Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына Нышанов Сайдулла Канболотовичти катташты
Бүгүн, 2012-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1,3-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, КР БШКнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Ата-Мекен” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Г.Дж.Бейшенбаеванын башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алышты.
“Ата-Мекен” социалисттик саясий партиясынын талапкерлердин тизмеси боюнча Нышанов Сайдулла Канболотович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Боршайлооком “Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана башка шайлоо процессинин катышуучулары менен аракеттенүүсү” тегерек столун өткөрдү
2012-жылдын 21-июнунда “Жаннат” мейманканасында “Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана башка шайлоо процессинин катышуучулары менен аракеттенүүсү” темасында тегерек стол өттү. Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо системаларынын Эл аралык фондусунун (IFES) каражаттоосу менен уюштурулган.
Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов, төраганын орун басары Г. Джурабаева, КР БШК аппаратынын кызматкерлери, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, ошондой эле саясий партиялардын, Бишкек шаарынын мэриясынын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Тегерек столдун негизги максаты шайлоочулардын тизмесин түзүүдө шайлоо комиссияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана башка шайлоо процессинин катышуучулары менен аркеттенүүсүнүн натыйжалуу формасын иштеп чыгуу болгон. Иш чаранын жүрүшүндө шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо процессинде пайда болгон проблемалар талкууланды. Кварталдык жана үйлүк комитеттер шайлоочулардын тизмелерин түзүүдө жана тактоодо алардын алдыларындагы кыйынчылыктар жөнүндө айтып берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Катышуучулардын чыгып сүйлөгөндөрүн угуп жана талкуулап, ошондой эле алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын күзүндө шайлоодогу тематиканын актуалдуулугун эске алуу менен катышуучулар шайлоочулардын тизмесин тактоо процессинде мындан аркы өз ара аракеттенүүдөгү сунуштарды киргизишти. Иш чаранын катышуучулары ошондой эле “Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачыктыгын камсыз кылууда, сапатын жакшыртууда аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссияларды түзүү жөнүндө” КР БШКнын токтомун талкуулашты. Катышуучулардын көпчүлүгү АШКлар алдында коомдук комиссияларды түзүү идеясына оң баа беришти жана аталган чара шайлоочулардын тизмесинин сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк ачат деген ойлорун билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бишкек ш. УШКга көрсөтүлүү үчүн керектүү документтер
2012-жылдын 12-июнунда участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине Бишкек шаардык кеңешинин өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан, саясий партиялардын өкүлдөрүнөн көрсөтүү башталды.
Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында 2012-жылдын 25-июнунда саат 18.00 чейин кабыл алынат.
Жарандардын жыйналышынан, коомдук уюмдардан участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Бишкек шаардык кеңешинде 2012-жылдын 25-июнунда саат 18.00 чейин кабыл алынат.
Маалымат телефондору: Бишкек шаардык кеңеши 62 26 27, 61 34 65
Маалымат телефондору: Бишкек АШК 62 08 24, 62 08 29
УШУга көрсөтүү үчүн керектүү документтерди ушул жерден чыгарып аласыздар.
Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор бул жерде.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын шайлоочуларына, саясий партияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органына, коомдук уюмдарга жана коммерциялык эмес уюмдарга КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу шайлоочулар жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
2012-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 63 токтому жана 2012-жылдын 8-июнундагы № 5 чечими менен участкалык шайлоо комиссиялардын (УШК) жаңы курамдарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
2012-жылдын 12-июнунан тартып участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарына жана резервтерине саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан – Бишкек шаардык кеңешинен өкүлдөрдү көрсөтүү башталат.
Эч качан болбогондой, бүгүн шайлоо тутумун реформалоо алкагында шайлоону даярдоодо жана уюштурууда бардык деңгээлдеги комиссиялардын мүчөлөрүнүн ролу өтө маанилүү. Андыктан, бардык шайлоо процессине карата элдин ишениминин деңгээли алардын иш-аракеттерине жараша болмокчу.
Участкалык комиссиялардын курамында иштөө, адамдар менен калыс, адилет жана абийирдүү иштей билүүнү талап кылгандыгы менен жооптуу, бул комиссиянын мүчөлөрүнүн жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну жана коргоону камсыз кылууда жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы – Бишкек шаардык кеңеши участкалык комиссиянын түзүүдө жарандарды комиссияга көрсөтүү учурунда алардын макулдугун эске алуулары зарыл.
Көрсөтүү субүектилер шайлоо комиссиянын мүчөлүгүнө талапкердин эреже катары тийиштүү калктуу пунктун аймагында жашаш керек экендигин эске алуулары зарыл.
Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек.
Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары коюлган чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелиши тийиш. Саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынын протоколуна – төмөнкүлөр тиркелет:
- участкалык комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
- паспортунун көчүрмөсү.
- иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары;
- байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
Участкалык комиссиянын курамына талапкерлерди көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу кененирээк Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтында жайгаштырылган “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жободон билсеңер болот.
Участкалык шайлоо комиссиялардын курамына саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2012-жылдын 25-июнунун саат 18-00 чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында кабыл алынат.
Участкалык шайлоо комиссиялардын курамына жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2012-жылдын 25-июнунун саат 18-00 чейин Бишкек шаардык кеңеште кабыл алынат.
Сурап-билүү телефону:Бишкек шаардык кеңеши 61-34-65, 62-26-27
Сурап-билүү телефону: Бишкек АШКсы 62-08-24, 62-08-29
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Члены Центризбиркома утвердили протоколы об итогах голосования и результаты выборов местных кенешей 6 мая 2012года
Даярдалууда
Кененирээк билүү >>
КР БШК өкүлдөрү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинен Байкоочулар миссиясынын курамында Армения Республикасынын Улуттук чогулушунун депутаттарын шайлоо мониторингине катышты
2012-жылдын 6-майында Армения Республикасынын Улуттук чогулушунун депутаттарын шайлоо өттү. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Байкоочулар миссиясынын курамына Кыргыз Республикасынан Армения Республикасынын Улуттук чогулушунун депутаттарын шайлоо мониторингине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төргагсы Т. Абдраимов жана КР БШК мүчөсү Ж. Бапанова катышты.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлдөрү Армения Республикасынын парламенттик шайлоосуна байкоочулар катары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин аткаруучу комитетинен чакырылган.
Миссиянын билдирүүсү боюнча, шайлоо ачык - айкын өттү.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКда шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо проблемаларын талкулоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү
Бүгүн, 2012-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо проблемаларын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.
Жумушчу кеңешмеге Боршайлоокомдун төрагасынын орун басарлары Г. Джурабаева жана А. Шайымкулова, КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын жана КРнын Социалдык Фондунун өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси, ошондой эле өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Аталган иш чаранын жүрүшүндө катышуучулар Боршайлоокомдун жана мамлекеттик органдардын өкмөттүк эмес уюмдар менен шайлоочулардын тизмесин тактоодогу өз ара аракетинин мүмкүн болгон формаларынын маселелерин талкуулашты жана анализ беришти.
Боршайлоокомдун Төрагасынын орун басары Г. Джурабаеванын жумушчу кеңешмедеги “Шайлоочулардын так тизмесин түзүү: чечүүнүн проблемалары жана жолдору” бетачарын ушул жерден көрсөңүздөр болот.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Избран глава исполнительного органа местного самоуправления - мэр города Токмок
2 мая 2012 года прошли повторные выборы главы исполнительного органа местного самоуправления - мэра города Токмок. По предварительным результатам прошедших повторных выборов главой исполнительного органа местного самоуправления - мэром города Токмок избран Оморканов Анварбек Насыбекович. За него проголосовало 17 депутатов Токмакского городского кенеша из 31. Кандидатура в мэры города Токмок Оморканова Анварбека Насыбековича была выдвинута от фракции «Ынтымак».
