Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн мамлекеттик ММКларда акысыз эфирдик убакыт бөлүштүрүү боюнча чүчү-кулак болду
06.10.2011

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн мамлекеттик ММКларда акысыз эфирдик убакыт бөлүштүрүү боюнча чүчү-кулак болду

Бүгүн, 2011-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо алдында үгүт жүргүзүү боюнча мамлекеттик ММКларда акысыз эфирдик убакыт бөлүштүрүү боюнча чүчү-кулак болду. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге мамлекеттик телерадиоуюмдарынын каналдарында жана басма сөз басылмаларында акысыз эфирдик убакыт берилет. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге акысыз эфирдик убакыт ОТРК, ЭлТР мамлекеттик телеканалдарында жана Биринчи радиодо, ошондой эле “Кыргыз Туусу” жана “Слово Кыргызстана” газеталарынын беттеринде акысыз негизде гезит аянтчасы бериле тургандыгын тактап кетели.  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин чүчү-кулакка катышкан тизмесин төмөндө келтиребиз:   Тюлеев Нариман Колубаев Торобай Байболов Кубатбек Исабеков Кубанычбек Ташиев Камчыбек Масалиев Исхак Иманкулов Марат Суваналиев Өмүрбек Медетбеков Шамшыбек  Бакир уулу Турсунбай  Асанбеков Темирбек  Токтогазиев Жумабек  Дыйканов Сооронбай  Осмонов Курманбек  Абдылдаев Арстанбек  Калматов Анарбек  Атамбаев Алмазбек  Матубраимов Алмамбет  Жапаров Акылбек  Каримов Алмазбек  Мадумаров Адахан  Айтикеев Акбаралы  Оморов Роман   Пресс-служба Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики
Кененирээк билүү >>
“Биз таза шайлоо үчүн!” акциясы өтөт
06.10.2011

“Биз таза шайлоо үчүн!” акциясы өтөт

2011 – жылдын 7 – октябрында Борбордук Ала – Тоо аянтында  Кыргыз  Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кылым музасы” продюсерлик борбору менен биргеликте “Биз таза шайлоо үчүн!” акциясын өткөрөт. Аталган акциянын программасында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана БШКнын мүчөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөөлөрү, ошондой эле шайлоо процессинин жаңылыктары боюнча анимациялык роликтер, оюндар көрсөтүлөт. Акция 2011 – жылдын 7 – октябрында саат 17 -00 дө башталат. Бул иш – чараны өткөрүүнүн программасында “Кылым музасы” продюсерлик борбору уюштурган кыргыз эстрадасынын жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулашы пландаштырылган.                                КР БШК басма сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна дагы 4 талапкерди каттады
06.10.2011

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна дагы 4 талапкерди каттады

Бүгүн, 2011-жылдын 6-октябрында кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-главасына ылайык Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жана Тил боюнча комиссиянын корутундуларынын, шайлоо күрөөсүн кошкондугун тастыктоочу документтин негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алуу менен талапкерликке өзүн өзү көрсөткөндөр Колубаев Төрөбайды жана Айтикеев Акбаралыны, ошондой эле “Эркин Кыргызстан” (ЭрК) Прогрессивдүү-демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн Турсунбай Бакир уулун жана “ 7-апрель Жаштар кыймылы” партиясы көрсөткөн Тюлеев Нариманды Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кылып каттады. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов жогоруда көрсөтүлгөн катталган талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин күбөлүгүн тапшырды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катышуу ниетин билдиришкен Арабаев Калыбекти жана Сооданбеков Уланбекти, Ошондой эле “Жашасын Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Уметалиева Токтайымды жана “Асаба” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Дыйканов Салмоорбекти шайлоочулардын  аларды колдоого жарактуу кол тамгаларынын санынын жетишсиздигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кылып каттоодон баш тартты. Ушул эле жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер: Осмонов Курманбектин – 6, Атамбаев Алмазбектин – 32, Ташиев Камчыбектин – 100, Мадумаров Адахандын – 1663, Байболов Кубатбектин – 7 жана Суваналиев Өмүрбектин – 16 ишенимдүү адамдары катталды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахандын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  Борбордук шайлоо комиссиясындагы өкүлү кылып Алымкулов Мыктарбек Сатылгановичти каттады. Күн тартибинин кийинки маселесинде КР БШКнын мүчөлөрү  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин 2011-жылдын 2-сентябрындагы билдирүүсүнүн негизинде талапкердин ишенимдүү адамы Мусабекова Жылдыз Аманбековнанын ыйгарымдарын токтотту. Ушул эле жыйында   “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 1, 2, 5, 7-бөлүктөрүнө,  “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин  1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 2-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык,  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү И.Ы.Жолдубаеванын “Саясат пресс” газетасынын мыйзамсыз агитациялык иш-аракеттерине бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын зарыл чараларды көрүү өтүнүчү менен КР БШКга келген ходатайствосунун (кириш № 22, 30.09.2011-ж.) негизинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече жолу бузгандыгы үчүн бул мезгилдүү басма сөз каражатына расмий түрдө эскертүү берди. БШКнын Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелерин контролдоо боюнча жумушчу тобу “Саясат пресс” газетасына ушул жылдын 15-сентябрында жазуу жүзүндө эскертүү жарыялагандыгын эскертебиз.    Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Рсепубликасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана журналисттердин эсине!
06.10.2011

