Боршайлоокомдун төрагасы жумушчу сапар менен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында болду
02 апреля 2012
2012-жылдын 29-30-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Каракол шаарында жумушчу сапары менен болду, ал жерде Каракол шаардык кеңешинин жаңыдан шайланган депутаттары менен жолугушуп, аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төшбелгилерди тапшырды.
Жумушчу сапардын жүрүшүндө КР БШК төрагасы Т. Абдраимовдун Каракол аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жолугушуусу өттү. Жолугушуу учурунда 2012-жылдын
4-мартындагы Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө келип чыккан проблемалар талкууланды.
КР БШК төрагасы шайлоолор ортосундагы мезгилде шайлоочулардын тизмесин тактоо жана шайлоо комиссияларынын иштеринин айкындуулугун камсыз кылуу, өлкөдөгү шайлоолорго шайлоочулардын жогорку деңгээлдеги ишенимин камсыз кылуу боюнча иштердин жооптуулугун өзгөчө белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