Как известно, назначенные на 28 апреля 2012 года выборы главы исполнительного органа местного самоуправления - мэра города Токмок не состоялись из-за отсутствия кворума. Согласно Закона КР от 15 июля 2011 года N 101 "О местном самоуправлении" Центральная избирательная комиссия назначает повторные выборы в течение 3 календарных дней со дня неизбрания мэра города.
В соответствии с пунктом 5 статьи 6, пунктом 2 части 1 статьи 7 Закона Кыргызской Республики «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики», частью 4 статьи 43 Закона Кыргызской Республики «О местном самоуправлении» члены Центризбиркома на заседании Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики 30 апреля 2012года назначили повторные выборы мэра города Токмок Чуйской области на 2 мая 2012 года.
Протоколы об итогах голосования и результатах выборов вместе со всеми опечатанными избирательными документами (списки депутатов, избирательные бюллетени и др.) направляются в Центральную избирательную комиссию (1-й экземпляр) для утверждения и официального опубликования. Второй экземпляр хранится в территориальной избирательной комиссии. Заверенные копии направляются в соответствующий городской кенеш и Премьер-министру Кыргызской Республики, а также выдаются всем присутствующим в помещении для голосования по требованию. (Выписка из Положения о порядке избрания мэра города).
Пресс – служба Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики
Кененирээк билүү >>
Избраны главы исполнительных органов местного самоуправления - айыл окмоту
27 апреля 2012 года в некоторых айылных аймаках прошли выборы глав исполнительных органов местного самоуправления - айыл окмоту.
Выборы глав айыл окмоту были назначены Центральной избирательной комиссией Кыргызской Республики в соответствии с пунктом 2 части 1 статьи 7 Закона Кыргызской Республики «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики», частью 2 статьи 49 Закона Кыргызской Республики «О местном самоуправлении».
Результаты выборов глав исполнительных органов местного самоуправления - айыл окмоту - здесь
Пресс-служба Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики
Кененирээк билүү >>
Избраны главы исполнительных органов местного самоуправления - айыл окмоту и мэры городов
27-28 апреля 2012 года в некоторых айылных аймаках прошли выборы глав исполнительных органов местного самоуправления - айыл окмоту, а также выборы мэров городов Балыкчи, Каракол и Токмок.
Выборы глав айыл окмоту и мэров городов были назначены Центральной избирательной комиссией Кыргызской Республики в соответствии с пунктом 2 части 1 статьи 7 Закона Кыргызской Республики «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики», частью 3 статьи 43, частью 2 статьи 49 Закона Кыргызской Республики «О местном самоуправлении».
Предварительные результаты выборов глав исполнительных органов местного самоуправления - айыл окмоту и мэров городов - здесь
Пресс – служба Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики
Кененирээк билүү >>
Члены Центризбиркома приняли Постановление о развитии и совершенствовании единой системы избирательных комиссий Кыргызской Республики
Сегодня, 25 апреля 2012 года состоялось очередное заседание Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики.
В связи с особенностями статуса, структуры организации государственной власти, муниципального управления и местного самоуправления г. Бишкек, в связи с тем, что районы г. Бишкек не обладают статусом обособленных местных самоуправлений, в целях развития и совершенствования избирательной системы, обеспечения единообразного применения избирательного законодательства Кыргызской Республики и Законов Кыргызской Республики «О местном самоуправлении» и «О местной государственной администрации», на основании конституционного Закона Кыргызской Республики «О выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики», Законов Кыргызской Республики «О местном самоуправлении», «О выборах депутатов местных кенешей», «О местной государственной администрации» и «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики» Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики на заседании постановила Ленинскую, Октябрьскую, Первомайскую, Свердловскую районные территориальные избирательные комиссии г. Бишкек упразднить в связи с наличием у данных избирательных комиссий нереализуемых полномочий по обеспечению выборов в единых избирательных округах, указанные в пунктах 2, 6, 13, 16, 19 статьи 20 «Полномочия территориальной избирательной комиссии» Закона Кыргызской Республики «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики», в статьях 43, 49, регулирующих выборы глав исполнительных органов местных самоуправлений Закона Кыргызской Республики «О местном самоуправлении», в статье 10 «Образование избирательных округов» Закона Кыргызской Республики «О выборах депутатов местных кенешей» и связанных с отсутствием у районов г. Бишкек статуса обособленного местного самоуправления.