Кыргыз Рсепубликасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана журналисттердин эсине!

Бүгүн, 2011 – жылдын 6 – октябрында, саат 15 – 00 дө жыйындар залында телеберүү жана радио каналдарында обо убактысын, гезиттик аянттарды акысыз берүүнү бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрүлөт.
Кененирээк билүү >>
Решение  Первомайского районного суда города Бишкек  в отношении кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Токтайым Уметалиевой об отмене постановления ЦИК КР №329 от 3 октября 2011 года
05.10.2011

Решение Первомайского районного суда города Бишкек в отношении кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Токтайым Уметалиевой об отмене постановления ЦИК КР №329 от 3 октября 2011 года

Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  Билдирүүсү
03.10.2011

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Билдирүүсү

“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын    30-июнундагы № 916-V токтому менен  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына–жекшембиге дайындалган. Шайлоо – бул жарандардын эркин билдирүү аркылуу мамлекеттик бийлик органдарын түзүү жана шайланган кызмат адамына ыйгарым укуктарды берүү ыкмасы. Эл өкүлдөрүн тандоонун натыйжалуу механизмин түзүү үчүн зарыл инструмент төмөнкүлөр болуп саналат: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары - Шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзам) жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы (мындан ары – Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзам), алардын негизинде алгачкы жолу мамлекет башчысын алдыдагы шайлоо жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы)  Кыргыз Республикасынын  Президентин шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат. Шайлоо комиссиялары жөнүндө Мыйзамдын 3-беренесине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын иш-аракетинин негизги кепилдиктеринин бири көз каранды эместик принциби болуп саналат: шайлоо комиссияларынын иш-аракетине мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар , анын ичинде саясий партиялар, башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт. Мыйзамдын талаптарын аткарбаган учурда күнөөлүү жактар мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат. 2011-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши пленардык жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлер Н.Тюлеевге, Т.Бакир уулуна, Т.Уметалиевага, С.Дыйкановго, Т.Колубаевге, А.Абышевге, У.Сооданбековго, К.Арабаевге, А.Айтикеевге карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын иш-аракеттери жөнүндө” маселени караган. Бул маселени кароо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары өзүн өзү көрсөтүшкөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.Т.Тюлеев жана Бакир уулу Турсунбай тарабынан демилге кылынган. Муну менен  Н.Т.Тюлеев жана Бакир уулу Турсунбай Шайлоолор жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн нормаларын бузушкан, ал нормаларга ылайык көрсөтүүгө же шайланууга көмөктөшүүчү иш жүргүзүү үчүн өзүнүн кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга тыюу салынат. Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши алдыдагы шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө “административдик ресурс” деп аталуучу ыкманы колдонууну четтетүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону эркин, адилет жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” 2011-жылдын 29-сентябрдагы токтомун кабыл алган. Борбордук шайлоо комиссиясы өз иш-аракетин мыйзамдуулук принцибинде жүргүзөт, мамлекеттик башка органдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши да өз иш-аракеттерин так ошол сыяктуу эле ишке ашырууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти болуп мамлекеттик тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат; Президенттикке талапкер болуп шайлоочулардын кеминде 30 миң кол тамгасын чогулткан адам катталышы мүмкүн. Президенттин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билишин аныктоо жана Президенттин кызмат ордуна талапкерди аныктоо тартиби жана шарттары шайлоолор жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 51 жана 52-беренелерине ылайык бекемделген. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлер А.Айтикеевди, У.Сооданбековду, А.Абышевди, К.Арабаевди, С.К.Дыйкановду, Т.Ж.Уметалиеваны, Н.Тюлеевди, Т.Бакир уулун, Т.Колубаевди колдоого жарактуу кол тамгалардын санынын жетишпегендигине байланыштуу каттоодон баш тарткандыгын белгилейбиз. Көрсөтүлгөн адамдар  доо арыз менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайрылып, анын чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кылып аларды каттоодон баш тартуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү токтомдору жараксыз деп табылган жана жоюлган. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарган чечимдерди негизсиз жана мыйзамсыз деп эсептейт жана аларга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттануу арыздарын берди. Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөлдүк даттанууларын карап чыгып, Биринчи май райондук сотунун судьяларынын жогоруда көрсөтүлгөн чечимдерин күчүндө калтырган, мында биринчи инстанциядагы соттун эки чечимин өзгөрткөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлер соттордун чечимин туура эмес түшүнүп, каалаганды чындык катары кабыл алышып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарына кол шилтешүүдө, ал тургай коомчулукту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын атайлап жаңылыштыкка түртүшүүдө, массалык митингдер жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө кылмыш иштерин козголушу мүмкүн экендиги менен коркутуп, Борбордук шайлоо комиссиясына болуп көрбөгөндөй кысым жасашууда, комиссияны мыйзамдарды бузуу менен аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттатууга умтулушууда. Мында алар Борбордук шайлоо комиссиясын соттордун чечимин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун чечимин аткарбай жатат деп күнөөлөшүүдө. Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна судьялардын чечимдерин түшүндүрүп берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган. Сот 2011 – жылдын 2- октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдорун жараксыз  жана жокко чыгарылды деген түшүндүрмө берген. Соттордун чечимдери борбордук шайлоо комиссиясын кандайдыр бир аракеттерди аткарууну милдеттендирбейт. Биринчи май райондук соту Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык так ишке ашыруусун аныктаган. Жогоруда баяндалгандарды эсепке алуу менен, Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик органдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо комиссияларынын иштерине кийлигишүүгө жол бербөөгө чакырат. Ар кандай  демократиялык өлкөдө бузулгус эреже бар: саясый күрөш колдонуудагы мыйзамдардын алкагында, цивилдүү формаларда оппонеттердин укуктарын сыйлоо менен жүргүзүлүшү керек. Мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер шайлоо кампаниясынын мезгилинде добуш берүү жана добуштарды саноо, ошондой эле шайлоолордун жыйынтыгын чыгаруу мезгилинде өздөрүнүн саясый максатына тынчтык жолу менен, мыйзамдуу, күч колдонбогон ыкмаларды гана пайдаланууга милдеттемелерди алуулары зарыл.  Акыр аягында ким Кыргыз мамлекетинин башчысы болуп калаарын шайлоочулар гана чече  алышат.                      Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы
Кененирээк билүү >>
 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын акчалай каражаттарынын 2011 – жылдын 1 – октябрына карата жүгүртүүлөрү жөнүндө отчет
03.10.2011

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын акчалай каражаттарынын 2011 – жылдын 1 – октябрына карата жүгүртүүлөрү жөнүндө отчет

