Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоо 11-июнда өткөрүлөт.

29 мая 2013

Ушул жылдын 11-июнунда Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен аталган аймактын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо  2013-жылдын 20-майына  дайындалган, бирок  айылдык кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы  шайланган эмес. 

Кайра шайлоо өткөрүү  чечими Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын бүгүнкү жыйынында  кабыл алынды. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы