Башкы Жаңылыктар КР БШКда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимовдун БДИПЧ/ОБСЕнин …

КР БШКда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимовдун БДИПЧ/ОБСЕнин директору Янез Ленарчич мырза менен жолугушуусу өттү

22-Мар, 2012

20-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун, демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча ОБСЕ Бюросунун (БДИПЧ/ОБСЕ), башында директору Янез Ленарчич мырза турган делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолгушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Г.Джурабаева, БДИПЧ/ОБСЕнин атайын кеңешчиси А.Мезег, БДИПЧ/ОБСЕнин демократташтыруу Департаментинин укуктун жогоркусу маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы, ошондой эле ОБСЕнин Бишкектеги Борборунун өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2011-жылдын 30-октябрында КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө байланышкан маселелер талкууланды.

КР БШК төрагасы Т. Абдраимов БДИПЧ/ОБСЕнин директоруна келгенине ыраазычылыгын билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясы ачык жана таза шайлоо өткөрүү үчүн эл аралык уюмдар менен мындан аркы кызматташтыкка даярдыгын маалымдады. Төрага президенттик шайлоого эл аралык байкоочулар катары дүйнөнүн 57 өлкөсүнүн 47 уюмунан 792 эл аралык байкоочулар аккредиттелгендигин билдирди. БДИПЧ/ОБСЕ, ОБСЕнин Парламенттик ассамблеясы (ПА ОБСЕ), Европа парламенти (ЕП) жана Европа Советинин Парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) тарабынан шайлоого көзөмөлдүк жүргүзүү боюнча Миссиясынан шайлоого көзөмүлдүккө 28 кыска мөөнөттөгү жана 369 узак мөөнөттөгү эл аралык байкоочулар катышты.

БДИПЧ/ОБСЕнин директору Я.Ленарчич мырза КР БШК төрагасы Т. Абдраимовго Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө эл аралык байкоочуларды чакыргандыгы, ошондой эле берген арыздары бекитилген тартипке төп келбесе да акредиттештирүү маселесин оң жагдайга чечкендигине ыраазычылыгын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо багытында БДИПЧ/ОБСЕ өкүлдөрү ал тынч жана ачык өткөндүгүн белгилешти. Ошол эле убакта алар шайлоо мыйзамдарындагы, шайлоо процессиндеги кемчиликтерди белгилешип, алардын ою боюнча бул кемчиликтерди шайлоо арасында жоюу керектигин, анткени алдыда республикалык масштабда шайлоо тургандыгына токтолушту. БДИПЧ/ОБСЕ өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясы  шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө “кыймылдаткыч күчкө” айлансын деген каалоолорун айтышты.

КР БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы мындан аркы өркүндөтүүгө муктаж экендигин, анткени ал кыска мөөнөттө, парламенттик каникулдун алдында кабыл алынгандыгын танбады. Ошондой эле ал  учурда, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып жаткандыгын жана ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийиштүү комитетинин кароосуна жиберилээрин билдирди.

Өз кезегинде, Я.Ленарчич мырза БДИПЧ/ОБСЕнин атынан алар мындан ары да кызматташтыкка жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жардамдарды берүүгө даяр экендигин ишендирди.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма-сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 21-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен байкоочулар миссиясынын Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасына 2026-жылдын 18-20-сентябрында өткөн депутаттарды шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.Тынчтык Шайназаров жарандардын добуш берүүгө активдүү катышканын, шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөй ишин белгиледи.КР БШКнын төрагасы өткөн шайлоо өзгөчө шарттарда өткөрүлгөнүн белгиледи. Добуш берүү мезгилинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен жасалган чабуулдар катталып, анын кесепетинен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жабыркаган. Тынчтык Шайназаров жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.Ал ошондой эле татаал шарттарда жарандардын жогорку активдүүлүгүн жана коомдун биримдигин белгиледи. Жарандардын шайлоого катышуусу жана болжол менен 58 пайызды түзгөн шайлоочулардын жогорку катышуусу коомчулуктун шайлоо процессине олуттуу кызыгуусун көрсөтүп турганын айтты.Тынчтык Шайназаров россиялыктарды шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Россия элине жана мамлекетине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми тогузунчу чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын шайланган депутаттарына жемиштүү иш каалады.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты.Ал шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, жарандардын эркин добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн, ошондой эле салттуу добуш берүү менен аралыктан электрондук добуш берүүнүн айкалышын белгилеп өттү.КР БШКнын төрагасы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жана шайлоочулардын жогорку активдүүлүгүн баса белгиледи.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
20-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Россия Федерациясында иш алып барууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык миссиялардын курамында добуш берүү процессине жана шайлоо участкаларынын ишине байкоо жүргүзүүнү улантышууда. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын байкоочу миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында иш алып барууда. Эл аралык байкоого КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышууда. Күн ичинде КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн уюштурулушу жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында бир катар жумушчу жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. КМШнын миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участокторунда иш алып барган КР БШКнын өкүлдөрү да катышууда. Эске салсак, 18–19-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Тынчтык Шайназаров конференцияда баяндама жасады. Ошондой эле ал россиялык телеканалдарга интервью берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүүдө. Россия Федерациясынын жарандары Мамлекеттик Думанын 450 депутаттарын шайлашат: алардын 225и федералдык шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерден, 225и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Өлкөдөн тышкары жашаган Россия жарандарынын добуш берүүсү үчүн 152 мамлекетте 333 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын аймактарында аймактык жана муниципалдык шайлоолор өтүүдө. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына өтүүчү шайлоого 10 саясий партия катышууда. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайызды түзөт.20312200250175
Кененирээк билүү >>