Талапкерлердин шайлоо фондуларынын акчалай каражаттарынын пайдаланылышын жана так эсепке алынышын, түшүүлөрдүн булактарын контролдоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин финансылык отчетторун текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдында Контролдук – текшерүү тобу түзүлгөн. Аталган топтун жетекчиси болуп КР БШК мүчөсү Асаналиев Алмаз Турдакунович эсептелет. “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41 – беренесинин 12 – пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларындагы акчалай каражаттарды чыгымдоонун ачыктыгын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Контролдук – текшерүү тобу 2011 – жылдын 1– октябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларындагы акчалай каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндөгү төмөндөгү маалыматты жайгаштырат. № Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин Ф.А.Ж. Шайлоо фондунун атайын эсебиндеги акча каражаттары  (сом менен) Түшкөнү Чыгымы Калдыгы 1 АБДЫЛДАЕВ АРСТАНБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВИЧ 2 948 000 2 778 443 169 557 2 АСАНБЕКОВ ТЕМИРБЕК ИШЕНБАЕВИЧ 220 000 210 696 9 304 3 АТАМБАЕВ АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ 24 400 000 16 265 554 8 134 446 4 БАЙБОЛОВ КУБАТБЕК КАЛБЕКОВИЧ 9 255 000 8 048 313 1 206 687 5 ДЫЙКАНОВ СООРОНБАЙ САБЫРОВИЧ 482 000 478 468 3 532 6 ЖАПАРОВ АКЫЛБЕК УСЕНБЕКОВИЧ 200 000 195 470 4 530 7 ИСАБЕКОВ КУБАНЫЧБЕК САТИНДИЕВИЧ 2 680 820 2 096 820 584 000 8 ИМАНКУЛОВ МАРАТ МУКАНОВИЧ 390 300 371 237 19 063 9 КАЛМАТОВ АНАРБЕК БАРАТОВИЧ 4 395 000 4 153 492 241 508 10 КАРИМОВ АЛМАЗБЕК ТАШПОЛОТОВИЧ 130 500 130 199 301 11 МАДУМАРОВ АДАХАН КИМСАНБАЕВИЧ 19 083 579 16 715 902 2 367 677 12 МАСАЛИЕВ ИСХАК АБСАМАТОВИЧ 195 000 100 471 94 529 13 МАТУБРАИМОВ АЛМАМБЕТ 199 000 190 393 8 607 14 МЕДЕТБЕКОВ ШАМШЫБЕК ОСМОНКУЛОВИЧ 80 000 73 097 6 903 15 ОМОРОВ РОМАН ОМОРОВИЧ 154 850 105 458 49 392 16 ОСМОНОВ КУРМАНБЕК ЭРГЕШОВИЧ 493 500 312 171 181 329 17 СУВАНАЛИЕВ ОМУРБЕК ИСАКОВИЧ 2 300 000 2 221 930 78 070 18 СУЛТАНОВ МАРАТ АБДЫРАЗАКОВИЧ 400 000 387 770 12 230 19 ТАШИЕВ КАМЧИБЕК КЫДЫРШАЕВИЧ 5 617 290 5 612 426 4 864 20 ТОКТОГАЗИЕВ ЖУМАБЕК КЕМЕЛОВИЧ 101 000 100 323 677     Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2 октября 2011 года Первомайским районным судом города Бишкек дано разъяснение решения суда от 24 сентября 2011 года
02.10.2011

2 октября 2011 года Первомайским районным судом города Бишкек дано разъяснение решения суда от 24 сентября 2011 года

Кененирээк билүү >>
2- октябрда тил боюнча Комиссиянын сегизинчи жыйналышы өттү
02.10.2011

2- октябрда тил боюнча Комиссиянын сегизинчи жыйналышы өттү

Бүгүн, 2011 – жылдын 2- октябрында тил боюнча Комиссиянын сегизинчи жыйналышы өттү. Эскерте кетсек, тил боюнча Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында курамы 12 адамдан түзүлгөн. Тил боюнча Комиссиянын кезектеги жыйналышына чүчү кулак кармашуу жолу менен К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин проректору, филиогия илимдеринин доктору Суусар Искендеровна Искендерова төрагалык кылды.  Жыйналыштын башталышында төрайым Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Абышев Аскарбекти, Айтикеев Акбаралыны, Арабаев Калыбекти, Сооданбеков Уланбекти, Тюлеев Нариманды жана Үмөталиева Токтайымды БШКнын 2011 – жылдын 27 – июлундагы № 57 – токтому менен бекитилген “Тил боюнча Комиссиясы жөнүндө Жобо” менен тааныштырды. Жобого ылайык биринчи тапшырмада Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер 30 мүнөт ичинде өздөрүнүн шайлоо алдындагы программасын жазуу жүзүндө берүүлөрү керек эле. Экинчи жана үчүнчү тапшырманы аткаруу үчүн – 15 мүнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо алдындагы программасынын жоболорун көлөмү 3 барактан турган тексттин окуу үчүн талапкерлер алфавиттик тартипте чакырылган. Тил боюнча Комиссия жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды текшерип жана талапкерлердин чыгып сүйлөгөн сөздөрүн, ошондой эле көркөм чыгармиалардан үзүндүлөрдү окуусун угуп  төмөндөгүдөй чечим чыгарды: Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Абышев Аскарбек мамлекеттик тилди билбейт; Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Айтикеев Акбаралы, Арабаев Калыбек, Сооданбеков Уланбек, Тюлеев Нариман жана Үмөталиева Токтайым мамлекеттик тилди билишет.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акбаралы Айтикеевге карата КР Жогорку сотунун чечими
01.10.2011

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акбаралы Айтикеевге карата КР Жогорку сотунун чечими

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2011-жылдын 24-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акбаралы Айтикеевге карата көзөмөлдүк даттануусун карап чынып, Биринчи май райондук сотунун чечимин  жарым-жартылай күчүнө калтыруу тууралуу токтом чыгарды. Алсак, Жогорку соттун 2011-жылдын 30-сентябрындагы токтому менен КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.И.Айтикеевдин арызынын талапкерди колдоодогу колтамгаларды чогултуунун тартибин таануу, аны 30 000 шайлоочулардын колтамгалары менен колдонушун таануу, мамлекеттик тилди билүүнү ишке ашырууну милдеттендирүү бөлүктөрү алып салынды жана кароосуз калтырылды. Биринчи Май райондук сотунун чечиминин калган бөлүгү күчүндө калтырылды.  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акбаралы Айтикеевдин 2011 – жылдын 24 – сентябрындагы доо арызы боюнча чечиминин резолюциялык бөлүгү: “Айтикеев Акбаралы Ысырайыловичтин шайлоо укугу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына доо арызы жарым жартылай канааттандырылсын.  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011 – жылдын 20 – сентябрындагы № 265 - токтому мыйзамсыз деп табылсын жана жокко чыгарылсын. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акбаралы Айтикеевди колдоого колтамгаларды чогултуунун тартиби сакталган деп табылсын. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына тапшырылган колтамга баракчаларынын  таризи Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011 – жылдын 5 – июлундагы № 5 –токтому менен бекитилген кол тамга баракчаларынын мазмуунуна жана ылайык жана жарактуу деп табылсын. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Акбаралы Айтикеевди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кылып каттоо милдеттендирилсин. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына КР БШКнын 2011 – жылдын 20 – сентябрындагы № 265 токтому жокко чыгарылгандыгы туурасында жалпыга маалымдоо каражаттарына (“Эркин Тоо” газетасы, КТРК, ЭлТР ж.б.) жарыялоо милдеттендирисин. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акбаралы Ысыралиевич Айтикеев шайлоочулардын 30 миңден кем эмес  колтамгалары менен колдоого алынган деп табылсын. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акбаралы Ысыралиевич Айтикеевди колдоого шайлоочулардын колтамгаларынын тактыгын тийиштүү текшерүү милдеттендирилсин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Акбаралы Ысыралиевич Айтикеевдин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо жүзөгө ашырылсын. Калган бөлүгүндө баш тартылсын. Чечим  ачык жарыялангандан кийин күчүнө кирет жана үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна даттанылышы мүмкүн”. Төрагалык кылуучу: Бишкек шаарынын биринчи май райондук сотунун судьясы Э.М.Аксамаев       Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
Центральная избирательная комиссия аккредитовала международных наблюдателей на выборах Президента Кыргызской Республики
01.10.2011

Центральная избирательная комиссия аккредитовала международных наблюдателей на выборах Президента Кыргызской Республики

Даярдалууда
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге, алардын шайлоо штабдарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуусу
01.10.2011

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге, алардын шайлоо штабдарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуусу

2011-жылдын 25-сентябрында  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгү чечүүчү фазага кирип - Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтү башталды.  Биздин өлкөнүн нормалдуу жана цивилизациялык өнүгүшү үчүн, экономикада жана социалдык чөйрөдө татаал көйгөйлөрдү чечүүнү камсыз кылуу үчүн биринчи кезекте жарандык ынтымак жана коомдук-саясий туруктуулук зарыл. Бирок коомдогу социалдык жана саясий чыңалууну жеңилдетүүнүн ордуна кезектеги шайлоону оорчулукту андан ары курчутуу куралы катары пайдалангандар да жок эмес. Бийлик баасы бүгүнкү күндө болуп көрбөгөндөй жогору. Ошондуктан шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн одоно, ал тургай мыйзамсыз ыкмалары кеңири жайылып баратат. Шайлоо алдындагы үгүткө киришкен талапкерлерди, алардын ишенимдүү адамдарын жана шайлоо штабдарын шайлоолор кандай ыкмалар болбосун  пайдаланылган өлүм үчүн эмес, өмүр үчүн күрөш болгудай, ар бир жаранга өз тандоосун жөн гана эмес, ишенимдүү ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү нормалдуу демократиялык процедура болгудай, бирок шайлоолор өлкөдөгү коомдук – саясый абалдын бузулушуна алып келбейт деп ишенгидей жүргүзүүгө чакырабыз. Талапкерлерге, алардын өкүлдөрүнө жана ишенимдүү адамдарына шайлоо алдында үгүт жүргүзүүдө улуттук, этностук, расалык, диний, региондор аралык каршылашууну, басмырлоого үндөөчү гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү пропагандалоого, бийликти басып алуу чакырыктарына, мамлекеттик түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн ыдыратууга, сөз жана басма эркиндигин кыянаттык менен пайдалануунун башка формаларына тыюу салынат. Шайлоо алдындагы үгүткө катышуу менен талапкерлер, алардын өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары талапкерлердин ар-намысына же ишкердик беделине  зыян келтирген жана атайылап жалган маалыматтарга негизденген жарыялоолорду таркатууга укуксуз. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыкты жана аны өткөрүүнү ишке ашырууда, шайлоо алдында үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жөнүндө маселе актуалдуу деп эсептейт. Өлкөдөгү коомдук-социалдык туруктуулукту камсыз кылууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң, буга жоопкерчиликсиз мамиле кылууга жол берилбейт. Албетте, Конституцияда кепилдикке алынган сөз жана басма сөз эркиндиги мамлекетибиздин демократиялык өнүгүшүнүн маанилүү шарты болуп саналат. Бирок укуктар жана милдеттер бирдей болууга тийиш, өз укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды бузбоого тийиш, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого бардыгы милдеттүү.  “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына ылайык жарандык жана улуттук этиканын ченемдерин бузуучу, инсандын ар-намысына шек келтирүүчү материалдарды таркатууга, атайылап жалган маалыматты элге чыгарууга жол берилбейт. Журналисттер өздөрүнүн билдирүүлөрүнүн тууралыгын текшерүүгө милдеттүү. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мезгилинде журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымат берүүгө кылдаттык мамиле кылууга, жарыяланган материалдардын мүмкүн болуучу кесепеттери тууралуу ойлонууга чакырат. Коом бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарынан биримдикке, баш кошууга, туруктуулукка, элдин жана мамлекеттин жыргалчылыгына карата тынчтыкта чыгармачылык менен эмгектенүүгө үндөгөн ачык-айкын ишенимдүү сөздөрдү күтөт. Басма жана эфирдик маалыматтар адамдарда тынчсыздануу жана ишенбегендикти эмес, биз көп жылдар топтолгон экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү кыйынчылыктарга карабастан биргеликте жеңе ала тургандыгыбызга, коррупцияны жоюп, акыйкат укуктук мамлекеттин имаратын курарыбызга, адамдар жана алардын жыргалчылыгы үчүн мыйзамдуулукту, тартипти орното тургандыгыбызга ишеним жаратууга үндөшү керек. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер, ошондой эле алардын өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, жалпыга маалымдоо каражаттары шайлоо алдында үгүт жүргүзүү боюнча Мыйзам талаптарын бузса, укукка каршы үгүт иштерине бөгөт коюу  жана күнөөлүү адамдарды Шайлоолор жөнүндө конституциялык Мыйзамда, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексте жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө укук коргоо органдарына же сотко кайрылып же болбосо талапкерди каттоону жоюу жөнүндө маселени өз отурумунда карайт.    Төрага                                                                                 Т.Абдраимов
Кененирээк билүү >>
Кыргыз эстрада жылдыздарынын алдыдагы “Биз таза шайлоо үчүн” акциясы “Кылым Муза” продюсердик борбору тарабынан уюштурулат
01.10.2011

