Ош жана Каракол шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары бекитилди

13 марта 2012

Бүгүн 2012-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы өттү, анда КР БШК мүчөлөрү бир нече маселелерди карашты.

Жыйналышта КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 4-мартында өткөн Ош жана Каракол шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алышты. Токтомду кабыл алууда КР БШК мүчөлөрү Ош шаардык кеңешине добуш берүүдө №№5273, 5283, 5288 шайлоо участкаларындагы, ал эми Каракол шаардык кеңешине добуш берүүдө №№3138, 3150 шайлоо участкаларындагы жыйынтыктарды жокко чыгарышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2012-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 57 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 6-майына дайындалган Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын Календарлык планын жана чыгымдардын сметасын бекитишти.

Жыйналышта ошондой эле БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 4-бөлүгүнө, 41-беренесинин 16 бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Дыйканов Салморбек Карбозовичке шайлоо күрөөсүн кайтаруудан баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алышты.

КР БШК мүчөлөрү “2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө” Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомуна, “Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизишти. Ошондой эле Чүй, Аксы жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы