана Балыкчы шаардык кеңешинде, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешинде, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешинде жана Кемин районунун шаар тибиндеги Кемин поселкалык кеңешинде өткөн. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын 2012-жылдын 25-мартында шайлоо 35 шайлоо участкасында өттү, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын саны 41 373 адамды түзгөн, алардын ичинен 19 597 адам добуш берген м.а. шайлоочулардын жалпы санынын 47,4%. Ысык-Ата районунун бир шайлоо участкасындагы бир жаңжалды албаганда шайлоо одоно бузууларсыз өттү деп белгиленген. Аталган участокто 18 бюллетеньди добуш берүү үкөгүнө салуу аракетинин фактысынын алды алынган. Бул жаңжал шайлоонун натыйжасына таасир этпейт, анткени салуу аракетинин алды алынган ал эми 18 шайлоо бюллетени добуш берүү үкөгүнө түшкөн эмес.   Аталган бузуу боюнча аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына аталган шайлоо участогу боюнча бузууларга жол берген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн кайрылган.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын-айыл өкмөт башчылары шайланды
26.03.2012

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын-айыл өкмөт башчылары шайланды

2012-жылдын 23-24-мартында айрым айылдык аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын-айыл өкмөт башчыларын шайлоо болуп өттү. Айыл өкмөт башчыларын шайлоо Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан “Кыргыз Республикасынын шайлоо референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн  2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык дайындалган.  2012-жылдын 23-24-мартына дайындалган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын-айыл өкмөт башчыларын шайлоонун жыйынтыгы бул жерде.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
25-март Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоо күнү
25.03.2012

25-март Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоо күнү

Бүгүн 2012-жылдын 25-марты-Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнү. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешинде, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинде жана Балыкчы шаардык кеңешинде, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык кеңешинде, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешинде, Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешинде жана шаар тибиндеги Кемин поселкалык кеңешинде өтүүдө. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүү саат 8-00дөн саат 19-00гө чейин жүргүзүлөт. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бүгүн шайлоолор өтүп жаткан аймактардагы бардык участкалык шайлоо комиссиялары саат 8-00дө ачылды. Балыкчы шаарында шайлоо 16 УШКда өткөрүлүүдө. Бүгүн, добуш берүү күнүндө Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоочулардын келиши Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жергиликтүү убакыт боюнча 10-00, 13-00, 16-00, жана 20-00 төмөндөгү шилтеме боюнча htth://cec. shailoo. kg/.чагылдырылат.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 4-мартында өткөн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоочулардын тизмесин ачуу жөнүндө чечим кабыл алынды
23.03.2012

2012-жылдын 4-мартында өткөн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоочулардын тизмесин ачуу жөнүндө чечим кабыл алынды

Бүгүн 2012-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-4-5-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 6-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитишти. 2012-жылдын 6-майында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча бардыгы 21 шайлоо участоктору уюшулган. Жыйналышта ошондой эле КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 4-мартында өткөн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоочулардын тизмесин ачуу жана түзүлүшүн иликтөө жөнүндө чечим кабыл алышты. Төмөндө чечимдин текстин толугу менен келтиребиз.   2012-жылдын 4-мартында өткөн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесин ачуу жана түзүлүшүн иликтөө жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн  Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу  № № 7063, 7064, 7069, 7071, 7075, 7076, 7077, 7080, 7081 шайлоо участкалары боюнча шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын  шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө арыздар, даттануулар жана актыларга, ошондой эле 2012-жылдын 4-мартындагы Токмок  шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын эрк ниетин билдирүүсүнө таасир тийгизген, добуш берүүнүн жыйынтыктарынын аныктыгын тактоого мүмкүндүк бербеген бузууларга байланыштуу, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  36-беренесинин 14-бөлүгүнө, 38-беренесинин 6-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 26-пункттарына ылайык, арыздардын жана даттануулардын негиздүүлүгүн иликтөө максатында  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧТИ: 1. Токмок  аймактык шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 4-мартындагы Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу №№ 7063, 7064, 7069, 7071, 7075, 7076, 7077, 7080, 7081 шайлоо участкалары боюнча шайлоочулардын тизмеси таңгакталган  пакеттерди (мешокторду, кутучаларды) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жеткирсин жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана шайлоого катышкан саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен аларды ачуу ишке ашырылсын. 2. Бул чечим “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К. Джурабаевага жүктөлсүн.    ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2012-жылдын 23-марты
Кененирээк билүү >>
КР БШКда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимовдун  БДИПЧ/ОБСЕнин директору Янез Ленарчич мырза менен жолугушуусу өттү
22.03.2012

