Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коммерциялык эмес уюмдардын көңүлүнө!
Эртең, 2012-жылдын 15-ноябрында саат 9:00дө “Учкун” ААКда жана «Континент» ЖЧКда шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына берүү өткөрүлөт.
Талапкерлердин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин берүүгө катышууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 25-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендерин басууну аяктады
Борбордук шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин даярдоону аяктады.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн катышуусу менен берет. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин берүүгө катышууга укуктуу.
Участкалык шайлоо комиссиясы берген бюллетендердин саны шайлоо участкасындагы шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынан 0, 1 пайыздан ашпаш керек.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин "РСК БАНК" ААКда ачылган шайлоо эсептери боюнча 2012-жылдын 1-октябрынан тартып 8-ноябрына чейинки мезгилдеги маалыматтар-бул жерде
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
Саясий партиялардын шайлоо фондунун атайын шайлоо эсебинде болгон акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар (2012-жылдын 9-ноябрына карата, Бишкек шаардык кеңеши)
№
С/П
Келип түшкөн каражаттын суммасы
Чыгымдардын суммасы
Эскертүү
1
КСДП
14 150 000,00
13 297 122,00
2
Ар Намыс
5 195 357,25
4 755 079,73
3
Замандаш -Современник
7 063 000,00
6 636 043,00
4
Ата-Мекен
8 050 800,00
7 305 708,35
5
Асман Ала-Тоо
1 382 000,00
282 700,00
6
Кайран Эл
50 000,00
50 000,00
7
Союз Свобода, Справедливость,Родина
1 122 580,00
930 910,00
8
Адилеттүү Кыргызстан
819 850,00
665 203,00
9
Столица Демократиялык Партиясы
1 187 299,00
1 036 889,33
10
Ак-Санат
50 000,00
50 000,00
11
Республика
7 229 000,00
7 165 221,72
12
Ак Шумкар
1 300 000,00
1 237 144,00
13
Партия зеленых Кыргызстана
300 000,00
297 150,00
14
Эркин Эл
120 000,00
93 638,23
15
Кыргызстан патриоттору
76 150,00
76 000,00
16
Жолтоосуз жашоо үчүн
1 269 245,00
774 651,68
17
Бүтүн Кыргызстан
260 000,00
166 687,00
18
Мекен Ынтымагы
690 000,00
689 717,53
19
НДПК
95100
80400
20
Ата-Журт
230 000
197 880
21
Партия транспортников
200 000
188 500
22
Биримдик жана өнүгүү
145 500
110500
23
Эгемен Кыргызстан
203000
97231
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы эске салат: КР БШКда түз байланыш иштеп жатат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында түз байланыш иштеп жатат. Шайлоочулар 0-312-62-09-09 телефонуна чалып шайлоочулардын тизмесинде өзү бар же жогун текшере алат. Маалымат алуу үчүн фамилиясын, аты-жөнүн атоо зарыл.
Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш бере алат.
Кошумча тизме болбойт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу эл аралык байкоочуларды аккредитациялады
Бүгүн, 2012-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болду.
КР БШКнын мүчөлөрү Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Жайыл, Панфилов, Ак-Талаа жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу эл аралык байкоочу катары аккредитациялады. Атап айтканда, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын экиден өкүлү, Улуттук демократиялык институттан жана Эл аралык республикалык институттан бирден өкүл эл аралык байкоочу катары аккредитацияланды.
Бишкек шаарынын прокурору Т.Кожоновдун жана Ош облусунун Өзгөн районунун прокурору С.Мамыровдун тиешелүү түрдө Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.Тулобаевди жана Куршаб көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.Каримовду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштарын карап чыгуу жөнүндө маселени КР БШКнын мүчөлөрү четке какты.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш бере алышат
Урматтуу шайлоочулар!
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ар бир шайлоочу 30 календардык күндүн ичинде, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен өзү шайлоочулардын тизмесинде болбогондугу жөнүндө, кандай гана болбосун андагы ката же так эместик жөнүндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу. Добуш берүү күнүнө чейин10 календардык күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиз, урматтуу шайлоочу өзүңүздүн шайлоочулардын тизмесинде болбогондугуңуз жана кандай гана болбосун андагы ката же так эместик жөнүндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө 2012-жылдын 15-ноябрына чейин билдире ала тургандыгыңыз тууралуу эсиңиздерге салат.
Бул үчүн Сизге арыздардын № 1 же № 3 формаларын (шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана шайлоочунун жеке маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыздар) толтуруу зарыл.
Арыздардын бланкаларын Сиз тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынан алсаңыз болот. Толтурулган формага каттоо белгиси бар паспортуңуздун көчүрмөсү милдеттүү түрдө тиркелиши керек, андан кийин Сиз шайлоочулардын тизмесине киргизилесиз.
Эсиңиздерге сала кетсек жарандардан арыздарды кабыл алуу 2012-жылын 14-ноябрында саат 24:00 аяктайт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү 2012-жылдын 24-ноябрында өткөрүлөт
Добуш берүүчү жадан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө бир календарлык күн калганда гана б.а. 2012-жылдын 24-ноябрында өткөрүлөт.