Также на заседании ЦИК КР были утверждены постановлением форма протокола об итогах голосования на выборах главы исполнительного органа местного самоуправления и форма протокола о результатах выборов главы исполнительного органа местного самоуправления в соответствии с пунктами 2, 15 части 1 статьи 7 Закона Кыргызской Республики «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики», частью 4 статьи 43, частью 5 статьи 49 Закона Кыргызской Республики «О местном самоуправлении».
На заседании ЦИК КР внесены дополнения в Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики «О внесении изменений и дополнений в Положение «О порядке избрания мэра города», утвержденного постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011 года №424» и от 23 апреля 2012 года № 62. Внесено также изменение в Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики на государственном языке «О внесении изменений и дополнений в Положение «О порядке избрания главы айыл окмоту», утвержденного постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011 года №423» и от 23 апреля 2012 года № 61.
Пресс-служба Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики
Кененирээк билүү >>
Внесены изменения и дополнения в Положения«О порядке избрания главы айыл окмоту и «О порядке избрания мэра города»
Сегодня, 23 апреля 2012 года состоялось заседание Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики.
В целях развития и совершенствования избирательной системы и обеспечения единообразного применения избирательного законодательства Кыргызской Республики на основании статей 6, 7, 18 Закона Кыргызской Республики «Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики», Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики приняла постановления о внесении изменений и дополнений в Положение «О порядке избрания главы айыл окмоту», утвержденного постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011 года № 423 (в редакции постановления Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 13 марта 2012 года №44), а также были в соответствии с вышеупомянутыми законами внесены изменения и дополнения в Положение «О порядке избрания мэра города», утвержденного постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 декабря 2011года №424.
Эти изменения и дополнения в вышеупомянутые Положения были приняты в связи с принятием Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О местном самоуправлении» от 30 ноября 2011года №228.
«Пресс-служба Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Памела Л. Спратлен айым менен жолугушууну өткөрдү
2012-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Памела Л. Спратлен айым менен жолугушуусу өттү.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын мындан ары жакшыртуунун кадамдары талкууланды. Атап айтсак, Памела Л. Спратлен айым КР Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү чөйрөсүндө жүргүзгөн иштери жөнүндө кызыкты.
КР БШК төрагасы Т. Абдраимов Памела Л. Спратлен айымга кызматтык сапарына ыраазычылыгын айтты жана чыныдыгында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары өркүндөтүүгө муктаж экендигин билдирди. КР БШК башчысы Т. Абдраимов 2012-жылдын күзүндө өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жалпы республикалык шайлоого чейин жойо турган шайлоо мыйзамдарындагы кемчиликтерге кыскача токтолду. Төраганын пикири боюнча “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын олуттуу кемчилиги Кыргыз Республикасынын жарандыгын ырастаган паспортунун ордуна шайлоочу көрсөткөн документ менен добуш бергенге жол ачкан ченем. Ушуга байланыштуу, КР БШК төрагасы КР БШКсы жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга өзгөртүүнү демилгелеген бир ченем шайлоочу паспортту көрсөткөндө гана добуш берүүсү, анткени ушул документте гана шайлоочунун жашаган жери (катталган жери) көрсөтүлө тургандыгын белгилеп өттү.
АКШнын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Памела Л. Спратлен айым КР БШК төрагасы Т. Абдраимовго кабылдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Борбордук шайлоо комиссиясынын демократиялык принциптерди орнотуудагы ролун белгиледи. Ошондой эле Памела Л. Спратлен айым КР БШК төрагасына 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоочуларды чакыргандыгына ыраазычылыгын билдирди жана эл аралык байкоочулардын катышы шайлоонун таза жана адилет болушунда маанилүүлүгүн белгиледи.