КР БШКда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимовдун БДИПЧ/ОБСЕнин директору Янез Ленарчич мырза менен жолугушуусу өттү

20-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун, демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча ОБСЕ Бюросунун (БДИПЧ/ОБСЕ), башында директору Янез Ленарчич мырза турган делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү. Жолгушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Г.Джурабаева, БДИПЧ/ОБСЕнин атайын кеңешчиси А.Мезег, БДИПЧ/ОБСЕнин демократташтыруу Департаментинин укуктун жогоркусу маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы, ошондой эле ОБСЕнин Бишкектеги Борборунун өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө 2011-жылдын 30-октябрында КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө байланышкан маселелер талкууланды. КР БШК төрагасы Т. Абдраимов БДИПЧ/ОБСЕнин директоруна келгенине ыраазычылыгын билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясы ачык жана таза шайлоо өткөрүү үчүн эл аралык уюмдар менен мындан аркы кызматташтыкка даярдыгын маалымдады. Төрага президенттик шайлоого эл аралык байкоочулар катары дүйнөнүн 57 өлкөсүнүн 47 уюмунан 792 эл аралык байкоочулар аккредиттелгендигин билдирди. БДИПЧ/ОБСЕ, ОБСЕнин Парламенттик ассамблеясы (ПА ОБСЕ), Европа парламенти (ЕП) жана Европа Советинин Парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) тарабынан шайлоого көзөмөлдүк жүргүзүү боюнча Миссиясынан шайлоого көзөмүлдүккө 28 кыска мөөнөттөгү жана 369 узак мөөнөттөгү эл аралык байкоочулар катышты. БДИПЧ/ОБСЕнин директору Я.Ленарчич мырза КР БШК төрагасы Т. Абдраимовго Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө эл аралык байкоочуларды чакыргандыгы, ошондой эле берген арыздары бекитилген тартипке төп келбесе да акредиттештирүү маселесин оң жагдайга чечкендигине ыраазычылыгын билдирди. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо багытында БДИПЧ/ОБСЕ өкүлдөрү ал тынч жана ачык өткөндүгүн белгилешти. Ошол эле убакта алар шайлоо мыйзамдарындагы, шайлоо процессиндеги кемчиликтерди белгилешип, алардын ою боюнча бул кемчиликтерди шайлоо арасында жоюу керектигин, анткени алдыда республикалык масштабда шайлоо тургандыгына токтолушту. БДИПЧ/ОБСЕ өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясы  шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө “кыймылдаткыч күчкө” айлансын деген каалоолорун айтышты. КР БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы мындан аркы өркүндөтүүгө муктаж экендигин, анткени ал кыска мөөнөттө, парламенттик каникулдун алдында кабыл алынгандыгын танбады. Ошондой эле ал  учурда, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып жаткандыгын жана ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийиштүү комитетинин кароосуна жиберилээрин билдирди. Өз кезегинде, Я.Ленарчич мырза БДИПЧ/ОБСЕнин атынан алар мындан ары да кызматташтыкка жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жардамдарды берүүгө даяр экендигин ишендирди.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү Лейлек, Тогуз-Торо, Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын 2012-жылдын 4-мартында өткөн айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө протоколдорун бекитти
16.03.2012