Бул үчүн 2012-жылдын 22-ноябрына чейин участкалык шайлоо комиссияга добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүктү берүү жөнүндө жазуу түрүндөгү арызды же оозеки карылууну (башка адамдар аркылуу берилгенди эсепке алганда) берүүгө тийиш
Эскерте кетсек, шайлоочулардын тимелерине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, шайлоо өткөрүлө турган администрациялык-аймактык бирдиктин алыскы жана жетүүгө кыйын жерлерде, малды жайытка алып чыккан участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар, добуш берүү күнү ооруканаларда, кылмыш жасоого күнөлүү же айыпталуучу катарында камакта кармалган жайлардагы шайлоочулар алар шайлоо өткөрүлө турган тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алардын убактылуу жүргөн жери ошол эле администрациялык-аймактык бирдиктин аймагына кирген шартында, жүргөн жери боюнча добуш бере алышат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөлөрү «Континент» ЖЧКда даярдалып жаткан шайлоо бюллетендери тууралуу чечим кабыл алышты
2012-жылдын 9-ноябрында “Континент” ЖЧК басмаканасында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери жана атайын күзөттүн күлдөрү менен саны 1936 даананы түзгөн ашыкча шайлоо бюллетендери табылган. Ушул шайлоо бюллетендер, 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Бишкек шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо пайдаланууга жол бербөө үчүн “Континент” ЖЧК басмаканасынын сейфине мөөрлөнүп чапталган.
Бул маселе боюнча КР БШК мүчөлөрү тарабынан чечим кабыл алынган, Чечимдин толук тексти - бул жерде.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында 2012-жылдын 9-ноябрынан тартып түз байланыш өз ишин баштады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында 2012-жылдын 9-ноябрынна тартып түз байланыш иштеп баштады. Шайлоочулар өзлөрүн шайлоочулардын тизмелеринен 0-312-62-09-09 телефон аркылуу тактап алууга мүмкүнчүлүгү бар. Маалымат алуу үчүн шайлоочу фамилиясын, атын, атасынын атын айтууга милдеттүү.
Эскерте кетсек, 2012-жылдын 15-ноябрына чейин шайлоочу тмөнкүлөргө укуктууе:
- шайлоочулардын тизмеси менен шайлооучасткасында таанышууга;
- шайлоочулардын тизмесинде жеке маалыматтардын жок болушу тууралуу участкалык шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө кайрылууга;
- шайлоочулардын тизмесиндеги жеке маалыматтарындагы кандай бобосун ката же так эместик жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө кайрылууга.
2012-жылдын 15-ноябрында участкалык шайлоокомиссиялар арыздарды кабыл алууну токтотот
Шайлоо күнү шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүүгө укуктуу. Кошумча тизме түзүлбөйт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
Саясий партиялардын шайлоо фондунун атайын шайлоо эсебинде болгон акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар (2012-жылдын 2-ноябрына карата)
№
С/П
Келип түшкөн каражаттардын суммасы
Чыгымдардын суммасы
Эскертүү
1
КСДП
12 800 000,00
12 559 865,00
2
Ар Намыс (Партия Достоинства)
2 822 900,00
2 688 319,85
3
Замандаш -Современник
5 613 000,00
4 879 128,00
4
Ата-Мекен
7 150 800,00
6 312 928,35
5
Асман Ала-Тоо
280 000,00
100 000,00
6
Кайран Эл
50 000,00
50 000,00
7
Союз Свобода, Справедливость,Родина
572 400,00
322 460,00
8
Адилеттүү Кыргызстан
819 850,00
409 184,00
9
Столица Демократиялык Партиясы
1 000 000,00
732 094,33
10
Ак-Санат элдик өзүн-өзү башкаруу партиясы
50 000,00
50 000,00
11
Республика
6 599 400,00
5 450 510,98
12
Ак Шумкар
1 100 000,00
1 023 316,00
13
Партия Зеленых Кыргызстана
55 000,00
50 000,00
14
Эркин Эл кайра жаралуу партиясы
120 000,00
50 000,00
15
Кыргызстан Патриоттору
50 000,00
50 000,00
16
Жолтоосуз жашоо үчүн
849 245,00
440 684,68
17
Бүтүн Кыргызстан
160 000,00
115 345,00
18
Мекен Ынтымагы
638 500,00
635 897,53
19
Ата-Журт
230 000,00
197 800,00
20
Биримдик жана өнүгүү
145 500,00
50 000,00
21
Партия транспортников
200 000,00
188 500,00
22
НДПК
95 000,00
50 000,00
23
Эгемен Кыргызстан
200 000,00
47 231,63
Саясий партиялардын шайлоо фондунун атайын шайлоо эсебинде болгон акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар (2012-жылдын 25-ноябрына карата)
№
С/П
Келип түшкөн каражаттардын суммасы
Чыгымдардын суммасы
Эскертүү
1
КСДП
12 600 000,00
12 495 248,00
2
Ар Намыс (Партия Достоинства)
340 000,00
50 000,00
3
Замандаш -Современник
3 036 000,00
2 388 220,00
4
Ата-Мекен
6 600 000,00
3 140 136,00
5
Асман Ала-Тоо
120 000,00
100 000,00
6
Кайран Эл
50 000,00
50 000,00
7
Союз Свобода, Справедливость,Родина
55 000,00
50 000,00
8
Адилеттүү Кыргызстан
519 850,00
303 212,00
9
Столица Демократиялык Партиясы
1 000 000,00
70 000,00
10
Ак-Санат элдик өзүн-өзү башкаруу партиясы
50 000,00
50 000,00
11
Республика
3 400 000,00
3 306 713,26
12
Ак Шумкар
750 000,00
733 930,00
13
Партия зеленых Кыргызстана
55 000,00
50 000,00
14
Эркин Эл кайра жаралуу партиясы
50 000,00