Кыргыз эстрада жылдыздарынын алдыдагы “Биз таза шайлоо үчүн” акциясы “Кылым Муза” продюсердик борбору тарабынан уюштурулат

2011 – жылдын 28 – сентябрында “Вести kg” маалымат  агенттигинин сайтында “БШКнын президентикке талапкерлердин документтерин оңдуу караганга чолосу жок” деп аталган материал жарыяланган. Анда 30 –октябрь күнү борбордук Ала –Тоо аянтында “Биз таза шайлоо үчүн” акциясынын өткөрүү учурунда кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусу менен өтө турган концертти КР  БШК каржылаары айтылган. Аталган материалдын автору София Березовская тилекке каршы концерттин кимдин эсебинен өткөрөлө турганын БШКнын  басма сөз кызматынан тактап алууга кызыккан эмес жана башка продюсердик борбордун жетекчисинен  түшүндүрмө алуу менен гана чектелген. Андан ары “Вести kgнин” кабарчысынын материалынан цитата келтирели: “Вести” “Элла” продюсердик борборунун директору Элла Акуловадан  БШК тарабынан аталган иш чарага кандай убактылуу, каржылык жана адамдык ресурстар чыгымдалаарын айтып берүүсүн өтүнгөн. БШКнын Басма сөз кызматы маалыматтык макаланын автору София Березовскаяга төмнкүлөрдү маалымдайт: кыргыз эстрада жылдыздарынын концерти түздөн түз “Кылым Муза” продюсердик борбору тарабынан уюштурулуп жатат. Автордун аталган иш чарага “бери эле дегенде 20 миң доллар акча чыгымдалат” деген ырастоосу чындыкка коошпойт, жана фактыларды бурмалоого жатат. Эгерде София Березовская аталган материалын БШКнын басма сөз кызматы берген маалыматтарга таянып жасаганда, журналист катары “Элла” продюсердик борбору эмес, “Кылым Музасы” продюсердик борборунун жетекчисине кайрылып түшүндүрмө алууга тийиш эле. Аталган “Элла” продюсердик борборунун жетекчисинин маалыматтары окурмандарды, анын ичинде КР Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешовду да жаңылышууга кириптер кылган. БШКнын басма сөз кызматы жогоруда айтылгандарга байланыштуу төмөнкүлөрдү окурмандарга билдирет:  Кыргыз эстрада жылдыздарынын “Биз таза шайлоо үчүн” деген алдыдагы акциянын убагындагы концерти “Кылым Муза” продюсердик борбору тарабынан уюштурулат жана өткөрүлөт. Бул иш-чарада БШКга алдыдагы шайлоо өнөктүгүндөгү жаңылыктар жөнүндө роликтерди көрсөтүүгө жана айтып берүүгө мүмүкүнчүлүк берилет.   БШКнын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Пресс - релиз
01.10.2011