КР БШК мүчөлөрү Лейлек, Тогуз-Торо, Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын 2012-жылдын 4-мартында өткөн айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө протоколдорун бекитти

Бүгүн, 2012-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы болуп өтүп, анда КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 4-мартында өткөн айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө Лейлек, Тогуз-Торо, Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 2-бөлүгүнө, 62-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төшбелгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралу токтом кабыл алынды. Токтомго ылайык “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 29-августундагы №205 токтомунун № 5 тиркемеси күчүн жоготту деп таанылды. Жыйналышта ошондой эле КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 6-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти жана Ош областынын Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизишти.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчисинен ыраазычылык кат алды
16.03.2012

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчисинен ыраазычылык кат алды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчисинен ыраазычылык кат алды. Ыраазычылык катта төмөнкүлөр белгиленет: “Урматтуу Туйгуналы Дүйшөналиевич, “Россия Федерациясынын Президентин шайлоо жөнүндө” Федералдык мыйзамга ылайык жана “Россия Федерациясынын Президентин шайлоо жөнүндө” Россия Федерациясынын Федералдык Жыйналышынын Федерация Кеңешинин токтому менен жана Кыргыз Республикасынын бийлиги менен макулдашуу боюнча 2012-жылдын 19-февралынан 4-мартына чейинки мезгилде республиканын аймагында Кыргыз Республикасында турган россиялык жарандардын арасында Россия Федерациясынын Президентин шайлоо өткөрүлгөндүгүн Сизге урматтоо менен билдирем. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жана жеке Сизге Россия Федерациясынын жарандарынын турмушундагы эң маанилүү иш чараны уюштурууда жана өткөрүүдө биздин өтүнүч боюнча практикалык көмөк көрсөткөндүгүңүзгө ыраазычылык билдирип кетким келет. Урматтуу Туйгуналы Дүйшөналиевич,  Сиздин дайыма көңүл буруп турганыңызга биздин терең ыраазычылыгыбызды, урматтообузду  кабыл алыңыз.”   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма-сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Календарный план основных организационно - практических мероприятий по подготовке и проведению выборов депутатов местных кенешей Ошской и Нарынской областей Кыргызской Республики, назначенных на 6 мая 2012 года
15.03.2012

Календарный план основных организационно - практических мероприятий по подготовке и проведению выборов депутатов местных кенешей Ошской и Нарынской областей Кыргызской Республики, назначенных на 6 мая 2012 года