50 000,00
15
Кыргызстан Патриоттору
50 000,00
50 000,00
16
Жолтоосуз жашоо үчүн
50 430,00
50 120,00
17
Бүтүн Кыргызстан
50 000,00
50 000,00
18
Мекен Ынтымагы
500 000,00
186 000,00
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 2012-жылдын 16-24- ноябрында өтөт
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 2012-жылдын 16-24- ноябрында өтөт
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, өзү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоо участкасына шайлоо күнү келүү мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу башка жакка кетип жаткандыгына байланыштуу шайлоо өткөрүлө турган администрациялык-аймактык бирдиктин же өлкөнүн аймагында болбой тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жана тиешелүү документтерди көрсөткөндө (иш сапарына ырстаманы, авиабилетти, темир жол билетти, паспорттогу визаны) добуш берүү күнүнө чейин 9-1 календарлык күн калганда тиешелүү шайлоо комиссиясынын аймагындагы жайда шайлоо бюллетенин толтуруу жолу менен мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуу графиги жана үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарынын даректери
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуу графиги - здесь;
Бишкек шаарынын шайлоо участкаларынын аймагында үгүт материалдарды илүү үчүн атайын орундарынын даректери - здесь.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш бере алышат
Урматтуу шайлоочулар!
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ар бир шайлоочу 30 календардык күндүн ичинде, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен өзү шайлоочулардын тизмесинде болбогондугу жөнүндө, кандай гана болбосун андагы ката же так эместик жөнүндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу. Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиз, урматтуу шайлоочу өзүңүздүн шайлоочулардын тизмесинде болбогондугуңуз жана кандай гана болбосун андагы ката же так эместик жөнүндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө 2012-жылдын 15-ноябрына чейин билдире ала тургандыгыңыз тууралуу эсиңиздерге салат.
Бул үчүн Сизге арыздардын № 1 же № 3 формаларын (шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана шайлоочунун жеке маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыздар) толтуруу зарыл.
Арыздардын бланкаларын Сиз тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынан алсаңыз болот. Толтурулган формага каттоо белгиси бар паспортуңуздун көчүрмөсү милдеттүү түрдө тиркелиши керек, андан кийин Сиз шайлоочулардын тизмесине киргизилесиз.
Эсиңиздерге сала кетсек жарандардан арыздарды кабыл алуу 2012-жылын 14-ноябрында саат 24:00 аяктайт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Басма продукциясын жасоо боюнча полиграфиялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жеңүүчү аныкталды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы басма продукциясын жасоо (№1 лот) жана төш белгини жасоо (№2 лот) боюнча полиграфиялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендер өткөрдү.
Тендердик табыштамаларды төмөнкү жоопкерчилиги чектелген коомдор (ЖЧК) берди: «Континент», «Cloud Server», «St.art LTD» жана «Статус 372». Биринчи 3 ЖЧК – басма продукциясын чыгаруу боюнча, ал эми «Статус 372» төш белгини жасоого полиграфиялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга табыштама берди.
Тендердик конкурстун натыйжалары боюнча басма продукциясын чыгарууга полиграфиялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендердин жеңүүчүсү болуп «Континент» ЖЧК табылды, ал тендердик документациянын талаптарына жооп берген сунушту берген.
Төш белгини жасоого №2 лот болбой калды деп табылды, анткени бир гана тендердик табыштама берилген.
Тендер жөнүндө кабарды Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 2-октябрындагы «Эркин Тоо», 2012-жылдын 5-октябрындагы «Вечерний Бишкек», 2012-жылдын 9-октябрындагы «Кыргыз Туусу» жана 2012-жылдын 9-октябрындагы «Слово Кыргызстана» газеталарында жарыялаган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бүгүн айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктайт
Бүгүн, 2012-жылдын 4-ноябрында, айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктайт.
2012-жылдын 25-октябрынан тартып аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлерди көрсөтүү тартиби «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келиши жагынан документтерди текшерет.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 20 календарлык күн калганда аяктайт.
Эске сала кетсек, 2012-жылдын 25-ноябрында 25 шаардык жана 416 айылдык кеңеште жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
22.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
22.09.2026
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү боюнча талапкерлердин документтери каралууда
21.09.2026
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда