Башкы Жаңылыктар "Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу …

"Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө" Токтом

15-Мар, 2012

"Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө"

Токтом

2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы ПЖ № 29 Жарлыгы менен дайындалган Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош шаарынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн шайлоо документтерин, ошондой эле  шайлоо процессинин субъектилеринин даттанууларын, актыларын карап чыгып, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо №№ 5273, 5283, 5288 шайлоо участкаларында шайлоочулардын эрк ниетин билдирүүсүнө таасир тийгизген, добуш берүүнүн жыйынтыктарынын аныктыгын тактоого мүмкүндүк бербеген бузууларды аныктады.

Участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн протоколдордун, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколунун жана жыйынды таблицасынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24,26-пункттарына, 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 38-беренесинин 5,6-бөлүктөрүнө, 
40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 56-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.

2. Ош шаарынын  №№ 5273, 5283, 5288 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылсын.

Ош шаарынын башка баардык шайлоо участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы анык деп табылсын.

3. Ушул токтом менен жараксыз деп таанылган шайлоо участкаларын эсепке албаганда, 2012-жылдын 4-мартында өткөн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 8-мартындагы Протоколу бекитилсин.

4. Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына төмөндөгү талапкерлер III чакырылыштагы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды деп эсептелсин (тизме тиркелет).

Аларга бекитилген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

5. Ушул токтом, добуш берүүнүн жыйынтыктары, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынды таблицасы жана шайлоонун натыйжалары (тиркелет) “Эркин Тоо” газетасында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

6. Бул токтом Ош шаарынын №№ 5273, 5283, 5288 шайлоо участкалары боюнча бузууларга жол берген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасына жиберилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.  

 

 

ТӨРАГА                                                                             Т. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2012-жылдын 13-марты

№39

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорун окутуудан өткөрдү
07-Ноя, 2026

КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорун окутуудан өткөрдү

2026-жылдын 6–7-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан аймактык шайлоо комиссияларынын 58 системалык администратору үчүн кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган окутуу өткөрүлдү.Окутуу шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык технологияларды жана тутумдарды натыйжалуу пайдалануу, жаңыланган шайлоо жабдууларынын иштөө өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү, техникалык мүчүлүштүктөрдүн алдын алуу жана аларды ыкчам жоюу боюнча адистердин билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга багытталды.Мындан тышкары шайлоо жабдууларынын логистикасы, автоматташтырылган шайлоо жабдуулары жана программалык-техникалык каражаттар, шайлоо жана протокол маалымат тутумдары, тармактык технологиялар, киберкоопсуздук жана маалыматтык тутумдардын иштөө тартиби, жабдууларды колдонуунун өзгөчөлүктөрү, аларды техникалык жактан тейлөө жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери, ошондой эле электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДЖС) боюнча тематикалык сессиялар өттү.Аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорунун кесиптик даярдыгын жогорулатуу, шайлоо процессин техникалык жактан камсыздоонун сапатын жакшыртуу максатында  өткөрүлгөн окутууда тиешелүү адистер катышуучуларды кызыктырган суроолор боюнча жооп беришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 7-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Масалиевдин шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Лю Владимир катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт

Урматтуу  кыргызстандыктар!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт!Элибиздин байыркы маданияты, каада-салты, үрп-адаты, руханий мурастары жана улуу дөөлөттөрү тамыры терең улут экендигибизди айгинелеп турат. “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” – деп, айкөл Манас атабыз элди ынтымакка, биримдикке үндөп, бир туунун алдында жашоого чакырган.Эркин эл катары калыптануу, мамлекеттүүлүктү түптөө, эгемендикке жетүү илгертен ата-бабаларыбыздын изги тилеги болгон. Ошол улуу максаттарды ишке ашыруу үчүн далай оор сыноолорду башынан өткөрүп, көз карандысыздык үчүн өмүрүн арнашкан.Бүгүнкү күндөгү бейпил турмушубуз, эгемен мамлекетибиз жана жаркын келечекке болгон ишенимибиз – ата-бабаларыбыздын бизге калтырган баа жеткис мурасы.Ошондуктан, алардын осуятын жана мурасын аздектеп, эгемендүү Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактоо, аны келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз.Өлкөбүздө тынчтык, жергебизде ынтымак, мекенибиздин келечеги кең болсун.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт

Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди 7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!Журналисттердин эмгеги демократиялык принциптерди бекемдөөдө, сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.Мамлекеттик бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, коомдук пикирди калыптандырууда жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууда зор эмгек жумшап келесиздер. Айрыкча шайлоо процесстеринде жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, шайлоочуларга объективдүү маалымат жеткирүү жана шайлоо институттарына болгон коомдук ишенимди бекемдөө багытындагы кызматташтыгыңыздар өзгөчө мааниге ээ.Жаңы дем, бийик максаттар менен эмгектенип жаткан жумушуңуздар ар дайым ийгиликтер менен коштолсун.  Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, кесиптик ийгиликтерди жана чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз. Элдин ишенимине татыган ак ниет эмгегиңиздер менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө, коомубуздун биримдигине жана демократиялык баалуулуктардын бекемделишине мындан ары да татыктуу салым кошо бериңиздер!
Кененирээк билүү >>