Пресс - релиз

Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер Ө.И.Суваналиевдин шайлоо штабы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү боюнча мыйзам талаптарын бузуунун жол берилгистиги жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер Ө.И.Суваналиевге жиберген жазуу жүзүндөгү эскертүүсүнө карата 19-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна даттануу менен кайрылган. 2011жылдын 22-сентябрында сот Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер Ө.И.Суваналиевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.М.Турдалиевдин доо арызын канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алган жана Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызматына талапкер Ө.И.Суваналиев Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузбагандыгы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий шартында расмий төгүндөө берүүгө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясын милдеттендирүү менен жогоруда көрсөтүлгөн эскертүүнү жараксыз деп тапкан. Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузбагандыгы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөлдөө даттануусун жиберген. 2011-жылдын 30-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөлдөө даттануусун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен соттук чечимге ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү боюнча мыйзам талаптарын бузуунун жол берилгистиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Ө.И.Суваналиевге даректелген Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 17-сентябрындагы № 03-1/12-ВП-419 эскертүүсү жоюлганы жөнүндө билдирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Ө.И.Суваналиев Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузган эмес.    БШКнын Басма сөз кызматы      
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин тапшырган колтамга баракчаларды контролдук текшерүүнү ишке ашыруусу  2011-жылдын 30-сентябрынын саат 14.00 жылдырылды
30.09.2011

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин тапшырган колтамга баракчаларды контролдук текшерүүнү ишке ашыруусу 2011-жылдын 30-сентябрынын саат 14.00 жылдырылды

Бүгүн, 30-сентябрда саат 10.00дө  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Калыбек Арабаев,  Аскарбек Абышев,  Нариман Тюлеев, Токтайым Уметалиева, Бакир уулу Турсунбай, Торобай Кулубаев, Салмоорбек Дыйканов, Уланбек Сооданбеков тапшырышкан колтамга баракчаларды контролдук текшерүүнү ишке ашыруусу  үчүн чогулган Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү кол коюу барактарындагы колтамгалардын аныктыгын текшерүү процедурасынын мониторингине Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү келбегендигине байланыштуу  саат 14.00 жылдырылды. КР БШК мүчөсү Ж.Акматов жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 8-пунктуна ылайык  “текшерүү жүргүзүүнүн ар бир учуру жөнүндө каттоо үчүн колдорду берген бардык талапкерлер кабарландырылышы керек” тууралуу маалымат берди. КР БШК тапшырылган колтамга баракчаларды контролдук текшерүүсү 2011-жылдын 29-сентябрында өтө тургандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн кабарлаган.  Эскерте кетебиз, Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин колтамга баракчалары контролдук текшерүүнү ишке ашыруу жөнүндө чечимине ылайык,   Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун курамына кошумча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, БШК аппаратынын кызматкерлери жана чакырылган адистери, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЭКБнын экспертиза жана учет бөлүмүнүн кызматкерлери,  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин алдындагы соттук колжазмалар экспертиза бөлүмүнүн эксперттери  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин колтамга баракчалары контролдук текшерүүнү 30-сентябрда, 1,2 октябрда  ишке ашыруу максатында киргизилди. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди, жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарды 2011-жылдын 30-сентябрынын саат 14.00 өтө турган кол коюу барактарындагы колтамгалардын аныктыгын текшерүү процедурасынын мониторингине катышууга чакырат.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы        
Кененирээк билүү >>
“Биз таза шайлоо үчүн!” акциясы кийинки мөөнөткө жылдырылды
30.09.2011

“Биз таза шайлоо үчүн!” акциясы кийинки мөөнөткө жылдырылды

2011-жылдын 30-сентябрында “Ала-Тоо” Борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кылым муза” продюсердик борбору менен бирдикте “Биз таза шайлоо үчүн” акциясы өтө тургандыгы массалык маалымат каражаттарында жарыяланган эле. Техникалык себептерден улам бул иш-чаранын өткөрүлүшү 2011-жылдын октябрь айынын алгачкы күндөрүнө жылдырылды.   БШК басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
1 469 471 481