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 13-мартындагы № 41 токтому менен бекитилген             Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ  Шайлоо күнү – жекшемби, 2012-жылдын 6-майы   № Иш-чаралардын мазмуну Аткаруу    мөөнөтү Аткарууга жооптуулар Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү 1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү Добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен  (2012-жылдын 17-мартына чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары  боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен  («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы (мындан ары-Мыйзам) 10-беренесинин 4,5-бөлүктөрү) 2. ММКларда шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларынын жарыялоо Аларды бекиткен  күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен  (2012-жылдын 21-мартына чейин)  Борбордук шайлоо комиссиясы (Мыйзам 10-беренесинин 6-бөлүгү) 3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларын түзүү Добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен  (2012-жылдын 22-мартына чейин)  Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча (Мыйзам 11-беренесинин 2,3-бөлүктөрү) 4. ММКларда шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын жарыялоо Аларды бекиткен  күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен  (2012-жылдын 26-мартына чейин)  Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 11-беренесинин 3-бөлүгү) 5. Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана алардын резервдери үчүн семинарларды өткөрүү Өзүнчө план жана график боюнча    Борбордук шайлоо комиссиясы, Шайлоо технологиялары борбору, аймактык шайлоо комиссиялары 6. Шайлоо процессине катышкан саясий партиялардын өкүлдөрүн үчүн семинарларды өткөрүү Өзүнчө план жана график боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы, Шайлоо технологиялары борбору, аймактык шайлоо комиссиялары    Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө 7. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды түзүү жана тактоо   Шайлоо дайындалган күндөн тартып     Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Мыйзам 12-берене) 8. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын негизги тизмесинен “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгаруу  Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 12-беренесинин 3, 7-бөлүктөрү) 9. Шайлоочулардын тизмелерин кагазга чыгаруу (2 нускада) жана бирден нускасын шайлоо участкаларына берүү (Тизмеге төрагалар кол коет жана аймактык шайлоо комиссияларынын мөөрү менен тастыкталат)   Добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен  (2012-жылдын 27-мартына чейин)       Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 12-беренесинин 4-бөлүгү) 10.    Шайлоочулар таанышып чыгышы үчүн тизмени илүү   Добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен   (2012-жылдын 27-мартына чейин)       Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 13-беренесинин 1-бөлүгү) 11.    Шайлоочулардын тизмесинде турган шайлоочуга  анын тизмеде бар экендиги жөнүндө билдирүү жиберүү   Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен   (2012-жылдын 6-апрелине чейин)   Участкалык шайлоо комиссиялары   (Мыйзам 13-беренесинин 2-бөлүгү) 12.    Шайлоочулардын биротоло такталган тизмелерин түзүү жана номер коюлуп, көктөлгөн жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү коюлган шайлоочулардын тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү (шайлоочулардын тизмелерин сөзсүз атайын кагазга чыгаруу)   Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен   (2012-жылдын 3-майына чейин)   Аймактык шайлоо комиссиясы   (Мыйзам 13-беренесинин 5-бөлүгү) Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо 13.    Балыкчы шаардык кеңешине  талапкерлерди көрсөтүү Шайлоо дайындалган күндөн тартып жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт   (2012-жылдын 5-апрелинин саат 24.00гө  чейин)     Саясий партиялар, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын тобу    (Мыйзам 49-беренесинин 1-бөлүгү) 14.    Талапкердин тизмесин каттоо үчүн керектүү шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен   (2012-жылдын 5-апрелинин саат 24.00гө  чейин) Саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам 53-беренесинин 1-бөлүгү) 15.    Талапкерлердин тизмесин көрсөтүүнүн тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын талаптарына шайкеш келишин текшерүү Документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 53-беренесинин 4-бөлүгү) 16.    Талапкерлердин тизмесин каттоо Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 20 календардык күн калганда аяктайт (2012-жылдын 15-апрелинин саат 24.00гө  чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 53-беренесинин 6-бөлүгү) 17.    Саясий партиялардын аталышын, шайлоочулардын топторун, ошондой эле саясий партиялардан, шайлоочулардын топторунан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөзгө жарыялоо Каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 53-беренесинин 11-бөлүгү) 18.    Катталган күнүн көрсөтүү менен талапкерлерге тиешелүү күбөлүк берүү Талапкерлердин тизмесин каттаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 53-беренесинин 12-бөлүгү) 19.    Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин чакыртып алуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу   Шайлоо күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен (2012-жылдын 2-майынын саат 24.00гө  чейин) Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу (Мыйзам 54-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү) 20.    Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулар тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо аларга күбөлүк тапшырууже каттоону жүйөөлүү четке кагуу Керектүү документтер түшкөн күндөн 2 календардык күн ичинде.     Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзамдын 21-беренесинин 3-бөлүгү) 21.    Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун ишенимдүү адамдарына күбөлүктөрдү тапшыруу же каттоодон жүйөлүү баш тартуу Талапкердин, саясий партиянын же шайлоочулардын тобунун жана жарандын ишенимдүү адамга макулдугу жөнүндө кат жүзүндө арызынын негизинде талапкерди каттоодон кийин   Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзамдын 18-беренесинин 2-бөлүгү) 22 Маалыматтык камсыздоо, шайлоочуларга маалымдоо, шайлоо алдындагы үгүт     Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык (Мыйзам 22-беренесинин 1,2-бөлүктөрү) 23 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу (Мыйзам 23-беренесинин 1-бөлүгү) 24 Чогулуштарды, жарандар менен жолугушууларды, жалпынын алдында дискуссияларды жана дебаттарды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин   Аймактык шайлоо комиссиялары, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте (Мыйзам 26-беренесинин 1-бөлүгү) 25 Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басма  үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жайларды бөлүү жана жасалгалоо Шайлоо дайындалгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде   Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Мыйзам 27-беренесинин 3-бөлүгү) Шайлоолорду каржылоо 26 Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын кароо жана бекитүү Шайлоо дайындалгандан кийин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27 Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, шайлоочулар тобу тарабынан шайлоо фондун түзүү Финансылык маселелер боюнча саясий партиянын, шайлоочулар тобунун ыйгарым укуктуу өкүлүн шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 5 календардык күндүн ичинде Саясий партия, шайлоочулар тобу (Мыйзам 15-беренесинин 1-бөлүгү) 28 Шайлоо фондун түзүү үчүн талапкер тарабынан банкта атайын эсеп түзүү  Талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди бергенге чейин Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү  (Мыйзам 15-беренесинин 1-бөлүгү) 29 Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу тарабынан каражаттарды түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин контролдоо Шайлоо фондун түзгөн күндөн тартып Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 7 адамдан ашпаган санда контролдук-текшерүү тобу   (Мыйзам 16-беренесинин 1-бөлүгү) 30 Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу чыгымдоого контрол     Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 7 адамдан ашпаган санда контролдук-текшерүү тобу   (Мыйзам 16-беренесинин 2-бөлүгү) 31 Шайлоо фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана булактары, ошондой эле каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына отчетторду берүү   Шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2012-жылдын 17-майына чейин)   Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу (Мыйзам 15-беренесинин 19-бөлүгү) Шайлоо бюллетендерин даярдоонун жана участкалык шайлоо комиссияларына берүүнүн тартиби 32 Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин формасын, коргоо даражасын жана даярдоонун тартибин бекитүү Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен  (2012-жылдын 16-апрелине чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы    (Мыйзам 30-беренесинин 1-бөлүгү) 33 Шайлоо бюллетенинин текстин жана формасын бекитүү Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен  (2012-жылдын 16-апрелине чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 30-беренесинин 3-бөлүгү) 34 ММК же башка ыкма аркылуу добуш берүүнүн убактысы жана жайы тууралуу шайлоочуларга кабарлоо Добуш берүү күнүнө чейин 10 күндөн кечиктербестен (бүткүл мезгил ичинде) (2012-жылдын 26-апрелине чейин) Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 31-беренесинин 1-бөлүгү) 35 Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо Добуш берүү күнүнө чейин 10 күн мурда. (2012-жылдын 26-апрелине чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы    (Мыйзам 30-беренесинин 8-бөлүгү) 36 Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына берүү Добуш берүү күнүнө чейин 10 күн мурда, ал эми кайталап добуш берген учурда   добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн мурда (2012-жылдын 26-апрелине чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы    (Мыйзам 30-беренесинин 13-бөлүгү) 37 Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу Добуш берүү күнүнө чейин 2-1 календардык күн мурда   Тиешелүү шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 30-беренесинин 13-бөлүгү) Добуш берүү жана натыйжаларын аныктоо 38 Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүү  Добуш берүү күнүнө чейин 9-1 календардык күн мурда (2012-жылдын 27-апрелинен 5-майына  чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы  (Мыйзам 32-беренесинин 1-бөлүгү) 39 Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү  Добуш берүү күнүнө чейин бир гана календардык күн мурда (шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын же оозеки кайрылуусунун негизинде гана) Участкалык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 33-беренесинин 2-бөлүгү) 40 Добуш берүүнү өткөрүү 2012-жылдын 6-майында саат 8.00дөн 19.00гө чейин  Участкалык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 31-берене) 41 Шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду түзүү Добуш берүү бүткөндөн кийин дароо башталат (жыйынтыгы аныкталганга чейин тыныгуусуз жүргүзүлөт)  Участкалык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 36-берене) 42 Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун Борбордук шайлоо комиссиясына факс аркылуу берүү Протоколго кол коюлгандан кийин токтоосуз Участкалык шайлоо комиссиялары 43 Тиешелүү шайлоо документтери менен добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын аймактык шайлоо комиссиясына жиберүү Протоколго кол коюлгандан кийин токтоосуз  Участкалык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 37-беренесинин 1-бөлүгү) 44 Округдун аймагында добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо жана аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын жыйынтык таблицасынын биринчи нускасы менен чогуу Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүү  Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун алгандан кийин токтоосуз жана добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2012-жылдын 27-майына чейин) Аймактык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 37,38-беренелер, 1,4-бөлүктөрү) 45 Шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий түрдө жарыялоо Шайлоонун жыйынтыгы аныкталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде   Борбордук шайлоо комиссиясы (Мыйзам 40-беренесинин 4-бөлүгү) 46 Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү Шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган талапкер (Мыйзам 51-беренесинин 1-бөлүгү) 47 Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү Шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары   (Мыйзам 51-беренесинин 2-бөлүгү)          
Кененирээк билүү >>
“Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө” Токтом
15.03.2012

“Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө” Токтом

“Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө” Токтом 2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы ПЖ №29 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Каракол шаарынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн шайлоо документтерин, ошондой эле шайлоо процессинин субьектилеринин даттанууларын, актыларын карап чыгып, Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо №№ 3138, 3150 шайлоо участкаларында шайлоочулардын эрк ниетин билдирүүсүнө таасир тийгизген, добуштардын аныктыгын тактоого мүмкүндүк бербеген бузууларды аныктады. Участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн протоколдордун, Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколунун жана жыйынды таблицасынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-24-26-пункттарын, 2-бөлүгүнүн 5-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүн, 38-беренесинин 5-6-бөлүктөрүн, 40-беренесинин 4-бөлүгүн, 56-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын. 2. Каракол шаарынын №№ 3138, 3150 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылсын. Каракол шаарынын башка баардык шайлоо участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы анык деп табылсын. 3. Ушул токтом менен жараксыз деп таанылган шайлоо участкаларын эсепке албаганда, 2012-жылдын 4-мартында өткөн Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 10-мартындагы протоколу бекитилсин. 4. Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына төмөндөгү талапкерлер Каракол шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды деп эсептелсин (тизме тиркелет). Аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин. 5. Бул токтом, добуш берүүнүн жыйынтыктары, Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынды таблицасы жана шайлоонун натыйжалары (тиркелет) “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 6. Бул токтом Каракол шаарынын №№ 3138, 3150 шайлоо участкалары боюнча бузууларга жол берген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасына жиберилсин. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.     ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш, 2012-жылдын 13-марты №40
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы шайланды
15.03.2012

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы шайланды

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (Бишкек АШК) биринчи жыйналышы 2012-жылдын 28-февралында болуп өттү. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык КР БШК төрагасы Т. Абдраимов бул комиссиянын биринчи жыйналышын чакырган. Жыйналышта Бишкек АШКнын мүчөлөрү толук курамда “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 5-бөлүгүн аткарышып, комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлоо жөнүндө маселени карашты. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча көпчүлүк добуш менен Маматов Кайрат Адамкалиевич Бишкек АШКнын төрагалыгына шайланды. О.Шербинанын комиссиянын катчылыгына талапкерлиги да бир добуштан колдоого алынды.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
"Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө" Токтом
15.03.2012

"Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө" Токтом

"Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө" Токтом 2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы ПЖ № 29 Жарлыгы менен дайындалган Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош шаарынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн шайлоо документтерин, ошондой эле  шайлоо процессинин субъектилеринин даттанууларын, актыларын карап чыгып, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо №№ 5273, 5283, 5288 шайлоо участкаларында шайлоочулардын эрк ниетин билдирүүсүнө таасир тийгизген, добуш берүүнүн жыйынтыктарынын аныктыгын тактоого мүмкүндүк бербеген бузууларды аныктады. Участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн протоколдордун, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколунун жана жыйынды таблицасынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24,26-пункттарына, 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 38-беренесинин 5,6-бөлүктөрүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 56-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  ТОКТОМ КЫЛАТ:  1. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын. 2. Ош шаарынын  №№ 5273, 5283, 5288 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылсын. Ош шаарынын башка баардык шайлоо участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы анык деп табылсын. 3. Ушул токтом менен жараксыз деп таанылган шайлоо участкаларын эсепке албаганда, 2012-жылдын 4-мартында өткөн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 8-мартындагы Протоколу бекитилсин. 4. Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына төмөндөгү талапкерлер III чакырылыштагы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды деп эсептелсин (тизме тиркелет). Аларга бекитилген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин. 5. Ушул токтом, добуш берүүнүн жыйынтыктары, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынды таблицасы жана шайлоонун натыйжалары (тиркелет) “Эркин Тоо” газетасында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 6. Бул токтом Ош шаарынын №№ 5273, 5283, 5288 шайлоо участкалары боюнча бузууларга жол берген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасына жиберилсин. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.       ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2012-жылдын 13-марты №39  
Кененирээк билүү >>
Ош жана Каракол шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары бекитилди
13.03.2012

Ош жана Каракол шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары бекитилди

Бүгүн 2012-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы өттү, анда КР БШК мүчөлөрү бир нече маселелерди карашты. Жыйналышта КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 4-мартында өткөн Ош жана Каракол шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алышты. Токтомду кабыл алууда КР БШК мүчөлөрү Ош шаардык кеңешине добуш берүүдө №№5273, 5283, 5288 шайлоо участкаларындагы, ал эми Каракол шаардык кеңешине добуш берүүдө №№3138, 3150 шайлоо участкаларындагы жыйынтыктарды жокко чыгарышты. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2012-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 57 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 6-майына дайындалган Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын Календарлык планын жана чыгымдардын сметасын бекитишти. Жыйналышта ошондой эле БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 4-бөлүгүнө, 41-беренесинин 16 бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Дыйканов Салморбек Карбозовичке шайлоо күрөөсүн кайтаруудан баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алышты. КР БШК мүчөлөрү “2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө” Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомуна, “Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизишти. Ошондой эле Чүй, Аксы жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Список зарегистрированных кандидатов в депутаты Балыкчинского городского кенеша
13.03.2012

Список зарегистрированных кандидатов в депутаты Балыкчинского городского кенеша

Список зарегистрированных кандидатов в депутаты Балыкчинского городского кенеша - здесь  
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 4-мартында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн маалыматы
02.03.2012

2012-жылдын 4-мартында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн маалыматы

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 2012-жылдын 24-февралынан 3-мартка чейин мөөнөтүнөн мурда добуш берүү өткөрүлөт. Мыйзамдуулукка ылайык, өзү шайлоочулардын тизмесине киргизилген, шайлоо участкасына шайлоо күнү келүү мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу башка жакка кетип жаткандыгына байланыштуу шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин же өлкөнүн аймагында болбой тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, ошондой эле тиешелүү документтерди көрсөткөндө (иш сапарына ырастаманы, авиабилетти, темир жол билетти, паспорттогу визаны) добуш берүү күнүнө чейин 9-1 күн калганда тиешелүү шайлоо комиссиясынын аймагындагы жайда шайлоо бюллетенин толтуруу жолу менен мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу. 2012-жылдын 1-мартына карата мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны төмөндөгүдөй: № к/н  Райондордун, шаарлардын аталышы  Добуш бергендердин саны  1.       Лейлек - 2.       Тогуз - Торо 2 3.       Ак – Талаа - 4.       Жумгал 7 5.       Каракол ш. 26 6.       Токмок ш. 1 7.       Ош ш. 2 8.       Бардыгы 38   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
1 … 468 470 … 487