Спратлен айым, президенттик шайлоого көзөмөлдүктү жүргүзгөн көптөгөн эл аралык уюмдар шайлоону даярдоо жана өткөрүү демократиялык шайлоону өткөрүүнүн эл аралык стандарттарынын тийиштүү талаптарына жооп бергендигин таанышкандарын айтты. Ошол эле убакта ал Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштер улана беришин каалады.
Өз учурунда КР БШК төрагасы Т. Абдраимов КР БШКда шайлоо укуктары чөйрөсүндөгү эксперттерден жумушчу топ түзүлөөрүн, ал болсо шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгаарын билдирди. КР БШК төрагасы шайлоо мыйзамдарына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизбөө үстүбүздөгү жылдын октябрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө белгилүү укуктук проблемаларды түзүшү мүмкүн экендигин танбады.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шаарлардын мэрлеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын –айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды
Бүгүн, 2012-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы өттү.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктун, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 1,3-бөлүктөрүн,49-беренесинин 1,2-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облустунун Балыкчы, Каракол, Чүй облустунун Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын –айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомдорду кабыл алышты.
Балыкчы, Каракол жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоо 2012-жылдын 28-апрелинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын –айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2012-жылдын 27-28-апрелинде өткөрүлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын –айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону өткөрүү графиги менен бул жерден таанышсаңар болот.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана резерви үчүн тренинг өткөрөт
2012-жылдын 11-13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Шайлоо системалардын эл аралык фондусунун жардамы менен “Энергетик” мейманкананын конференц-залында Бишкек АШК мүчөлөрү жана резерви үчүн шайлоо мыйзамдары тууралуу тренинг өткөрөт.
Бишкек АШКнын мүчөлөрүн окутуу тренерлери катары КР БШКнын мүчөлөрү жана аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Шайлоо системалардын эл аралык фондусунун эксперттери чыгып сүйлөшөт.
Тренингдин программасы Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессиндеги укуктук базасына, шайлоо мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчиликке, шайлоону маалыматтык камсыздоого, шайлоо алдындагы үгүткө, шайлоо өткөрүү мезгилде шайлоо комиссияларын финансылоого, талапкерлердин шайлоо фондусун уюштуруу мөөнөттөрүнө жана түзүү булактарына ж.б. тиешелүү маселелерди камтыйт.
Тренингдин алкагында Бишкек АШКнын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялары, жана өкмөттүк эмес уюмдары, массалык маалымат каражаттары менен өз ара байланышуу жөнүндө пикир алмашуусу пландаштырууда. Ошондой эле, Бишкек АШК мүчөлөрүнүн статусуна, функцияларына, ыйгврыс укуктарына, аларды милдеттеринен бошотуу тартибине тиешелүү маселелер көтөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Боршайлооком Токмок аймактык шайлоо комиссиясын түздү
Бүгүн, 2012-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өтүп, анда төрт маселе каралды.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-2-пункттарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык КР БШК мүчөлөрү Чүй облустунун Аламүдүн, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын, Ысык-Көл облустунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизишти.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-2-4-6-15-бөлүктөрүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 28-мартындагы № 55 “2012-жылдын 4-мартында Чүй облустунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жана добуш берүүнүн натыйжасын бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде КР БШК мүчөлөрү Чүй облустунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамын түзүштү.
Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү “Жергиликтүү өз алдынча бакашруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө чыгымдарды бекитүү жөнүндө” токтомун жана “Чүй облустунун Токмок шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди депутаттык мандатты алууда тизмеден чыгаруу жөнүндө” чечим кабыл алышты.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
07.11.2026
КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорун окутуудан өткөрдү
07.11.2026
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
07.11.2026
КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт
07.11.2026
КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт
06.11.2026
Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
04.11.2026
Акай Кыдыров Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды